Улуттук өнөрдү аздектөө

КРнын Эл артисти , Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Роза Аманованын портретине айрым бир штирхтер.

Алмата. Сезимге бүлүк салуу

Алмата шаарында кайсы бир кароо сынакпы, же фестивалбы өтүп жаткан. Роза Аманова катарында турган топ Курмангазы атындагы консерваторияга бөлүнгөн эле. Роза өзүнүн атайы даярдап барган номерин аткарып залдан чыгып келе жаткан. Ошол учурда бирөө аны орусчалап чакырып калды: «Чоң кыз токтой турсаңыз». Роза анын ким экенине көңүл бурган жок. Бирок токтоп калды. Ал аял ырчы менен таанышып, кайсы топко кирээрин сураганда: «фольклордук топтомун», -деп жооп берди. «Фольклор эмес, сиз салттуу музыканын өкүлүсүз. Бул такыр эки бөлөк маселе». Роза таңгалгансып аны карап калды. Кызык анын эмне айырмасы бар. Тиги аял аны түшүнө койгонсуп сөзүн улады. «Салттуу музыка деген такыр бөлөк нерсе, аны профессионалдар аткарат. А фольклор ким кааласа аткара берет». Экөө тең саамга унчукпай калышты. «Сиз ушул багытта сөзсүз окушуңуз керек экен. Анткени биздин элдерде салттуу музыка деген такыр түшүнүк болбой жатат. Бул биздин эң негизги кемтигибиз» Роза Аманова мына ошентип казакстандык салттуу музыканы изилдөөчү Саида Елеманова менен таанышып калгандыгы анын чыгармачылык жолуна чоң бурулуш жасап кетээри ошол кезде оюна да келген эмес. Кээде адамдын тагдырында көп маселени күтүүсүз сыяктанган окуялар кенедей гана жылт эткен жолугушуулар чечип кетет. Балким ошол жолугушуу Роза Аманованын ой-сезиминин башка нукка бурулушуна түрткү болуп кеткендир. Эмнеси болсо да бир далай убакыт ойлонуп-толгонуудан, туура кадам жасап жатамбы дегендей күмөнсүнүүдөн кийин Розанын алдында таптакыр бөлөк буга чейин көп тааныш эмес илим дүйнөсү ачылды. Көрсө, жөн гана фольклордук музыка деп өз баабызды, баркыбызды көп түшүнбөй жүргөн экенбиз. Мурдакы СССРдин учурунда эле бир топ союздук республикалардын өкүлдөрү терең изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, талашып-тартышып Москвадагы билермандарга макул болбой фольклор эмес салттуу музыка экендигин эчак эле тактап, аныктап салышкан. Мына ошол Саида Елеманова менен болгон жолугушуудан кийин элдик музыканын маселеси өтө катуу жана жогорку деңгээлде көтөрүү керек экендигин түшүндү. Ушу маселеге бүт алы-күчүн, билимин арноону чечти.

 

Салттуу музыкага мамиле өзгөрсө…

Роза Алмата шаарындагы Курмангазы атындагы консерваторияда аспирантурада окуп : кыргыздын элдик кесипкөй ырчылык өнөрү деген темада илимдин кандидаттыгы үчүн диссертациясын коргоду. Бул жөн гана элдин баары илимпоз болуп жатат мен деле жактап коейюнчу деген маселе эмес эле. Ал адам баласынын жашоосундагы баардык жагдайларды илимий негизде эмне экендигин далилдесе болоорун түшүндү. Маселен, өткөн кылымдын жыйырманчы-отузунчу жылдарында Власов Затаевич өңдүү музыка изилдөөчү окумуштуулар кыргыздын элдик комузчу ырчыларын изилдешкен. Бирок ошол эле мезгилде алар эмнегедир бул тармактын улуу өкүлдөрүн фольклордук деп гана рамкага киргизип салышкан. Бекеринен буга чейин кыргыздын эзелки залкар күүлөрүн мааниси, мазмуну жана формасы жагынан симфонияга тете деп айтышпаса керек. А андай болсо аларды жөн гана жородо отурганда чала-бучук комуз чертип анча-мынча жамакташтырып ырдап койгонго теңеп салышкан. Демек бүгүнкү күнү кыргыздын салттуу музыкасын илимий негизде тактап изилдеп таасын-баасын алганга жетишүү зарыл. Мына ушул өтө татаал ишти Роза Аманова мойнуна алды. Бирок эмнегедир билинип билинбеген өтө татаал каршылыкка туш болду. Айрым ушул музыка жаатындагы белгилүү эле адамдар : «койчу каяктагы салттуу музыка деп чыгарып жатасың, мунун баары фольклор да «-дегенге чейин барышууда. Албетте аны колдогондор да жок эмес. Демек ал баштаган иш аягына чыкпай койбойт. Биздин кыргыздын ырчылык музыканттык өнөрүндө сөзсүз түрдө чыныгы баа берилчү учур жакындап калды. Жөнөкөй тил менен айтканда таза буудай саман-топондон арылчу мезгил дагы алыс эмес. Бүгүнкү күндө Роза Аманова окутуучулук кесипти аркалап келүүдө. Ал Кыргыз-Түрк Манас университетинде музыка бөлүмүн жетектейт. Анын өз тарапкерлери, эң негизгиси окуучулары бар. Мына ошол Роза баштаган кыргыз үчүн өтө керектүү болгон улуттук кесипкөй салттуу музыканы тереңдете изилдеп аны биздин калктын арасында гана эмес, эл аралык деңгээлге чейин таратууга мүмкүнчүлүгү бар жаштар өсүп келүүдө.

 

«Санат» телевидениеси

Кийинки жылдары кыргыз көрүүчүлөрү «Санат» деп аталган телеканалдын программаларына көрөрман болуп калууда. Роза Аманованын айтымына караганда бул канал айрым бир башкаларга окшоп саясий курал болуу үчүн ачылган жок. Эң негизги максаты ошол Роза өзү күйгөн салттуу музыканы телевидение деген өтө күчтүү курал менен элге жеткирүү. Эмне үчүн «Санат» деп аталып калды? Бул сөздүн өтө терең мааниси бар. Элибизде эзелтен санат айтуу пайда болуп өнүгүп өрчүгөн. Бу жашоодо эмне болсо ошонун санаты бар. Экинчи бир жагдай Роза жаш кезинде Токтогул Сатылгановдун 120 жылдыгына карата 14 жашында улуу акындын санат ырын аткарып, баш байгени жеңип алган. Мына ушундай символикалуу нерселерден улам телеканал «Санат» деп аталып калды. Албетте, бүгүнкү күнү ири телеканал түзүп аны иштетип кетүү өтө татаал. Ал болгон күчүңдү, нервиңди жана да бир далай акча каражатыңды талап кылат. Ошондой татаалдыкка карабастан бүгүнкү күнү «Санат» телеканалы эң негизги кемтикти улуттук улуу көрөңгөнү калкка жайылтуу вазийпасын колунан келишинче аткарып келүүдө.

 

Балалыкка бир сереп

Роза Аманованы кенедейинен таенеси багып алган. Аны апа дечү, ал жаш кызды кенедейинен катуу кармады. Үйдүн ички-сырткы жумуштары керек болсо мал багууга чейин Розанын мойнунда болучу. Апасы бир нерсеге абдан жакшы үйрөтүп кетиптир. Ар күнү кечинде тамаша-чындан кечке жасалган жумушка отчет алчу. «Аа бул жумуш бүтүптүр, бул бүтпөй калыптыр» – деп койчу. Бүтпөй калган жумушту кийинкиге жылдырып коюшчу. Ошол кездерде балалык сезимине салып апасына катуу таарынып калчу. Анткени өзү курактуулар көпчүлүк учурда ойноп көчөлөп жүргөн кезде Роза иш менен алек болучу да. А азыр болсо ошол апасынын ар бир мүнөттү пландап үнөмдөөгө көндүргөнүнө абдан ыраазы болот. Розанын жанында дайыма иш дептери жүрөт. Анда эмне иш жасоосу, ким менен жолугуп эмне маселени чечүү керек экендиги убакыт сааты менен жазылган. Ал эми бүтпөй калган жумуштары болсо белгилеп туруп кийинкиге жылдырат бир дагы маселе көз жаздымынан калбай күзгүдө чагылгандай болуп бадырайып турат. Ошондуктан «Санат» телевидениесин жетектөөгө, «Манас» Кыргыз-Түрк университетиндеги сабактары, салттуу музыканын дайыма чыга калган маселелери деген сыяктуу иштер айрымдар үчүн балким чакчелекей будуң-чаң жаратмак. Анда-санда эс алып калганда да телефондору такыр тынбайт. Сөзсүз бир чукул арада чечилишин талап кылган проблема чыга калат. А ар бир мүнөттүн пландалып турганда буларды ишке ашыруу бир топ эле жеңил. Бирок баары бир убакыттын жетпей калганын дайыма сезет. Бир сутканын ичиндеги жыйырма төрт саат кээде Роза үчүн жетпей калчудай дагы ой жаратат. Анткени, тыным албай иштегенде гана ойлогон ойлоруңду турмушка ашыруу жеңил. Немистерге окшогон убакытын так пайдалануу Розаны көпчүлүк учурда сактап калгандыгы чындык.

Биз бул баяныбызда Роза Аманованын толук портретин түзгөнгө көп деле умтулган жокпуз. Анткени, анын ырчылык чыгармачылыгы элдин көз алдында биз эл көп баамдабаган жагдайларга токтолдук. Бир гана нерсени кошумчалай кетели анын биз баяндаган ийгиликтерине себепкер болгон эки адамдын атын атай кеткибиз келет. Ал казак илимпозу Саида Елеманова жана жолдошу КР жогорку кеңешинин депутаты Кубанычбек Жумалиев.

Олжобай Токтосунов, «Мекен инфо», 04.03.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий