Мамлекеттик мекемелерде мамлекеттик тилдин абалы кандай? Ички иштер министрлиги

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн абалы менен жеринде таанышуу жана методикалык-практикалык көмөк көрсөтүү максатында текшерүү жүргүздү.

2016-жылы ИИМге келген документтердин жалпы саны – 13 416. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан келген каттардын саны – 2393. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен келген каттар – 222. Чыккан документтердин жалпы саны – 9962.

Коллегиялар негизинен мамлекеттик тилде өткөрүлүп, протоколдору мамлекеттик тилде даярдалат, кадрлардын өздүк курамы боюнча буйруктар, сыйлоого сунуштамалар дээрлик мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.

Мекемеге, айрыкча, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн жана министрлик-ведомстволордон басымдуу расмий тилде келген каттарга расмий тилде жооп берүүлөрдөн сырткары, түзүмдүк мекемелерге жиберилген документациялардын, министрдин буйруктарынын жана көрсөтмөлөрүнүн орчундуу пайызы расмий тилде. Мисалы, былтыркы жылдагы “Министрдин буйруктары жана көрсөтмөлөрү” көктөмөсүндөгү 58 документтин төртөө гана (7%) мамлекеттик тилде жазылган. Калган 54ү расмий тилде.

Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратында жана ага караштуу түзүмдүк бөлүктөрүндөгү мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн документтерде төмөнкүдөй типтүү кемчиликтер учурайт. Алар:

  1. Мамлекеттик тилде даярдалган документтердин текстинде “ө”, “ү”, “ң” ариптери толук пайдаланылбайт. Аталган ариптер “о”, “у”, “н” тамгалары менен алмаштырылган документтер арбын.
  2. Шарттуу кыскартууларга мүчө жалгоодо, даталарды тариздөөдө, мекемелердин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн аталыштарын жазууда көп каталар кездешет.
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген “Иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасынын” уюштуруу-тескөө документтери жана мекеменин расмий бланкындагы реквизиттерди жол-жоболоштуруу боюнча талаптары толук сакталбайт.
  4. Мекемедеги, иш бөлмөлөрдөгү жазуу-сызууларды, көрнөк такталарды толугу менен мамлекеттик тилде илүү зарылчылыгы бар.
  5. Катчылыктардагы документтердин көктөмөлөрүнүн сырткы жасалгасы негизинен расмий тилде жол-жоболоштурулган.

Ал эми ИИМге караштуу түзүмдүк бөлүктөрдөгү абал кандай?

Башкы тергөө башкармалыгында 2016-жылга карата чыккан каттардын бир көктөмөсүндө жалпысынан 40 кат тиркелсе, анын ичинен болгону 4 гана кат мамлекеттик тилде жазылган. Онунчу башкы башкармалыгында дагы 80-90 пайыз иш кагазы расмий тилде жүргүзүлөт.

Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгында 2016-жылдын 29-декабрынан быйылкы жылдын 13-январына чейин чыккан каттардын бир көктөмөсүндө 16 кат болсо, анын 9у гана мамлекеттик тилде. Бул жерде 4000ге чукул кызматкер иштейт. Бирок, мамлекеттик тил боюнча бир гана адис иш алып барат. Ал адиске, мындан сырткары, басма сөз менен иштөө милдеттери да жүктөлгөн. Ошондуктан мамлекеттик тил саясатын жүргүзүүгө убакыт жетишпейт.

Башкармалыктын жергиликтүү бөлүмдөрүндө деле ушундай эле көрүнүш. Свердлов райондук күзөт бөлүмүндөгү кирген-чыккан каттардын бир көктөмөсүндө 86 документ тиркелген, анын 24ү гана мамлекеттик тилде.

“Шумкар” атайын багыттагы полкунда 1800дөй кызматкер эмгектенет. Тилекке каршы, мамлекеттик тил саясатын жүргүзүүчү эксперт-лингвист штаттык бирдиги жок. Ошондуктан иш кагаздарынын басымдуу бөлүгү расмий тилде жүргүзүлөт.

Патрулдук милиция башкы башкармалыгында чыккан каттардын саны – 426. Анын 50сү мамлекеттик тилде. Кирген каттар – 352. Ошолордун ичинен бешөө гана мамлекеттик тилде жазылган. Ички буйруктар көктөмөсүндөгү 28 документтин 8и мамлекеттик, калган 20сы орус тилинде, көрсөтмөлөр көктөмөсүндөгү 13 документтин төртү, 417 жарандык кайрылуулардан болгону 37си мамлекеттик тилде.

2400 кызматкер иштеген Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгында дагы жалгыз тил адиси эмгектенет. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча кириш-чыгыш иш кагаздар көктөмөсүнө жыл башталгандан бери 18 документ тиркелген. Булар негизинен буйруктар жана буюрмалар. Алардын 17си расмий тилде жазылган. Эми ошол жападан-жалгыз кыргыз тилиндеги документтин текстиндеги грамматикалык жана стилистикалык кемчиликтерди айтпай эле коёлу.

Бишкек шаардык Патрулдук милиция башкармалыгында жалпысынан 851 кызматкер иштейт. Эксперт-лингвист же тил адиси жок.

Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгындагы чыккан документтердин көктөмөсүнө 216 кат тиркелген болсо, алардын 168и же 77 пайызы, кирген документтердин көктөмөсүнө тиркелген 162 каттын 141и же 87 пайызы расмий тилде жазылган.

Ички иштер министрлигинин Академиясында быйылкы жылдын эки айында 17 буйрук чыгыптыр. Алардын 8и расмий тилде жазылган.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы борбордук аппарат менен түзүмдүк бөлүктөрдө иш кагаздарынын 70-80 пайызы расмий тилде жүргүзүлөөрүн, мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн иш кагаздарында грамматикалык жана стилистикалык кемчиликтер кеңири орун алгандыгын көрсөттү.

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 2-апрелиндеги №54 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамынын “мамлекеттик бийлик жана мекемелердин иши мамлекеттик тилде, зарыл учурда – расмий тилде жүргүзүлөт” деген 7-беренесин; “Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарынын расмий документтери мамлекеттик тилде кабыл алынат, мамлекеттик тилдеги документ түп нуска болуп саналат” деген 10-беренесин; “мамлекеттик бийлик органдарында иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлөт” деген 14-беренесин; айрыкча, “мамлекеттик уюмдардын жетекчилери өз кызматкерлеринин мамлекеттик тилди үйрөнүшүнө шарт түзөт, иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүгүртүлүшүн камсыз кылат” деген 17-беренесин; “кулактандыруулар жана башка көрүнөө маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде жазылат” деген 27-беренесин талаптагыдай аткарууга көңүл бурулбай жаткандыгы тастыкталды.

Жогорудагы укуктук-ченемдик актылар боюнча кемчиликтерди жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнө иш кагаздарын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамына ылайык жүргүзүүнү; иш кагаздарында “Кыргыз тилинин жазуу эрежелерин” сактоону; иш кагаздарын жүгүртүүдө “Иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасында” уюштуруу-тескөө документтерине коюлган талаптарын жетекчиликке алууну; борбордук аппараттагы жана министрликке караштуу бардык мекемелердеги көрүнөө жазуу-сызуулардын мамлекеттик тилде жол-жоболоштурулушун колго алууну; иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү өркүндөтүү максатында зарылдыгы бар мекемелерде эксперт-лингвист бирдигин штаттык тизимге киргизүүнү сунуш кылат.

Аалы Молдоканов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы,
Темирбек Осмоналиев,
башкы адис,
Альфира Супатаева, башкы адис,
Нурзат Асанбекова, жетектөөчү адис,
«Кыргыз тили»
, 27.03.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий