Жамайка Токонова: «Төкмөлүк өнөрдү таштабайм»

Кызыл тилдин өнөрдүн көч башында айтыш турат. Куюлуштуруп төккөн төкмө акындарыбыздын ысымдары тарых бетинде алтын тамгалар менен жазылып, бүгүнкү күнгө чейин эл эсинен чыкпай келет. Бул да болсо талантты кастарлаган, сыйлаган кыргыз элинин улуулугунан кабар берет эмеспи. Ушул улуу өнөрдү улантуучулардын бири Жамайка Токонованы кепке тарттык.

Колуңа комуз кармап, алгач айтышка чыккан күнүң эсиңдеби?

— Айтыш өнөрү менен эң алгач чоң сахнага былтыр 9-мартта өткөн «Нур төгүлөт айымдардын маңдайынан, Ыр төгүлөт акындардын таңдайынан» аталыштагы жаш акындардын айтышында тушоом кесилди. Улуу өнөргө жаңыдан аралашып жаткандыктан алгач сахнага чыкканда апкаарыдым. Элдин сүрү укмуш экен, толкундануу сезимдерин сөз менен жеткире албайм.  Анда каршылашым болуп жаш акын Садырбек Турдубек уулу чыккан. Төккөндө сөздөрү курч, мурда-кийин айтыштарга катышып жүргөндүктөн таймаш алдында «эмнеге эрте катышып алдым» деп өзүмдү жемелеп, кезегибиз келгиче аябай кыйналып кеткем. Бирок тушоомду кескен ал айтыш ийгиликтүү болгон. Ал айтышта баш байгеге ээ болгон Турат Жумаев жол бошотуп, байгесин мага берген. Ошол көз ирмемдер мага түштөй эле сезилген. Турат Жумаев байгесине кошуп, бир четинен стимул берсе, бир четинен чоң жоопкерчиликти бериптир.

Акындыкты аркалап калышыңа эмне себеп болду?

— Чынында акындык өнөргө аралашып, эл алдына чыгып, болгондо да айтышка түшүп ырдап калам деген үч уктасам түшүмө кирген эмес. Журналистика чөйрөсүндө эмгектенип жүрүп, манасчылык менен төкмөлүк өнөр жөнүндө жазгым келчү. Ошондой майда кыялдарымдын артынан устатым Элмирбек Иманалиев менен таанышып калгам. Агай убактысы болгондо жолугуп, кеп- кеңештерин берип турчу. Ошондой күндөрдүн биринде «сенде улутка, кыргызга күйгөн бир нерсе бар, бизге кел» деп «Айтыш» коомдук фондуна чакырган. Айтыш фондуна баргандан кийин ал жактагы акындар «бизге жөн адамдар келе бербейт, айтышып көр» деп айтыштырышкан. Устаттарым да көрөңгөң бар экен, аракет кыл деп кеңештерин бергенден соң улуу өнөрдү улантууну көздөп, устаттардан билим алып келүүдөмүн.

Төкмөлүк өнөрдүн оорчулугу барбы?

— Төкмөлүк өнөр эркектерге салыштырмалуу аялзатына оор. Себеби көпчүлүк аялзаты назик болгондуктан ага эркектердей ачык, таамай айтуу, курч мүнөз жетишпегендей. Буюрса, улуу өнөргө аралашып калгандан кийин ишеним артып жаткандардын ишенимин актап, өнөрдү таштабайм деген изги тилектерим бар. Ал эми айтыштарга устатымдын кеңеши менен катышам. Тарыхка кайрылсак, Токтогул атабыз — Коргоол атабыздын, Коргоол атабыз — Тууганбай атабыздын, Тууганбай, Ашыраалы, Эстебес аталар — биздин устаттардын устаты болгон дегендей.

Кыргызда «Аккан арыктан суу агат» деген кеп бар эмеспи?..

— Бир туугандарымдын бардыгы жакшы ырдашат. Ал эми таенем жамакчы, кошокчу киши болгон. Аны атайын башка айылдарга алып барып коштурчу экен. Ал киши биз кичинекей кезибизде агам экөөбүзгө ыр үйрөтчү, мен ырдай албай калып урушса, таарынып, «үйрөтпөсөңүз коюңуз, өзүм эле ырдап алам» деп окшошсо-окшошпосо деле оюман чыгарып ырдай берчүмүн. Үйдөгүлөр азыр эстеп «сен ошондо эле жамактап ырдап баштапсың» деп күлүп калышат.

Сен айтыш өнөрүнө кандайдыр бир жаңылык киргизүү тууралуу ойлонуп көрдүң беле?

— Албетте. Айтыш өнөрүнө жаңылык киргизип, өзүнчө стиль жаратуу ар бир акындын кыялы.

Артка кылчайсак, балалыгың кайда өттү?

— Өзүм Бишкек шаарында төрөлгөм. Балалык издерим Кеминдин Чоң Кемин өрөөнүндө калды. Ал жакта кемпир-чалдын колунда чоңойдум. Нукуралыкка, улутчулдукка үйрөтүп, кыргыз жыттантып тарбия бергендер ошолор. Ата-энем карапайым эле дыйкандар. Калаага чоң максаттар менен кичинекей айылдан келгем. Орто мектепти аяктагандан соң юрист кесибине ээ болдум. Ага катарлаш, кичинемден журналистикага кызыккандыктан ар кандай курстарга окуп, телеканалдарда кабарчы болуп иштедим. Төкмөлүккө аралашкандан кийин музыкалык билим керектигин түшүндүм. Биринчи диплом алаарым менен Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине тапшырып, учурда аталган окуу жайда салттык музыка жана фольклор кафедрасында акынчылык-дастанчылык бөлүмүндө окуп жатам.

Анарбек Абазбеков, «Мантыш» (“Де-факто”), 17.03.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий