Болот Тентимишов: «Бизде уяты жок адамдар көбөйүп кетти

Актёр Болот Тентимишов режиссёр Актан Арым Кубаттын «Кентавр» тасмасында кезектеги каарманын жаратты. Болот мырза чыгармачылыгындагы жаңылыктары менен катар көкүрөккө толгон ой-толгоолору, көз караштары менен бөлүшүп отурду…

«АКТАН БАЙКЕГЕ КАРАП ТҮЗДӨНӨБҮЗ»

– «Кентавр» тасмасынын бет ачары жакында эле болду. Дал ошол премьера күнү Актан (ред.: режиссёр Актан Арым Кубат) байкенин туулган күнү да экен. 60 жашка толуп жатыптыр. Бирок чынында Актан байке анча-мынча жаштарга караганда чыкыйып турат. Биз ага карап түздөнөбүз дегендей. Кантсе да залкарларды көрүп, алар менен жүрүп калган киши да, азыр ою бышып, болуп-толуп турган чагы. Ойчул киши. Мыкты режиссёр. Мына ушул киши менен чыгармачылыгым кайчылашып калганына ыраазымын. Буюрса, бул акыркы эмгегибиз эмес, мындан да жакшылары болот.

 

«КИНО ҮЧҮН САКАЛ ӨСТҮРСӨМ, ЖАКЫНДАРЫМ ДА ТААНЫБАЙ КАЛЫШТЫ»

– «Кентаврда» мен Карабай деген каармандын ролун ойнодум. Адегенде кастингге барып, Актан байкенин уулу Мирлан Абдыкалыков экинчи режиссёрдун милдетин аткарарын билдим. Кастинг үчүн ал жооптуу экен. Анан тасмада Карабай Садыр деген ууруну жер төлөсүнө алып кирип сабаган жери бар. Мына ошону кастингде актёр Илим Калмуратов, анан дагы бир актёр менен ойнодум. Бир айдан кийин Карабайдын ролуна бекигенимди айтышты.

Образ жаратуу үчүн фильмдин сүрөтчүсү айткандай сакал-мурутумду өстүрдүм. Аз өтпөй туугандарым да тааныбай башташты. Андан кийин көк линза тагындым. Ошону менен токтоду. Бирок көзүм көк экени фильмде көп байкалбайт. Жакшылап караганда гана көрүнбөсө.

Мен аткарган Карабай айылдын тың жигиттеринин бири. Күлүк таптайт. Негизи мындай да, жөн эле ат бакпай күлүк таптаган, жөн эле куш бакпай төө куш баккандар колунда бар кишилер да. Карабай да ошондой. Анын акыл даремети, балким, мамлекетти башкарганга жете электир, бирок өз айылында жетиштүү сыйы бар киши. Намыскөй жигит. Боорукер да болуш керек. Мындайлар бизде көп. Менин актёрлук милдетим мына ушул кишини ачып берүү болчу.

 

«КЫРГЫЗДЫ КАНЫНДАГЫ УЮТКУГА ЧАКЫРГАН ТАСМА БОЛДУ»

– Жалпысынан кино тууралуу айта турган болсок, айтайын деген мыкты ойлор бар. Эрнест Абдыжапаров менен Актан байке биргелешип сценарий жазышкан экен. Кыргызды өзүнүн өзөгүндөгү нерсеге, кыргыздын пирине, Теңирине, канында бар уюткуга чакырган тасма. Албетте, ар кимде ар кандай ойлор болушу мүмкүн.

Негизи театр менен кинонун өзгөчөлүгү ушунда да. Мисалы, ошол эле спорттук иш-чарага топурап эл барат, театрга да, киного да эл барат. Спорттук иш-чарага бараткандар «биздикилер жеңет» деген бир ой менен келишет. Жеңсе «оо, жеңди», жеңилсе «кийинкиде жеңет» деген ой менен кетишет. Ал эми театрга, киного баргандар «көрөлү» деген бир ой менен келишет, ар түрдүү ой-толгоо менен чыгышат.

 

«КИНОНУН КҮЧҮН ПАЙДАЛАНЫШЫБЫЗ КЕРЕК»

– Дегеле театр менен кинону туура пайдалана билсе, жалпыбызды бириктире ала турган күчкө ээ. Бирок мунун технологиясын билиш керек. Студент кезде коркунучтуу кинолордун тарыхы боюнча лекция угуп калганым бар. 1933-1934-жылдары Америкада улуу депрессия болгон. Эл жегенге нан таппай калган учур болгон. Мына ошондо мамлекет кинопродюсер, режиссёрлорду чакырып, «кино тартасыңар» деген шарт койгон. Эмне кино? «Азыркы турмуштан да жаман турмушту көрсөткөн кино болсун» дешкен. Анан экранда «Кинг-Конг» пайда болгон. Бул биринчи «Кинг-Конг» болчу, жапайы. Муну кийин гана өзүнчө ой жүгүрткөн каарман кылып коюшпадыбы. Анан ошол «Кинг-Конг» шаарды талкалап баштайт. Бардыгы көргөн эле имараттарды, үйлөрдү, ошолор жашаган шаардын бырын-чырынын чыгарып жатат. Кинону көргөн эл кинотеатрдан чыгып түз эле чиркөөгө чуркашкан. «Ушундайды башка сала көрбө» деп Кудайга жалынышкан. «Аман болсок болду» деп топук кылышкан. Мына кинонун күчү.

 

«АТКАРГАН РОЛУМ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕМИН»

– Биз ыйман жоголуп кетти дейбиз. Менимче, кыргыз баласына уят деген көбүрөөк жакын. Кудайдын жараткан макулуктарынын арасында бизди мына ушул уят айырмалап турат. Тилекке каршы, бизде азыр өйдөдө да, ылдыйда да уяты жок адамдар көбөйүп кетти. «Кентаврда» мына ушул сындуу ойлор кыйыр түрдө айтылат.

Кээде чыгармаларда түз эле бетке айтылган учурлар бар. Мисалы, Султан Раевдин «Ханышанын көз жашы» деген спектаклин биз көп жылдар бою сахнадан түшүрбөй ойноп келдик. Мен анда Караан деген баш каармандын ролун аткарам. Караан – бул жүзү жок, бардык жамандардын башы бириктирилген каарман. Ал Алай ханышасы Курманжан датканы он эки ойго салып сынайт. Мына ошол Караандын түптүз эле бетке айтып чаңырганы бар: «Ордого катын аралашканы – ордого шайтан аралашканы. Катындын орду ордодо эмес, очокто. Катыны жетелеген хандын кадыры болбойт. Катыны бийлеген хан оңбойт!»- деп кыйкырат Караан. А бул Акаевдин заманы болчу. Негизи элге жакшыны жакшы, жаманды жаман деп айырмалап берүүчү саналуу гана кесип ээлери бар. Артисттер, жазуучулар, журналисттер алардын ичинде. Ушул жоопкерчиликти сезе билүүбүз керек. Менин айрым ролдордон баш тартканымдын себеби ушул. Мен эртең болбоду дегенде балдарымдын алдында жооп бергидей болушум керек.

«Кентавр» тасмасындагы менин каарманым Карабайдай жигиттер кыргызда көп».

Мирлан Өмүралиев, Замир Жумабаев, «Супер-инфо», №752 31-март-6-апрель, 2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий