Төрөбай Кулатов шым таап берип, Зууракан Кайназарова казак балбанын жыкканда

Атактуу кызылчачы Зууракан Кайназарова Төрөбай Кулатовду катуу сыйлачу. Кырк жыл бою мамлекетти башкаруу бийлигинде иштеген, Раззаков, Усубалиев өңдүү Кыргызстандын биринчи жетекчилери, Сталин, Хрущев, Брежнев, Подгорный, Косыгин сыяктуу тарыхта изи калган алптар менен үзөңгүлөш жүргөн Кулатовдон беш жаш улуу болгондуктанбы, Зууракан апа аны “сен” дечү, “Төрөбай” дечү.

Экөөнүн Зууракан ападан уккан бир окуясын айтып берейин. 1937-жылы СССР Жогорку Советине депутат шайлоо алгач киргизилип, Төрөбай Кулатов Кызыл-Кыядан шахтер катары, Зууракан Кайназарова Чүйдөн кызылчачы катары депутат болуп шайланышат. Зууракан апанын айтымында, ал кезде Москвага чейин поезд менен жолдогу станциянын баарына токтоп отуруп 7-8 күндө араң жетишчү экен. Анда СССР Жогорку Советинин депутатынын кадыры абдан күчтүү болсо керек (Сталиндин тушунда депутат дегенде тикесинен тик турушчу). СССРдин депутаттары баратат дешип, дээрлик ар бир станциядан тосуп алышып, урмат-сый көрсөтүшчү го.

Ошентип, Зууракан апаларды Луговойдон казактар тосуп алып, дасторконду кенен жайып, ар кандай оюн-зоокторун көрсөтүп, ырдап-чоордошуп жакшы сыйлашат. Бир маалда казактар күрөш уюштуруп, алардын балбаны кыргыздын балбанын жыгып кетип, казак туугандар ой-да апыраңдашып, кайра-кайра айтып мактана беришет.

Төрөбай Кулатов баш болгон кыргыздар: “Күч атасын тааныбайт, жыгылса мейли эле, бирок, булардын көтөрүлүп мактангандары эмнеси, ушундан көрө атайы жасагансыбай, бизди тоспой эле коюшпайт беле” деп сынып калышыптыр.

Анан буга намыстанган Зууракан апа Төрөбайга айттым дейт:

— Төрөбай, күрөшкө мен чыгам. Жыкпай койбоймун. Бирок, кармашып жатканда дамбалым көрүнүп калса сен эле уят болосуң. Күрөш кандай болорун көрсөтөйүн буларга. Мага бир бышык шым таптыр… – деп.

Төрөбай Кулатов ошол жерден эле шым таптырат. Казак балбаны да узун-туурасы келишкен, айтылуу чоң балбандардын бири экен. Атайы кандагай шым кийип, кайыш кур курчанып, шымдактай болуп турат дейт.

Зууракан апа ушул окуяны айтып берип жатып: “Кармаша кеткенде эле байкадым, денесинде бош жерлери бар экен” деп койчу. Зууракан апа өзү узун бойлуу, чоң сүйлөгөн, адамдын да, эмгектин да алпы болчу. Анан баягы казак жигитти буйдамга келтирбей, жамбашка салып туруп чаап алыптыр. Ал аз келгенсип, мактанган андай эмес, мындай болот дегенби, аны аттап да кетиптир. Казактардын башы жерге кире эле түштү дейт. Ошончо жайнап турган казактардан үн да жок, сөз да жок тунжурап эле калышыптыр.

“Биз болсо “жыктык” деп казактарча бакылдабай, мактанбай, жымыйып отурабыз” дейт. Бир маалда, ары кетип — бери кетип жатышкан казактар акыры келип кечирим сурашыптыр:

— Бизден кетип калды. Зууракан эже, сиз чыкканда эле кол көтөрүп күрөшпөй койсок болмок. Бир жагынан аял кишиге теңелген бизди жыгып салып туура кылдыңыз… Кечирип коюңуздар, — дешиптир. Берки балбан да келип кечирим сураптыр…

“Төрөбай менен ошол кезден бери таанышмын. Экөөбүз баспаган Кремлдин төрү, экөөбүз ичпеген Маскөөнүн тамагы, көрбөгөн, жолукпаган кишибиз калган жок. Сталинди жыйналыштардан далай эле көрбөдүмбү” дээр эле Зууракан апа.

Жамин АКИМАЛИЕВ, “Көк асаба”, 25.06.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий