Өлбөй кал, Шаршенбек агай!..

Көптөн бери китеп окуй элек элем. Көп эле китеп окуп жүрөм го, бирок окуп бүткөндөн кийин бирдеме окугандай болбой, сезимде жук калбайт. Окуй элек элем дегеним ошондон. Кечээ күнү Шаршенбек Үмөталиев агайыбыздын “Өзөктөгү өрт” деген тарыхый романы капилет колума тийип, шашпай окуп кирдим. Ошону менен китеп мени тартып кетти өз дүйнөсүнө. Окуясы ушунчалык элестүү. Баарынан автордун тилин, стилин, анан макалдата маселдеткенин айт!.. Аны ар ким-ар ким өзү окуп кумар албаса, айтып жеткириш мүмкүн эмес.

Үзүмчүлүк жаз убагын «семиз арыктап, арыктын жилиги үзүлгөн” деп, бир сүйлөм менен элестүү айтып коюптур агайыбыз. Сары-Өзөн Чүйдүн көркөмүн “колдон келсе бөктөрүп кетчү жер экен” деп, боёгу жок эле кадыресе сыпаттап салат. Эми, күлүк атты сүрөттөгөнүн көр: “Чымыр туяк, тик бакай, эликтей шымаланган неме экен. Уй куймулчак, катик жамбаш Койторунун чакмак эти түрүлүп, кара эти жок какелес ичи илбирстей тартылып, тайгандай шыпылдайт. Муз бөйрөк, бели кыска, бирдей сүбө, өркөчү бийик, букта бакай, түпөктөй туу куйруктуу жаныбар экен”. Ушуну окуганда көз алдыма Тайторунун элеси тартылды го, чиркин! Арык итти минтип сүрөттөп жатат: “кабыргасы терисинин сыртына бүткөндөй кыржыят”.

“Бирок бул жолу анын денеси балкып, сөөгү жибип, сезими селт этип, өзүн ала булуттардын үстүнө чыгып, асман-жердин арасында селкинчек тээп жаткандай сезди” дейт. “Кашаттан атына ээри каткан, ээрине өзү каткан бирөө чыга келди” дейт. “Үйдүн бурчунда уюткан камырдай сулк уктап жатат” дейт. “Итинен кык талашкан, жүрөгү дүлөй манаптардын кылганын ойлой берип, ар тамырымда арман сызылат” дейт. “Ийне-жиптей жарнакташып оокат кылалы” дейт. Не деген элестүү сөз!

Эми макалга тете кептерине келели: “Устаранын мизиндей оодарылган замана”, “Таңдайы жарылган чечен, маңдайы жарылган баатыр, бармагы жарылган чебер”, “Биттин ачуусун сиркеден алат”, “Карыдан нуска, карадан нарк кеткен заман”, “Жесирдин өңү сарыңкы, жетимдин башы салыңкы”, “Ажал жолу чилдин арышынан кыска”, “Аралжы кирер күчүм жок, айланчыктаар кишим жок”, “Кектин түбү – кейишке, ынтымак түбү – өрүшкө”, “Жигиттин куну – жүз жылкы, ары – миң жылкы”, “Жаралуу кийик жата албайт”, “Койдой онтогончо, эчкидей маараган дурус”, “Кедейдин тирүү жүргөнү жыргаганы”, “Бөлтүрүктүкүндөй болбосо да, бөйрөктүкүндөй төркүн бар”, “Буулуп турган кептин оозун жыр”, “Ач атым – бар атым, ток атым – жок атым”, “Өз акыл өзөктөн чыгат”, “Киши акылы – кишен менен тушоо”, “Бир көзүн аса, бир көзүн баса караган”, “Бийликтин иши – бийлик, анан гана барып чындык”, “Чечен чечен эмес, өкүм чечен”, “Кедей болоор жигиттин малы өлөгөн”, “Эл таянган төш таянат, мал таянган жер таянат”, “Төштүгүнөн айрылып эл жаңыраар, төшөгүнөн айрылып жер жаңыраар”, “Батар күндүн да, атар таңы бар”.

Капар Токтошов, «Кыргыз тили», 27.03.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий