Турсуналы Бостонкулов

Акын, драматург. Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында 1953-жылы туулган. 1984-жылы Москвадагы СССР Жазуучулар союзунун алдындагы А.М.Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1973–1979-жж. колхоздо жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1984-жылдан «Мектеп» басмасында корректор, «Кыргызфильм» киностудиясынын сценардык-редакциялык коллегиясында улук редактор, 1985-жылы «Кыргызстан» басмасынын редактору, ал эми 1988-жылдан тартып «Адабият» басмаканасынын фольклор жана поэзия бөлүмүнүн редактору болуп эмгектенген.

Чыгармалары 1970-жылдан тартып жарыяланып, «Дүбүрт» аттуу поэтикалык жыйнагы 1985-жылы жарык көргөн. Акындын чыгармалары республикалык жамааттык жыйнактарда, гезит-журналдарда жарыяланып келген.

Т.Бостонкулов тарабынан «Ташкындаган мезгил» (1985), «Ыйык кан» (1982), «Жомокко окшош чындык» (1988) пьесалары жазылган.

Кыргызстан ЛКЖС БКнын төрт Ардак грамотасы жана Кыргызстан Кинематографисттер союзунун Ардак грамотасы менен сыйланган. 1990-жылдан Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Уикипедиядан алынды


Ырлар

* * *

Өмүр бою бүркүт салып, аң уулап,
жүргөн кары каза болду бир күнү.
Кала берди кош канатын каккылап,
туурундагы үйрөтүлгөн бүркүтү.

Жарыктыкка бирге болуп бул экөө,
бул өмүрдүн ысык-суугун тойлошту.
Акырында өлүм деген көшөгө,
экөөн минтип ажыратып койбоспу…

Жөпжөнөкөй өмүр сүрүп карыя,
атак-даңкка кызыкпады таш жарган.
Күндөр болгон кызып алып шарапка,
очогуна казан аспай ач калган.

Өттү мезгил кекөлөтө кармап Туу.
Өттү мезгил тездик менен ыр ырдап —
качканындай карышкырдын айбаттуу,
кууганындай бүркүт аны шуулдап.

Эми, мына, ал кез болуп келгисиз,
картайгансып көзүндөгү жаш Аалам,
калды бүркүт атагы жок, белгисиз,
өмүргө окшоп ээси кечээ жашаган.

 

* * *

Аскаларда желбирттеген булутту
Апакемдин жоолугуна окшотуп.
Бала чакта капарга албай турмушту,
Сезбептирмин коёрлугун жоктотуп.

Өттү жылдар карегимден тартылып,
Каркырадай учуп өткөн жаздагы,
Эски, муңдуу жомок сымал айтылып,
Күбөсүндөй жаштыгымдын андагы.

Ошол күнүм жыргал беле бир күндүк,
Мындай таттуу, мындай кыска болбосу…
Көз жетпеген мелмилдеген мейкиндик,
Бул кез менен бала чактын ортосу.

Жашайм бүгүн кооз шаар койнунда,
Мен өзүмдү шаарлыкмын деп атап.
А чынында өзүм шаарлык болдум да,
Бала чагым тоодо жашап келатат.

Таң алдында чыгып алып балконго,
Карап турсам тоолор күмүш, жалтырак
Мээрим төгүп мен кусалуу болгондо,
Бала чагым өткөн жактан күн чыгат.

Тунук жарык көздөрүмдөн башталып,
Аппак буурул таңдын көркү тартылат.
Жумшак нурлар бийиктиктен ташталып,
Күн да тоого балалыгын калтырат.

Өмүр, бакыт, ырыскыга бөлөнүп,
Көк асмандын жарык ойноп бетинде,
Эртең менен күн тоолордо төрөлүп,
Тоо койнуна барып батат кечинде.

Билем азыр жигитчилик жашымы,
Билбейм бирок канча менин жашаарым.
Өмүр бүтсө тагдырымда акыры,
Мен да күндөй тоого барып батамын…

 

ЖАШТЫК

Токойдон чыгабыз да темир жолго,
поездге олтурабыз вагону көп.
Калышат карагайлар терең ойдо,
телмирген жашыл жоолук, кызыл көйнөк.

Зуулдап, чимирилип дөңгөлөгү,
алыска поезд бизди алып кетет.
Капыстан өтүп кетип өмүр көбү,
күндөрдү эсептесек жетпейт эсеп.

Сагынтат жашыл токой бизди дайым.
Эңсейбиз булбул үнүн тыңшаганды.
Сүйгөнүм өзгөрүлүп жоолуктарың,
Көйнөгүң нечен ирет алмашылды.

Ал эми карагайлар биздей болуп,
поездге түшүшпөдү вагону көп.
…Башында баягы эле жашыл жоолук.
Үстүндө баягы эле кызыл көйнөк.

 

ТООЛОР

Жамынып жайы-кышы аппак чепкен,
Аскаңар көз талытат көккө жеткен.
Түбөлүк комузчуңар мөлтүр булак,
Түгөнбөс жылаажындай күүсүн черткен.

Жетчүдөй эңсегенге кубатыңар,
Жылдызга колуңарды сунасыңар.
Асманды түшүрбөстөн бийигинен,
Алптардай тиреп, кармап турасыңар.

Бир-бирин колтукташкан караандардай,
Бой керип бардык жерге таралгандай,
Олтурбай жашайсыңар өжөрлөнүп,
Өмүрдө тик турууга жаралгандай.

Оо, тоолор, мекендешим, айылдашым.
Картайткан түмөн-түрмөк кылып жашын.
Көтөрүп денеңерди туруп турган,
Бутуңар тик туруудан талыбасын.

 

АПАМА КАТ

Айылдаш эл ичинде оорубай тың,
апаке алдуу-күчтүү жүрөсүңбү?
Сүрөтүн салсын деп кат жаздырыпсың,
алдыңбы? Салган элем сүрөтүмдү —

Жалбарып жаздырыпсың дагы минтип:
“- Сыйлачуу болсо мени чындап эгер,
жүрбөсүн ачка калып, арак ичип,
акчага тамак ичсин ага келээр!»

Аракты көп болду” апа, ичпегенге,
сүт ичем сен айткандай ордуна анын.
Бирок да, ошентсе да ушул кезде,
ыр жазып, ырларга мас болуудамын.

Масмын мен — кармагым бар Күндү колго,
карабай экенине анын ысык.
Түшүнсөң, апакебай, миң эсе соо,
соолордун соолорунан ушул мастык.

Көп эле ойлой бербе мен жөнүндө,
Мен жүрөм эл катары аман-эсен.
Абайлап ден соолугуң андан көрө,
апаке, оорубай жүр мени десең.

 

ЖОЛУГУШУУ

Бир бирин өмүр бою
издеп
таппай
жүрүшкөн
эркек-аял
бүгүн капыс
жолгушсун!
Тоорулушсун.
Сүйүп калсын бирин бири:
— Ушунча жылдан бери
сен эмнеге, сен эмнеге
жолукпай жүрдүң мага? —
деп айтсын бир-бирине.
Дайралар жылжып аккан
деңиз менен
соолушуп кала электе
жолугушсун.
Карама-каршы ойлор
бир чыгып келечекте
жолугушсун.
Жолугушсун көңүлдөр көңүл менен.
Жолугушсун жамандын жаны өлүм менен!
Кечигип болсо дагы
жолугушсун
баары, баары, баары!!
Менин бул көзүм менен
өтө чоң
жердин шары.
Ал эми ааламдын көзү менен
кыпын эмес.

Бул өмүр наристенин көзү менен
өтө узун да,
карыянын көзү менен
өтө кыска.
Дүйнө өзү айланып турат мына табышмакка.
Демек ал табышмакты жандырмакка
Шашылгыла жолукканга, жолукканга!

Адамдар, бир-бириңе жолукканга
шашылгыла!
Жолугушсун президенттер дос болуп бир-бирине.
Жолугушсун жоокерлер мылтыгын таштап жерге —
мен кээде
ыр жазган калемимди
столго таштап салып
достор менен жолуккандай…
Жолугушуу сонун кандай!!!
Кечигип болсо дагы
жолугушсун
баары, баары, баары!

Бир гана эки поезд
келатып эң бир катуу тездик менен
бир жолдон жолукпасын.
Анан да сөөмөй менен атомдук
куралдын кнопкасы
эч качан жолукпасын.
Жолукпасын Чэлленджер, Чернобылдар
кырсыкка экинчи ирет.

Ал эми калгандары
баары, баары, баары
жолугушсун, жолугушсун, жолугушсун
кечигип болсо дагы!
Анан ар бир жолуккандар:
— Биз эмнеге, аттиң ай, биз эмнеге
жолугушпай жүрдүк экен-а? —
деп өкүнсүн бир-бирине!

 

КАРГА

Өрүк гүлдөп, алма бүрдөп – суук жок…
Жашыл бакта жалгыз карга олтурат.
Жаз келгенге кубанбайт ал бизге окшоп,
кышты ойлонот канаттарын койгулап.

Гүлдөн гүлгө учуп-конуп көпөлөк,
Булбул безеп сайрайт ырын санаттай.
Сулуулукту бузуп турган өңдөнөт
Жаз күнүнө карга гана жарашпай.

Өрүк гүлдөп, алма бүрдөп – суук жок…
Жашыл бакта жалгыз карга олтурат.
Өзү-өзүнө көрүнөбү тарпка окшоп,
улам-улам коет өзүн чокулап.

 

* * *

Талантын көралбастан ичи күйүп
хан келип сүрөтчүнү
бутунан жипке байлап салаңдатып
астырып салды дарга.

Айланып учуп жүрдү ачка кузгун
аны бир тойгуча жеп
көздөрүн чокуюн деп.

Башына каны тээп сүрөтчүнүн
кыйналды улам жаны.
А бирок бекер чыдап туралбады:
Чиймелеп жер бетине
окшотуп чычкандардын келбетине
сүрөттү тартып койду.

Тартылган ал сүрөттөр
аябай окшош эле чычкандарга,
Бир кезде окшоп кудум жаны барга
куйрукту кыймылдатты.
Чыйылдап чыйпылдашты.
Анан да ал сүрөттөр
асылган жипке жетип
заматта кемиришип
ташташты аны кесип…
Өлүмдөн сүрөтчүнү куткарышты.

 

БАЛБАН ТАШТАР
(Буранадагы балбал таштар)

Балбан таштар!
Силерди ким жараткан?
Түбөлүккө карап жакты таң аткан —
Эмнеликтен артты салып батышка
көргүңөр жок Күндү батып бараткан?

Душман келип кан бир кезде төгүлдү.
Баласагун топуракка көмүлдү.
Силерге не
Эстетеби кызарып
Күн батканы ошондогу өлүмдү?

Адам колу кимден чекти силерди?
Ташка элесин түшүрүүгө ким келди?
Баатырбы ал, же болбосо коркокпу,
душмандарга сатып ийген бир элди?

Турасыңар кылган сымак бир айып.
Кандай өмүр өткөрдүңөр ылайык?..
Буйрук берем:
өзүңөрдү билүүгө
карагыла артыңарга кылчайып!!!

Балбан таштар, кечти таң деп чатышпа!
Окшоштуруп өткөндү эстеп ачышпа:
Тамып калган кийимине желдеттин
тамчы кандай күн кызарат батышта…

Соц тармактар:

Добавить комментарий