Мамлекеттик мекемелерде мамлекеттик тилдин абалы кандай? Экономика министрлиги

Комиссия мүчөлөрү Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова менен жолугушуп, пикир алышып, текшерүүнүн максаты тууралуу маалымат беришти. Мамлекеттик тилдин абалы менен таанышууда төмөнкүлөр аныкталды.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө 2017-жылга карата иш план бекитилген. Чогулуштар, жыйындар, жолугушуулар мамлекеттик жана расмий тилде өткөрүлөт. Компьютерлерге кыргызча шрифттер орнотулган. Мекеменин ички-тышкы жазуулары, бөлмөлөрдүн аталыштары негизинен мамлекеттик тилде жазылган. Кадрлар бөлүмүндө кызматкерлердин өздүк иштерин жүргүзүүдө бардык документтер мамлекеттик жана расмий тилде толтурулат.

Иш кагаздары негизинен мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүлөт. Сырттан келген каттарга жооптор кайрылуу тилине карата жазылат: мамлекеттик тилде жазылган каттарга кыргыз тилинде жана расмий тилде жазылган каттарга орус тилинде жооп берилет.

Буйруктар мамлекеттик тилде жүргүзүлгөндүгү менен ага тиркелген иш кагаздарынын 90 пайызы орус тилинде. Министрге жазылган кызматтык каттар кыргыз тилинде жазылганы менен министрдин орун басарларына, статс-катчыга жана башкармалыктын башчыларына жазылган кызматтык каттардын дээрлик басымдуусу орус тилинде.

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Экономика министрлигинде бардык иш кагаздарын жүргүзүүнүн жалпы саны 78 393 бирдикти түзгөн. Анын ичинде документтердин түрлөрү боюнча абал төмөнкүдөй:

  1. Кириш документтер 49 515 (мамлекеттик тилде – 2 469; расмий тилде – 47 046).
  2. Чыгыш документтер – 20 734 (мамлекеттик тилде – 1 443; расмий тилде – 19 294).
  3. Өздүк чечимдер – 3 800 (мамлекеттик тилде – 503; расмий тилде – 3 297).
  4. Ички документтер – 4344 (мамлекеттик тилде – 1223, расмий тилде – 3121).

Булардын ичинен: Президент Аппаратынан – 336 (мамлекеттик тилде – 4; расмий тилде – 332). Өкмөт Аппаратынан – 4 260 (мамлекеттик тилде – 156; расмий тилде – 4 104). Жогорку Кеңештен – 893 (мамлекеттик тилде – 209; расмий тилде – 684).

Ченемдик-укуктук актылар 1 780 (мамлекеттик тилде – 1 245; расмий тилде – 535).

Жарандардын кайрылууларыа) КР Президентинин Аппаратынан – 47 (мамлекеттик тилде – 19; расмий тилде – 28); б) КР Өкмөтүнүн Аппаратынан – 175 (мамлекеттик тилде – 74; расмий тилде – 101); в) жарандардын кайрылуулары түзмө-түз – 247 (мамлекеттик тилде – 48; расмий тилде – 199).

Министрликтер менен ведомстволордон12 020 (мамлекеттик тилде – 458; расмий тилде11 562).

Экономика министрлигинде 2017-жылдын 1-январынан 28-февралына чейинки иш кагаздарынын жүгүртүлүшү менен таанышканыбызда абал төмөнкүдөй болуп чыкты.

Бардык иш кагаздары – 11 052, анын ичинде: Кириш документтер 7 243 (мамлекеттик тилде – 269; расмий тилде – 6 974). Чыгыш документтер – 2 869 (мамлекеттик тилде – 65; расмий тилде – 2 804). Ички документтер – 436 (мамлекеттик тилде – 93; расмий тилде – 343).

Булардын ичинен: Президент Аппаратынан – 65 (мамлекеттик тилде – 1; расмий тилде – 64). Өкмөт Аппаратынан – 628 (мамлекеттик тилде – 28; расмий тилде – 600). Жогорку Кеңештен – 141 (мамлекеттик тилде – 32; расмий тилде – 109).

Ченемдик-укуктук актылар255 (мамлекеттик тилде 170; расмий тилде – 85).

Жарандардын кайрылууларыа) КР Президентинин Аппаратынан – 7 (мамлекеттик тилде – 3; расмий тилде – 4); б) КР Өкмөтүнүн Аппаратынан – 9 (мамлекеттик тилде – 2; расмий тилде – 7); в) жарандардын кайрылуулары түзмө-түз – 33 (мамлекеттик тилде – 5; расмий тилде – 28). Министрликтер менен ведомстволордон1 674 (мамлекеттик тилде – 28; расмий тилде1 646).

2017-жылдын 2 айында Президент Аппаратынан келип түшкөн 65 документтин бирөөсү гана мамлекеттик тилде болсо, Өкмөт Аппаратынан келген 628 документтин 600ү расмий тилде. Жогорку Кеңештен келген 141 документтин ичинен 32 документ гана мамлекеттик тилде.

Жогорку бийлик бутактарынан келген каттардын мындай абалы, иш жүзүндө мамлекеттик тилге болгон мамлекеттик эмес мамиледен кабар берип тургансыйт. Демек, жогорку бийлик бутактары тарабынан мамлекеттик тилге мамлекеттик деңгээлде мамиле жасалбаса, анда кыргыз тили өз өлкөсүндө декларациялык гана мүнөздө, кагаз жүзүндө гана калыптанып, иш жүзүндө ишке ашпай калары талашсыз аксиома эмеспи. Андыктан малекеттик тилге болгон мамиле жогорку бийлик тарабынан иштиктүү колго алынбаса, жогоруда көрүнүп тургандай, эне тилдин абалынын жакынкы мезгилде өзгөрүшү күмөн жаратат.

Министрлик тарабынан 2016-жылы 3 800 өздүк чечим кабыл алынса, анын 503ү гана мамлекеттик тилде, калган 3 297 иш кагазы расмий тилде жүргүзүлгөн. Ал эми 2017-жылдын 1-январынан 28-февралына чейин 436 ички документ ишке киргизилип, анын 93ү гана мамлекеттик тилде болсо, калган 343ү расмий тилде жүргүзүлгөн. Сырттан келген каттардын абалы жогоруда көрсөтүлдү. Ага Министрликтин күнөөсү жок, кат кайсы тилде келсе, жооп ошол тилде болот. Бирок Министрликтин өзүнүн чечимдери менен ички документтеринин, жогоруда көрсөтүлгөндөй, 90 пайызынын расмий тилде жүргүзүлүп, мамлекеттик тилде жүргүзүлбөгөндүгү кейиштүү көрүнүш.

Мындан тышкары, комиссия Экономика министрлигине баш ийген Аккредитация, Стандартташтыруу жана метрология борборунун, Аймактар аралык башкармалыгынын, Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү агенттигинин жана Банкроттук иштер боюнча департаментинин иштери менен да таанышты. Бул мекемелерде иш кагаздары мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүлөт. Чогулуштар, протоколдор эки тилде жүрүп, калган иш кагаздары расмий тилде жүргүзүлөт.

Иш кагаздарынын аймактар менен болгон кат алышууларына кызыгып, Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын ишин карап көргөнүбүздө, башкармалыкта 2016-жылы аймактар менен 950 ички кат алышуу болсо, анын 785и расмий тилде жүргүзүлүп, 165и гана мамлекеттик тилде ишке ашкан. Ал эми 2017-жылдын январь-февраль айларындагы Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары менен ички кат алышуулардын саны 43 болсо, анын 38 каты расмий тилде болуп, болгону 5 каты гана мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн. Мында көрүнүп тургандай, аймактарда негизинен кыргыз тилдүү кызматкерлер эмгектенерине карабай, иш кагаздарынын 90 пайызы расмий тилде ишке ашырылган. Ушундан эле Министрликтеги мамлекеттик тилдин абалынын деңгээлин билсек болот.

Мамлекеттик тилдин мындай жагдайы жана ага болгон мамиле Экономика министрлигинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин такыр эле иштебей тургандыгынынын талашсыз далили эмеспи.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия мамлекеттик тилди жайылтуу үчүн төмөндөгү маселелерди чечүүнү сунуштайт: -“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы №119 “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын аткаруу боюнча чечкиндүү чарларды көрүүнү; -мамлекеттик тилдеги документ түп нуска болуп эсептелээрин эске алуу менен “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине ылайык, мекеменин бардык документтеринин түп нускасын мамлекеттик тилде даярдоону; — “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине ылайык Министрликтин жетекчилиги өз кызматкерлеринин мамлекеттик тилди үйрөнүшүнө толук шарт түзүп, иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн камсыз кылууну; -ички документтерди бир гана мамлекеттик тилде жүргүзүүнү; -кызматчылар үчүн мамлекеттик тилди жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө үйрөтүү максатында окуу курстарын жыл бою уюштурууну; -“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын 29-беренесинин негизинде азык-түлүк товарларынын техникалык регламенттерин, шайкештик сертификатын, декларациясын милдеттүү түрдө мамлекеттик тилде жазууну.

Акырында дагы бир маселени белгилей кетсек. Экономика министрлигинин борбордук аппаратында 186 кызматкер эмгектенет. Документ жүгүртүүнүн көлөмү көп. Малекеттик тил боюнча 4 штаттык бирдиктен турган (жалаң кыздар) Котормо жана мамлекеттик тил бөлүмү иштейт. Иштин көптүгүнөн улам, алардын, айрым учурларда жумуштан кийин, дем алыш күндөрү иштөөгө туура келери көрүнүп турат. Бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2004-жылдын 28-декабрындагы №958 токтомуна өзгөртүү киргизилди. Ушунун негизинде кабыл алынган Өкмөттүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы №581 токтомуна ылайык котормочулардын ордуна мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү милдеттери жүктөлгөндүгүнө байланыштуу, алардын иш милдеттерин өзгөртүп, лингвистикалык экспертиза ишин аткарууну киргизип, токтомдун аткарылышын камсыздоо зарыл.

Жетекчиликке дагы бир сунуш менен кайрылабыз. Экономика министрлигине баш ийген айрым мекемелердин штаттык санына карап, мамлекеттик тил боюнча адистин бирдиги киргизилсе иштин илгерилешине көмөк болор эле деген ойдобуз. Антпесе, ал мекемелерде мамлекеттик тилдин маселеси алга жылышы арсар. Мамлекеттик тил адисине муктаж мекемелердин катарына Стандартташтыруу жана метрология борборун (штаттык саны — 54), Аймактар аралык башкармалыгын (штаттык саны — 60), Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү агенттигин ( штаттык саны — 36) кошсок болот.

Аалы Молдоканов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы
Темирбек Осмоналиев,
башкы адис
Альфира Супатаева, башкы адис
Нурзат Асанбекова, жетектөөчү адис,
«Кыргыз тили»
, 27.03.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий