Муктар Меңдулатов, сүрөтчү: «Бугумду булгаарыдан чыгарам»

Сүрөтчү адамга сөзү жок эле кыл калем менен керемет ойлорду тартуулаган өзгөчө талант ээси. Муктар Меңдулатовдун булгаарыга түшүрүлгөн сүрөттөрүн карап туруп өзгөчө таң бербей кое албайсың.

Муктар байке, сүрөтчүлүк өнөр көп тармактуу эмеспи. Ошолордун ичинен дал ушул тери менен иштөөгө кандайча аралашып калдыңыз?

— Мен 1996-жылы Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын булгаарыны көркөмдөп жасалгалоо бөлүмүн аяктагандан кийин кайра эле ошол окуу жайда дал ушул булгаары менен иштөө тармагында балдарга сабак берип, окутуучу болуп иштедим. Бардык нерсе эле каражат маселесине барып такалат эмеспи. Мугалим болуп үй-бүлө бага албай калчудаймын. Кийинчерээк ушуну ойлоп, өзүнчө иш баштоону туура көрүп, булгаарыны көркөмдөп жасалгалоо боюнча өз алдынча иштей баштадым. Канчалык көп иштесең, ошончолук көп ойлор келет. Ошентип изденесиң, улам кийинки эмгектериң кызыктуу боло берет. Материалдарды Бишкек шаарынан алып келебиз. Теринин көп түрү бар, маселен, кара терини көп албайбыз. Булгаарыга сүрөт түшүрүү үчүн анын жогорку сорту керек, андыктан, 2-сортко чейин эле колдонулут, андан төмөндөр жарабайт. Ал эми колдонгонум – жаратылыштын өзүнөн алынган табигый боек.

Сюжеттерди кандай тандайсыз? Кандай темага көп кайрыласыз, кардарлар эмнени көп заказ кылышат?

— Мен көбүнчө жайлоо, табияттын сулуулугун сүрөттөп тартканды жактырам. Бирок, кардарлар эмнени кааласа ошону тартууга туура келет. Ал эми алардын ар киминин ой-чабыты ар түрдүү. Бири жылкы тартып бер десе, бири иттин сүрөтүн тарт дейт. Кай бири каардуу иттин образын ачып берүүмдү суранат. Арасында тоо теке, эчкини жакшы көргөндөр да бар. Айтоор, кардар түшүндүргөн нерсени так чагылдырып берүүгө аракет жасайбыз, ошол образдын ичинен ой толгойбуз. Ал өз оюн айтат, биз чиймелеп эскизди көргөзүп, анан макулдашып алабыз.

Көп эле өнөр адамдары долбоор жазып, же интернет аркылуу өзүнүн товарын сатат. Сиз өз товарыңызды кантип сатасыз?

— Мен ошондой сатуу жагына талантым жок. Мен иштей беришим керек. Ал эми ала турган кардарлар өзү келишет. Эгер менин эмгегим кимдир бирөөгө жагып калса ал мени сөзсүз издеп таба алат деп ойлойм. Кайсы жерде жакшы ашлянфу бар экенин караколдуктар өзү таап барып жатышпайбы, ошол сыяктуу эле го. Республикалык көргөзмөлөргө деле көп катышып жиберген жокмун. Жакында Алма-Атага барып келдим. Арабияга өзүм бара албай калгам, бирок, эмгектеримди бирөөлөрдөн берип жибергем. Кыскасы, иш менен көбүрөөк алектенем, элге жарнама жасаганды көп биле бербейм.

Караколдо өткөн бир жолку чоң салтанатта манасчыларга сиз жасаган кемер курлар берилген эле. Ошол курлар жөнүндө айтсаңыз? Мындай учурда көбүнчө калпак, чепкен кийгизилип жүрбөйбү, кур тартуу кылган жакшы көрүнөт экен, бул идея кимден чыкты?

— Мен мурдатан эле кур жасап жүргөм. Анан бир жолу Караколдо көргөзмө уюшулганда, мурдагы губернаторубуз Мирбек Асанакунов менен манасчы Талантаалы Бакчиев келип калыптыр. Жасаган эмгектеримдин барын көрүп чыгышып, курларымды жактырып калышты. Талант манасчыларга дал ушундай кур берүү керек деген идеяны көтөрдү. Салтанат өткөнү саналуу күндөр калган. Биз тез аранын ичинде жасадык. Чынын айтканда, кыйналып калдык. Мен, уулум, дагы бир киши жардам берди. Ар кандай болсо нааразылык чыгабы деп бардыгын бирдей жасадык. Мага Манастын сүрөтү коюлган эскиз алып келишти. Ошол боюнча иштедик. Бул курлар 21 күндө эле жасалып бүттү. Бардыгы 16 чоң кишилердин жана 5 жаш балдардын куру болду. Кемер курларды жасоого да булгаарынын жакшысы тандалат. Буканын териси калың 6 мм болот, уйдуку 4 мм Биз бул курларга буканын терисин колдондук. Анан ар кандай технология колдонулду. Колго ныгыруу деген ыкма бар. Коло, дат чалбас металлдары менен көркөмдөдүк. Нефрит ташы коюлду.

Ээр жасайт экенсиз. Азыр ага кандай маани берилет? Жылына канчаны жасайсыз, баасы кандай болот?

— Эми ээрди элибиз эзелтен барктап келген. Учурда унаа катары автомашина колдонулган үчүн ээрге көп көңүл бөлүнбөй калды. Азыр мен ар түрдүү ээрлерди жасайм. 40 миң сомдон 8-10 миң долларга чейин ээрлер бар. Бул ага чөгөрүлгөн таштарга жана металлдарга жараша болот. Маселен, күмүштү кесип, тазалап, бекитип жасаган ээр жана ат жабдыктар өтө көрктүү да, бышык да болот.

Чет өлкөлүктөр көбүнчө кандай буюмдарга кызыгышат экен?

— Чет өлкөлүктөр чоң нерсени алып кете албайт, майда буюм-тайым, сувенирлерге кызыгышат. Картинанын деле кичинесин алат. Чоңдорун болсо чиновниктер, байлар сатып алып жатат. Панно деп коет, булгаарыдан жасалган картина. Булардын баасы да ар кандай. Маселен, 45-30 сантиметрлиги 50 доллар, 50-60 сантиметрлиги 200 доллардын тегереги. 1000 долларга чейинки картиналар бар, заказга жараша жасайбыз.

Кол өнөрчүлөргө мамлекет тарабынан кандай көңүл бөлүнүшү керек деп ойлойсуз?

— Эми азыр ар ким өзү үчүн жан талашкан мезгил. Азырынча мамлекетибиз материалдык эч кандай жардам көргөзө албайт. Кээде көргөзмөлөрдү уюштуруп берип жатат, ошого ырахмат.

Маектешкен Жумагүл БАРКТАБАСОВА, «Чагылган», 10.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий