Кыргыз аялдарынан чыккан алгачкы министр

Кыргыз аялдарынын арасынан алгачкы министр болуп иштеген, Кыргыз ССРинин саламаттык сактоо тармагына зор салым кошкон Фатима Нургазиеванын өмүрү, басып өткөн эмгек жолу кийинки муундарга өрнөк болуп калды.

Белгилүү акын Жоомарт Бөкөмбаевдин жубайы Тенти Адышеванын «Кылы үзүлгөн комузум» аттуу эскерме-баян китебинде Кыргыз ССРинин социалдык камсыздандыруу министри, андан соң саламаттык сактоо министри болуп иштеген Фатима Нургазиева жөнүндө жазылган жерлери да бар. Ал эскерген Фатима Нургазиева деген ким болгон?

Фатима Нургазиева 1911-жылы Түп районундагы Шаты айылында туулган. Чоң атасы Жумабайдын эки уулу болгон – Абылгазы, Нургазы. Кыргыз эли азаттык талашып, Кытай жерине кетер кезде Абылгазы беш балалуу болуп, Нургазыдан жалгыз Фатима төрөлөт. 1916-жылы көл кылаасындагылар жөө-жалаңдап, ашуу ашып таш басып, жандарын сакташ үчүн Кытай жергесине качканда Жумабайдын тукуму ага-тууганына, кайын журттарына жармашып, өлдүм-талдым дегенде Кулжага жетишет. Оору, ачарчылык, баш калкалоочу жердин азабынан Фатиманын энеси Кусубалды 21жашында жарык дүйнө менен кош айтышат. Алты жашар Фатима таэнесинин колунда калат. Сөйкөсүн, шакек, иймектерин сатып, өлбөстүн күнүн өткөрүшөт.

Нургазы Кулжадагы Шакожо деген байдын тери зоотунда кара жанын карч уруп иштеп, акысына арзыбаган акча, жарыбаган тамак аш, эски-уску кийимдерди алып турат. Абылгазы байдын малын багып жүргөндө аялы,беш баласы келте менен ооруп бир жуманын ичинде каза болушат. Эки бир туугандын ортосунда жалгыз Фатима калат. Аңгыча «падыша тактан кулады» деген кабар угушуп, эки бир тууган көлгө кайтышат. Жолдо келе жатканда Фатиманын таэнеси каза болот.

Башка качкындар сыяктуу эле жаңы орногон Кеңеш өкмөтү аларды жылуу тосуп алып, Талды-Суу айылынан жашаарына үй, айдаарына жер, себээрине үрөн берип, Абылгазы, Нургазы жер тырмалап, мээнеттери текке кетпей ирдене башташат. Кызы Фатима Кеңеш өкмөтү ачкан мектептен эң алгачкылардан болуп билим алып,1927-жылы комсомолго өтүп, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы аялдар арасында уюштуруучулардын курсун бүтүрөт. Андан соң Орто Азия коммунисттик университетинин эки жылдык комсомолдук бөлүмүндө окуйт.

Аны бүткөндө кийин Кызыл-Кыя шаарында аялдар арасында иш алпарып, аларды өндүрүшкө тартууга, алардын сабатсыздыгын жоюуга активдүү катышат. Тап душмандар аларга кастарын тигип, көптөгөн каршылыктарды көргөзүшөт. Бир жолу басмачылар шахтыга суу толтурушуп, чоң зыян келтиришкенин такыр унутчу эмес.

Нургазиева, Онохина, Черкасовалар чогулуштан кеч кайтып келатышканда алдыда бараткан Черкасованы басмачылар кармап алып, кыйнап өлтүрүшөт. Нургазиева менен Онохина казылган аңгекке жашынышып, таң атканча сыз, суу жерде жатып ажалдан калышкан. Оштон Фатима Нургазиева менен чогуу иштешкен Курманжан Задумбаева, Жалал-Абаддан Наджия Маматова, Кочкордон Айнагүл Жалганбаева басмачылардын кандуу колдорунан каза табышкан.1932-жылдары Базар-Коргон, Аламедин райондорунун агартуу тармагында 1935-жылы жолдошу Усуп Эсенгуловду Ат-Башы райОНОсунун башчысы кылып жибергенде, ошол жакта мугалим болуп эмгектенет. Жолдошу Усуп Бишкектеги педтехникумду алгачкылардан болуп бүтүргөн, кыргыздын билимдүү жигиттеринен болгон.

Ал кезде айыл чачкын, жол катнаш начар, мектептер жок, мугалим жетишпеген мезгил эле. Ак-Сай, Арпа Туюк-Боготой айылдарын кыштын күнү атчан аралап жүрүп,1937-жылы кышында эки өпкөсүнөн кагынып, кан түкүрүп, беш күндүн ичинде мүрт кетет. Ошол мезгилде Фатима эже болгону 27 жашта болуп, уулу Марат экиде, кызы Мария курсакта калат.1938-жылдын февраль айынан тартып Ат-Башы райондук саламаттык сактоо башчылыгы кызматына дайындалат.1939-1940-жылдары Москвада СССР Салматтык сактоо Эл Комиссариатынын алдындагы саламаттык сактоо ишин уюштуруучулардын бир жылдык курсунда окуйт. Ошол 1939-жылы КПССтин мүчөлүгүнө өтөт. Окууну бүтүп келээри менен Нургазиева Кыргыз ССР Эл Комиссарынын биринчи орун басары болуп дайындалат. Жооптуу кызматты аркалоо менен 1947-жылы медициналык институтун бүтүрөт.

Окууну бүткөндөн кийин мединституттун клиникалык ординатору, андан соң Ысык-Ата курортунун башкы врачы болуп эмгектенет.1949-жылы Фатима Нургазиева кыргыз аялдарынан эң биринчи Кыргыз ССРинин социалдык камсыздоо министри болуп дайындалат. Көп өтпөй эле 1950-жылы саламаттык сактоо министри болуп 1955-жылга чейин эмгектенген.1950-жылы СССР Жогорку Советине №268 Караван шайлоо окуругунан депутат болуп шайланат.1955-1962-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институнун ректору болуп иштейт. Андан кийин илим-изилдөө институтунда энеликти жана балалыкты коргоо боюнча врач-ординатор, шаардык балдарды кургак учуктан дарылоо санаториясынын башкы врачы болуп эмгектенет. Эмгек жолунда өзүнүн саламаттык сактоо ишинде жана педагогикалык ишмердүүлүгүндө таланттуу уюштургуч экендигин жана жөндөмдүүлүк сапаттарын көргөзөт.

Республикада элдин саламаттык сактоо ишин өнүктүрүдө Фатима Нургазиеванын эмгеги өкмөт тарабынан жогору бааланып Ленин, «Ардак Белгиси»ордендери, «Эмгектеги күжүрмөндүгү», «1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуштагы кайраттуу эмгеги үчүн» медалдары менен сыйланган. СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССРинин, облустук жана райондук кеңештердин депутаттыгына бир нече жолу шайланган. Кыргызстан КП Борбордук Комитетине эки жолу мүчө болуп шайланган. Республикалык маанидеги персоналдык пенсионер болуп жүрүп, 1995-жылы дүйнөдөн кайткан.

К.АЛЫМБЕКОВ
К.Тыныстанов атындагы
ЫМУнун тарых жана
туризм факультетинин деканы,
философия илимдеринин кандидаты,
“Ысык-Көл кабарлары” (
aimakpress.kg), №8 (11643), 02.03.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий