Алмаш Чойбекова

Акын Алматай (Алмаш) Чойбекова Токтогул районундагы Кетмен-Төбө айылында 1947-жылы 8-августта туулган. 1973-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1980-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн (сырттан окуп) аяктаган.

Эмгек жолун 1965-жылы Фрунзедеги «Чолпон» бут кийим фирмасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1968-жылдан Токтогул районунун Суу чарба башкармалыгында кызматкер, 1973-1975-жж. Ош облусунун кыргыз драмтеатрында актриса, 1975-1978-жж. Токтогул районундагы Чоң-Арык айылындагы Энгельс атындагы орто мектепте пионердик тарбиячы, 1978-жылы Кыргыз ССРинин Мамтелерадиокомитетинин штаттан тышкаркы кабарчысы болуп эмгектенген. Анын биринчи «Ак булут» аттуу ырлар жыйнагы 1979-жылы жарыкка чыккан.

1981-жылдан СССРдин Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Уикипедия

 

Алмаш Чойбекова жана анын чыгармачылыгы тууралуу

«Алмашымды» башкага алмаштырбасак

Ырларга катылган сырлар

«Төрт октон калып типтирүү, олтурам минтип, бул анык…»

«Жоболоңдуу окуя жомок эмес, чын эле…»

«АЛМАШЫМ»

 

Ырлар

БАРАМ САГА

Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Сеңселткен саамайларын ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды уккан кезде
Барам сага.

Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде.
Кучактап бейкутчулук түн коюнун,
Күн сулуу уясына баткан кезде
Барам сага.

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр электете төккөн кезде.
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде
Барам сага.

Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде.
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы толгон кезде
Барам сага.

 

КАЙДАСЫҢ?

Кайдасың эңсеген эрмегим,
Зарыгып күтсөм келбедиң.
Уйкусуз түндөрдү өткөрүп,
Оюмду он бөлүп сен дедим.

Кайдасың сагынган кымбатым,
Акылдан адашпас кылдатым.
Жанаша басканда көрк берер,
Жарашык, сулуулук сымбатым.

Кайдасың кумардуу кучагым,
Жытыңды жыттоого кусамын.
Сен менин конушум көгөрүп,
Сен болсоң бийикке учамын.

Кайдасың үмүтүм, чырагым,
Күүгүмдө күтүнүп чыгарым.
Жалындар жалбырттап денеде,
Келе көр жакшы эле чыдадым.

 

ЧӨЛ КАЙРЫКТАРЫ

Оо, ысык чөл, сени шамал каптаса,
Сапырылып учат көккө кумдарың.
Ошол кезде түшөөр бекен эсиңе
Кербен өткөн тээ илгерки жылдарың.

Чиркелишкен нечен нардын издерин
Сан кылымдар койгон аны жашырып.
Махтумкули ырын сага төккөндүр,
Махабаттын зор күчүнө баш уруп.

Түркмөн чөлү — мелтиреген мейкиндик,
Кара-Кончар качанкы эрдин өлкөсү.
Гүлжамалы — кыз бүткөндүн сырттаны,
Эрк, кайраты майтарылбас өрт өзү.

Ашык жарлар Гарип менен Шахсенем
Агызышкан жетпестиктин көз жашын.
Оо, Теңир ай, каалабадың сен неге
Эки өмүрдүн бир тагдырдан кездешин.

Кыргын, согуш, уламыштар кайгылуу,
Жаңыргансыйт укмуштардын баардыгы.
Баатырларын беришпеген душманга,
Жоокерчилик замандын ал тардыгы.

Канча найза таамайланып сунулуп,
Жашоо сүйгөн жүрөктөргө малынган.
Жаркылдаган кылычтардын мизинен
Акыл толгон асыл баштар алынган.

Кыраандардын диркиреген канына
Ушул кумуң турган батып чыланып.
Ырайымсыз зулумдукка багынбай,
Өлбөс турмуш келе берген уланып.

Тарп талашып картаң кузгун, жорудан,
Аалам көргөн нурдуу көздү чукуган.
Күткөн жардын боздогону угулган
Алыс жердин кыйырынан, учунан.

Адамдардын баш сөөгүндө сойлошкон
Каалашынча кескелдирик, жылааның.
Бул дүйнөнүн опаасызын айткандыр
Жүргүнчүнүн тарткан чоору жылаажын.

Философуң дербиш делип аталып,
Сени кезип кетип бара жатканда.
Кол салгандыр жойлогон ач жырткычың,
Күүгүм кирип, күн уяга батканда.

Же болбосо, байыркы бир доордун
Убагында деңиз белең чалкыган.
Жейрендериң жээгиңден суу ичишип,
А үстүңдө канаттуулар калкыган.

Акырындап аптабыңа жеңилип,
Көлүң соолуп, болдуңбу чөл какшыган.
Тегирменин тегереткен убакыт
Күкүмдөнтүп тарта берип ташты улам.

Жердегендер кудук казып түбүңөн,
Жан сакташкан тиричилик өтөшүп.
Жалын сымак лавылдатып табыңды,
Жаратылыш калган өңдүү өчөшүп.

Албуут шамал эрмектеген эсепсиз,
Түзүңдөгү кумдарыңан дөң жасап.
Бир чачылып, бир жыйылып өзгөрүп,
Келатасың мезгил менен тең жашап.

 

ОЙ-АЛМА СҮРӨТТӨРҮ

Теңдеш жер жоктур өзүңө
Тескейи — жемиш төгүлгөн.
Алманын түркүн түрлөрү,
Ажайып токой көрүнгөн.

Туурасы алыс созулуп,
Бийиктиги көк тирейт.
Жашынмак ойноп аюулар
Жапайы дары чөп жирейт.

Тулпардай туйлап элирип,
Түбүндө агат кашка суу.
Баардыгы мындан табылат
Жанынан адам башкасы.

Алмурут бышса эзилип,
Жаңгагы турат дан байлап.
Булагын чаңкап ичкенде,
Таңдайда татыйт бал каймак.

Жүзүм да өскөн өзү эле,
Тыт даракка оролуп.
Мөмөсүн татып, гүл жыттап,
Өскөнмүн анда торолуп.

Алчасы, өрүк, мистеси
Шактарын ийет Дос-Сайда
Кайыңдыдан суу келип,
Кошулуп агат кош дайра.

Суусунда күмүш балыктар
Кубулуп нурга чагылат.
Берметин чачса шарлары,
Жүрөктүн оту жагылат.

Катыреңкинин мөмөсү
Канттан да таттуу даамы бар.
Кожогат, чыны карагат,
Бүлдүркөнү дагы бар.

Кымыздык, ышкын, чүкүрү,
Сарымсак чыгып жазында
Керемет көркүн жар салып,
Акыны, анда жаз ырга

Кайкышса, бербей асманды, —
Канаттуунун көптүгүн.
«Мен кимге күйөө» сайраса,
Куштардын уккам көп тилин.

Арчанын жытын жактырып,
Аарылар «алтын» уюткан.
Дүйнөдө турган биринчи
Таза бал агат уюктан.

Ак чечек, кайың, четиндер
Ансайын ажар арттырат.
Кырдагы арча жоокердей,
Кайтарып жерин сак турат.

Тоолору толо кийиктер,
Белесин оттойт эликтер.
Каманы чубайт капталда
Илбирсин төрдөн келип көр.

Суусары жүрсө суу бойлоп,
Кылактайт кызыл түлкүсү.
Булбулдар азга тынч алса,
Сүтак куш сайрайт түнкүсүн.

Башайы макмал түрүндөй,
Жер дагы — гүл, дарак — гүл.
Күлмүңдөп кайтып мээнети,
Жаз, жайы муну көрөт Күн.

Чачылтып жылдыз көөхарын,
Тизе албай кайра жаткандай.
Тегерек, анан иймейип,
Убара болот асманда Ай.

Узартып канча өмүрдү,
Узатып нечен кылымды.
Таалайым, бактым зор экен,
Эгерде айтсам чынымды.

Ушундай жерде төрөлгөм,
Мээримге чексиз бөлөнгөм.
Коштошпойм, барып көрөм да
Ыр кылып жаза берем мен.

 

МАНАС БААТЫР УЛУУ ТОЙГО КЕЛАТАТ

Аккуланын кишенеген үнүнөн
Жаңыргандай чексиз аалам катмары.
Ала-Тоосун, урпактарын көрүүгө
Ал Манастын бизге келе жатканы.

Кырк чоросун, Каныкейин ээрчитип,
Чагылгандан кылыч жасап байланган.
Көк асмандан көйнөк кийип ханышасы,
Көп жылдыздар шурусуна айланган.

«Мейли» дешип, Күндү коюп жайына,
Айды болсо күйгөн шамдай кармаган.
Бул миң жылдык улуу тойго таңданып,
Бүт улутка алкыш сөзүн камдаган.

Сагынбайы, Саякбайы жанында,
Кошой, Бакай — аксакалдуу даанышман.
Алмамбети, Чубак, Сыргак баш болуп,
Кылкылдаган кошун келет алыстан.

Айчыгы алтын кызыл туусун көтөрүп,
Добулбасын уруп, ураан чакырат.
Дүңгүрөткөн баатырлардын айбаты
Көккө жете жалын болот чатырап.

Жергесинин инсандарын караса:
Билим менен миңди жыккан чыгаандар.
Урматташып салым кошкон бул тойго
Жер шарынан чогулушту кыраандар.

Өз доорунда түптөп кеткен өз журту
Жер үстүндө көп өлкөнүн бириндей.
Жок болбогон басса да оор жылдарды,
Канча кылым өткөн менен билинбей.

Эл көп болуп толкуп турса күүлдөп,
Көрүнүп да, көрүнбөстөй кылаасы.
Салтанатын кең дүйнөгө билгизген
Жетишкендик, эрдиктерге ыраазы.

 

* * *

Билинбей өткөндө жылдардын закымы,
Жандуу да, жансыз да кубулат акыры.
Эскирбей, өлбөй да калат го түбөлүк,
Адамзат өнөрү, даанышман акылы.

 

* * *

Байыркы талаада байыркы таш жатат,
Байыркы жылдардын күнүнө какталат,
Кээде аны улуган бороон да жалмалап,
Кээда ага армандуу булуттан жаш тамат.

Качанкы каргалар конушат ал ташка,
Эс алат бүркүт да чарчаган кармашта.
Талаанын үстүнөн тизилет турналар,
Бийиктен бириндеп адашып калбаска.

Биз дагы дүйнөдөн кайрылгыс учаарбыз,
Качандыр мүрзөдөн чөп болуп чыгаарбыз,
Жээктей өтүшкөн кийинки урпактын
Өмүрдү даңктаган ырларын угаарбыз.

Шамалга катыгып, ысыкка жылымдап,
Топурак денебиз жуурулса кылымдап,
Калаарбыз айланып ар түрдүү таштарга,
А жамгыр жаш сымал таштарда сызылмак.

Мезгилге кайтарып ал таштар кум болоор,
Кум кайра жер болуп, ал жерге гүл толоор.
Жок болбос бир гана Күн, Жер, Ай, жылдыздар,
Океан чайпалаар, эң көрктүү гүл солоор.

Катмары кен жуткан тоолорду, талааны,
Канча көз тиктеген, тиктеген жаш-кары.
Сандаган кылымды боюна сиңирген,
Анда да күйгүзгөн бул күндүн аптабы.

Билинбей өткөндө жылдардын закымы,
Жандуу да, жансыз да кубулат акыры.
Эскирбей, өлбөй да калат го түбөлүк,
Адамзат өнөрү, даанышман акылы.

….Байыркы талаада байыркы таш жатат,
Байыркы жылдардын күнүнө какталат,
Кээде аны улуган бороон да жалмалап,
Кээда ага армандуу булуттан жаш тамат.

 

ЭНЕКЕМ

Жарык дүйнө жашоо берген энекем,
баскан жолуң бийик ашуу бел экен.
Жан кейиткен азаптарга чыдаган,
кайрат күчүң аска тоодой бек экен.

Балаң үчүн төккөн ысык мээримиң,
айтып бүткүс асылдыкка тең экен.
Сен мен үчүн ырыс чачкан шооласың,
өмүрдөгү түгөнбөгөн берекем.

Кыйын күндө кыйбас дагы алмашпас,
кең ааламда жалгыз гана эне экен.
Турмуш оорун кебелбестен көтөргөн,
жер үстүндө адам аттуу «жер» экен.

Соц тармактар:

Добавить комментарий