Кайната-кайненеге тиешелүү 12 «болбойт»

Уул-кызы бой жеткенде ар бир ата-эне алардын багын тилеп, жакшы жарга туш болсун деп ниет кылышат. Келиндүү, күйөө балалуу болууга бир гана материалдык эмес, моралдык жактан да даяр болушу шарт.

Келин алып, күйөө балалуу болгондо кайнене, кайната өзүн татыктуу алып жүрүп, алардын көзүнчө жасабай турган нерселер болот. Бул боюнча бизге турмуштук тажрыйбасы мол, келин-күйөө бала маселесине көп токтолуп, ал тууралуу макала, китеп жазып жүргөн акын, жазуучу Меңди Мамазаирова көмөктөшүп, кайнене, кайнатага жасоого болбой турган нерселерди тизмектеп берди.

Кайната келин менен күйөө баланын көзүнчө жаман сөздөрдү айтпайт, сөгүнбөйт. Ал өзүнүн кадыр-баркын, наркын сактап өз даражасын төмөндөтпөш керек.

Кайната үйдөгү болуп жаткан майда-чүйдө иштерге кийлигишпейт. Өз ордун билип, үйдө болуп жаткандарга сырттан көз салып, олуттуу маселелерди чечүүдө баш-көз болот.

Кайната күйөө бала, келиндин көзүнчө байбичесине катуу сөз айтпайт. Бул учурда жаңы кошулган бүлө мүчөлөрү өзүн ыңгайсыз сезип, жаман сөздүн баарын өздөрүнө карата айтылып жаткандай кабыл алышат.

Кайната келини туура эмес кылып алган учурда шак эттирип, бетине айтпайт, сындабайт. Мурдатан эле ата кызына катуу айтып, анын жасагандарын тескеген эмес. Ошол сыяктуу келинине да түз кайрылбай, кемпири аркылуу билдирген.

Кайнене жаңы келген келинди урушпайт. Жаңы бүлө келген жерине көнүп, отурукташканча, ага бардык учурлар көнүмүш эмес, оорураак болорун билиши кажет. Андыктан жаңы келгенде келинине акыл-наасатын айтып, үйгө көнүп кетүүсүнө жардам бериши зарыл.

Кайнене келиндин артынан үйүн тазалап, жыйнабайт. Эгер жасаганы жакпаса, акырындык менен үйрөтүп, көрсөтүп көндүрүүсү шарт.

Кайнене уулун келининен кызганбайт. Өз баласын келининен кызгануу түркөйлүк болуп саналат. Андыктан баласын жөн гана келининин колуна табыштаганын айтып, кеңештерин аябаганы оң.

Кайнене баласына келинчегин жамандабайт. Мындай жол менен кайнене уул-келининин ортосундагы мамилесин, үй-бүлөнүн бекемдигин бузуп коюусу ыктымал.

Кайнене келинди күңдөй жумшабайт. Өзү кыймылдабай, келин жасашы керек, «мен кылганга болбойт» деп отуруп алгандын өзү туура эмес.

Кайнене келинге атаандашпайт. Өз кызындай көрүп, аны «бул да бирөөнүн баласы» деген түшүнүк менен бооруна тартып, тарбиялап алуусу керек. «Кайнененин камырынан» деген сөз бекеринен айтылып калган эмес.

Кайнене менен кайната келин-уулунун, кыз-күйөөсүнүн ич ара араздашуусуна жөнсүз аралашпайт. Айрыкча башка жерге бүлө болгон кызынын жеке турмушуна кийлигишпейт. Кыргызда «чыккан кыз чийден тышкары» деген сөз бар.

Кайната-кайнене күйөө баласын кемсинтпейт. Эгер кызынын барган жеринин жашоо-шарты начар болуп калса, күйөө баласын басынтуу туура эмес. Ата-эне колдон келген жардамын, кеңешин аябай, аны колдогону дурус болот.

Таалайгүл Усенбаева, «Sputnik-Кыргызстан», 15.03.2017-ж

Соц тармактар:

Добавить комментарий