Сабыр Сыдыкбеков, жазуучунун уулу: “ Атамдын үйүн башка жерге алмаштыргым келбейт”

Кыргыз элинин залкар жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун эки кабаттуу үйү бир кезде көпчүлүктү суктандырып келген дешет. Себеби, тарых барактарына из калтырып кеткен интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү, маданият ишмерлери дал ушул үйгө чогулуп, баарлашып, эс алып кетишчү экен. Бул сапар тарыхый инсандарга күбө болгон жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүнө барып, баласы Сабыр Сыдыкбеков менен өткөн-кеткен жай турмуш туурасында кызуу маектештик. Алгач жазуучунун үйүнө киргенде эки кабаттуу үйдү тегеректеген жашыл бак-дарактар жана кичинекей тапчан дароо көзгө урунду. Сабыр Сыдыкбековдун айтуусунда бул тапчандын тарыхы зор. Ушул жерге Иса Ахунбаев, Саякбай Каралаев, Мухтар Ауэзов, Константин Семенов, Төлөмүш Океев, Салижан Жигитов, Түгөлбай Байзаков, Бексултан Жакиев, Кубанычбек Маликов, Темиркул Үмөталиев отуруп, шахмат ойноп, чер жазышчу. Темиркул Үмөталиев шахмат ойногонду жакшы көрчү. “Шах, шах, шах” деп шахматтын үстүн тарсылдатып, пешкаларын жылдырчу дейт Сабыр Сыдыкбеков.

Уруу-урууга бөлүнгөндү жек көргөн

Атамдын иштеген бөлмөсү, колдонгон буюму жана үйдүн дубалы анын элесин күн сайын көз алдыма тартып турат. Атамды дайыма сагынам… Кичинекей кезибизде үйгө келген балдар “аксакал биз сиздин жердешиңиз болобуз же сиз бул уруудан болосузбу” деп сурашчу. Атам кыжырданып аларга кыргыз гана болом деп жооп берчү. Уруу-урууга бөлүнгөндү жек көрчү. Тиги балдар атамдын жообунун маңызына толук түшүнбөй “кыргызбыз, бирок бул уруудан чыктык да” дешчү. Ошол учурдагы уруулук бөлүнүү өнүгүп отуруп, бүгүнкү күндүн чоң көйгөйүнө айланды. Азыркы бийлик саясаты уруулук бөлүнүү менен иш жүргүзүүдө. Жер-жерлерге бөлүнүү аз келгенсип, “киргиздер” деген дагы бир топту чыгарышты. Атам “Мен миң жыл жашадым” деген китебинде бир уруу менен эмес, кыргыз эли менен жашадым деген маанини баса белгилеп өткөн эле.

Акыркы буйругун керээз кылып айтты

Атам жазуучу катарында универсалдуу инсан болчу. Адабияттагы бардык жанрды жаза билчү. Айлана-чөйрөнү реалдуу көз караш менен кабыл алар эле. Ал жаратылышты сүйүп, Ысык-Көл жергесинде эс алууну жактырчу. Ооруп жаткан учурда жакын досторун чакырып, сөөгүмдү жубайымдын жанына койгула. Өкмөт балдарымды укпайт деген болчу. Чындыгында атам каза болгондон кийин анын убадасы аткарылган жок. Өкмөттөн келип, кагазга жазбайт беле дешет. Ооба жазып койсо болот. А бирок эмне үчүн жазган жок? Себеби, кыргыз элинин каада-салтын бекем кармап, акыркы буйругун керээз кылып айткан эле. Ошондуктан “Мен миң жыл жашадым” деп жазып жатпайбы. Демек ал чыныгы кыргыз болгон.

Элге жакшы көрүнүш үчүн жөнөкөй болгон эмес

Өз кезегинде орус тили кыргыздарга абдан керек болгон. Себеби кыргыздар билим илим жана башка нерседен артта калган. Ал кезде орус тили жаман деген ой болгон эмес. Өзүм дагы жазуучулук талантымды көрсөтүп, атамды кубандырдым. Бирок мен орус тилинде ыр жаздым. Күндөрдүн биринде атам экөөбүз уйкудан тура электе Аман Саспаев коноко келди. Орус тилинде жазылган ырымды ал кишиге окуп бердим. Ал айтты: “акындардын иши кандай жакшы жана жазуучулардын иши абдан оор”-деди. Жазуучулук бүтүндөй убакытты талап кылат эмеспи. Атам бардык нерсени ирети менен жасачу. Мен атамды залкар улуу киши деп айткым келбейт. Бирок ал мен үчүн жөнөкөй ата болчу. Дос, жөнөкөй адам катары акыл-насаатын айтып, жол көрсөтүп турчу. Элге жакшы көрүнүш үчүн жөнөкөй болгон эмес. Кээде туура эмес сүйлөсөң дароо бетке айтып, катачылыкты оңдоого аракет кылчу.

Үй дагы атамдын чыгармачылыгы

Атамдын үйүн башка жерге алмаштыргым келбейт. Айрым досторум үйдү сатып орун алмаштырбайсыңбы деген сөздөр дагы айтылат. Үйдү өзүм салсам, анда башка сөз болмок. Атамдын үйүн кантип сатууга болот. Бул үйдү салуу боюнча долбоорду жеке өзү иштеп чыккан. Эки кабаттуу үйдүн курулушун ойлоп, кагаз бетине түшүргөн. Үй салуу боюнча идея атама таандык болсо, тажрыйбалуу кесипкөй катары П.Иванов үйдүн чиймесин карап чыккан. 50-жылдары тоталитарный режим болуп, Сталин тирүү болчу. Ал кезде жеке менчик үй салуу үчүн эч кимге уруксат берилген эмес. “Сталин” сыйлыгына 49-жылдары ээ болуп, үй салууга мүмкүнчүлүк болду. Жазуу чыгарма катары бул үй дагы атамдын чыгармачылыгы болот. Демек кылымдар бою сактоого аярлап мамиле жасайм.

Мурат Соорбеков, “BIA”, 10.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий