Темирбек Алымбековдун котормолору

Михаил Лермонтов, орус акыны

БАЛЛАДА

Деңиз жээги, колун артып эркелеп,
Жигитине сулуу айтат мындай кеп;

Укчу жаным, абайсыздан мен бүгүн,
Суу түбүнө мончогумду түшүрдүм.

Мени сүйсөң тээ тереңге барып кел,
Мончогумду мага таап алып кел!

Акыл-эсин сүйүү ээлеген ал жигит,
Аялдабай кетти сууга секирип.

Ак жал толкун бирин-бири камчылап,
Жээкке урунуп, кайра артка тартылат.

Деми токтоп калган өңдүү дүйнөнүн,
Сулуу күтөт суу түбүнөн сүйгөнүн.

Кандай бакыт! Эптеп кармап асканы,
Суудан чыгып жигит бери басканы.

Кабак түйгөн, колдо мончок жалтырап,
Ийни ылдый мөлтүр суулар тамчылап.

“Сүйөсүңбү, сүйбөйсүнбү карабай,
Мончок учун өмүрдү да аябай…

Бир сөзүңдөн түштүм деңиз түбүнө,
Маржан таштар жаткан экен үйүлө.

Алгын мына! Кантип таптым билбедим».
Суна берип жал-жал тиктейт сүйгөнүн.

Жооп укту: “О, жаш жигит, садага,
Эгер сүйсөң маржанды алып бер мага!”

Кайран жигит, кайра сууга чөмүлдү,
Табыш үчүн маржанды же өлүмдү.

Ак жал толкун бирин-бири камчылап,
Жээкке урунуп, кайра артка тартылат.

Ал толкундар улам жээкке келгени,
А сүйгөнүн бирок кайрып бербеди…

 

Үмүт Шарипова, казак акыны

* * *

Сен сыяктуу сүйө албастыр мени эч ким…
Сүйдүң мени… Ай, жылдызга теңештим.
Сен болбосоң көктөм көркөм билинбес,
Сенсиз деги сүйүнө алаар эмесмин.

Махабатсыз күндөр өтүп… жабыктым,
Бир шооланы күтүп жылдар зарыктым.
Сенин сөзүң – сезимге нур, бойго күч,
Сенин көзүң – нур төгүлгөн жарык күн!

Менин ырым өзүң барда арыбайт,
Дастанбыз кылым кечип арылайт.
Көөдөндөгү бир муштумдай жүрөгүм,
Сүйөм дештен көз өткөнчө талыбайт

Ырыма эгиз жүрөгүң бар, аскарым,
Кереги жок башка жандын дастаны.
Төбөбүздөн элжиреп бир турса экен,
Бизге маалым махабаттын асманы.

Өзүң жокто өмүр сүрдүм дебесмин,
Унутулду махабатсыз элес күн…
Мен сыяктуу сүйө да албас сени эч ким,
Сен сыяктуу сүйгөн эмес мени эч ким…

 

Галым Жайлыбай, казак акыны

КАП КӨТӨРҮП БАРА ЖАТАТ КЫЗ БАЛА

Бар тилегин салып алган, тоюн да,
Ак билегин артып алган моюнга.
Кап көтөрүп бара жатат кыз бала,
Алматынын “Арбатынын” боюнда.

Көчөсү бул кайырчынын,
Мастын да,
Адамдар көп…
Айлангансыйт ташкынга.
Кайышып да, майышып да назиктик,
Араң барат ала каптын астында.

Көңүл болбос, көктөм күндү сүйбөгөн,
Кимге барып:
Көркөмдүккө тийбе ,- дейм?
…Көк базарга бара жатат көркөм кыз,
Көөнө кемсел, эски этегин сүйрөгөн.

Гүлү ачылып…
Киер бекен кырмызы.
Жаркырап бир жанар бекен жылдызы?
Кап көтөрүп бара жатат көчөдө,
Азамат туур Алашымдын бир кызы.

Ажары да ашкере экен ак таңдай,
Базарына жетсе экен какталбай.
Оозун бууган кытай каптын ичинде,
Тагдырынын бар салмагы жаткандай.

Муңдуу кайгы,
Тайыз бакыт,
Күз
Калаа.
Суук чыкылдайт- убакыт да муздак аа,
Кылымдардын жүгүн өзү алгандай,
Кап көтөрүп бара жатат кыз бала.

 

Алма Түсүпбекова, казак акыны

ӨЛӨҢ СЕН…

Өзөгүмдө өзүң жүрдүң дайыма,
Чымын жанды күзгө таяп такалдым.
Өлүү түндө өзүмдү өзүм мүлжүдүм,
Өлөң сенде куну барбы атамдын?!

Өлөң сага бердим белем жанымды?
А мен өзүм абдан эле чарчадым,
Андай болсо сен коргочу арымды.
Поэзия падышадай төргө өтсүн,
Көрсө көрөөр жарыбаган жайымды.

Ушу өлөңдө деги эмнем бар эле?
(Талаа болчу сырдашканым алгачкы).
Тирлик деле өткөн менен нугунда,
Тирүүлөй бир далай ирет жар басты.

Кайдан, кантип жакшы көрдүм өлөңдү?
Көрсөттү бейм, ойдун түбү тереңди.
Өлөң издеп касиеттүү талаамдан,
Бедиундей кезип жүрүп өлөмбү?

Бул үмүттү мойнума артып теңдейин,
Мен жөнүндө ыр жазарсың сен кийин.
…Бирок дагы жан дүйнөмдүн жарасын,
Кара өлөңсүз кантип гана эмдейин?
ҮН КАТА АЛБАЙ КЫСЫЛДЫМ

Каарыган суук, муз бүгүн,
Карап жатат бизди ким?
…Бердим жаным колуңа,
Сезимимдин тизгинин.

Жоо бүтсө жолума,
Тагдырымдын тору да.
…Үмүт менен сунамын,
Жүрөгүмдү колуңа.

Аймаласаң көз менен,
Араң чыкпай өзүмдөн.
…Жага билсең жайын таап,
От чыгат ээ сезимден.

Жүрөк туйлап сүзүлдүм,
Сен да мени түшүндүң.
Берилгенден сезимге,
Үн ката албай кысылдым.

Бакыт багын аралап,
Кучагына ыктадык.
Үнсүз турдук дагы эле,
Тынчтыкты аяп бузбадык.

Из калтырбай, илинбей,
Өмүр өтөт билинбей,
…Тил бар бекен ааламда,
Үнсүздүктүн тилиндей.

 

СЕНИ САГЫНДЫМ

Айдың көлдөн жалгыз аккуу көргөндө,
Жамы-тирлик жанга келип төнгөндө,
Күндөр өтсө шаңдуу, муңдуу, шерменде,
Сени сагындым…

Сагынычка кандай гана жан чыдар?
Өткөн күндөр сезимимди камчылар,
Тереземди каккан кезде тамчылар,
Сени сагындым…

Аян болуп мен жазуучу дастанга,
Аялуу сыр тунган кезде асманга,
Айсыз түндөр тумчуктура басканда,
Сени сагындым…

Асыл өмүр арманда өтүп аңгырап,
Алым куруп турган кезде шалдырап,
Калкып келип кулаганда жалбырак,
Сени сагындым…

Колума алып өзүң жазган каттарды,
Кезип келем биз жүрүүчү бактарды,
Көргөн кезде кулап жаткан ак карды,
Сени сагындым…

Жакшылыкты кабар берип эртеңим,
Чакырганда жылбай турат эрте күн,
Бирок, бирок…кажыганда келте муң,
Сени сагындым…

 

СЕН БОЛЧУ ЖАНЫМДА

Мен ойгонгондо
Аалам балкып бир керемет толгонгондо.
Жан дүйнөм жашын сүртүп бир азыраак,
Көңүлгө шаттык толуп той болгондо.
СЕН БОЛЧУ ЖАНЫМДА!…

Мен кубанганда,
Колума кулабаган туу алганда.
Убакытты ыйык жалын кармап алып,
Бакыттын багын кайра сугарганда.
СЕН БОЛЧУ ЖАНЫМДА!…

Мен күлгөн кезде,
Қубанычтын кырын кезип жүргөн кезде.
Көңүлдүн азаптарын серпип салып,
Өмүрдүн ажайыбын билген кезде,
СЕН БОЛЧУ ЖАНЫМДА!

… Мен кайгырганда,
Көңүлүм калган кезде күн-айдан да,
Бул аалам бүт айрылып акыл-эстен,
Бул аалам айрылганда чырайдан да
СЕН БОЛЧУ ЖАНЫМДА!…

Мен… издегенде,
Кайрылбай кетип калбай күз келгенде.
Ууусуна жалгыздыктын таштап салбай,
Калтырбай курган жанды сыз жерине.
СЕН БОЛЧУ ЖАНЫМДА!…

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий