Элдин эл экени – эне тилинде

Өлкөбүз Кыргызстанды мекендеген көптөгөн элдер үчүн да өз эне тили кандай ардактуу болсо, Ала-Тоо койнундагы элдерди бириктирүүчү, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарта” турган кыргыз тили бул элдер үчүн дал ошондой ыйык, дал ошондой аруу.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде соңку жылдары бир топ алгылыктуу иштер жасалды. Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын, Өкмөттүн мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча токтомдорун турмушка ашырууда КУУнун окутуучу-профессорлук курамы, кызматкерлери жана студенттери реалдуу иш чараларды жасоого жетишти.

Аталган маанилүү документтерге ылайык КУУнун ректорунун буйругу менен Университетте 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн программасы иштелип чыгып, Программага ылайык окуу жайдын бардык факультеттеринин иш пландары даярдалган.

Программанын максаты Улуттук университетте мамлекеттик тилди жайылтуу, болочоктогу адистерди кыргыз тилинде кесиби боюнча эркин ой жүгүртүүгө, жогорку деңгээлде баарлашууга, маданияттуу жазууга багытталган иш мерчемдерди камтыйт.

Бул программага ылайык Улуттук университетте 2015-2020-жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жол картасы да иштелип чыкты. Жол картада мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн стратегиялык жана тактикалык иш аракеттери ай, жылдарга бөлүнүп, этап-этабы менен иштелүүчү иш чаралардын мазмун-маңызы айкын чагылдырылган.

Коомдук негизде түзүлгөн университеттик масштабдагы “Мамлекеттик тил комиссиясы” мурдатан иштеп келе жаткан жумушун улантып, өзгөчө, окуу куралдарын мамлекеттик тилде чыгарууга сунуштоодо квартал сайын өзүнүн жыйынын өткөрүп, ар бир жыйында мамлекеттик тилге байланыштуу маселелерди талкуулап келет.

“Университет болочоктогу кадрларды мамлекеттик тилде сүйлөй билгенге, жаза билгенге, келечектеги ишин сапаттуу жүргүзө алганга даярдап жатабы?” деген талылуу суроо туулат.

Ырас, айрым адистиктер боюнча окуу пландары жана жумушчу программалар мамлекеттик тилде даярдалууда. Бирок, басымдуусу расмий тилде. Аталган документтерди акырындык менен мамлекеттик тилге өткөрүүгө милдеттүүбүз. Мындан тышкары, окуу китептери, окуу куралдары, кээ бир учурларда окуу-методикалык комплекстер да мамлекеттик тилде даярдалып, жарык көрүп жаткандыгы бизди кубандырат.

Жогоруда аталган мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы эксперттик жумушчу топтун элегинен өтүп, жактырылган ар кандай адистик боюнча мамлекеттик тилде жазылган 15 аталыштагы окуу китептери ар бири 500 нускада акысыз жарык көрүүдө.

Бүгүнкү күндө биздин окуу жайдын сунуштамасы менен Билим берүү жана илим министрлигинде ар кандай багытта 20 окуу китеби даяр турат. Алар эксперттик тастыктоодон ийгиликтүү өтсө, жогорку китептердин катарын толуктап калышы мүмкүн.

Университеттин алдындагы тил үйрөнүү борборунда кыргыз тилин үйрөнүүчүлөрдүн арасында чет өлкөлүк студенттер жылдан-жылга көбөйүүдө. Алардын географиялык дареги ар тараптуу, мисалы: АКШдан, Жапониядан, Украинадан, Канададан, Малайзиядан, Филиппинден, Индонезиядан, Кытайдан, Түштүк Кореядан ж.б. Булар жалаң гана кыргыз тилин үйрөнбөстөн, байыркы этностун тарыхын, салт-санаасын, маданиятын, географиясын кызыгуу менен үйрөнүп жатышат. Тил үйрөнүү борборунан окуп, андан ары окуусун кыргыз филология факультети менен тарых факультетинде студент катары уланткандар жана бүтүп кеткендер бар.

Кыргыз улуттук университетинде иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү ишин жакшыртуу максатында окуу жайдын кызматкерлерине, лаборант, методисттерге 72 сааттык курс өткөрүлдү.

Мамлекеттик тил боюнча проректордун алдында түзүлгөн окуу-методикалык комиссия мамлекеттик жана расмий тилдер боюнча мамлекеттик тил бөлүмү менен биргеликте тажрыйба алмашуу, жаңы ыкмаларды жайылтуу максатында ар бир факультетте ачык сабактарды өткөрүүнү салтка айландырган.

Жакшы саамалыктар менен бирге чечүүнү талап кылган маселелер да арбын. Алар: Факультеттердеги кыргыз топторун аныктоо; Расмий тилдеги топторго өтүлүүчү кыргыз тили сабагынын өтүлүш деңгээлин жана алардын натыйжалуулугун көзөмөлдөө; Кыргыз тилчи окутуучулардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча окуу-семинарларды уюштуруу; Окутуу жана типтүү программалардын мамлекеттик тилде жазылышын декандар менен бирдикте көзөмөлгө алуу. Үлгүлөрүн сунуштоо; Компьютердик программаларды мамлекеттик тилге толук өткөрүүгө жардам берүү; Окуу дисциплиналарын мамлекеттик тилге өткөрүүнү тездетүүгө жардам берүү; Иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүүнү ыкчамдатууга кол кабыш кылуу; Улуттук университетте деканаттар менен биргеликте көрнөк-жарнактарды кыргызчалоону, адепке, ыйманга, маданиятка чакырган макал-лакаптарды илүүнү уюштуруу; Окуу-усулдук комплекстерди түзүү жана филологиялык эмес адистиктер үчүн мамлекеттик тилде базалык атайын адабияттарды которууну уюштуруу жана аларды конкурстук негизде чыгаруу; Билимдин ар түрдүү тармактары боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө мамлекеттик тилди колдонууну кеңири жайылтуу.

Сөз башында айтылгандай, эне тил ар бир эл үчүн ыйыктын ыйыгы. Ала-Тоону мекендеген ак калпак элибиз да “Эне сүтү бойду өстүрөт, эне тили ойду өстүрөт” деген накыл сөзүн туу тутуу менен эне тилин ыйык көрүп келет. Ал эми ыйык нерсени аруу тутуу, кош каректей таза сактоо ар бирибиздин милдетибиз.

Садык Алахан, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун
мамлекеттик тил боюнча проректору, профессор,
«Кыргыз тили», 25.04.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий