“Адамдын жан дүйнөсү денесинен он эсе оордук кылат…”

Белгилүү акын жана журналист Зинакан Пасаңова эжебиз менен адабият, маданият, жан дүйнө жаңырыгы тууралуу маектештик.

Зинакан айым, өткөн жылы “быйылкы жылды прозага арнайм” дедиңиз эле? Жыйынтыгы кандай болууда?

— Ар бир жаңы келген жыл башы ыр жазуу менен башталса, ошол жылым жалаң гана ыр жазуу менен өтөт. Ыр жазуунун ышкысына ээлетип койсоң проза жазууга мойнуң жар бербейт. Анткени, проза бул — кара жумуш, убакытты жана кадалып олтурууну талап кылат. Окурмандын да убактысын алат. Ошол чыгарманы окууга кеткен убактысы акталабы? Азыркы учкул заманда бул жагын да ойлоо керек. Негизинен, поэзиянын окурманы көп. Жакшы ырлар бир дем менен жазылып, бир дем менен окулат. Бирок, өзүмө аңгеме, повесть жазуу да жагат. Менин табиятым прозага жакын. Ички дүйнөмдө өзүнчө көркөм дүйнө жашайт. Аны реалдуу турмуш менен айкалыштырып, дагы бир көркөм дүйнө жаратуунун ырахаттуу түйшүгү бар.

Ошого карабастан бир топ жылдан бери прозалык жанрда олуттуу иштей элек элем. Быйыл өзүмө катуу сөз берип, жыл бою проза гана жазам деп ниеттенгенмин. Көп жылдан бери көңүлүмдө жүргөн 2-3 сюжет боюнча аңгемелерди жазып бүттүм. Бул чыгармаларым жакында Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын колдоосу менен “Дос” аталыштагы жыйнакта жарык көрдү. Ошондой эле, балдар темасында “5 жыл” аталыштагы жыйнагымды чыгардым. Буюрса, жыл аягына чейин дагы бир топ иштейм деген аракетим бар.

Күз жөнүндө ыр түрмөктөрдү жазып жүрөсүз. Жылдын бул мезгили сизге өзгөчө маанай, эргүү, тема тартуулайт окшойт?

— Күз чыгармачыл инсандардын баарына эле эргүү тартууласа керек. Бирок, өмүрдүн ар кандай курагында күзгө да түрдүү таасирленет экенсиң. Бала чагымда алтын күз мага эл жайлоодон жапырт көчүп келип, үйүбүзгө апам менен кошо береке-кут киргендей сезилгени, айыл сүт, каймак, түтүн жытына толо түшкөнү менен жакчу. Ал эми түшүм жыйналып алынган чөңөрлүү аңызда мал жайылып жүрөт. Бакта алма, алча, долононун бышкан мөмөсү көз арбайт. Балалыктын бул берешен күздөрү, ушул күнгө чейин эстесем, мага жылуулук, токчулук, бейпил сезим тартуулайт. Ал эми бой жетип, сүйүү курагы башталганда күз мага жалгыздыктын, кусалыктын, сагынычтын, күтүүнүн символу болуп калды.

Улгая баштаганда күз — жылуу очок, ой-санаасыз тынч күндөр жана той-тамаша менен өтө баштайт экен. Жашоонун жемишин тере турган мезгил келди. Ылайым эле, өмүрүбүздүн аягы бейпил, берешен жана жүрөктөгү тынчтык менен өтө берсин. Ушул маанайда ыр жазсам көбүнө жакпайт. Анткени, окурмандарга сүйүүнүн кайгы-муңу, кусалык, жалгызсыроо же арман жөнүндө ырлар көбүрөөк жагат.

Сизге кандай учурда илхам келет? Чыгарма жазуу – бул жан дүйнөңүздүн жаңырыгыбы же дүйнөнүөзгөртүүгө аракетпи?

— Поэзия — бул жүрөктүн үнү. Жүрөгүң козголмоюнча ыр жазуу мүмкүн эмес. Аны ар кандай турмуштук жагдай козгошу мүмкүн. Мен көбүнчө жүрөгүм сыздап ооруп турганда же жалгыздыкта ыр жазгым келет. Мындай учурда ыр өзүнөн өзү келет. Эринбей кагазга түшүрүп калуу гана керек.

Расул Гамзатов айткан экен: “Адамдын жан дүйнөсү денесинен он эсе оордук кылат. Жан дүйнөңдөгүнү кимдир-бирөө менен бөлүшмөйүнчө көтөрүп жүрүү өтө оор”. Айрыкча, акын ошондой жан дүйнөсүн ачкан ырлары менен окурмандын сүйүүсүн жеңип ала алат. Айрыкча, кыздар поэзиясы сыркечтиги жана чын ыкластуулугу менен айырмаланып турарын байкайм. Акындын жүрөгүндө жок нерсе жөнүндө өзүн күчтөп жазган ырлары сезилип калат.

Анан чыгармачыл инсан турмуштан коркпош керек. Турмуш деген ак-кара тилкеден турат эмеспи. Төөнүн да эки өркөчү болот. Кара тилке башталганда аны менен күрөшө билүү керек. Бул күрөш акынды ыр жазууга түртөт.

Шаардагы үйүңүздүн алакандай короосунда өз колуңуз менен өстүргөн гүл, жашыл өсүмдүктөр жөнүндө өзгөчө жылуулук менен баяндап келесиз? Бул эмне, айылыңызга болгон кусалыкпы?

— Ооба, алакандай тар короомдо өскөн гүлдөр, бир түп гилас, айванымдан карасам мунарыктап көрүнүп туруучу алыскы Алай тоолору жөнүндө көп эссе, ырларды жазып, сүрөттөрүн интернетке чыгара берет экенмин. Кээ бирөөлөр тамашалап калышат: кичинекей корооңду жазып бүтө албайсың, чоңураак багың болгондо романдар жазылмак экен, — дешип.

Ооба, жан дүйнөң шаардын таш жол, бетон дубалдар, тар жолдоруна, ызы-чуусуна сыйбаганда жаратылышты эңсейсиң. Шаардыктар табигый өзөгүбүздөн алыстап кеттик. Бизге топурактуу жер, дарактар, талаа чөптөрү, агын суулар, булуттар, жамгыр, шамал жетишпейт. Короомдун жерин бетондоп же таш плита төшөбөй кара жер боюнча жөн койгонмун. Ал жерге кадимки талаадагыдай эле чөптөр өсүп турат. Жер жетпей калса чон карапаларга чейин толтура гүл өстүрөмүн. Эрте-кеч ошолорго куштарланып, ырахат аламын. Бул менин жашоомду байытып, сулуулап турган чоң байлыгым.

Маектешкен Назгүл Осмонова, “Чагылган”, 05.03.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий