Маркес жана кыргыз адабияты

Колумбиялык жазуучу, журналист, саясий ишмер Габриэл Гарсия Маркестин ар кайсы авторлор которгон чыгармалары китеп болуп жарык көрдү. “Полковникке эч ким кат жазбайт” аттуу жыйнакка жазуучунун повесттери, аңгемелери, гезиттерге берген маектери киргизилген.

“Магиялык реализм” багытынын өкүлүнүн кыргыз тилинде жарык көргөн китебине Алым Токтомушев, Абибилла Пазылов, Эгемберди Эрматов жана Сагын Наматбаев которуп, убагында гезит-журналдарга жарыялаган чыгармалары топтолгон.

Ал президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Дүйнөлүк адабияттар сериясы» алкагында басылып чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин өкүлү Аида Ишеналиева айтып берди:

— Улуттук программанын негизинде Шумер элинин «Билгамеш» («Гилгамеш») эпосун кыргыз тилине которуп сунуштадык. «Миң бир түн» жомогун, жапон адабиятынын көрүнүктүү өкүлү Такеши Китанонун «Кукудзиро менен Саки» аттуу чакан повестин орус тилинен которуп бастырдык. Эл акыны Омор Султанов которгон дүйнөлүк поэзиянын классиктеринин чыгармалары, Пушкиндин төрт пьесадан турган кичи трагедиялары китеп болуп чыкты. Жек Лондондун 1909-жылы жарык көрүп, бир нече тилге которулуп, бир нече жолу экрандаштырылган «Мартин Иден» аттуу чыгармасы да кыргыз тилинде жарык көрдү. Орус элинин кенже балдарга арналган жомокторун да котордук.

Адис долбоордун алкагында жарык көрүп жаткан китептердин ар бири миң нускадан бастырыларын, саамалык ишке аша баштагандан тарта ошол аз нуска да өз окурмандарын табарынан күмөн санап турганын жашырбады:

— Ушул китеп окурмандардын жүрөгүнөн түнөк табабы? Жаштар бул чыгармаларды окуйбу? Китептерди буга чейин билим берүү мекемелерине, китепканаларга бергенбиз. Эми айылдагы китепканаларга жеткиргени турабыз. Бирок китептер ошол жерде чаң басып калып калбайбы?

Ишенбекова «2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн» улуттук программасынын негизинде басылып чыккан китептер өкмөттүн жобосунун негизинде китепканаларга, билим берүү мекемелерине акысыз таратыларын, сатыкка түшпөй турганын айтты.

Маркестин кыргыз тилинде жарык көргөн чыгармалар жыйнагын адабиятчы, жазуучу, котормочу Абибилла Пазылов түзгөн. Ал бул китепке латын америкалык жазуучунун эң белгилүү чыгармаларынан турган ондон ашуун котормосу киргизилгенин билдирди:

— Колумбиялык жомокчу деген атка конгон Нобель сыйлыгынын лауреаты Габриэл Гарсиа Маркестин чыгармаларына кызыккан кыргыз жазуучулары кезинде аябай эле көп болгон. Тилекке каршы, ошол котормо чыгармалары ар кайсы басылмаларда калып кеткен. Өткөн жылы Мамлекеттик тил комиссиянын мурдагы төрагасы, маркум Эгемберди Эрматов китеп кылып чыгаруу сунушун айткан эле. Бул китеп ошол демилгенин негизинде ишке ашты.

Пазылов учурда кыргыз адабияты котормочулардан да өксүп турганын кошумчалай кетти:

— Бизге жаш кезде чоң жазуучулар «эгерде бир ыр жазсаң, ага кошумча катары башка элдин адабиятынан эки автордун бирден ырын которуп кой» деп айтышар эле. Менимче бул тегин жерден айтылган эмес. Азыркы жаш акындар, жазуучулар башка адабияттын мыкты үлгүлөрүн өз тилине которуп, кыргыз кыртышына алып келбесе жакшы болбойт.

Ошол эле учурда азыр адабий чөйрөдө дүйнөлүк адабият үлгүлөрү кыргыз окурмандарына канчалык деңгээлде жетүүдө, жергиликтүү окурмандардын котормолорго болгон талабы кандай деген көйгөйлүү суроолор бар.

«Сабат» кыргыз китеп борборунун жетекчиси Нурбек Карагуловдун айтымында, учурда китеп базарларда көркөм адабий котормолорго талап анчалык деле жогору эмес:

— Соодага, ишкерликке жана психологиялык мамилелерге байланышкан котормо китептерге талап жакшы. Ал эми көркөм адабияттын өтүшү абдан жай. Алардын ичинен учурда Омар Хаям, Низами сыяктуу чыгыш акындарынын китептерине болгон талап бар деп айтсам болот.

Нурбектин айтымында учурда Кыргызстанда көркөм котормолор жалпы чыккан китептердин эки пайызын да түзбөйт.

Гарсиа Маркес 1982-жылы адабият тармагындагы эмгеги менен Нобель сыйлыгына татыган. Анын «Жалгыздыктын жүз жылы», «Патриархтын күзү» жана «Полковникке эч ким кат жазбайт» аттуу чыгармалары классикага айланган. Жазуучу 86 жашында Мехикодо каза болгон.

Зайырбек Ажыматов, “Азаттык”, 05.04.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий