Айбек Саралаев, опера ырчысы: «Сыйлыкка муктаж болсом, буга чейин эле алып алмакмын»

Замандын талабына ылайык опера менен эстраданы эриш-аркак алып кетүүгө туура келет. Анткени опера багыты менен жан багуу мүмкүн эмес деген пикирди карманган Айбек мырза алдыда чыгармачылгындагы жаўылыктары менен бөлүшүп, маданияттын оош-кыйышы тууралуу кеп козгойт.

— Айбек мырза, жакынкы аралыкта жамы журтка тартуулаган «Селкиге жооп» чыгармаңыз бүгүнкү күндө көпчүлүктүн көңүл чордонунан орун алып турган учуру. Кеп башын аталган ырдын жаралуу тарыхынан баштасаңыз?

— Элибиздин сыймыктуу уулу Кыялбек Урманбетовдун калеминен жаралып, обону Шеркул Дүйшөналиевге таандык «Селкиге жооп» чыгармасын өткөн жылдын аягында жаздырып, угармандардын сынына койгом. Чыгарма жарык көргөндөн тарта көпчүлүктүн көңүл чордонунан орун алып, ыр сүйүүчүлөрдүн суранычы менен жаңы жыл алдында жергиликтүү телеканалдардын көңүл ачуучу көрсөтүүлөрүндө байма-бай жаңырып жатты. Бул ырдын жаралуу тарыхына токтоло турган болсок, «Айкөл Манас батасы» деген долбоордон алынган. Аталган долбоордун ичинде «Манас» эпосундагы каармандардын баары камтылып, ал жерде Ырамандын Ырчы уулунун образын жаратып келгем.

«Өлөм намыс ар үчүн,
Өлөм сендей жар үчүн.
Коргоп өтөм тоолорду,
Койнумда сен бар үчүн»,— деген саптар Ырчы уулдун чыгармачыл жана баатыр адам болгонунан кабар берет. Бул ырды «Айкөл Манас батасы» долбоорунун жарнамасы десек да болот. Алдыда клип тарттыруу планым бар.

— Чыгармачылыкка билек түрө киришкениңизге кыйла убакыт болгонун билебиз. Бул аралыкта бир топ абройлуу топтордо, оркестрлерде эмгектендиңиз өңдөнөт. Учурда кайсыл жерде кызмат кылып жатасыз?

— Борборго келгениме жыйырма жылдан ашса, чыгармачылык менен алектенип баштаганыма 15 жылдын жүзү болду. Тактап айтканда, алгач музыкалык орто окуу жайды аяктап, андан соң Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырып, студент кезимден тарта опера-балет театрында хордун ырчысы болуп иштеп баштагам. Акыркы 5-6 жылдан бери аталган жайда жеке ырчымын. 2006-жылдан тарта операнын бир нече баскычтарында ырдадым. Эки-үч ирет эл аралык сынактарда жеңүүчү аталдым, ошол эле учурда Коргоо министрлигинин астында уюштурулган ансамблде, Бишкек шаардык мериясынын алдындагы эл аспаптар оркестринде ырчылык кызмат аткардым.

— Өткөн жылы Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда ырдоо ниетиңиз бар экенин айткан элеңиз. Бирок сизди ал жерден көрө алган жокпуз?

— Менде алдым-жуттум сапат жокко эсе. Сокур жоошмун десем жаңылышпайм. Ал ортодо Көчмөндөр оюнунда ырдоого мага эч кандай чакыруулар же сунуштар дагы болгон жок. Музыкалык бөлүмүн кимдер уюштурганынан кабардар болгон жокмун. Ушул себептерден улам аталган оюнга катыша албай калдым. Кийинки жылдардагы оюндарда ырдоо ниетим бар.

— Жыл тогошор алдында бир топ маданият кызматкерлери мамлекет тарабынан ар кандай наамдар менен сыйланышкан. Бүгүнкү күнгө чейин арасында татыксыздары же тааныш-билиши күчтүүлөрү да сыйлыктарга ээ болушту деген талкуунун аягы басылбай келет. Сиздин пикир кандай?

— Элдик талант болгондон кийин жеке кызыкчылыктан элди биринчи орунга коюп, калктын жарпын жазып, аларга кызмат кылышыбыз абзел. Чыгармачыл адамдын кимиси кандай наамга татыктуу-татыксызыңды эл баалап, эл чечет. Наамды алып, бирок эл сени тааныбай тургандын кереги жок. Коргоо министрлигинде эмгектенип жүргөн учурда Исмаил Исаков «Сага эмгек сиңирген артисти наамын алып берейин, аздыр-көптүр эл ичине таанылып, өлкөнүн атынан ири саммиттерде бир катар мамлекеттин башчыларынын алдында ырдап келатасың» деген оюн айтканда намысым жол бербей баш тарткам. Ал учурда эл аралык сынактарга катышканды мындай кой, жеке концертимди өткөрө эле кезим эле. Көп өтпөй Исаков сага батир алып берейин, чыгармачылыгыңа стимул болсун деген сунушун айтканда буга дагы макул болгон эмесмин. Керек болсо наамын дагы, батирин дагы ошол учурда эле алып алмакмын.

Арабызда өмүрүн театр, сахнага арнап, ал жерде 30-40 жыл эмгектенип, бирок бир дагы сыйлыка ээ болбой айрымдарынын эмгеги өз учурунда бааланбай көзү өтүп кеткен замандаш эже-агаларыбыз жок эмес. Мен курактуулар эл артисти, эмгек сиңирген артист наамына ээ болуп жатышат. Арийне буларга бир нерсе дештен алысмын, тескерисинче сыйлыктары менен куттуктайм.

Бирок коомчулукта эмгек кылган эмес, буюрган наам алат деген түшүнүк кеңири жайылып келаткандай элес калтырууда.

Кааласам 7-8 жыл мурда эле сыйлыктардын бирин улунуп-жулунуп алып койсом болмок. Бирок алдыда дагы жасай турган иштерибиз көп экенин эске алып жанталашкан эмесмин. Аны менен катар ортого киши салып наам алуу мен үчүн акылга сыйбайт, болбосо жогору жакта иштеген тааныштарым деле арбын.

— Чыгармачылыгыңыз тууралуу кеп кыла турган болсок, «Жумгалым» аталыштагы чыгармаңызды айрым сахналаштарыңыз «биздин ыр» деп кээ бир сөздөрүн өзгөртүп ырдап чыгышканына күбө болдук эле…

— Ооба, алгач ал тасманы интернеттен көргөндө тамаша иретинде, балким пародия кылып ырдап жатышат го деген ойдо элем. Бир-эки сөзүн өзгөртүп коюп, сөзү, обону биздики деп өздөрүн автор кылып алганына таң калдым. Аталган ырды жаратканыма он жылга чукул убакыт болду. Бул аралыкта Айбек классташынын ырына өзү автор болуп алыптыр, айылдаш байкесине таандык ыр деген сөздөр да чыккан. Ал эми акыркы убактагы «автор» болуп чыга келген жигиттерди көрүп сүйүндүм. Дегеним көптөгөн ырчылардын миңдеген ырлардын ичинен менин ырыма көз артып ырдап чыгышканына дердеңдеп калдым. Маалымат иретинде айтсам, киндик кан тамган кичи мекеним Жумгал жергесине арнап, он тогуз жашымда жараткан ал чыгармам ийгилик алып келген. Бүгүнкү күндө «Жумгалым» ыры аталган чөлкөмдүн гимни болуп калды десем жаңылбайм. Арийне сөзүнө обону бап келген тим эле укмуш чыгарма деп макташтан алысмын, бирок чын жүрөктөн жазылган ыр болгондуктан Жумгал эли сүйүп угуп, ал ортодо элимдин урмат-сыйына татыганга жетиштим.

— 2015-жылы жеке концертиңизди бергенде Жумгалдын бычакка сап уулдары унааңызды жаңысына алмаштырып берүүгө сөз беришти эле. Андан бери бир топ убакыт өтсө дагы эски тулпарыңызды эле минип жүрөсүз, айнып кетиштиби?

— ЖМКларда Айбектин концертинен кийин жердештери 4 унаа белекке бериптер деген маалыматтарды угуп таң калгам. Арийне буга чейин бизнесмен агаларым, жердештерим колунан келген жардымдарын берип, кези келгенде темир тулпарлуу кылып жүрүшөт. Ал эми сиз айткан эски унаамды жаңысына алмаштырып беребиз дегенден кийин убакыт тартыш болуп чолоо тийбей жаткан. Эстен чыгып баратканда ырас эстеттиңиз, эми барып доолашам го (күлүп).

— Учурдагы маданиятыбыздын абалы тууралуу оюңузду айта кетсеңиз?

— Буга чейин беш миң сом айлык алып келсек, былтыркы «Тарых жана маданият» жылынын алкагында президенттин жарлыгы менен айлыгыбыз жогорулап сегиз жарым миң сомдун тегерегинде маяна алып баштадык.

Азыр маданияттын абалы жакшыраак, буга чейин Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры каралбай калса, акыркы жылдары көңүл буруулар болуп, четинен оңолуп жакшы жыйынтыгын берип келатат. Алсак, өкмөттөн бөлүнгөн акча менен «Айчүрөк» операсы жаңыланып, жаңы жасалга, жаңы кийимдер менен ушул айдын орто ченинде элге тартууланганы турат.

Учурдан пайдаланып Болот Миңжылкиев атындагы эл аралык сынак уюштуруп берүүсүн министрликтен жана тийиштүү мекемелерден суранып кетмекчимин. Бул да болсо тажрыйба алмашууга, артисттердин ар тараптан өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болот эле.

Руслан Замирбек уулу, «Де-факто», 06.03.2017-ж

Соц тармактар:

Добавить комментарий