Эл шайыры – Шекербек

Ш.Шеркуловдун 115 жылдыгына

“Өскөн жериң Таластан,
Өнөрүң айтсак жарашкан.
Өзүңө теңдеш жок эле,
Өргө жолду талашкан”.
Эстебес Турсуналиев

Кыргыз кыйырына, жумурай-журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал талант, атактуу комузчу, дастанчы, эл ичинде эленгендей – айтым, залкар, кара күүлөрдүн күжүрмөнү, айтору, «төрт аягы тең жоргологон» ак таңдай акын, таасын обончу Шекербек Шеркул уулунун кийинки муунга калтырып кеткен мурасы эбегейсиз, куну алтындан артык!

Ал комузда кол ойнотуп чертүү, залкар күүлөрдү аткаруу жагынан алдына адам чыгарбаган айжаркын алп шайырлардын бири эле.

Дегинкиси, бул өнөр Шекебизге эне сүтү менен кошо келгендиги көпчүлүккө маалым. Атасы Шеркул да дубанга белгилүү чоң комузчу болуп, өз доорунун элкин күүлөрүн эргүү менен аткарып, эл оозуна алынган таланттардын бири экенин журтчулугубуз жакшы билет. Шеркул аксакал Талас өрөөнүнө таанымал комузчулар: Эркесары, Айдараалы, Эсенаман, Тайкожо, Жантакбай, Шернияз, Кошаалы, Ыстанбек, Орозбайлар менен үзөңгүлөш жүрүп, күү сырларын уулу Шекербекке таасындап үйрөтө баштайт.

Зирек комузчу кат-сабаты жоюлаар менен элдик эпос, дастандарды жатка айтып, айлана-тегерегинделерге эрмек болуп, өнөр өңүрүнө умтулат. Он төрт-он беш жашка караган курагында айыл-ападагы той-тамашаларга катышып, комузчулугу, ырчылыгы менен эл көзүнө кадимкидей көрүнүп калат.

“Жыйырма жашка келгенимде эл оозуна алынып калдым, деп эскерет Шекем өзүнүн «Өмүр жолум» аттуу мемуарында». -Өзгөчө кыштын күнү бир айылдын кары-жашы келишип, түн оогончо мага «Зал-Зал», «Заркун», «Көр уулу Султан», «Алпамыш», «Кыз-Жибек», «Кобланды Баатыр», «Эр Таргын» ж.б. эпос, дастандарды окутуп, угушаар эле. Он беш жашымда «Кыз Жибек» дастанын бүтүндөй жаттап алып, казакча-кыргызча комуздун коштоосунда эл алдында ырдап чыгууга жетишип калгам»…

Өз мезгилинде элге кеңири тараган «Майчач», «Ак чабак», «Акзыйнат», «Күңөтай», «Ой тобо» ж.б.у.с. элдик ырларды табына келтире аткарып, өнөрдүн жаңы баскычына көтөрүлө баштагандыгын айгинелейт. Мына ушул курагында залкарлар: Токтогул, Эшмамбет, Алымкулдарга кездешип, ээрчип жүрүп таалим алат.

Залкар комузчу жалаң эле өз атасынын күүлөрүн чертпестен, ал учурга кеңири белгилүү элдик күүлөргө да кайрыла баштаган.

Жаштайынан үзөңгүлөш өскөн атактуу комузчу Атайдын күүлөрүн да, ал чоң чеберчилик, эргүү менен  аткарып келген. Айрыкча Атайдын «Ак тамак, көк тамак», «Саадак какты», «Марш камбаркан», «Кыз кербез», «Маш ботой» сыяктуу күүлөрүн чертүүдө Шекербек комузчулуктун сырларын ачып берүүгө жетишкен.

«Шекербек Шеркулов Атайдын күүлөрүн өзү кандай ыкмада, штрихте, маңызда, стилде, жүрүштө, мүнөздө, ритмде чертсе, дал өзүндөй аткарат” деп баа берет белгилүү музыка изилдөөчү, кыргыз эл артисти Б. Алагушов: “Айрыкча, ал Атайдын угуучуларды шаңданта өзүнө тарткан комузда кубулжута кол ойноосун куду өзүндөй өздөштүргөн. Атайдын күүлөрү өзүнүн аткаруусунда убагында оорунун айынан радиого, грампластинкага жазылбай калып, залкар чыгармалары Шекербектин аткаруусунда сакталып бизге келип жетти…»

Шекербек Шеркулов жаштыгын өнөр менен ширештирип, чарба ишинде да күжүрмөндүүлүктү көрсөтүп, эл оозуна алынат. Өткөн замандын отузунчу жылдары трактор айдап, колхоз ишин жандандырат, ошону менен бирге оюн-зооктон да калбай, комузун колунан түшүрбөйт.

Атактуу залкар 1936-жылды өмүрүндөгү эстен кеткис учур деп эсептейт. Ушул жылдын октябрь айында Кыргызстандын эл шайырларынын тунгуч олимпиадасы Фрунзе шаарында өткөрүлөт. Өнөрлүү «менмин!» деген жүздөгөн эл шайырларынын арасынан таланттуу комузчу, дастанчы, обончу Шекербек Шеркулов суурулуп чыгат.

Эл ичинен өсүп чыккан, деңгээли кыйла өсүп калган талантты маданий ишмерлер, калыстар тобу Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз филармониясына дароо иштөөгө калтырышат.

Жумурай журтубузга кеңири белгилүү залкарлар Карамолдо, Ыбырай, Калык, Осмонкул, Алымкул, Шаршен, Муса, Саякбай баштаган топко келип кошулушу, анын чыгармачылыгынын жаңы барагын ачат. Эл аспаптар оркестрине ырчы жана комузчу катары кабыл алынган Шекербек репертуарын ар тараптан байытууга белсенип, изденүү, жаңыга умтулуу менен эмгектене баштайт.

1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун алгачкы декадасына да катышып, чыгармачылыгын ар тараптан өнүктүрүүгө баш-оту менен киришкен.

Өз чыгармачылыгын калыптандырууга өр тарткан Шекем комузчулук менен бирге обон жаратуу өнөрүнө да белсемдүү киришип, элге кеңири белгилүү бир нече мукам обондорду жаратат. Автордун: «Механикке», «Кош эми селки, эсен бол», «Мугалим агайга», «Чаткал», «Суусамыр», «Эр жигит», «Кайнар булак», «Мичуринге», «Арзыкан», «Таласым», «Эсен бол»  сыяктуу обондорун өз мезгилинин атактуу ырчылары М.Өмүрканова, А.Огомбаев, Ж.Чабалдаев, Н.Таабалдиевалар  аткарып чыгышат.

Комузчу Ш.Шеркуловдун аткаруусунда жүздөгөн элдик күүлөр кыргыз радиосунун алтын фондуна жазылып алынган. Анын чебер чертүүсүндө өзүнүн атасы Шеркулдун, Т.Сатылгановдун, К.Орозовдун, Ы.Тумановдун, А.Огомбаевдин, Н.Борошовдун залкар күүлөрү жазылып алынып, күнү бүгүн да аткарылып келүүдө. Шекербектин аткаруусундагы: «Кирки камбаркан», «Сал моюн ботой», «Майлыбайдын «Шалкы күү», Кара Тураптын «Сурнай күүсү», Тайкожонун «Торгой сайрап таң атты», Айдараалынын «Көйрөң күүсү», «Музоокенин муңдуу күү», Актандын «Салтанат шыңгырама», элдик күүлөр «Мендирман», «Шырдакбектин боз жорго» ж.б.у.с. нечендеген залкар, кара күүлөр кыргыз радиосунун коруна жазылып алынганы менен, өкүнүчтүү жагдайы – элге кеңири тарабай, тактайда таңылып турганында!.

Шекербек  Шеркул уулунун өзү чыгарган кеңири белгилүү күүлөрү чебер комузчулар тарабынан аткарылып жүрөт. Алардын катарында: «Кылчайма ботой», «Жүрөк толкуйт», «Тынчтык күүсү», «Шекербектин ботою», «Жаштар маршы», «Эсен жүр», «Карылыктын алды», «Эмгек батасы», «Үч мөөнөтүнөн», «Эргиме», «Талас таңшыйт» ж.б.у.с. мукамдуу ондогон күүлөрү бар. Улуу талант комузчулук өнөрүндө өзүнө таандык чертүүнүн бир топ ыкмаларын иштеп чыгып жүзөгө ашырган.

Шекебизди замандаштары төкмө жана жазгыч акын катары да жакшы билишет. Өзү да эл алдында минтип айткан экен: «Комуздан булбул Токомдон, Ныязалыдан, Атайдан, Карамолдодон, Ыбырайдан үлгү алдым. Төкмөлүктөн кара жаак Калыктан, Алымкул менен Осмонкулдан үлгү алдым, бирок тереңдетпедим, шартка жараша көңүлүмдү көбүнчө комузга бурдум»…

Башка өнөрпоздор сыяктуу көргөн билгенин жазып, ырдап, күүгө айландырып китеп бетине калтырууга залкардын, балким, убактысы, көңүлү деле келбеген сыяктуу. Болбосо оозунан куюлуп аккан термелери, обон үчүн жазып берген ырлары өз убагында китеп болуп чыгууга толук акысы бар эле.

Чыгаан талант 1966-жылы жупкадай жука «Шекербектин ырлары» деген тун китебин жарыкка чыгарыптыр. Көзү өткөндөн кийин «Кыргызстан» басмасынан (2002-ж.) «Таласым» деген аталыштагы ырлар жыйнагы Шекемдин талантына таазим эткен ышкыбоздордун колуна тийет.

Кыргызстанда айтым күүлөрдүн алпы, ак таңдай акын, күүчү, аткаруучу, эл шайыры Шекербек Шеркул уулунун жазма чыгармачылыгында «Зардал менен Гүлбахрам» дастаны көрүнүктүү орунда турат.

Айта кетчү жагдай бар. Ал – Шекемдин эл алдында өтөгөн ат көтөргүс эмгеги. Көзү тирүүсүндө татыктуу баасын ала албай калгандыгы көпчүлүктү өкүндүрөт. Улуу талантка «КР Эмгек сиңирген артисти» деген гана наам берилгендиги кимди да болбосун ойго салбай койбойт…

Эл шайыры Шекербек Шеркулов 1902-жылы Талас районундагы Көк-Токой деген чакан айылда туулган. Бүт өмүрүн жалаң өнөргө арнап, эл аралап талыкпай мээнет жумшаган залкар 1980-жылы дүйнө салды. Т. Сатылганов атындагы кыргыз Улуттук филармониясында кырк жылдан талыкпай эмгектенип, кыргыз кыйырын түрө кыдырып элине эрмек болгон, баалуу чыгармаларын кийинки муунга калтырып кеткен алп таланттардын бири.

Өмүр-чыгармачылыгы Кыргыз энциклопедиясында, бардык музыкага тийешелүү чөйрөлөрдө таасын белгиленип жүрсө да, залкардын эл белгилеген 60–70–80–90 жылдыктарын убагында Кыргыз өкмөтү таназар албады, маданият министрлиги унутуп койду.

2002-жылы талас эли шайырдын 100 жылдык мааракесин ка­сиеттүү «Манас Ордо» комплексинде эстен кеткис даражада белгилешти.

Шекербек Шеркулов жөнүндө айта берсе кеп түгөнбөйт. Кадырман калкы турганда али шайырдын өнөрү көөнөрбөйт, кайра анын улам жаңы жээги ачыла береринде шек жок.

Өкүмбек Бөкөлөев, «Кыргыз тили», 27.03.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий