КЫЙДЫ ЗАМАН же улуу сөздү өчүрүп, тилди, дилди жоготуп, өгөй баалуулуктарды таңуулаган техникалык доор жөнүндө

Мисалдар менен ашкерелебесек деле алмуздактан бери бир айныгыс чындык жашап келген. Ал – бардык өнөрдөн сөз өнөрүнүн артыкчылыгы. Илгери сөз өнөрү укмуштуудай бааланган учурда жакшы айтылган сөз үчүн адеми тонун чечип, жалгыз атынан түшүп берүүдөн айныган эмес экен калкыбыз. Таап айтылган сөз октон да, оттон да күчтүү болгон: бүтпөгөн чыр бүтүп, эр өлгөн согуштар токтогон. Бийлик, байлыктарына чиренген хан, бектер, баатырлар сөзгө жыгылып, сөздү угушкан экен. Айтор, айтып олтурса, сөз таасири тоолордой бийик, сөз кунары мазардай ыйык, булактай тунук болуптур. Кийинки кезде калкыбыз кадырлап келген сөз мааниси жоголуп, нарк-баасы барган сайын жардыланып, сөз кору азайып келе жатат.

Калкыбызда «оозун бакпаган орой болот» деген накыл кеп бар. Сөз өнөрүн кушча таптап, сылап-тарап багып, өстүрүп алууга кудуретибиз жетпей, сөз жүйөсүн түшүнбөй, бүтүн баарын техниканын иштелип чыккан жасалма, орой, чулдур, үнсүз, жансыз тилине салып, башка тилдерге көчө качып жатып, кылым карыткан тилди булгап алдык, бузуп салдык. Мезгилдерди карытып бир улуттун байланыш, карым-катыш куралы болгон Улуу СӨЗ бүгүн какшыган сайдай улам соолуп, улуттук ТИЛ сөздүн чынында жоюлуп баратат.

Илгери көптү көргөн, көптү билген акылман аталар, даанышман энелер кереметтүү кечтерде, узун түндөрдө олтуруп бабалардан калган Улуу СӨЗдүн учугун улашып, не бир түркүн макал-лакаптарынан тарта накыл кептерин, дастан, жомок, уламыштарын, залкар ой мурастарын кийинки муундарына не бир түркүн шөкөттөп, көркөмдөп, түрлөп айтып беришип, куйма кулак балдар-кыздар аны кулактарына куюп, эстерине түйүп алышып, ушинтип СӨЗ түгөнбөй, учугу уланып, ТИЛ өлбөй кыйыры кеңейип жашап келген экен. Ошентип сүйлөшүү, маектешүү, дилмаек, сырдашуу, баарлашуу ык-усулу жашап, бабаларыбыздын жашоосунда кеп үйрөтүүнүн жана үйрөнүүнүн элдик мектеби, каадалуу салты көчүн улап келген. Замандын өзгөрүшү, өзгөчө техниканын турмушубузга ыксыз кийлигишүүсүнүн кесепетинде ушул кеп үйрөнүүнүн, сөзгө каныгуунун, анын натыйжасында инсандыкка калыптандыруунун элдик мектеби жансерек калды.

Кыргыз тилин жаш балдарга жугузуунун элдик мектеби тээ эзелтеден эң сонун калыптанып жашап келген. Маселен, алар «Бешик ырларында», «Сал билек» ырларында, оюн жана дүйнө таанытуучу ырларда, кошоктордо, элдик жомоктордо, кенже дастандарда, бардык эле үн менен коштолгон элдик оозеки чыгармачылыктын түрлөрүндө жана элдик чыгармачылыктын жеткен чокусу, биздин уникалдуу дастаныбыз «Манаста» жатат. Булар ошол байыркы кезде жаш муундарга азыр угуп-түшүнүү (аудирования) деп ысым алган, атайын теориялык жактан бир багыт, түр катары иштелип чыккан, билим берүү мекемелеринде атайын тил сүйлөтүү үчүн колдонулган, окутуп-үйрөтүүнүн бир түрүнүн классикалык материалдары, элдик педагогиканын ушул багыттагы көрүнүшү, сүйлөтүүгө көнүктүрүү, кепке тартуу, аңгемелешүү, маектешүүгө үйрөтүүнүн ык-усулдары, тарбиялоонун ыңгайлуу курал-каражаты болуп кызмат өтөгөн.

Биздин балалык чагыбызда деле чоң энелерибиз эртели-кеч асманда Үркөр жылдызды көрсөтүп, бизге кайрылып: «Көрдүңбү тиги Үркөр жылдыздарды, андан «Үркөр, үркөр топ жылдыз, Үркүп кайда барасың?» деп сура, ал болсо «Жоо желимге барамын» деп жооп берет. «Жөө желимде эмнең бар?» де. Ал: «Аштык айдар уулум бар, Жибек созор кызым бар, Аштык алып уулумдан, Азык-түлүк камдаймын, Жибек алып кызымдан, Кийим кечек камдаймын, Анан Айды жандаймын. Аштыгынан бербесе, Ала-ала качамын. Жибегинен бербесе, Жула-жула качамын» деп жооп берет” деп жүн сабап, ийик ийрип отуруп бизди кызыктырар эле.

Ушундай конкреттүү, так, таамай образдуу балдар чыгармалары аркылуу биздин, бизден улуулардын дүйнөтаанымдары өсүп, окуяларды, кубулуштарды, көрүнүштөрдү, өсүмдүктөрдү, айбанаттардын өзгөчөлүктөрүн билишкен жана билгенбиз. Ушуларды биринчи кезекте ата-энелеринен, айлана-чөйрөсүнөн элдик менталитеттүү добушу, кырааты, ырааты менен угуу аркылуу ымыркайдын жаш кезинен эне тилине кулак кычуусу канган, эне сүтү курсагын тойгузса, улуттук тилдин лексикалык кору, анын семантикалык, этнографиялык, этномаданий, этнопедагогикалык ж.б. маани-мазмуну, эне тилиндеги рухий дөөлөттөр анын жан дүйнөсүн, акыл-эсин, аң-сезимин тойгузган экен. Эне тилин алар эне сүтү менен кошо оозанган, наристесинен тарта чоңойгонго чейин кыргыз тилинин кыраатын үйрөнүшүп, көркөм наркына, чыктуу мазмунуна каныгышкан, тилдин сүйлөнүү, угулуу ыктарын элдик ык-усулдарда өздөштүрүшүп, ар бир сөздүн маани-мазмунун жан дүйнөлөрүнө сиңиришкен. Ошол себептен алар тилдин көркөм мазмунун билбей, аны колдурап үстүртөдөн гана элдир-селдир одоно, орой колдонушкан, тилдин маанисине турмак, деле жашоого салкын караган, келечегине ишенбеген, баарына кайдыгер караган, кайырдин дилдүү азыркы күндүн «курук жан дүйнөлүү», жан эриткен сөздөн көрө, «көк үкөктү» (компьютер, ноутбук, телефон ж.б.) кучактап, ошону менен «сүйлөшүп», сыр бөлүшкөн, муңдашкан азыркы кыргыздарындай эмес болушкан экен.

60-жылдардан баштап бир совет эли, бир тил болот деген идеологиянын капшабы тийип, кыргыздардын жарымы «киргиз» болуп кетти. Кызыгы, ушул орус тилине биротоло оогон Кыргызстан эгемендүүлүгүнө жеткенден кийин, тилди Мамлекеттик тил деп жарыялап (1989), өнүктүрүү үчүн 25 жылдан бери кам көрүлүп жатканы менен натыйжасы алымсындырбай, тескерисинче, өзүбүздүн кандаштарыбыз башка тилдерге (англис, орус, кытай, араб, өзбек, ж.б.) көчө качуу процесстери күчөдү, асты бастаган жок. Маселен, бала төрөлгөндө азыркы келиндер алдей ырларын ар күнү кечте ырдап беришпейт. Тескерисинче, билгендери орустун «баюшкасын» же башка элдердин бешик ырларын кыңылдамыш болушат, билбегендери бала бешик арабада жатканда эле жоокаласын деп компьютердеги мультфильмди же телевизорду каратып коюп ишин кылат. Мээси ката элек жаш баланын техниканын кыймылына жоокалаганы менен жаш кезинен эле радиациядан ден соолугуна зыян, керексиз маалыматтардан мээсине зак кетет. Көпчүлүк ата-энелер балдарына азыр жаш курактарына дал келген, камкаймактай жагымдуу-жугумдуу балдар чыгармаларын, андан кийин жомокторду жобурап, элдик тилде уккулуктуу кылып айтып беришпейт. Билишпегендиктен айта да алышпайт жана көпчүлүгү жиниктирген капитализмдин барасында күнү-кечке айлангандыктан айтууга дээрлик убакыттары да жок.

Ошентип, бала кыргыз тилинин балжуурандай таттуу, дүйнө таануусун өрчүтүүчү, ой-өрүшүн байытуучу балдар чыгармалары менен таанышпай, алардын кыргызча сүйлөнүш ыгын укпай, билбей калат. Чоңойгон сайын бала элдик оозеки чыгармачылык менен таанышмак тургай, ата-энелеринин үнүн деле аз угушат. Себеби, азыркы тездеген замандын жиниктирген күү-ыргагы, алардын иштен чололору тийбестиги, бала болсо башка тилдүү техниканын суук үнүнө жашынан каныгуусу. Бул көрүнүштү скандинавия элинин «Герда жана Кай» деген жомогунун мазмунуна салыштырсак болот. Ошентип, уңгулуу улуттук тил дегенден жарыкчылыкка келгенден тартып эле куржалак калган бала, биздин мамлекетибиздин азыркы шартында бала бакчага барганда да, мектепте да тыңгылыктуу кыргыз тилине каныгышпай, өз тилинен обочо, чоочун, жат болуп өсөт. Анан кийин жогорку окуу жайына келгенде тилди окуган кээ бир жаштардын үркүнчөөк тайдай болуп, кыргыз тилине аралаша албай, обочолонуп, жатыркап калуусу, жалпак бет, бүтүк көз кыргыз болуп турса да, өзүнүн жеринде, элинде жашап жатса да өзүнүн тилин чанып, танып, өзгө, бөтөн тилди таанып, чет элдиктин тилин алып, чет дилдүү, бөтөн жан дүйнөлүү болуп чыгышы ошондон болуп жатпайбы. Анан калса кичинекейинде жугузулбаган тилдик көрөңгө, чоңойгондо сиңирилиши өтө татаал маселе.

Ушул жерден элдин эскиден келаткан бир мисалын алдыңыздарга тарталы. Улуу дастаныбыз “Манаста” ушул эне тилдин жоголушунун кесепети кандай болору жөнүндө бир икая сындуу, насыят, осуят окуя бар. Семетей Кыяздан жарадар болгондо, капысынан жөө туман каптап, шыбыргак болуп, караса көзгө илинбей, кайда экени билинбей, Семетей кайып болот. Көп жылдардан кийин кыргыздардын дагы бир баатыры Карадөө мергенчилеп жүрүп, Кайыпчылдын Кара тоосунан Семетейди көрүп калат. Абасын көргөндө аябай сүйүнүп, жетип барып жеңден тартып, барбалактап кубанса, Семетейдин аны карар да, угар да түрү жок дейт. Кайыпчылдын тоосуна жеткенде эле кайып болуп кетет дейт. Ошентип чакырса укпаган, сүйлөсө жооп бербеген бир макулук чалышка айланган имиш, кайран Семетей абаң. Анан, акыры бир күнү колдурап, мындай абалдан энеси Каныкейдин ак сүтүн эмгенде гана кайра чыгарын, адамдарга кошуларын ишара кылат экен. Карадөө барып Таластан Каныкейди алып келип, апасы ак сүтүн эмизгенде гана Семетей Адам кейпине келип, кайып дүйнөсүнөн адамдарга кайткан экен.

Бул окуя эмнени каңкуулап турат?.. Демек, илгери эле кыргыздар тилин жоготкон Адам макулук кейпине түшөрүн, андан узаган сайын аңгүдүк, дендароо абалда болорун, акыры маңкурттукка жетерин билишкен экен да. Тилин, дилин жоготкон айбан абалына жетсе, адам менен айбанды, душман менен өздү ажыратпай, кара курсагы тойгон жерде энесин аткан, эчкимди «тааныбаган» маңкуртка айланарын залкар жазуучубуз Ч.Айтматов «Кылым каратар бир күн» романында кашкайта жазып кетпеди беле. Демек, эненин ак сүтүн эмгендей эле, бала тилди да кичинекей кезинен укса, эне-атасы аларды жаш кезинен тилге каныктырса, сүткө торсойтуп тойгузгандай эне тилдин балжууран тексттерине, камкаймак материалдарына эртелеп, наристе кездеринде торсойтуп тойгузушса, анан бала ошол тилде улуттук акыл-эс, аң-сезими калыптанарын, руху, жан дүйнөсү байырын, элдик тилдин лексикалык корун, ар бир сөздүн сырткы турпаты менен ички маанисин өзүнө өгөйлөбөй, жерибей өздөй кабыл аларын көркөм сөздүн күчү менен метафоралык ыңгайда баяндалган ошол чыгармалардагы окуялар көзгө сайгандай эле көрсөтүп турбайбы.

Ал эми – биз кыргыздар, өзгөчө кыргыз тилчи мугалимдер, балдар эне тилин ымыркай, наристе кезинен эне сүтүндөй эмбей, эчак Семетейдей кайып (кайф) дүйнөсүнө кирип кеткенде, маңкурттукка көчкөндө, тилди өздөштүрүү тамырынан ажырап, өз тилинен тайып, башка тилге ооп, эси-көөнү, акылы башка тилдерге көчүп, ошол тилге жатыгып, көнүгүп калганда араң Карадөөдөй болуп сүйлөтөбүз деп, Найман энедей болуп ак дилден адамдыкка алып келебиз деп аракеттенебиз. Аныбыз жарытылуу натыйжа алып келбей, майнапсыз болуп, арымыбыз арбыбай жаткандыгы да ошондон улам окшобойбу… Ошондуктан кыргыз бала-кызы төрөлгөндөн эле улуттук ЭНЕ ТИЛди үйрөтүүгө, ЭНЕ ТИЛди жан дүйнөлөрүнө сиңирүүгө ар бир ата-эне кам урганы оң болот. Албетте, айтканга оңой болгону менен бул бир жасаганга кыйын табышмак көйгөй, себеби азыркы ата-энелер өздөрү эчак эле бир кездеги Семетейдей болуп тилден оолактап, кайыптар дүйнөсүнө түшүп кеткендер да! Бул – бир жагы.

Экинчи жагы – азыркы стандартташуу, ааламдашуу, аргындашуу (ассимляциялашуу), техникалашуу, граждандашуу, демократия, гендерлешүү, урбандашуу ж.б. терминдер менен шөкөттөлүп, ушул көрүнүштөр менен өнүгүп жаткан замандын өзү да тилдин өнүгүшүнө кадыресе бут тосууда. Бул процесстер жаштарды тили, дили, адамдык турум-турпаты менен бириктирип туруп, эртелеп эле, алар балтыр эти толуп, баатыр чагы боло электе, ак-караны ажыратып, бул жарык дүйнөгө, тилдин улуттук маанисине уюп, көз караштары калыптана электе ажыдаардай соруп алып, ар кандай кайыптар дүйнөсүнө азгырып, алып кирип кетип жатат. Эгер бул процесстер улам күчөп жүрүп олтурса, мамлекеттик чек аралар, улуттук рух жөнүндөгү идея, ойлор кеп болбой, улуттук уркубуз, каада-салтыбыз калбай, менталитет, өзгөчөлүк, тил деп биз азыр канкакшап жаткандар каакымга турбай, түккө арзыбай, улам кийинки жаштар улут, расасына, тууган, тамырчылыгына карабай эркин сүйүү, өзүм билем, өзүмчүлдүк көз караштарды желек кылып алып желпинип, каада-салттын алтын аймагынан чыгып, каалаганы менен баш кошуп, бири-бирине куюлушуп, жуурулушуп, анын натыйжасында көпчүлүктү түзгөндөрдүн улутуна негизделген (кытай, орус, англис ж.б.), граждандык гана (боткодой болгон) жалпы масса келип чыгып, көпчүлүк гана сүйлөгөн тил гегемон болуп, биз сыяктуу майда калктын өкүлдөрү кумга сиңген суудай куюлуп, тилибиз анык жоголобу деген кооптуу ой келет.

Өзгөчө азыркы күндөгү техникалык жетишкендиктер, адамдын чыныгы адамдык нукуралыгын бузуп, аны өзүнө багындырып баш ийдиргени аз келгенсип, анын эң негизги менталитеттик өзгөчөлүктөрүн (тилин, дилин, мүнөз, жүрүш-турушун), кыскасы, бүтүндөй жашоо образын өзгөртүп салууда. Ошол эле техниканы ата-энесинен да артык көрүп калышкан азыркы жаштар, даярга тап, ыңгайлуулукка көнгөн, жатып ичер жанбакты, акча үчүн баарын сатып жиберүүдөн кайтпаган кайырдин, билимсиз, сабатсыз, түркөй, тарбиясыз пенде болуп чыгып жатышкандыгын коомдун азыркы жүзү, болуп жаткан тиришумдук окуялар, айбанчылык жорук-жосундар айкын эле көрсөтүп жатат. Билим жана тарбиядан узактаган улам кийинки жаштар коомду шүйшүнткөн, адам жасабаган кылык-жоруктарды жасап, адамзаттын байыркы башаты болгон сабатсыздыкка, варваризмге, жапайычылыкка билинбей эле жылууда. Улуттук патриотизм калыпка салынган стандартташууга орун берип, эл-жер деген түшүнүктөр суу кечпей, аны кеп салган адам шылдыңга калууда…

Азыркы биз жашап жаткан мезгилде улам кийинки жаштардын жашоо образы менталитеттен, улуттук белгилерден узактап, түбөлүк эмес, күнүмдүккө гана эсептелип, улуттук көп түрдүүлүккө эмес, бир түрдүү аргындашууга көчүп, улам кийинки муундун түрү-түсүнөн баштап, жан дүйнөсү, жашоо образы бозчаңгыл түскө айланып бара жатат. Маселен, илгери жана кечөө жакындарда эле элде баалуулук деп эсептелинген критерийлер бүгүн европачыл стандартка ылгабай ооп алышкан жаштарда бааланбай, баркталбай четке кагылып, анын ордун башка «баалуулуктар» басууда. Кыргыздарда илгертеден улуусун сыйлап, кичүүсүн урматтап келишсе, ыйман, ызаат ыйык саналса, азыр анын бири жок, «уй байлаарга жиби жок» дегендей эле болду. Урматтаарлык карыбыз да калбай, ызааттаарга ылайык жаштар да жоголуп баратат. Эгер элдер илгери баатырдык, каармандыкты мекенди, эли-жерди, керек болсо кан-жанын берип коргоо деп түшүнүшсө, азыркы жаштар артта калган келесоолук деп түшүнүшөт. Аскерге баруу, кызмат өтөө эркектин ыйык милдет-парзы экендигин танып-чанып, эптеп шылтоо таап качып-бозуу адатка айланган. Бир жасаган иши, акылы, билими менен элге көрүнүү деген түшүнүктөр, айла-амал менен кандай гана болбосун бийлик, байлыкка жетишүүгө айланды. Көпчүлүк жаштарда парз, милдет деген сөздүн мааниси укук деген сөз алмаштырып алгандай аң-сезимдер калыптанып жашап жатат. Укуктарын абдан талашат, ал эми милдеттерин билгиси да келишпейт. Демек, ушу сыяктуу азыркы турмуштагы алмашкан жашоо белгилери улам кийинки жаштардан кашкайып көрүнүүдө десек, ал көрүнүштөрдү аларга «көк темир» (компьютер, телефон, интернет ж.б.) үйрөтүп, мээсине сүрүп жугузуп жатпайбы, тилегиң таш каткырдыкы!..

Элде адамдарды жакындаткан, бири-бирине байланыштырган тилдик баарлашуу, дилмаек, сырдашуу, муңдашуу ж.б. инсандык мамилелер жоголууда. Көпчүлүк азыр техникалык өнүгүүнүн кургуюна кирип, “көк темирди” (компьютер, ноутбук, телефон ж.б.) кучактап, ошону менен маектешип, ошону менен сырдашып, ошону менен муң-кайгысын, кубаныч-күлкүсүн бөлүшүп, ошону менен ойноп, ошого ишенип калышты. Адамдар мекемелерде, коомдо бири-биринен жатыркап, чоочундап, бири-бирин жактырбай, арыз-арманын “көк темирге” айтып, ошону менен алек болушат. Өзгөчө мекемелерде ж.б. жерлерде тоону томкорор, ойду омкорор жигит-кыздар сүкүт чалган үкүдөй болуп “көк үкөктү” телмире тиктеп, жигит-кыздык шайыр романтика, жалындаган демдүү демилге жок, күжүлдөгөн кубат-күч жок, билимин бири-бирине визуалдык кат жазууга, акылын куулук амал-айлага алмаштырып, кылыйып такым аңдып отурганын көрөсүз. Бүтүндөй байланыш карым-катнаш, мамилелер карандай эсеп-чотко айланып, үй-бүлө күтүү, дос табуу, тууган-туушкан, дос-тамыр менен болгон карым-катнаш эсеп-чот менен жүргүзүлүп калды. Анан аларга темирдин касиет мүнөзү жугуп, темирдей катуу, кежир, тежик, тырышкан мүнөз, эч сөз эрите албаган суз, бир түрдүү робот кыймыл-аракет, дил чечип маек кыла билбеген кыска буйрук сыяктуу супсак речь, адамды жарытып кепке тойгузбаган колдураган үн, темирдей жагымсыз ичиркенткен сөз жана мамиле, байланыш, кайрылуу ж.б. калыптанып жатат. Образдуу айтканда, «жылан өлтүрөйүн» десе таш алып бербеген кайырдин, мерез, таш боор касиет жаштарга кадимкидей чапталып жугууда. Ойчул акылманыбыз, доорлордун залкары болуп калган ыраматылык Чынгыз Айтматовдун мурунку кылымдын сексенинчи жылдарындагы бир публицистикасынан «адамзат темирди өнүктүрүп жатып, бара-бара өзү темирдин кулу болуп калат, темирден жеңилип, ал коркунучтуу душманга айланат» таризиндеги даанышман оюн окудук эле. Көсөмүбүздүн көрөгөчтүк менен айтканы азыркы жашообузга аркырап кирип келди.

Мамлекетте, өлкөдө көп саясий өнөктүктөр уюшулуп, ар бир жылды тоого, сууга, аялга ж.б. арнап жатабыз. Минтип сөз кунары, чулу мазмуну колдон куюлган кумдай чачылса, ошол Улуу Сөздү сүйлөп жаш муундарды тарбиялап, турмуш, дүйнө, аалам таанытып, эң негизгиси АДАМ_ИНСАНды тарбиялап, өстүрүп келген УЛУТТУК ТИЛИБИЗ жоголсо, мына биз жасап жаткандардын баары эч нерсеге арзыбай, жакын арада кумдай куюлуп башка калктарга сиңирилип кетерибиз кейиштүү чындык!..

Илимде алтындын кымбаттыгын, элдин баарын кызыктырган жагдайларынын бирин, анын курамынын эч бир башка заттарга ообостугу, ажырабастыгы, башка элементтер менен аралашып өзгөрбөстүгү, туруктуулугу менен түшүндүрүшөт. Ошол үчүн ал дүйнөдө аз болсо да туруктуу менталитеттик өзгөчөлүгү менен алтын боюнча кала берип, бул баалуулук касиети кылымдар бою элдин көөнүн буруп, кызыктырып, ар бир адам алтын дегенде ак эткенден так этет эмеспи. Биздей аз, бирок, башатында уютулган алтындай улуттук баалуулугу бар калктын, каптап келе жаткан техникалык топон-тоз, үйөр суудай жараяндан сактанып калуунун жолу азыр бирөө гана. Ал ошол алтын сыяктуу баалуулуктарыбызды (тил, дил, ыйман, каада-салт, менталитет ж.б.) туруктуулук менен сактап калуу! Ал үчүн тилди Кыргызстандын аймагында милдеттүү зарылдыкка, муктаждыкка айлантуу керек. Аны саясий жактан көкөлөтүү, экономикалык эң артыкчылыктуу багыт катары кароо, жакшылап каржылап, стимулдоо керек. Булар бир аз гана сөз, бирок ишке ашыруу абдан зор түйшүк. Аны биздин тиешелүү жерлерде отурган аткаминерлер, депутаттар ойлонуп, ушул багытка ылайык мамлекеттик, улуттук деңгээлдеги мыйзамдарды иштеп чыгып, калайык-калктын алдына коюулары керек. Анын аткарылышын изден тайбай тиешелүү мекемелерден, тиешелүү адистерден жана адамдардан талап кылуу зарыл. Себеби, азыркы калкыбыз үчүн өтө коркунучтуу заман келе жатканда стратегиялык мааниси бар бул ишти ушул деңгээлге ачык эле көтөрүүнүн убактысы келип жетти!

Тилибизди өнүктүрөбүз деп кезектеги үчүнчү Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн 2014 — 2020-жылдарга карата Программаны кабыл алдык. Бул эмне деген кеп? Эгер азыр тилибиз жогоруда айтылган бир катар үйөр суудай каптап келе жаткан дүйнөлүк процесстин шарында калып жоголбосун десек, чечкиндүү жана адаттан тыш адекваттуу эмес чараларды көрүүгө мажбурбуз. Россияга, Казакстанга ж.б. мамлекеттерге кетип калышкан көпчүлүк мыктыларды эми кайра кайтарып келүү кыйын болуп калды. Кыргызстан башынан эле көп улуттуу өлкө болчу. Азыр бул процесс күчөп өнүккөн жана чоң, күчтүү мамлекеттин адамдары Кыргызстанга легалдуу жана легалсыз агылып, жердешип, отурукташып, ал турмак, белгилүү тармактарда өзүлөрүнүн таасирин тийгизе башташты. Маселен, көпчүлүк тармактардын башында орустар турат, билим берүү системасына, куруу иштерине түрктөр, соода иштерине кытайлар, мечит, медреселерди куруп, дин иштерине арабдар кадыресе салымын да кошуп, идеологиялык да таасир бере башташты. Мунун арты кандай болор экен?.. Кыргызстандын чегинде тил билүүнү ар бир Кыргызстанда жашап жаткан жарандын айныгыс милдети катары мыйзамдаштырып туруп, анан иштөө керек. Бул, демек, мыйзамчылар тарабынан Кыргызстанда жашаган, иштеген ар бир жаран милдеттүү түрдө Кыргыз мамлекеттик тилин билүүсү керек деген берене чыгарылышы керек дегендик. Эгер кыргыз улуту жоголуп, жоюлуп баруусун токтотолу десек, ушундай адаттан тыш, керек болсо, радикалдуу кадамдарга баруу зарылдык. Экинчиден, ар бир ишкана, мекеме, уюм, коомго окууну бүткөн жаңы жаш адистерди ишке аларда кыргыз тилин билүүсүнө артыкчылык берилиши керек. Учурда болсо Кыргызстан мамлекетинин бардык аймагында башка тилдерди билгенине артыкчылык берилет. Ишенбесеңиз адистерди ишке чакырган жарыя, кулактандырууларды карап көрүңүз. Үчүнчүдөн, мамлекеттик, улуттук тилде иш алып барган бардык адистерди материалдык жана моралдык жактан стимулдоо керек, алардын карьералык өсүштөрүнө кам көрүлүшү зарыл.

Эгер буга барбасак, кыргыз тилин өнүктүрөбүз деп чейрек кылымдан бери кылып келе жаткан иш-аракеттерибиз майнабын берген жок. Тескерисинче, бул ишке көмүскө да, көрүнөө да ар тараптан бут тосуулар бадырайып эле ачык көрүнүп, кадам арбыбай эле, арып-ачып, техникалык тумчуктуруп өлтүрүү саясаты каптап келе жатат.

Тойчу Үсөналиев,
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин
Чет тилдер жогорку мектебинин
кыргыз тили координатору,
«Кыргыз тили»
, 27.03.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий