Салижан Жигитов: «Кыргыз микроб сыяктуу, кирген жерин чиритет»

Кыргыздын көрүнүктүү адабиятчысы, сынчысы, публицисти, сатириги, акыны жана коомдук ишмери Салижан Жигитов (1936-2006-жж.) тирүү болгондо бүгүн 17-мартта 81 жашка чыкмак. Көп кырдуу талант ээсинин чыгармаларынан дагы анын чукугандай сөз тапкан чечендиги, курч тамашалуу ачуу чындыктары эл оозунан түшпөй келет. «Бетке айткан сөздүн заары жок» демекчи, ал сындын баарын ыраматылык Салижан агай кыргызга күйүп-бышканы үчүн кемчилигибизди көзгө сайып, аларды оңдой билели деп айткан эмеспи. Анын куйкум кептерин эл оозунан жыйнап жазып жүргөн калемдештеринин эскерүүлөрү да арбын.

Салижан Жигитовдун жоруктарын Таалайбек Абдиев эскерет

Бир жолу Мухиттин Гүмүштүн кабинетинде отурсак, Салижан абам келип калды. Бир аздан кийин башка түрк мугалимдер да келишти. Салижан абам аркы-беркини сүйлөп, адатынча баарыбызды күлдүрүп отурду. Бир кезде түрк мугалимдер ага проректор катары арызданып калышты: «Салижан бей, бул жердин полистери (милициялары – Т.А.) эмне деген адамдар? Жөө чыксак, өзүбүздүн документтерибизди текшерип, акча алышат. Машина менен чыксак, анын документтерин сурамыш болуп акча алышат». Салижан абам ойлонбой туруп: «Эми ал кысталактарга Акаев 400 сом айлык берип, калганын Мухиттин бейден алып аласыңар десе, алып атышат да», – дегенде баарыбыз кыйрап күлгөнбүз.

 

* * *

Салижан абам университетте иштеп жүргөндө жооп бералбаган бир абитуриентти эл көзүнчө минтип тилдеген экен: «Же мээң жок, же ээрчитип келген ээң жок, же жетелеп келген бээң жок, мен сени кантип өткөрөм, ыя?»

 

* * *

Биз менен чогуу иштеген Эгемберди деген мугалим бар эле. Ал мурун энциклопедияда Салижан абам менен чогуу иштеген экен. Эгемберди аке ал убакта Орузбаевадан тема алып иштеп жүргөнүн билчү экен. Кийин турмуш шартынан улам Эгемберди аке илимий иштерин токтотуп коюптур. Салижан абам жолуккан сайын: «Ой кудай урган, баягы кандидаттык ишиңди бүтөйүн дедиңби», – деп сураганда ал бир чети уялып, бир чети коркконунан: «Бүтөйүн деп калды, Салижан аке», – деп койчу экен. Бир жолу жолугуп калып, баягы жообун уккан соң: «Кысталак, ушу сен ишиңди ташка чексең да бүтө турган болдуң го»,- деген экен.

 

* * *

Салижан абам досу Ашым Жакыпбековду бир жолу минтип тамашалаган эле: «Ашым сыяктуу ынды каралар кыргызда болчу эмес эле деп таң калып жүрсөм, көрсө илгери кыргыздар Кокондун ордосун кан талоон кылганда, таластык кыргыздар бир индиялык кызды Таласка алып кетишкен экен, ошол кыз ушул Ашымдын чоң энелери болот имиш». Ал өзү капкара киши болгондуктан буга биресе карсылдап каткырганы менен бир эсе чычалап да турду, досуна не каяша кайтаруунун оңутун издеп.

 

* * *

Бир жолу Салижан абам Кондучалова менен бирге президиумда отуруп калат. Бир маалда ал киши: «Ээ Салижан, тиги отурган баланы тааныбайт экенмин, ал ким?» – деп Кеңеш Жусуповду көрсөтөт. Салижан абам: «Ал Кеңеш Жусупов деген жазуучу, биз аны Кеша тихий деп коёбуз», – дейт. Кондучалова аябай күлүп: «А тиги жанындагы ким?» – дейт. «Ал – Сагын Наматбаев, аны биз Сашка лысый дейбиз». «А бу сүйлөп жаткан Жолон Мамытовду эмне дейсиңер?» – «Жорка сытый дейбиз, ал эми тигил Бексултан Жакиевди болсо «Петька буйный» дейбиз», – деп отургандардын кулк-мүнөзүн бир заматта сыпаттап ийген экен күлкү аралаш.

 

* * *

Салижан абам бир жолу «Ала-Тоо» журналынын редакциясына барып калат. Ал жерде Сулайман Маймулов деген жазуучу иштечү экен. Ал жердегилерден абам: «Бу кудай урган чычкандын баласын эмне дейт, ким билет?» – деп сурайт. Эч ким билбейт. «Эми кудай урбадыбы, баласы болгондон кийин аты да болуш керек да, туурабы? Мисалы, карышкырдын баласын бөлтүрүк дейт, түлкүнүкүн бачики дейт, аюунукун мамалак дейт, маймылдыкын Сулайман дейт», – деп элди дуу кылыптыр.

 

* * *

Абам ата-энеси жок калгандан кийин Фрунзедеги №5 мектепте окуган эле. Кийин университетке кирет. Ошол жылдары бир жакка барарда Турсун жеңеге (Ашыр Чокубаевдин апасы, ал киши ошол жылдары театрда костюмер болуп иштечү экен) келип: «Жеңе, баягыны дагы берип туруңуз, келгенде эле чечип берем», – деп Кычан Жакыповдун костюмун алып кеткенин койбоптур. Турсун жеңем абам келгенден кийин костюмду тазалап үтүктөп, кайра театрга алып барып илгенин койбоптур…

 

* * *

Бир жолу Турсун жеңем менен Чынар эжем университеттин жанында келатышса, Салижан абам артынан келип Чынар эжемди май куйрукка бир чабат. Турсун жеңе: «Ай, Салижан, кантесиң, карындашыңдын бойго жетип калганын билбей эле ойной бересиңби», – десе Чынар эжем: «Мама, мейли эми, колу жеткен жери ошол болсо эмне кылсын», – деп абамды уят кылган экен.

 

* * *

Салижан абам Түгөлбай Сыдыкбеков менен келатып, тийишип калат:

– Түкө, бир кезде сиз дагы абыдан көптүңүз, ээ?

– Эмне кылып көптүм?

– Чачты далыга чейин өстүрүп жүрбөдүңүзбү?

– Эми чач деген кудай берсе өсө берет турбайбы, – дептир тиги киши Салижан абамын башын карап.

 

* * *

Бир жолу жолдон бирөө кезигип, Салижан абаман сурап калат:

– Ой, Саке, кайдан келатасыз?

– Ой, бир халтурщик акын бар эле, ошону кыргыз адабиятына экинчи келгис кылып көөмп келатам, – деп жооп бериптир.

 

* * *

Ректор Карыбек агай бир сый тамакта: «Кыздар, төргө өткүлө», – деп аялдарды сыйлап калат. Түрк аялдар күйөөлөрүнүн жанынан кете алышпай буйдалып калышса, Салижан абам: «Эми алтымыштан кийин биз деле кыз болуп калбадыкпы, мен өтө берейин» деп төргө өтүп кетип, элди күлдүрүптүр.

 

Олжобай Шакирдин жыйган-тергендери

Чыке, бир коркпоңуз. Артыңыз жымжырт

Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары Чыңгыз Айтматовдун атак-даңкы таш жарып турган чагында кыргыз телевидениеси андан интервью алууну пландаштырат. Бул сый-урматтуу иш Салижан Жигитовго жүктөлөт. Теледен кеч чыгышат. Дароо үйлөрүнө жөнөп кетпей, калган аңгемени көчөдөн улантып, көпкө туруп калышат.

— Ие, Салижан, мен тияк-биякта командировкалап көп жүрүп, убактым болбой, бизден кийинки жаштардын чыгармаларын окуй албай жүрөм. Деги чыныңды айтчы, жаштардын дүбүртү кандай?— десе Сакем:

— Чыке, бир коркпоңуз. Артыңыз жымжырт, — деп каткырган экен.

 

Айтматовдун машинесине түшпөй койгом деп айтканга жакшы

Чыке менен Саке телестудиянын алдында көпкө аңгемелешип, убакыттын өткөнүн да байкабай калышат. Бир маалда Чыке саатын карап:

— Ой, Саке, кеч болуп калган турбайбы, кетели, — деп калдалаңдап шашып, кызматтык Волгасынын арткы эшигин ачып, Сакеге «кел, түш» дегендей ишарат кылат.

— Жок, түшпөйм, — деп Саке кетенчиктеп, артка кетет.

— Сага эмне болду?— деп Чыке түшүнө албай чочуп кетет.

— Сенин машинеңе эмес, керек болсо кезинде Чыңгыз Айтматовдун машинесине да түшпөй койгом деп кийин айта жүргөнгө жакшы, — деп адатынча карсылдап каткырып күлгөн экен.

 

Колго тийгенин алдык да

«Кыргызстан маданиятында» Кукеш деген өзү ыргайдай арык, көзү жүлжүк, өңү серт жаш кабарчыбыз бар эле. Редакцияда түштөнүп олтурсак, Салижан аке келип калды. «Келиңиз, агай» деп сый-урмат менен төргө өткөрдүк. Баягы жаш кабарчы Кубанычбек «менин артыман далай сулуу кыздар чуркаган, аялды тандап жүрүп албадымбы» деп өзүнүн жымшыйган кебетесин унутуп, катуу мактанып олтурду. Бир убакта чыдабай кеткен Салижан аке:

— Ие Кукеш, экөөбүздүн кебетебиз бу, боюбуз тиги болсо, анан кайдагы сулуу кыздарды тандамак элек? Колго тийгенин алдык да, туурабы? — десе кыраан-каткы, күлбөгөн киши жок дейт.

 

Бир мээ да сатып алыш керек болот турбайбы

Кайсы бир жылдары адабий томдуктарга жазылуу абдан мода болуп кетпеди беле. Анан бир күнү Салижан акеге Ош университетинин бир профессору конокко келип, чай үстүндө Толстойдун он томдугун, Хэмингуэйдин төрт томдугун алганын айтып мактана кетти дейт. Аны угуп «ии жакшы, жакшы» деп отурган Салижан аке бир оокумда тигиге «Эми мунун баарын окуп чыкканга бир мээ да сатып алыш керек болот турбайбы» деп ха-халап күлүптүр.

 

Калпактын алдындагы допу

Кубанычбек Маликов бир күнү Жигитовго айтат дейт:

– Салижан, сен абыдан кыйын жигитсиң. Өзүң акынсың, билимдүүсүң. Анан ботом, алдагы кепкадан көрө кыргыздын жакшынакай калпагын кийип жүрбөйсүңбү. Кепка сага жарашпайт экен, – дегенинен Сакебиз атайы бир күнү калпак тиктириптир. Бирок анысы чоңураак келип калганынан базардан чаар допу сатып алат. Аны калпактын алдынан баса кийип алса, жараша түшөт. Бирок Сакебиз калпак кийип келген күнү К.Маликов жок. А кепка кийген күнү дайыма карпа-күрп кезигишчү экен. Бир күнү К.Маликовдун ордунда отурганын көрүп, үйүнө чаап барат да, кепкасын ыргытып, калпагын кийип, кайра тезинен келе калат. Анан койкоңдогон Саке күзгүгө каранып, калпагын түзөнүп атканын көргөн Маликов:

– Во-оо… калпак сага койкоюп калат турбайбы, – десе Сакебиз калпагын шарт чечип, анын алдындагы допуну көрсөткөн экен:

– Мына, Куке, жарымым кыргыз, жарымым сарт болгон үчүн жарашып жүрбөйбү.

 

КГБдагы компроматтар

Аман Токтогулов КГБда иштеп турганда С.Жигитов экөө жолугушуп калат. Аман:

– КГБда кыргыз акын-жазуучуларынын бири-бири тууралуу компроматтары толуп кетти. Токтотушпайбы, – десе Сакебиз:

– Ошолордун бирден көчүрмөсүн бизге жылдыра бербейсиңби, – дейт.

– Ой Саке, мен алардын баарын чогултуп туруп, өрттөп атпаймбы, – десе Сакебиз:

– Ооба, мен сага аябай ишенип калбадымбы… – деген экен.

 

Сакенин малай ээрчиткени

Түгөлбай Сыдыкбеков «Кыргыз эл баатыры» наамын алганын уккан Кеңеш Жусупов С.Жигитовго:

– Түкөгө барып койбойлубу, наам алганын куттуктап, – дейт.

Бирок К.Жусуповдун жанында сокур тыйын жок экен. Анда Саке:

– Сен ушинтип дайым эле унчукпайсың, – деп акчаны жалгыз өзү чыгарат.

Жолдон торт, анан гүл алышат. Бирок тортту да, гүлдү да Кеңеш досуна көтөртүп коюп, өзү койкоңдоп алдырак басып кетет.

– Эй, сен түрктүн байына окшобой, жок дегенде бирөөн көтөрүп алчы, – десе Сакебиз:

– Эгер мен түрктүн байына окшосом, түрктүн малайы да так сендей болушу керек. Келжектебей көтөрсөң, – деп экөө бирдей каткырыптыр.

 

Жигитовдун жигиттиги

«Легендарлуу» парламентте отургандарды С.Жигитов интермедия кылып, «КМ» гезитине сандан-санга тамаша кылып чыгарганы А.Акаевге майдай жакчу экен. Президент бир күнү Сакебизге жолуккан жерден:

– Сиз парламентти укмуштай согуп атасыз. Алардын айтышын интермедия кылып жазгандарыңызды жыргап окуйм. Эрдик жасап атасыз, эрдик! – дейт.

Анда Сакебиз:

– Ой ботом, өзүм Жигиттин баласы болсом, жигиттик кылам да. Эрдик кайдан кылайын, – дептир.

 

Каникул

А.Акаев өлкө президенти болгонго чейин С.Жигитов экөө бир үй, бир короодо жашап, экөө күндө эртең менен бирге чуркайт. Жигитов ал кезде «Кыргыз экциклопедиясынан» бошоп, жумушсуз жүргөн экен. Бир күнү эртең менен А.Акаев экөө кобурашып калат:

– Салижан Жигитович, эми кайдан иштейин дейсиз?

– Илимдер академиясында иштесемби деп атам.

– Андан көрө ЖОЖдордун бирине барыңыз. Аякта тогуз ай иштеп, үч ай каникулда болосуз, – десе:

– Аскар Акаевич, сиз эч нерсе билбейт турбайсызбы. Академияда андан жакшы. Ал жакта бир ай план түзүп, он бир ай канукулда жыргап жүрөсүң, – дептир.

 

Түрктөрдү күлдүргөнү

Жигитов Өзбекстанда элчи болуп отурганда Түркиядан өкүлдөр келип, алардын тарыхын, маданиятын сурайт. Бирок бир да өзбек өз элинин тарыхын жарытып айталбай койгондо Сакебиз чыдабай кетип:

– Мына бул чапан менен допучан өзбекти көрдүңөрбү?

– Көрдүк, – дейт түрк делегаттары.

– Көрсөңөр, мындан 3-4 кылым мурда деле өзбектин кийгени ушул болгон. Бирок ошондон бери булар чапанына топчу кадабаган бойдон келатат, – дегенине өзбегиң да, түркүң да боорун тырмап каткырыптыр.

 

Өзбектердин беш принциби

Салижан аке Өзбекстанга элчи болуп барса, ал жакта 22 чет мамлекеттин элчилиги бар экен. Ошолордун ичинен өзбекче билген бир гана Салижан аке турбайбы. Ошонун аркасы менен абдан популярдуу болуп кеткен Салижан акенин кабинетинен айрыкча дипломаттык кабыл алуу, банкеттер болгондо журналисттердин, чиновниктердин буту үзүлбөйт дейт, орусу болобу, өзбегиби, башкасыбы, айтор Салижан акени айланчыктап… Көрсө Сакең жанагыларга шайыр анекдоттордон айтып, боорун эзип, айтор өзүнө абдан байлап алган экен да. Бир күнү Шараф Рашидовдун тышкы иштер министри болуп иштеген күйөө баласы: «Салижан ака, анекдотуңуздан битта шиңгил таштап коюң» деп таза суранып калбаспы. Ошондо Сакеңдин айтып берген анекдоту бул: «Еврей туулганда андан сурашкан экен, бул жарык жашоого эмне максат менен келдиң? — деп. Еврей билим алып, байлык топтоп, адамзатты башкарганга келдим дептир. Жаңы төрөлгөн орустан сурашса, бул дүйнөгө арак ичип ойноп кеткени келдим дептир. Өзбек төрөлүп, бул дүйнөгө нимага келдиң дешип ага да суроо узатышат. Өзбек болсо «бу дүйнөгө Ислам Абдуганиевичтин беш принцибин аткарганы келдим» дейт имиш. Бул айткан анекдоту бутага дал тийген окшойт, ошондон беш айдан кийин эле нота келип, Салижан аке элчилик кызматтан чакырылып алынган экен.

 

Орустар кетип, эми түрктөрдү эзебиз

Кыргызстан жаңы эгемендикке жетишкен жылдары Түркиядан делегация келип, Бишкекти кыдырып көрүп жүрүшөт. Аларды коштоп жүргөндөрдүн ичинде Салижан Жигитов да бар. Көпкө кыдырышкан соң коноктордун бири түрк тилин мыкты билген Салижан акеге: «Силерди канча жылдар бою орустар эзип келгени көрүнүп турат. Караңызчы, борбор шаарыңар го жакшы жерде жайгашыптыр, бирок архитектуралык жасалгасы өтө эле көзгө комсоо экен, өңчөй бозоргон, бир кылка имараттарды кура беришиптир, -десе Салижан аке:

— Ой, гардаш, орустар бизди эмес, жетимиш жыл бою биз аларды эздик. Шаарларды, завод-фабрикаларды курдурдук, жол салдырдык, ушул шаарды да ошолор курган, кыскасы болгон иштин баарын жасатып алдык, мына эми биздин эзүүдөн кутулуп, өз өлкөсүнө кетип жатышат, — дебеспи. Анда таң кала түшкөн түрк:

— Орустар го кетип жатыптыр, эми кимди эзесиңер?- деп сураса, Салижан аке:

— Силер келип атпайсыңарбы, эми силерди эзебиз,- дейт имиш шак эле.

 

Акаевден арткан акылы

Аскар Акаев президент, Салижан Жигитов менен Бексултан Жакиев анын коомдук кеңешчилери эле. Бир күнү Салижан менен Бексултан шахмат ойноп отурса, «легендарлуу» парламенттин депутаты Мар Байжиев келип калат.

– Ии, ажонун акыл кеңешчилери… Оюндан омурткаңар сынып отурасыңар, – десе Сакебиз шахматтан башын көтөрүп:

– Акаевге болгон акылымды айтып, андан артканын мына бул досуңа айтам. Бирок болбой эле артып калып атат. Акыл сага да жетпей атса, мага ушинтип тез-тез келип турсаң, – деген экен.

 

Са Жи Гит

«Азаттык» радиосу Дастан Сарыгулов, Каныбек Иманалиев, Салижан Жигитовду «Манас» жөнүндөгү диалогго чакырат. Сарыгулов «Манас» эпосунун чеги жогун, түбү көрүнбөстүгүн түгөтө албайт. Сакебиз болсо түз обо экенине карабай:

– Кыргыз болбой эле койдум. Карачы, курсагы ач, мээси бөксө. Ушундан көрө кытайга аралашып кетсек, эл болмокпуз. Анда мен көп болсо: Са Жи Гит болуп калмакмын, – деп Сарыгуловдун куйкасын куруштурган экен.

 

Кыргыз орусту 70 жыл эзди

90-жылдардан кийин Кыргызстандан орустар кете баштаганда жармач патриоттордон ким бирөө:

– Булардын кетип атканы жакшы болду. Болбосо бизди 70 жыл бою жакшы эле эзип келбедиби, – десе Сакебиз:

– Эй, орустар бизди 70 жыл эзген жок. Биз орустарды 70 жыл эздик. Алар бизге мектептерди, кабат үйлөрдү, завод-фабрика, суу сактагыч, көпүрө, электр станция ж.б. куруп бербедиби. Бечаралар акыры «Буларың эч нерсе үйрөнө албаган ит эл турбайбы» деп эзилип бүткөн үчүн кетип атпайбы, – деген экен.

 

Өмүр бою кетирген катасы

Өзбекстандын бир журналисти Сакебизден сурайт:

– Өмүрүңүздө канча ката кетирдиңиз?

– Ой айланайын, мени кой, СССР өлкөсү 70 жыл бою толтура ката кетириптир, анан ошол өлкөдө жашаган менин бүт өмүрүм ката менен өттү да, – деген экен.

 

«КМга толгон «дөбөттөр»

«Кыргызстан маданияты» гезитинин кеңсесине С.Жигитов күнүгө келсе, күнүгө тамак жеп отурушкан болот. Бир күнү аларды көргөн Саке:

– Оо, ырас болбодубу, бекер тамактын үстүнөн чыгыпмын, – дейт босогодон аттаганда эле жайдаңдай.

Отургандар «баа» деп каткырып, ооздору жабыла электе Саке «КМ» кожоюну Нуралы Капаровго:

– Ой, сен байка. Буларың байдын дөбөтүндөй болуп семирип кетип үрбөй калышпасын, – деп отургандарды кыраан-каткыга тойгузуп, «дөбөттөр» отурган үстөлдүн эң төрүнө өтүп кеткен экен.

 

Академик, профессорлорду ардантканы

Тээ качан Кыргызстан жазуучулар союзунун пленумунда чыгып сүйлөгөн С.Жигитов кашкайган бир чындыкты мына минтип балп эттириптир:

– Карагылачы, илимдүү-билимдүү сынчылар! Силер «Кыргызстан маданиятына» көтөрүп келген материалдарды 10-класс билими бар Алым Токтомушев оңдоп-түзөп гезитке чыгарып атат. Уялбайсыңарбы! – дегенин уккан азуулу адабий сынчылардын баштары шылк дей түшкөн экен. Көрсө «КМнын» сын бөлүмүндө иштеген А.Токтомушев академик, профессорлордун жазгандарын гезитке оңдоп-түзөп жарыялачу тура.

 

Кеңештин кеңеши

Сакенин ашказаны ооруп жүрүп, Кеңеш Жусуповдун кеңеши менен урологиялык дарыланууга өтөт. Бир күнү Роза Отунбаева экөө кезигишип калат. Сакенин шопоюп арыктаганын көргөн Роза Исаковна:

– Сиз өтө эле арыктап алыпсыз, бирок арыктаганыңыз жарашат экен, – десе Сакебиз:

– Өз заарамды ичип жүрүп эле ушинтип жалпайган бетим татынакай болуп баратат, – дегенине Отунбаеванын абыдан боору эзилет, бирок ишенбейт. Ошондон көп өтпөй, жоон топ эл каймактары чогулган жерде ким бирөө К.Жусуповдун ашказан оорудан кантип айыгып кеткенин сураса, туурадан С.Жигитов чыга калыптыр:

– Кеңештин кантип айыгып кеткенин менден сурагыла, өзү жымсалдап айтмак беле. А мен болгонун болгондой айтам. Бул досум өзүнүн сийдигин өзү ичип жүрүп эле айыгып кетти, – десе:

– Сырымды сага айткан мен да акмакмын, – деген Кеңеш досунун күйбөгөн жери күл болуптур.

 

Бакиев жөнүндө экмети

Курманбек Бакиев бийликке жаңы келгенде журналисттер Сакеден сураптыр:

– Сиздин оюңузча, Бакиев кандай президент болгудай?

– Ой, мунуңар кагаз окуп атканда президент сыяктуу да, кагаздан башын көтөрүп сүйлөсө эле башкарма болуп калат тура, – деген экен.

 

Ишенбай досуна нааразы болгону

Сакебиз көп учурда үстүндөгү качанкы костюмдун бышыктыгына таң калгандарга:

– Абдуразаков чоң болуп турганы мага жакшы эле. Ал тез-тез семирип кетип, батпаган костюмдарын мага берчү. Кудай уруп, анын кызматтан түшкөнү мага эле жаман болду, костюмдары артпай атат, – деп күлдүрүп калчу.

 

Сакебиздин керээзи

Сакебиз дайыма азил-чыны аралаш бир кепти айтып калчу:

– Мен өлсөм, мүрзөмдүн башына «Ушул бечара өмүр бою көпчүлүк «жижиң» калем кыргыз акын-жазуучулары менен окумуштууларынын жазгандарын оңдоп-түзөп жүрүп өттү» деп жазып койгула!

Даярдаган Нурзада Ташбаева,
«Де-факто», 23.03.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий