Ак таңдай акын Ашыраалы Айталиев 90 жашта

Кыргыз чыгармачыл дүйнөсүндө не бир улуу таланттар өткөн. Алардын ичинен, бир нече элдик дастандарды, ошону менен бирге «Карагул ботом» дастанын өз вариантында ийине жеткире иштеп чыгып, эл оозунан али күнчө түшпөй келген ак таңдай акын Ашыраалы Айталиев да бар эмеспи. Акын көзү тирүү болгондо, быйыл 90 жаштын чайын ичип, дагы да элинин сыйына татып, үй-бүлөсүнүн төрүндө отурмак экен. Мына ушу акындын 8-марттагы туулган кунун утурлай 11- мартта Кыргыз драмтеатрынын чоң залында бир топ таланттардын катышуусунда, Ашыраалы Айталиевге арналган жаш акындардын айтышы болуп өттү. Ашыкенин 85 жылдыгында Ак үй тараптан ат бастырып келген бир да «азаматты» көрө алган жок элек, мында башкасы келбесе да, Маданият министри келип куттук сөзүн сүйлөп кетти.Акындын атын атап, эмгегин айтып жамактаган жаш акындарды коруп, таланттын баа-баркын жогору билген карапайым-калк айтыш өнөрүнүн уучу кур эместигине дагы бир ирет ынана, саясаттан бир күн болсо да алыстап, маданиятка саякат жасап кайтышты.

Эми, бул киши менен 34 жыл бирге өмүр сүрүп, чыгармачылыгын сыймыктануу менен эскерген байбичеси Наиля апа төмөнкүлөрдү айтып берди:

— Ашыраалы атабыздын 90 жылдык мааракеси келип калган экен?

— Ооба, быйыл каза болгонуна тогузунчу жылдан онунчу жылга карады. 90 жылдык мааракесин өткөрүү максатында, Филармониянын директору К.Осмоновго кайрылгам. Себеби, Ашыкем 1946-1991-жылга чейин Филармонияда эмгектенди. Филармония пенсияга чыгаргандан кийин, П.Шубин, М. Абдраев, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу-жайында «Манас», дастандар боюнча сабак берип жүрдү. Кийин 2001-жылы Садык Шернияз «Айтыш» коомун ачканда, Шерниязовдун чакыруусу менен балдарга сөздүн ыкмаларын, айтышуунун жол-жобосун үйрөтүп, устат болуп иштеди. «Өнөрлүү өлбөйт» деген чын экен. Мына бүгүн сахнада Ашыкемдин ырлары жаңырып, жоруктары айтылып бир топ эскерилди. Балдарга рахмат!. Кийин ооруп калганда, доктурлар «баспа, турба» дегенине болбой бир айда үч жолу «барбасам болбойт» деп акын балдарга барып сабак берип жүрдү. Барба дегенге болчу эмес. Кийиндирип, таксиге салып жиберчүмүн да, балдарга: «атаңар кетти. Тосуп алгыла»- деп телефон чалчумун. К.Осмонов кузундо 90 жылдык мааракени өткөрүүгө жардам берээрин айтып, калын элдин астында убада берди.Абдан ыраазымын. Ошондой эле, Чуй облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу элчисине аты коюлган мектептин жанына эстелигин тургузууну суранып, Нарын облусунун башчысына Нарын шаарындагы бир көчөгө болбосо да маданият үйүө Ашыраалы Айталиевдин атын берүүнү сурап кат жолдодум

— 85 жылдыгында да филармония эскерүү кечесин өткөргөндөй болду эле?

— Анда да филармониянын артисттери Филармониянын чон залында эскеруу кечесин откоруп беришкен. Бирок, ал кишинин маданият, айтыш өнөрүнө ушунчалык күйүп-бышканын аткаминерлер тарабынан көңүлгө алынбаганы мени өкүндүргөн. «Дөөлөт, байлык- тоголок, кырсык болсо -бир мүнөттө жоголот» дейт. Анын сыңары, мансап түбөлүк колдо турбайт. Бат эле карылык келет.Адамды сыйлай билген киши — өзүн да сыйлай билет. Баарыбыз Кудайдын пендесибиз. Чоңдор да келип эскерип койсо болмок дегем. Ошого үй-бүлөсү кейип калгамбыз. Бул кишинин 80 жылдыгында да ошол кездеги Маданият министри С.Раев өзү келбестен, жардамчысынан «Мыктылардын мыктысы» деген медалын берип жиберген. Ошентсе да, бул киши андан жогорку сыйлыкка татыктуу эле. 85 жылдыгында Маданият министрликтен же жогору жактан эч ким кыймылдабагандыктан, анда да өзүм чуркап, З.Үсөнбаевге чалып анан уюштургамбыз. Мындай таланттарды эскерип туруу журт башчыларынын милдети эмеспи. Муну алардын өнөрдүн баасын билбегендиги деп эсептейм.

— Ашыраалы атабыз менен 34 жыл өмүр сүргөн экенсиз. Өзү өмүрүндө мансапка, сыйлыкка жулунбаган адам болчу дешет

— Ашыраалы бул чындыгында өнөр үчүн жаралган адам эле. Эгерим, дүнүйө күтөйүн, байлык күтөйүн деп ойлогон киши эмес. Ошондой эле, наамга жутунуп, чоңдордун эшигин кагып кирген эмес. Тескерисинче, өкмөт өзү билет, өзү баалайт деп жүрүп, акыры элдин министрликке жазган өтүнүч каттары менен айласыздан «Эмгек сиңирген артист» наамын алган. Ошол наам менен Филармонияда ырдап жүрбөдүбү. Андан кийин пенсияга чыгып кетти. Шубинде иштеп жүргөндө баягы эле элдин өтүнүч катынын негизинде Шубиндин ошол кездеги директордун жардамчысы Чоко деген бала демилге көтөрүп чыгып, чуркап жүрүп, анын натыйжасында «Эл артисти» наамын алган. Кийин 75 жашка чыкканда ошол кездеги Президент А.Акаев өз колу менен 3-даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган. Мен А.Акаевге ыраазымын.

Антпесе, азыркы паракорчулук ошол кезде деле бар болчу. Мисалга, күлүк атты деле «алдыга озбосун» деп торогондой, убагында бул кишиге да далай бут тоскондор көп болгон. Азыр деле ошол. Өнөрдү баалаган залкарлардын арасында татыктуу баасын алалбай кеткендер көп. Кээ бир эки ыры бар ырчылар «Эл артисти» болуп, жылдыз болуп атышпайбы.

— Ырдалбай унутта калган да чыгармалары болсо керек?

— Эң алгачкы чыгармалары «Таппай жүрөм», «Биздин айылда», «Өрүк гүлү», «Жаш чабан» өңдүү ырлары ырдалбай калууда. Ар бир чыгармасынын биринчи сабында эле кандай улуу түшүнүк бар. Мисалга: «Эл алдында келет ырдагым» деген ырындагы «Карысам да какпайт катарым»-деген саптарында не деген ой жатат. Мындан «Нарындан жазган салам кат» менен «Жылкычынын ыры» эле анда-мында ырдалып калып жүрөт. «Акмөөр», «Ак Саткын менен Кулмырза», «Карагул ботом» өңдүү элдик дастандарды иштеп чыгып, өзүнүн вариантында элге тартуулаган. Булардын бардыгы кыргыз радиосунун «Алтын фондунда» сакталып калганы менен сейрек гана берилип жатат. Ал эми телевидениеден такыр эле көрсөтпөй калды.

 

Замирбек Үсөнбаев, төкмө акын: «Карагул ботомду» Ашыкемчелик эч ким ырдаган жок»…

— Ашыкем менен 1970-жылы филармонияда иштеп калганда тааныштым. Ага чейин мурда концерттерде бири-бирибизди көрүп калчубуз. Ошол жылы талаада гастролдо жүргөндө жолугуп, ошондо биринчи учурашып ырдагам. Ощол мезгилден тартып, Ашыкем менен ал кишинин көзү өткөнчө бирге ырдаштык. Сахнада бирге айтышып жүрдүк. Баа берип айта келгенде, Ашыкем чоң залкар акын эле. Ошол эле учурда санжыраны да сайраган чечендиги да бар эле.

Обондору кыргыздын нак эл сүйгөн классикасына айланып кетти. Аны жалаң кыргыз эли эмес, коңшулаш казак эли да өзүнүн обонундай кылып ырдап жүрөт. Ашыкемдин мен билген өзгөчөлүгү, бир күнү экөөбүз Көлгө командировкага барып калып, экөөбүз эле концерт койдук. Эл ушунчалык көп. Анда эски театр болчу.

Бир маалда мага: «Замирбек, ушул театрда көп жыл иштедим эле. Ырдагым келип, эргүү келип турат. Мен бир ырдайынчы»-деп калды. «Ырдаңыз»дедим. Экөөбүз концерттин башында чыгып саламдаштык. Анан Ашыкем обондуу «Жылкычы», «Ак шоокум», «Нарындан жазган салам кат» ж.б. ырларын ырдады. Демейде ырдап жүргөн, кулакка сиңип калган ырлары төрт куплеттен эле. Ашыкем ошондо ар бир ырды он куплеттен ырдады. Мен бери жакта таң калып угуп атам. Себеби, калган куплеттерин а киши даярданбай эле, турган жерден обонго салып жаратып атты да. Мына бул кишинин акындыгы. Ошол жердеги жараткан саптары тиги кулакка сиңип калган ырларынан эч айырмаланбайт, ашса ашат. «Карагул ботомду» мен уккандан Ашыкемчелик деңгээлге жеткирип, эч ким ырдаган жок. Анткени, анын обонун Ашыкем жараткан. Командировкада жүргөндө бул ырды адатта он беш мүнөттөй ырдачу. Ал эми илхом келип, эргигенде бир сааттай ырдачу.

Жогоруда мен айткан саптарындай эле төгүп ырдаганда, улам жаңы саптары, кайрыктары биринен-бири ашкан шумдук болчу. Ал ыры элдин көзүнө жаш алдырып, иши кылып, буркурап-боздоп ыйлап жаткан адамдарды көрдүм. Бул Ашыкемдин бийиктигин, залкар аткаруучу экендигин аныктап турат. Анан Ашыкем менен биз өзүбүз көп айтышып ырдадык.

Бул кишинин таалим-тарбиясын мен көп алдым. Акындыктан мурда, бу киши жакшы карыды. Баягы «карылыкка жетип, касиети жетпеген жаман» деп кыргыздын макалында айтылгандай, карылыкка жетип, касиети да жеткен адам болду. Мага айтып койчу «Замирбек, биздин сөзүбүздү көп угуп, тыңшап жүр. Сен ырдайсың аларды» деп.

Жашоонун мыйзамы ушундай болот экен. Мына алардын бири агамдай болгон Ашыкем жөнүндө сурап атасыңар. Өз доорумда Ашыкем, Токтокем, Мамбет байкелер менен эң кичүүсү болуп, ырдап келдим. Алардын эң аксакалы Ашыкем эле. Улам жашы өйдөлөгөн сайын Ашыкемдин оозунан бейчеки орой, одоно сөздөр чыккан жок. Салабаттуу сүйлөчү.

 

Келдибек Ниязов, куудул: «Казакча да төгүп жиберчү эле»

— Ал кишини жаш-кары дебей эле Ашыке дечүбүз. Акындардын улуусу да, сыйлуусу да болчу. Кээде эргип турганда «бүгүн сүйүү ырларынан ырдайынчы» деп калчу. «Биздин айылда» деген ырында өзүнүн айылындагы жылкычы, койчу, саанчынын баарын атап ырдап келип, кайырмасын «ушунун бары биздин айылда» деп кыйкырып койчу.

Бул киши абдан унутчаак эле. Адаттагыдай концерт берип жүрөбүз. Бир күнү сахнада «Биздин айылдасын» ырдап атат. Мен сахнанын капталында отургам. Анан айылында саанчысы бар эле Люса деген орус. Ырдап атып анын атын таппай калып, мени карап: «А-ай кайним саанчынын аты ким эле?» деп сурап атпайбы. Мен «Люса» деп кыйкырып койдум. Элдин баары кыраан-каткы түшүп кыйрап жатып калды. Ашыкенин дагы бир жери тарыхый китептерди көп окуп, чайчыл болчу. Портфелинде дайыма индия чайы жүрчү.

Маектешкен Нурайым Рысмамбетова, “Чагылган”, 01.04.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий