Жамал Сейдакматова, Кыргыз эл артисти: Канча роль жаратсам да, Курманжан Датканын ролун аткарыш өтө оор болду

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова эже менен буга чейин басып өткөн жолу, тартылган тасмалары туурасында маек курдук. “Акбаранын көз жашында” – Көктурсундун, “Алыскы тоолордо” – Зыягүлдүн, “Тянь-Шань кызы” тасмасында – Алтынайдын, “Караш-Карашта” – Хаджанын, “Уланда” -Фатиманын, “Курманжан даткада” – Курманжан датка апабыздын ролдорун өтө жогорку деӊгээлде аткарганын киносүйүүчүлөрү жакшы билет. Эженин жашы 80 ди таяп калса да жаш жана сулуу.

 

“Философиялык түшүнүктөрдү мен эрте түшүндүм окшойт”

— Чынын айтканда, карылык келип жатканын өзүм деле кээде сезем. Өӊүм өзгөрдү, чачым агарды, бетиме бырыш түштү дегендей. Жеӊил чуркап жүргөн жаным азыр кичине оор салмакта басып калдым. Бирок, ошону билгизбей, жеӊгенге аракет кылам. Адам табиятынан картайдым, оорудум дей берсе кичинекейинен деле бүкүрөйүп баспай калат. Карылык менен да күрөшүп, жеӊиш керек. Таптакыр өлбөс болуп жаралбагандан кийин, карылык эрте келбей акыл-эси бар жашты созгонго аракет кылам, 90 жашка жеткенче чуркап эле жүрөм го деп ойлойм. Кыйынчылыктар келип калса аны да көтөргөнгө аракет кылабыз. Жашоодо өйдө-төмөн боло берет, жаман менен жакшылык дайыма бирге жүрөт. Ушундай бир философиялык түшүнүктөрдү мен эрте түшүндүм окшойт. Анан өзүмдү кыйнап эртеӊ менен дене тарбия көнүгүүлөрүн жасайм, чуркайм, андан сырткары тамакты тандап ичем.

 

“Тагдырдын мага жазган мыйзамы ушундай болуп калды”

— Азыркы мезгилге чейин эле карьерам үй-бүлөмө тоскоол болуп келет. Неберелериме, балдарыма, жолдошума жакшы көӊүл бура албай калган күндөрүм болот. Кээде спектаклдер болгондо абдан эле кеч барып, күнү-түнү иштеп калган учурлар болот. Үйдө тамак-аш жасап бере албай, неберелеримди ойното албай, өзүмдү күнөөлүүдөй сезип жүрөм. Бирок, алар 60 жылдан ашык сахнада, экранда жүргөнүмдөн кийин менин күнөөм эмес экенин түшүнүп калышты. Тагдырдын мага жазган мыйзамы ушундай болуп калды. Бош боло калганда жакшы оокат кылып, неберелеримди ойнотконго, эрте туруп үйдү жыйнай коюп, жолдошума тамак жасап берип анан жумушка кеткенге аракет кылам. Чынын айтканда, абдан чарчайм. Үйгө барганда сулк жыгылып жатып калам.

 

“Неберелеримди жыттап эс алгандан өткөн рахат жок”

— Неберелеримди жыттап эс алгандан өткөн рахат жок. Чарчап турганда аларды жыттасам, чарчаганым бир заматта жоголуп кетет. Анан өзүм башынан эле жакшы музыка укканды абдан жакшы көрүп, классикалык музыкаларды, комузду, жакшы ырчылардын ырларын укканда кадимкидей эс ала түшөм. Мен деле кино көрүп эс алам. Мел Гибсондун “Апокалипсисин” 5 жолу көрдүм окшойт жаттап калдым. Эмоционалдык таасир берген кинолордон эс алам.

 

“Карамолдо атабыз “Көкөй кести” күүсүн черткенде сакалынан жаш тамчу”

— Кызым, бул тагдырдын мага жазган тартуусу болду. Мен кичинекей чагымда апам Каракол театрынын артисти экен, атам колхоздо башкарма болуп иштептир, үйүбүзгө артисттер көп келчи. Мен кичинекей кезде “Балыр болуп түбүӊө жаткым келет Ысык-Көл” – деген ырым бар болчу. Ошону көп жыл ырдап жүрдүм. Саякбай атамдын астына отуруп жүрдүм. Карамолдо атабыз “Көкөй кести” күүсүн черткенде сакалынан жаш тып-тып деп акканын көрүп жүрдүм да. Ушунун баары жүрөгүмө чоӊ таасир берген экен. Анан Бишкекке келип №5 -мектепте окудум. Ал жерде жумасына бир жолу Кыргыз драм театрына алып барат. Биздин илгерки корифейлер Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Бакен Кыдыкеевалардын аткарган оюндарын, классикалык чыгармаларын көрдүм, ушунун баары чогулуп келип жүрөгүмдү ээлеп алды. Ал кезде кинотеатрларда Индиянын Радж Капур деген режиссёрунун кинолорун, француздардын, италиялыктардын кинолорун көрүп, кино дүйнөсүнө сүӊгүп кирип кетип чыга албай калдым. Мектепте абдан жакшы окучумун. Москвага барып ЖОЖго өтүп кетип бир жыл окугандан кийин эле үйгө ооруп жатам деп кат жазып, акча алып поездге түшүп Бишкекке келе бердим. Келип эле театрга кирип кеттим.

 

“Ролдор туурасында…”

— Ролдордун баары татаал. Анын жеке формасын эле бербей, ички дүйнөсүн, кулк-мүнөзүн, кыял-жоругун алып чыгышыӊ керек. “Курманжан датка” тасмасынын аягында 3 мүнөттүк кичинекей кадрда ойнойм. Ошол мага абдан татаал болду. 3 мүнөттүн ичинде тарыхый инсандын көз карашын, кыял-жоругун, эл-журтуна болгон сүйүүсүн, күйүтүн, балдарын эстегенин кантип берем деп ат үстүндө жыгылып кала жаздап, ошол ойлогонум көзүмөн көрүнүп калыптыр. Николай Васильевич Гоголдун “Үйлөнүү” деген комедиясында Агафья Тихонова деген кыз күйөө тандайт. Иван Ивановичтин мурду, тигинин көзү, башканын мүнөзүнүн баарын бириктирип келип бир киши чыгарса, мен ошого ойлонбой туруп чыгаар элем деген боорду эзген жери бар. Ошол ролду ушунчалык рахаттануу менен аткаргам, элдин да эсинен кетпейт.

 

“Тунгуч театры туурасында…”

— Театрды түптөөдө жолдошум Назаров Садырбек абдан жардам берди. Уставды өзү түздү. Туңгуч театрын түптөө аябагандай чоӊ иш болду да. Ал кезде элдер таӊ калып ишенишкен жок. Кээ бирлери бул “афера” деп ойлошту. Ал кезде Ленинграддагы бир театрды көрүп келгем. Ой-санаамдын баары бөлүнүп, мен эркин театр менен эркин чыгарма жараткым келген. Ошол кыялымдын орундалышына жолдошум жардам берди. Имарат алдык, актёрлорду топтодук, бир жылдан кийин эле гастролдорго чыгып кеттик. Жаман болгон жокпуз, азыр 14 мамлекетке барып чыгармаларыбызды тартуулап келдик. 3-4 жылдан бери театралдык жана кино студиямда балдарды бекер окутам. Ошолордун ичинен жакшылар чыгып атат. Бирөө менин мектебимде кайра сабак берип, кинолорго түшүп жатат. Театрларда иштегендери да бар. Азыр театрды жакшы көрүш кыйын. Элдин көӊүлүн бурган башка жактар бар. Акча жана бийлик бурат дегендей. Ошондой болсо да, алардын арасында театрды, искусствону, эл-журтту жакшы көргөн адамдар да бар. Азыр бир топ адамдар мага демөөрчү болуп жардам беришти. Алардын жардамы менен мен долбоор жазам, кинолорду тартам. Азыр театрдын залы ремонттолду, эми ачып элге көрсөтөлү деп драматург Султан Раевдин спектаклин коюп жатабыз. Ушунчалык кызык чыгарма, мага абдан жакты. Быйыл “Ыйман, адеп жана маданият жылына” арналган чыгарма. Мен 90го келип калган эки инсульттан кийинки тили чулдураган кемпирдин ролун аткарам. Спектакль формасы, идеясы жагынан абдан кызык, заманбап чыгарма.

 

“Корифей артисттер чыгармачылыгымдын өркүндөшүнө салымдарын кошушту”

— Бизде көтөрмөлөй турган режиссёрлор болот. Мен кыргыз кереметинин режиссёрлору менен иштешип калдым. Т. Океев, М.Убукеев, Б.Шамшиевдердин кинолоруна түштүм. Алар мага мыкты устат болушту. Мыкты режиссёрдун киносуна түшсөӊ мыкты болосуӊ. Театрда деле Жалил Абдыкадыров, Болот Ибраев деген режиссёрлор мага мугалим болушту. Тажрыйбасы чоӊ корифей артисттер мага жөлөк болуп, чыгармачылыгымдын өркүндөшүнө салымдарын кошушту.

 

“Искусство бир кезде короонун сыртында калган”

— Акыл жана талант жагынан адамдар бирдей эле. Бир гана нерсе — коом өзгөргөн. Азыркы коом кичине башка нукка түшүп кеткен. Кандай кылып акча тапсам, шайлоодон кантип жеӊип чыксам дегендер көп, жалпы элдин тагдырын ойлогондор азыраак. Искусство бир кезде короонун сыртында калган, азыр да кичине оӊолуп келе жатат. Шаарда канча тойкана бар байкайсыӊбы? Бир жаӊы театр салындыбы?.. Бир бай театр салган жок. Элдин руханий дүйнөсү кедей десем жаӊылбастырмын. Ушунчалык ата- бабаларыбыз илгертеден комуз күүсүн, Манас эпосунан үзүндүлөрдү угушуп, акындар айтышып руханий дөөлөт менен жашаган экенбиз, анын баарысын жоготуп ала жаздадык да.

 

“Арманым…”

— Арманы жок адам болбойт. Отуруп, ишке ашпай калган нерселерди ойлойм. Колуман келишинче баштаган ишимди аягына чыгарганга аракет жасайм. Ушул ишти жасап калсам деген пландарым көп. Бирок ошонун кайсынысы ишке ашат, кайсынысы ишке ашпайт мен билбейм. Азыр жараткан көбүрөөк убакыт берсе деп тилейм. Неберелеримди окутуп, адам кылып бутунан тургузуп алсам деп ойлоном. Театрымды дагы өркүндөтүп, улуттун тарыхы жөнүндө спектаклдерди, кинолорду жаратып, кинолорго түшүп калсам деген тилектерим бар. Акча, байлык убактылуу келет. Эмгек кылган адам эч качан өлбөйт.

 

“Балыкчыдагы туу туурасында…”

— Кыргызда тууну түшүрүү деген жат жана жаман көрүнүш. Тууну жаман жагдайда гана айла жоктон түшүрөт. Тууну түшүргөн жакшылык алып келбесин ал адамдар түшүнүшөт болду бекен. Мен билем кыргыздын туусун ал жерге Имамидин Ташов деген кыргыздын патриот уулу ак ниети, ак тилеги менен өзүнүн акчасына флагшток орнотуп, элдин батасын алган эле. Эми желекти жакшылап күтө албай, түшүрөбүз дегендери жосунсуз жорук болуп жатат.

Төлөбүбү Касымалиева, Багыт.kg, 2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий