Залкар актриса Алиман Жанкорозова…

Алиман Жанкорозова 1916-жылы Ысык-Көлдүн чыгышында, Түп районуна караштуу Сары-Тологой айлында өз оокатына тың кишинин үй- бүлөсүндө төрөлгөн. Айылдаштарынын арасынан ыр жандуу, тамашөкөй, тирикарак кыз болуп өзгөчөлөнүп турар эле. Атасы Жанкороз ырга ышкыбоз, комузчу, санжырачы адам болчу. Анын үстүнө кезегинде Карамолдо, Ыбырай, Орозакун, Каптагай комуз чертип, Саякбай «Манас айтып», эки-үч күн коно жатып кетишчү. Коноктор кеткенден кийин Тайторуну өзү чаап эрмек болоор эле.

Алиман Жанкорозова акырындап бой тарта баштаганда элдик залкар ырчы, комузчулардын ыр-күүлөрүн зор ынтаа менен укканы, оюндарга аралашып жүрүшү кийин актёрдук шыктын ачылышына көмөк көргөзгөн. Болочок актриса 1931 –жылы октябрь айында Фрунзеге келип 1932-жылы радиокомитетке дикторлукка орношот. 1933-жылы Шейше Орозов Жанкорозованы театрга чакырат.

1934-жылы Алиман Жанкорозова Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссириаты кабыл алган атайын чечим боюнча Өзгөндө колхоз-совхоз театрын уюштурууга жөнөтүлөт. Театрдын директорлугуна жана режиссёрлугуна Дооронбек Койчуманов дайындалат. Ал эми Алиманга биринчи актрисалык жана уюштуручулук милдет жүктөлөт. Ошол жылдары Кыргызстандын бир топ жерлеринде колхоз-совхоз театрлары уюштурулуп, алар элди драматургиянын классикалык үлгүлөрү, жаңыдан жазылып бүткөн улуттук драматургдардын чыгармалары менен элдин кеңири катмарын тааныштырууда, эстетикалык тарбия берүүдө зор роль ойногон.

Өзгөн театрында А.Жанкорозова Д.Койчумановдун «Алай артында» — Зейнептин, Т.Байжиевдин «Ичтегилер» — комсомол кыздын, К.Жантөшөвдүн «Дардашында» — Сыландын, М.Токобаевдин «Кайгылуу Какей» — Какейдин образдарын түзөт. 1937-жылы Пржевальск шаарында жаңы ачылган театрга которулат.

Театрдын репертуарында К.Маликовдун «Күлүйпа», Ж.Бөкөнбаевдин «Токтогул», О.Сарбагышевдин «Майдан», Н.Гогольдун «Үйлөнүү» пьесалары коюлган. Ал пьесаларда Алиман Жанкорозова «Күлүйпада» Күлүйпанын, «Үйлөнүүдө» Агафья Тихоновнанын, «Токтогулда» Токтогулдун энесинин образдарын жаратат.

1939-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасында «Токтогул» спектаклинде Токтогулдун сокур энесинин образын жараткандыгы үчүн «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти» деген наам ыйгарылды. Ошондо Алиман Жанкорозова 23 жашта болчу.

1971-жылы театр искусствосуна салган чоң салымы үчүн Алиман Жанкорозовага Кыргыз ССРинин Эл артисти деген наам ыйгарылды. 1972 -1976-жылдарда Алиман Жанкорозова Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштеп көптөгөн жаңы образдарды элге тартуулаган.

Театр, Алиман Жанкорозова үчүн актерлук чеберчиликтин лабараториясы болуп киноматографияга бай чыгармачылык багаж менен кирди. 1961 жылы «Тянь-Шандык кыз» (режиссер А.Очкин) тасмасында Зуура эненин ролун аткарды. Бул роль кинонун өзүнө тиешелүү өзгөчүлүгү менен биринчи ирет таанышты. 1967-жылы «Бакайдын жайыты» («Небо нашего детства» режиссер Т.Океев) башкы каарман Бакайдын байбичеси Урумдун ролун аткарды.

1968-жылы «Мосфильм» киностудиясынын режиссеру Ирина Поплавская белгилүү жазуучу Ч.Айтматовдун «Жамийла» повести боюнча тартылган фильмде эненин ролун жараткан. Бул тасмада Эненин образын ички бушайман калыбында коюп, көрүүчүнү да ойго салат. 1971-жылы «Уркуя» («Отко таазим» режиссер Т.Океев) фильмде эки эпизоддо тартылган, бирок жупуну жана катаал манерада тартылган тасманын логикасына жана ыңгайлык, ыргактык өзгөчөлүгүнө жараша актриса урунттуу көркөм каражаттарды таба алган. «Көчө» тасмасында (режиссер Г.Базаров, 1972ж.) актриса Бороштун кемпиринин образын түзөт.

1973-жылы «Лютый» («Көк серек», режиссер Т.Океев) катаал дүйнөгө чыйралган чоң эненин образын жаратат. 1974-жылы «Улыбка на камне» («Таштагы жылмаю», режиссер Ү.Ибрагимов) тасмасында согушка кеткен баласынын жалгыз катын кармап калган кемпирдин образын укмуштуудай таасирлүү жараткан.

1975-жылы «Красное яблоко» («Кызыл алма», режиссёр Т.Океев) тасмасында министрдин энесинин образын түзүүдө каармандын өз алдынча турмушка көз карашы бар, акыл-эстүү, жылдар өткөн сайын адамдык наркты дагы таразалап, мээримдүүлүгү, улуулук туюму менен баарын баамдаган, сырткы салмактуу көрүнүшү анын инсандык олуттуулугунан кабар берип турган кыргыз байбичеси катары көз алдыга тартат.

1985-жылы «Ак илбирстин тукуму» (режиссёр Т.Океев) тасмасында байыркы мергенчилердин акылчысы жана аларга жол көрсөткөн көсөм Энеси Сайкалдын образы актрисанын буга чейинки кыргыз байбичелердин театрдагы, кинодогу эстен чыккыс обликтерин берүү жолундагы изденүүлөрүнүн белгилүү өлчөмдө жыйындысы сыяктуу. Сайкал эне канчалык сыйкырдуу, чындап эле жомоктон чыгып келгендей сүрү, касиети менен көрүнсө да, актриса өз каарманын, дамдык тегин, маңызын унутпайт. Кыргыз улуттук кино искусствосунун алтын фондусундагы тасмаларды кимдер гана кѳрyшпѳсyн, кѳп кырдуу таланттын ээси — Алиман Жанкорозованын классикалык образдарды жаратканы аркылуу кыргыз журтчулугубуздагы мээрман, айкол, Умай эненин портреттерин кѳрѳбуз, суктанабыз, улуу талантка таазим жасап шыктанабыз.

Майрам Калыгулова, Билим берүү башкармалыгынын
музыка, сүрөт сабактары боюнча башкы адиси,
“Чагылган”, 08.04.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий