Улуттук идея – “Манаста”

Адамзат тарыхында жашап өткөн ар бир элдер дүйнөнү ар кандай жолдор менен таанышкан жана таанууга аракет жасаган. Дээрлик көпчүлүгүнүн ааламтаанусу жашоо образынан, географиялык-климаттык шартынан, кошуна элдерден, тогуз жолдун тоомундагы аймактар менен байланыштарынан көп нерсе көз каранды болгон.

Ар бир эл дүйнөнү таанууда турмуштук тажрыйба, жашоо-шарты, жүрүм-турум эрежелери, коомдук түзүлүш сыяктуу көрүнүштөр алдыңкы планга чыккан. Адамзаттын балалык мезгилиндеги (алгачкы коом) мифологиялык түшүнүктөрү, жомоктору, эпостору, ырым-жырымдары, жер аталыштары ж.б. нерселеринин бардыгы ошол мезгилдеги адамдардын дүйнөтаануусу кандай болгондугунан кабар берет. Адамдын аң-сезиминин байыркы башат катмарындагы мифологиялык мейкиндиктен аалам сырларын өз көкүрөгүнөн өткөрүп, акылынын жетишинче ой чабытынан өткөрүп, иштеп чыккан. Ой жүгүртүү ар тараптуу болсо да, аң сезимдин балалык мезгилиндеги адамдардын мезгилдик-мейкиндик ой жүгүртүүсү жеткен чек, маданий мейкиндик акыркы чындык катары кабылданган. Ал чындыкты өмүр бою өздөштүрүп, өнүктүрүп жүрүп олтурду. Кийин башка элдер менен маданий ж.б. байланыштары дүйнөтаанымын өнүктүрүп, өстүрдү, кеңейтти.

Ар бир адамдын акылына келген идеяны кайсы маданий чөлкөмдүн өкүлү болсо, ошол маданияттын салттуу мейкиндик чегинен өткөрүп, элине сунуштаган. Грек-эллиндик маданиятта аны философиянын чегинде элге сунуштаса, семит элдеринин салттуу дүйнөтаанымында кудайдын осуяттарын жердеги элчилери (пайгамбарлары) аркылуу чындыкты жеткирет деп ойлошуп, алардын ойлорун акыркы чындык катары кабыл алышкан. Ар бир коом адамдын аң сезимине келген идеяны мурда калыптанган салттуулуктун негизинде элге берген. Грек-эллиндик маданиятка тийиштүү адамдарга келген ойлорду акын болсо ырлары менен, сүрөтчү болсо скульптуралык жасалгалары менен, философ болсо диалог түрүндө илимий анализ жасаганга аракеттенсе, ал эми, семит элине келген чоң идеяны акыл-насаат ирээтинде пайгамбарлардын сөздөрү менен бергенге аракет кылган. Мезгил-убакыттын өтүшү менен гректердин пайдаланган идеяны берүү ыкмасы өз актуалдуулугун жоготпой, андан да кеңири жайылып, модернистик деңгээлге көтөрүлө алды. Эми бизге да сунушталып жатат.

Ошондой эле нерсени көчмөндөр кандай берген деген суроо туулушу мүмкүн. Адамдын акылына келген ойлорду көчмөндөр географиялык-климаттык жашоо шартынан, социалдык-экономикалык жиктелишүү чегинен жана эң негизгиси, жоокерчилик духтун негизинде калыптанган маданий салттуулук менен бергенге аракеттенишкен. Евразия континентинде жашаган көчмөндөр, анын ичинде өзгөчө белгилеп кою шарт, кыргыздар адамга келген идеяны ыр жандуулук менен образдуу көкүрөгүнөн өткөрүп берген. Көчмөн кыргыз эли уюшма жашоо образы, консервативдүү ой жүгүртүүсү, сырттан келген маданиятты сын көз караш менен кабыл алуусу жеке өзүнө тийиштүү салттуулуктун нугунда дүйнөнү образдуу сөз менен тааныганга дилгирленген. Ошондуктан материалдык байлыкты өз ченеми менен пайдаланса да, кыргыз эли коомдук карым-катнашты материалдык байлыкка караганда руханий байлык менен жөндөп үйрөнгөн. Элибиз убаданы бек кармап, “айтылган сөз атылган ок” деп кабыл алган. Эпосубуздун көлөмдүү болушунун себеби да сөз баккан, сөз кадырлаган эл экендигибиздин далили.

Кыргыз элинин маданиятынын спецификалык өзгөчөлүгүнө жараша дүйнөтаанымын салттуу маданияттын чегинде манасчылык, төкмөлүк, сынчылык, кошокчулук өнөр аркылуу беришкен. Байыркы мезгилдерде дүйнөтаанымын образдуу ырга салып айтып көнгөн кыргыздын кудайтаанусу, алаамтаануусу дал ушундай салттуулук менен калыптанган.

Эл-журтка руханий тирек болчу улуттук идеяны эч жерден таба албай жаткан азыркы кыйчалыш мезгилде эпосту, фольклорду туруш-турпаты менен философия, идеология кылган эр-азаматтар көбөйдү. Байыркы мезгилде башат алып, орто кылымда түптөлүп, жоокердик дух менен калыптанган эпосубуз гуманистик идеяны башкы лозунг кылган 21-кылымга, т.а. азыркы мезгилге таптакыр шайкеш келбейт. Ошондуктан эпос, фольклор туруш-турпаты менен эч качан мамлекетибизге жол көргөзүп бере албайт. Фольклор, эпостогу мазмундарды жаңы бийиктикке көтөрүп, модернистик калыпка салып, байтүп башатында жаткан идеяны азыркы тилдин, азыркы түшүнүктүн калыбына салып чыгыш керек. Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун гениалдуулугу – кыргыз элинин кылымдарда топтолгон мифологиялык жана фольклордук бай казынасын жаңы бийиктиктерге көтөрүп, модернизмдин калыбына салып, азыркы замандын тилине чеберчилик менен оодарганында. Фольклор да, эпос да, каада-салт, ырым-жырым да туруш-турпаты менен азыркы мезгилдин талаптарына жооп бере албай калды, атургай, айрым жагдайларда өсүп-өнүгүшкө бөгөт болуп жатат. Фольклордун, эпостун пайда болуш мезгили, пайдаланыш максаты башка болгондуктан азыркы мезгилдин парадигмасына туура келбей калды. Мисалы: эпос да, фольклор да адамга руханий азыкты акыл-насаат ирээтинде берет, адам кандай болуш керек, эмне жаман, эмне жакшы экенин акылмандар насаат айтып үйрөткөн. Ал эми профессионал адабиятта адамга турмуш чындыгынын реалдуу көчүрмөсүн көркөм образда чагылдырып, башкы каармандын татаал карама-каршылыктарга туш келишин реалистик нукта сүрөттөп, окурмандарына автордук гуманистик концепцияны кыйыр түрдө ээрчитип сунуштайт. Ч.Айтматов пайдаланган фольклордук-мифологиялык сюжеттер чыгарманын курамына кирип кетип, анын ажыратып алгыс бөлүгү болуп калды. Фольклордук-мифологиялык сюжеттерди алып салсаң чыгарманын салмагы төмөндөп, берейин деген ойдун комплекстүүлүгү жоголот. Ошол эле фольклордук-мифологиялык сюжет эл катмарында туруш-турпаты менен тура берсе, эч качан Ч.Айтматовдун чыгармаларындагыдай эстетикалык ырахат тартуулап, адамзатты ойлондуруп, туура чечим чыгарганга түртмөк эмес.

Биз канчалык “жарым миллион саптан турган эпосубуз бар”, “күн нурунан бүткөн элбиз” деп мактанбайлык, ошол эпос, фольклордук чыгармаларыбызды Айтматов сыяктуу модернизациялабасак, жарым миллион саптан турган эпосубуз ата-баба калтырган тарых бойдон эч пайда-батасыз кала берет. Ошондуктан фольклордо, эпосто жаткан сакралдык мазмунду азыркы мезгилдин түшүнүктөрүнө оодарып, элге сунуштоо зарыл. Айтматов кыргыз элинин бай казынасын замандын талабына жараша өзгөртүп сунуштаганын адабий аспектиден алып мисалга тарттым. Ошондой эле модернизациялоону саясатчылар, философтор, сүрөтчүлөр, скульпторлор, бийчилер, комузчулар ж.б. коомдун интелектуал катмары айтматовдук методду пайдаланып ишке ашырса ийгиликтүү болмок.

“Эл-журтка руханий тирек болчу улуттук идеяны эч жерден таба албай жаткан азыркы кыйчалыш мезгилде эпосту, фольклорду туруш-турпаты менен философия, идеология кылган эр-азаматтар көбөйдү”.

Кыргыз элинин дүйнөтаанымынын спецификалык өзгөчөлүгүн жогоруда белгилеп өттүк. Элибиз алаамтаанусун ыр түрүндө көркөм чагылдырып келишкен. Кийин грек-эллиндик маданияттын идеяны системдүү, рационалдуу, эмприка-теориялык жактан берүү методу Кайра жаралуу доорунун өкүлдөрү тарабынан пайдаланылып, өнүктүрүлүп, бир системага түшүп, негизделип, ошол эле проект Советтик системанын базасында бизге келди. Ошондо кыргыз элинин пайдаланып келген көркөм образдуу ыр менен берүү методу модерн проектисинин алдында алсыз экенин көргөздү. Ошондуктан кыргыздын маданиятын модернизациялоо мезгилдин талабы болуп калды.

“Манас” эпосу жаралыш, өсүп-өнүгүш, калыптаныш тарыхында далай мезгилди башынан кечирди десек жаңылыштык болбосо керек. Эпостун жаралыш, калыптанышы боюнча союз мезгилинде көптөгөн илимий полемикалар болуп, талаш-тартыш жүрдү. Кыргыз эли эпосту ардактап, сыйлап, кадырлаганын “башканы коюп “Манасты” айт” деген ылакап кептен эле байкаса болот. Ага элибиз идеал туткан чындыктын баары сүңгүп кирип олтурган. Манас баатырдын образынан бир прототипти издесек жаңылабыз, анткени анын образында Барсбек баатырдын, Тагай бийдин, Атаке баатыр сыяктуу эл башчыларынын кыраакылыгы, айкөлдүгү, билгичтиги, тайманбас эр жүрөктүүлүгү сиңген. “Манас” деген аттын коюлушу деле өзүнчө идеалдуулукту берип турат. Кыргыз элинин байыркы доорлордогу мифологиялык башаттарында “Манас” деген кудайы бар болушу мүмкүн деген ойду убагында А.Токомбаев, М.Мамыров сыяктуу окумуштуулар жазып кетишкен. Анткени, байыркы гректерде Монада (монас), буддаларда Атма Будхи Манас, исламда Манас – айкөл (Ас-сахаадаль жуут аль харам), жоомарт, энергия куч-кубат (ан-нашшаат), экинчи маанисинде манас – найзанын учу, учтуулардын учтуусу (аль-мансату мус сина) сыяктуу түшүнүктөрдү берип турган. Мезгил өткөн сайын адамдын акыл-эси, дүйнө таанымы өнүгүп, турмушка, табигатка реалдуу мамиле жасай баштаганда кыргыздын “Манас” деген кудайы улут баатыры болуп, элибиз эпостун калыбына салып кайра жараткан чыгар. Анткен себеби, эли-журтун бириктирип жаткан улуттук баатырга ааламдык түшүнүк берилиши шарт эле.

“Манас” эпосу кыргыз элинин кан-жанынан бүтүп, кыргыз тарыхында турмуштун көчүрмөсү катары параллел жүрсө, ага элибиз чындык деп эсептеген дүйнөтаанымын, кудайтаануусун, баардыгын киргизип жүрүп олтурган. “Манас” эпосунун сюжеттик-композициялык курулушунун эң негизи мотиви “кулаалы таптап куш кылуу, курама жыйып журт кылуу” болгон. Мындай түшүнүк “Манас” трилогиясынын негизги өзөгү болуп калган. Бул, айрыкча, “Сейтек” эпосунда ачык-айкын көрүнөт. Бакай, Каныкей, Семетей, Күлчоро, Айчүрөк сыяктуу каармандар жашоонун азап-тозогун тартса да, аларга күч-кубат берген Манас тукуму Сейтек жана ошол адамдын алдындагы чоң милдет аларды өлтүрбөй кармап турган. Каныкей журт энеси болуп жүрүп торпок бакса да, Күлчоро жылкычы болуп мазакталса да, Айчүрөк сүйгөн жарынан ажырап, күйөөсүн өлтүргөн топтордун кучагында калса да жашоосун акыркы үмүт жана милдет менен жашайт. Бул адамдардын баардыгын бириктирген бир идея болгон – ал Сейтекке башкаруучулукту алып берүү, болгондо да жөн гана байлык-бийлик үчүн болгон күрөш эмес, кыргыз элинин мамлекеттүүлүгү жөнүндө маселе болгон. Дал ушундай чоң милдетти жана жоопкерчиликти аткарган адам гана кайып дүйнөгө же азыркынын сөзү менен айтканда “бейишке” кирет деп ишенген. Сейтекке чоң кыйынчылык менен бийликти алып бергенден кийин Бакай, Каныкей, Семетей, Айчүрөк, Күлчоро байлык-бийликке мас болуп жашап жүрө беришкен жок. Ошондуктан материалдык байлык-бийлик маселеси жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес, бул жерде түбөлүктүүлүк тууралуу ой турат.

“Сапарыбыз карыды
Өлө турган кез болуп
Бу дүнүйө тарыды.
Көбүрөөк туруп нетели
Адам көрүп, журт билгис
Жерге кирип кетели.
Дешип Бакай, Каныкей
Күлчоро менен Семетей
Айдай жеңең Айчүрөк
Бешөө кайып болушуп
Кетмек болду сапарга.
Кайып болду каныбыз
Эми,
Түк кезикпейт жаныбыз.
Эр Семетей баш болуп,
Бешөө сапар жол жүрдү”.

(С.Каралаев. “Сейтек” Б. 1005.)

Сейтек аркылуу жалпы журттун алдындагы милдетти аткарыш үчүн беш каарман жашоонун азап-тозугун көрүп, кыйналып жүрүп, бийликти алып беришкен. Байлык менен бийликке умтулуу материалдык кызыкчылык менен каралган эмес, руханий өзөк менен башат алып олтурат. Кыргыз элинин маданиятында жогорку бийлик структурасында жалпы элдин үстүнөн бийлик жүргүзүү менен байлык топтоо түшүнүгү негизгилерден эмес экенин, алар үчүн элинин алдындагы чоң милдетти аткаруу ишеними турганын көргөзүп турат.

Эпостогу элдин алдындагы чоң жоопкерчилик маселесеси орто кылымдагы Энесай жазмаларында да орун алган. Ал жазмалар кошок ирээтинде жазылып, өлгөн адамдын элесине арналган. Эң кызыгы, элинин алдындагы жоопкерчиликти аткарып, элинин ыраазылыгын алган адам гана Теңирдин ыраазылыгына татыйт деп эсептелген. Ал “Он энеси, тогуз уулу бар (болгон) үчүн”, “Алптыгы үчүн, эрдиги үчүн түбөлүк ташты тургузду” деген сыяктуу ойлор менен берилген. Негизи, тексттердеги ойлордо кандай иш кылгандыгы үчүн дегенди сөзсүз жазышкан. Ал бул турмушта эмне иш кылды жана ошол иши эли үчүн пайдалуу болдубу деген сыяктуу ойлор чагылган.

“Бөкмөдүм” деген сөз дээрлик көпчүлүк тексттеги сүйлөмдө кездешип, “канааттанбай калдым” деген сөз менен синонимдеш катары кабылданган. “Бөкмөдүм” деген сөздүн мазмуну көп жактуу болушу мүмкүн деген ойдомун. “Бегиме тойбодум”, “Жердеги барс тегиме (уруума), эрдемдүүлүгүмө (баатырлыгыма) тойбодум” – бегиме дагы да кызмат кыла албай калдым деген ой Барсбек кагандын эстелигине чегилген. Ал эми Барсбек каган Суңга токоюнун алдында түрктөрдөн жеңилүү ызасын тартып, каза болгонун эске алсак “баатырлыгыма тойбодум” деп гана жазылган, башка нерсеге “тойбой калганы” жөнүндө жазылган эмес. Элин түрктөр басып киргенде баатырлык кылып, алдындагы чоң милдетти аткара албай калганына канааттанбай жатат.

Барсбек кагандын эстелегинде “Сакчыларымдан айрылдым, (аркы дүйнөгө) тандалып кеттим мен” деп айтылган. Дал ушул айтылып жаткан Бакай, Каныкей, Семетей, Күлчоро, Айчүрөк сыяктуу каармандардын Сейтектин алдындагы милдетти аткарганы, Барсбек ажонун “каган” деген титулду алып, көз карандысыз мамлекет кура алгандыгы менен элинин алдындагы милдетти аткарып, кайып дүйнөгө беш каарман сыяктуу тандалып кетти деп айтылып жатса керек. Барсбек кагандын жана башка эстеликтеги кишилердин жасаган эмгектерин урпактарга даңазалоо менен кошо Теңирдин кайып дүйнөсүнө өтүү же кошуу негизги максат болгон.

Семит элдериндеги кылымдап калыптанган салттуулукту сактап Мухаммед пайгамбар ислам динин негиздеген. Ислам дининин түркүгү катары бир кудайга ишенүү, беш маал намаз окуу, зекет-садака берүү жана ажылыкка баруу сыяктуу милдеттерди киргизген. Дал ушул милдеттерди аткарган адам гана бейишке кирет деп белгилейт. Ал эми көчмөндөр үй-бүлөнүн жана, эң негизгиси, мамлекет алдындагы милдетти аткарган адам кайып дүйнөдөн орун алат деп ишенишкен. Ошондуктан, “Манас” эпосунда бул милдет көркөм образдар менен баяндалып, кийин ислам дини киргенде катмарланып кеткен.

Беш маал намаз окуп, чиркөөгө барып чокунуу сыяктуу система көчмөндөр табиятына шайкеш келген эмес. Табияттын койнунда көчүп-конуп жүргөн элдерге бир күндө беш маал намаз окуп, чиркөөгө тобо кылып барып, кудайдын ыраазылыгын алуу ишенимине караганда үй-бүлөнүн, бир туугандын, мамлекеттин алдындагы милдетти аткарып кудайды таануу практикалык жактан ыңгайлуу болгон. Көчмөн баласы жашоосун кадимкидей эле жашап жүрүп, жараткан кудайды тааныганга аракеттенишкен.

Көчмөн кыргыз элинде үй-бүлөгө караганда уруунун, урууга караганда мамлекеттин кадыры жогору бааланып, аз — көпкө, жапыз — өйдөгө, кичи — улууга баш ийип турган. Керт башына караганда үй-бүлөнү, үй-бүлөдөн жалпы элдин укугун жогорулатсаң, жеке керт башка караганда жалпы жамааттын иши үчүн көкүрөгүн окко тоскон адамдардын жан дүйнөсү калыптанган. Демек, элибиздин жогорудагыдай моралдык-этикалык нормалары акыры барып Теңирди таанууга, чындыкка жетүүгө болгон турмуштук-практикалык жөнөкөй аракети десек куюлуп түшчүдөй.

Кыргыз элинин кудайды таануу формуласы [индивид – коом – Теңир] болсо, ал эми динде [индивид — кудай] түшүнүгү болуп, коомдун алдындагы милдет экинчи планга, кудайдын алдындагы милдет биринчиге чыккан. Намаз окуса, битир-садакасын берсе жана ажыга барып келсе, баардыгын жеке өзү үчүн жасап, адамдын кудай алдындагы жекелик орду көбөйүп жүрүп олтурган. Кудай алдындагы милдет биринчи планга коюлуп, жамааттын алдындагы жоопкерчилик экинчи планга ыргып кеткен.

Мезгил-убакыт эч качан бир нукта турбайт, кыргыз коомчулугу да өзгөрүүгө учурап жатат. Жогоруда сөз кылдым эле, “Манас” эпосу азыркы туруш-турпаты менен эч качан мамлекеттүүлүктүн негизи боло албайт деп. Андагы өзөктүү ойлорду Айтматов сыяктуу азыркы гуманистик замандын тилине оодарыш керек. Кыргыз эли орто кылымда (Манас доорунда деп шарттуу алалы) болгон энергиясын коомдун алдындагы милдетти аткарууга арнаган, тактап айтканда, душмандар менен салгылашып, каганатын негиздеп, кылыч кармап, жоо менен салгылашкан. “Манас” эпосундагы Манас баатыр жана анын жоро-жолдоштору, жубайы кыргыз эли үчүн чоң миссияны аткарган. Азыркы гуманизм доорунда кыргыз коомуна эпос менен фольклорду турган турушу менен идеялык өзөк тутууну сунуштагандардын жоругу азыркы мезгилде Манас баатыр сыяктуу Пекинге чоң чабуул уюштур деген акылсыз кеңеш сыяктуу эле. Кыргыз коомунун жоокерчилик замандагыдай согушуу муктаждыгы жок. 19-кылымда кыргыз уруулары коомдун (уруунун) алдындагы милдетти аткарып, уруу аралык чабыштар байма-байма болуп турган. Совет мамлекети бири-бири менен болгон согуштарды жоюп, алардын жоокерчиликке арнаган энергиясынын бүт баарын искуствого, экономика, маданиятка багыттаган. Мүмкүн, 20-кылымдын 60-70-жылдарындагы “Кыргыз кереметинин” жаралышына формалык жактан Совет мамлекети жардам берсе, мазмундук жактан кыргыздын өзөгүндөгү дың жаткан фалсафий маңыз түрткү болсо керек.

Азыр кыргыз элинин алдындагы милдетти манасжандуулар киного, балетке, көркөм адабиятка, этномузыкага, этнобийге, сүрөткө, мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүгө арнаса, кайып дүйнөдөн орун алат деген руханий азык жетпей жаткан сыяктуу.

Амангелди Сабыр уулу,
Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы
Тил жана адабият институтунун «Манас», фольклор жана акындар чыгармачылыгы»
бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери,
«Кыргыз тили», 25.04.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий