Болотбек АНДАБЕКОВ: «Театр базар эмес, маданий очок болушу керек»

Ар бир өткөн жылда маанилүү даталар тарых бетинде жазылып калаарлыгы айныгыс чындык. Бул өңүттөн алып караганда 2017-жылы жалпы теңиртоолуктар үчүн дагы бир тегерек сандагы маараке белгиленгени турат. Ал атпай Ала Тоо жергесине аттын кашкасындай белгилүү, а түгүл учурунда союздук республикаларга чейин аты угулган, эл оозунда “тоо койнундагы театр” деп атыккан Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын 80 жылдыгы. 1937-жылдын коңур күзүндө уюшулуп жарык дүйнөгө келген Нарын театры 80 жылдык өмүрүндө 200дөн ашуун чыгармаларды калкка тартуулап, репертуарын улуттук драматургиядан дүйнөлүк классикага чейин жеткиргендиги белгилүү. Ушундан улам үстүбүздөгү жылдын күз мезгилинде 80 жылдык мааракеси белгиленүүсү күтүлүп жаткан театрдын басып өткөн жолу, алдыдагы аракеттери тууралуу аталган маданий очоктун жетекчиси Болотбек Андабеков менен баарлаштык.

— Болотбек мырза! Кеп оролун 80 жылдык тарыхы бар театрдын басып өткөн жолунан баштасаңыз?

— Тарых барактарына көз чаптырсак 1937-жылдын 5-октябрь күнүндө Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар кеңешинин чечими менен Нарын колхоз-совхоз театры уюшулган экен. Жаңы көз жарган театр партиялык жана советтик коомдук ишмер, кыргыз элинен чыккан эң алгачкы драматургдардын бири Молдогазы Токобаевдин “Кайгылуу Какей” драмасын даярдап калкка тартуулайт. Башкы кейипкер Какейдин ролун ошол учурда 15 жашка чыккан Койсун Карасартова апабыз жаратат. Демек 5-октябрь күндү биз театрдын туулган күнү деп ар жыл сайын айтып, белгилеп турушубуз керек. Ал эми 80 жыл аралыгында театр кандай жолду басып өттү болду экен? деген собол да окурмандарды кызыктырат болушу мүмкүн. Бул жылдарда театр даңктуу дагы, түйшүктүү дагы, кыйын кезеңдерди дагы башынан өткөрдү десек жаңылышпайбыз.1939-жылы Москвада болуп өткөн кыргыз адабияты менен искусствосу декадасынан кийин Жумгал жана Нарын колхоз- совхоз театрларынын мыкты күчтөрү бириктирилип, облустук драма театры түзүлөт жана эң алгачкы режиссеру болуп А. Көбөгөнов дайындалат. Ошол жылдарда эле Ж.Бөкөнбаевдин «Токтогул», К. Эшмамбетовдун «Саринжи- Бөкөй», К. Маликов менен А.Куттубаевдин «Жаңыл» спектаклдери коюлуп, чыгармачылык дараметтери өсүү жолуна башат алат.1941-жылы Пржевальский шаарындагы Ысык-Көл облустук драма театры жоюлуп, Нарын театрына келип кошулат. Бирок кандайдыр бир саясаттан улам 1949-жылы облустук театрлар жоюлат. Бул көрүнүш 1958-жылга чейин созулат. 1958-жылы облустук театрлар кайрадан уюшулуп, биздин театр Тянь-Шань облустук музыкалык театры болуп аталат. Ага Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр жана сүрөт институтунун режиссерлук факультетин бүтүрүп келген М.Назаралиев башкы режиссер болуп дайындалат. М. Назаралиев башкы режиссер болуп дайындалгандан тартып Нарын театрынын чыгармачылык этабынын жаңы өсүшү башталат. Мурдагыдан айырмаланып, актерлордун чеберчиликтеринин калыптанышы жаңы нукка түшөт. Чыгармачылык курам бригадаларга бөлүнүп, турмуштун, көрүүчүлөрдүн талабын эске алган өзгөчөлүгү, орустун жана дүйнөлүк классиктердин чыгармалары театрдын репертуарына киргизилет. Ошол себептүү театрдын репертуарына Ч. Айтматовдун, К. Жантөшовдун Т.Абдумомуновдун, Б.Жакиевдин, Б. Өмүралиевдин, В. Островскийдин Г. Гулямдын, М.Каримдин жана башка көптөгөн классиктердин чыгармалары коюлган. 4 жылдан кийин же болбосо 1962-жылы Жалал-Абад, Ысык-Көл облустук театрлары жоюлуп, ал жакта иштеген бир катар таланттуу артисттер Нарынга келип иштей башташат. Натыйжада тоо койнундагы театр андан ары карай чыгармачылык жактан өсүү жолуна түшөт. 1970-жылы Тянь-Шань облустук музыкалуу драма театры макамы берилсе, 1977-жылы театрга залкар талант СССРдин Эл артисти Муратбек Рыскулов атабыздын ысымы ыйгарылат. Ал эми 2007-жылдан бери академиялык макам берилген. Бул мезгилдерде театрдын чыгармачыл тобу калкка 200дөн ашуун спектаклдерди тартуулашкан экен.

— Биз уккандан театрдын жамааты коңшу республикаларга чейин барышып өнөрлөрүн тартуулап да келишкен эмеспи?

— Албетте дал ошондой. Нарын театры кыргыз эли эмес, боордош республикаларга да чыгармачылык сапарларда бир нече жолу болгондугу айтылып келет. Союз доорунда Тбилиси, Алма-Ата, Нукус, Москва шаарларында ыр күүсүн, спектаклдерди тартуулап алкышка татыктуу болушкан. Кыргыз театр өнөрүнүн өсүп өнүгүүсүнө Нарын театрынын кошкон салымы өтө зор. Нарын театрынын профессионалдык деңгээлинин өсүшү, репертуарынын бийиктиги башка театрлардан эч качан кем калган эмес. Анткени бул театрдан залкар-залкар таланттар үзүлбөстөн иштеп турушкан. Алып айтсак бүгүнкү күнгө чейин эмгектенгендин арасынан экөө СССРдин Эл артисти наамын алышкан. Алар Бакен Кыдыкеева менен Капар Медетбеков. Соңку тактоо боюнча алганда эле иштеп кетип жана каза болгондордон Кыргыз Эл артисти наамына 14 инсан татыктуу болушуптур. Үчөө Эмгек сиңирген артист болушса, экөөнө КРнын искусствосуна Эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган. Ошондой эле кыргыз элинин таланттуу кыздарынын бири Канымгүл Досмамбетова дагы ушул театрда иштеген. Бүгүнкү күндө 2017-жылдын 1-январь айына карата театрда 109 кызматкер эмгектенип жатышса, алардын ичинен 58и чыгармачылык курамды түзүшөт. Дамира Баратбаева эжебиз КРнын Эл артисти болсо, Асматжан Токтомушева, Бермет Өмүрова, Кенжегул Мендебаиров жана Акылбек Мураталиев ага-эжелерибиз КРнын Эмгек сиңирген артисти наамын алгандар.

— Эми даңктуу театрдын 80 жылдыгына кандай даярдыктар жүрүүдө, кеп төркүнүн ушул өңүттөн улантсаңыз?

— Жалпы элге белгилүү болгондой өткөн жылы театрдын капиталдык оңдоо жумуштары башталган. Президентибиз Алмазбек Атамбаев 25 млн.сомду чечип берип, былтыр көп жумуштар жасалды. Бирок бул акчага мерчемделген жумуштардын чын чынында теңи гана ишке ашырылды. Ушундан улам быйыл дагы 25 млн.сомдун сметасын даярдап, тиешелүү жактарга сунуш кылдык. Каражаттын 5 млн.сому көрүүчүлөр үчүн олтургучтарга керек болсо, калган суммага жасала элек кеңселерди оңдоо, инструмент жана керектүү эмеректи алуу, сахнаны толук жасалгалоо, сыртын биротоло бүткөрүү жумуштары аткарылышы керек. Ачык айтканда театрда бир эски аккардеон, 5 эле жараксыз комуз калыптыр. Ошондой эле биз сураган каражатка бир комнаталуу эки квартира алынмакчы. Себеби биз Б.Бейшеналиева атындагы көркөм-өнөр институту менен меморандум түздүк. Буюрса быйыл 18 актер театрга келип иштей башташмакчы. Аларга алдын ала шарт түзүү үчүн үйлөр керек. Экинчиден биз өзүбүз дагы театрдын алдында актердик чеберчилик факультетин ачканы жатабыз. Анткени учурда чыгармачылык топтун дээрлик 80 пайызынын атайын билимдери жок экен. Демек 80 жылдыкка даярдык кадрларды даярдоо менен театр имаратын толук оңдоо, керектүү музыкалык инструменттерди толуктоо аркылуу башталууда.

Экинчи даярдык албетте спектаклдерди элге тартуулоодон жасалмакчы. “Дөңгөлөк үстүндөгү театр” деген ат менен чыгармачылык топ экиге бөлүнүп, бири Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына, экинчиси өлкөнүн түндүк аймактарына сапарга чыгышат. Ошол эле учурда жайкысын алар илгерки учурлардагыдай жайлоолордогу элге чейин барышып, элди тейлеп келишет. Ал эми театрдын тарыхый жолу боюнча атайын китеп чыгаруу жана 20 мүнөттүк даректүү тасма тартуу багытында да иш жүргүзүү планы бекитилди. Театрдын гимнине сынак жарыяланат. Мындан тышкары театрдын музейин жаңылоо, өздүк архивин уюштуруу сыяктуу жумуштар да бар. Албетте ушундай иштерди жүзөгө ашыруу үчүн каражат талап кылынат. Акча министрликте же бизде деле тартыш. Натыйжада биз демөөрчүлөрдү издөө менен бирге атайын апрель-май айларында телемарофон өткөрүүнү дагы болжолдоп жатабыз.

Үчүнчү бир чоң көйгөй бул театрдын айланасын базардан арылтууда турат. Же болбосо театр базардын эмес, маданий очоктун борбору болушу керек да. Ошон үчүн биз мэрияга, прокуратурага театрдын айланасын, айрыкча Шуллер көчөсүн мыйзамдуу негизде ирээтке келтирүү үчүн кайрылып жатабыз. Ага чейин өзүбүздүн күчүбүз менен театрдын сырткы төрт тарабына жана ичинен да төрт жерге видеокамера койдук. Ушундан кийин кичине тартип болуп калды.

— Маек соңунда өзүңүз тууралуу дагы учкай айта кетсеңиз? Сиз белгилүү адамдардын үй-бүлөсүндө туулуп өскөнүңүз менен театрда иштебесеңиз керек?

— Туура, мен адистигим боюнча юристмин. Улуттук университеттин юридикалык факультетин аяктагам. Эмгек жолумду Нарын шаарындагы жүк ташуучу автобазасында операторлук жумуштан баштап, ал учурдагы Советтик Армияда дагы кызмат өтөп келгем. Жогорку билим алгандан кийин прокуратурада, Бишкек мэрияда, бажыканада, юстиция министрлигинде, Нарын мамлекеттик университетинде эмгектендим. Өткөн жылы театрдын деректирлик кызматына сынак жарыяланганда катышып, анын жыйынтыгы менен бул кызматка дайындалдым. Мен сынакка жөн эле катышайын деген жокмун. Себеби 1962-жылы чыгармачыл үй-бүлөдө туулганмын. Ата энем Сейитказы Андабеков менен Койсун Карасартова бүткүл өмүрүн театрга арнаган адамдардан болушкан. Шартка жараша аларды ээрчип, айлап-айлап мен деле гастролдорго баргамын. Эч качан артист болбосом дагы, театрдын ички турмушун билчүмүн. Экинчиден ыраматылык атам кийинки жылдарда театр тууралуу абдан кейип кеп кылып калчу. Ошондо “эмне үчүн Нарын театры бир учурдагыдай даңазалуу эмес болуп бара жатат”,-деп ойлончу элем. Ошондуктан ата-бабалар иштеп кеткен, жогоруда белгиленгендей СССР Эл артистери, Кыргыз Эл артисттери, Эмгек Сиңирген наамдарга ээ болгон таланттуу адамдар иштеп кеткен ыйык жайдан, ошондой наамдарга жеткен кийинки муундар дагы чыгышы керек деп эсептеймин.

— Рахмат маанилүү маегиңизге.

Баарлашкан Күмөндөр УСУПТЕГИН, “Теңир Тоо” (Аймак пресс), 16.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий