Төрөкул интриган оюндун курмандыгы болгон

Кыргыздын көрүнүктүү уулдарынын бири, Төрөкул Жанузаков 1893-жылы Талас районундагы Талды-Булак айылында жарык дүйнөгө келген деп жазма булактарда жазылган пикир орун алган.

Төрөкул Жанузаков – Падышалык Россиянын тушунда Түркстан генерал-губернаторунун котормочусу, орус Думасына кандыдаттыгы көрсөтүлгөн. Совет бийлигинин алгачкы мезгилинде Түркстан Республикасынын Борбордук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болгон. 1921-жылы Анжиан уезиндеги Исраил корбашыга кошулуп, кызыл аскерлер менен болгон согушта курман болгон деген туура эмес маалыматтар орун алып келе жатат. Бул багытта терең изилдөө иши али алдыда. Төмөндө айрым бир учурлар жөнүндө кеп кылабыз.

Кыргыздын көрүнүктүү уулдарынын бири, Төрөкул Жанузаков 1893-жылы Талас районундагы Талды-Булак айылында жарык дүйнөгө келген деп жазма булактарда жазылган пикир орун алган. Бул бүгүнкү күндүн көз карашынан алып караганда адиминстративдик бөлүштүрүүгө ылайык келет. Ал эми ошол кездеги падышалык Россиянын административдик аймактык бөлүштүрүүсү боюнча алып карай турган болсок, Сыр-Дарыя облусунун Олуя-Ата уезинин №5-айылындагы Орто-Кошой өзөнүнүн Узун-Булактын оозунда төрөлгөнү тууралуу маалыматтар тагыраагы десек болот. Ошол мезгилдин турмушу, жашоо шарты кокту-колоттордо турмуш кечирген 5-6 түтүндөн жашап, мал чарбачылык менен алектенген боз үйдө жашашкан.

Төрөкулдун атасы – Жанузактын ата-бабасы жердигинен бардар бай-манаптын тукумунан болушкан. Жанузак эл оозуна алынган сөзгө устат, кепке чечен адам болгон. Куюлуштуруп сүйлөгөн сөзүнө эл муюп уккан. Калкка жугумдуу таасын сөздүүлүгү аркылуу ошол кездеги орус бийликтери менен алака түзгөн. Ногой молдону (мугалим) алып келип балдарды окуттурган соопчулук иш да жасаган. Тун уулу Төрөкул ошол молдонун колунда окуп, кийин Жанузак Үч-Кумбелди ашып барып, Казакстандын Меркесиндеги орус-тузем жатак мектебине Төрөкулду окуткан. Бул 1904-жыл эле.

Ал жерден баласы зээндүүлүгүнөн жакшы окууган алдыңкы окуучулардын катарына эле кошулбастан, экинин-бири катары суурулуп алдыга чыккан. 1909-жылы мектепти эң жакшы баалар менен аяктаган. Айрым маалыматтарга караганда казактын белгилүү уулдарынын бири болгон Турар Рыскулов экөө атаандашып окушкан деген да кеп бар. Булар жек-жааттык байланыштары болгон дешет. Себеби, Төрөкулдун апасы казак кызы болгон.

Экөө тең падышалык Россиянын тушунда бири кыргыз элинен чыккан, экинчиси, казак элинен чыккан жаш билимдүү өспүрүм кездеринде эле орус бийлигинин көз кырына илинишип, бийлик бутактарына аралашышкан жүктү аркалашкан. Дайма бирин-бири колдошкон. Алар мектепти бүткөндө эле Төрөкул Жанузаков ошол кездеги Түркүстан генерал-губернаторунун котормочу-тилмеч катары ишке алынышы тегин эле жерден болгон эмес. Жүнү-башык тың, бышык-чыйрак, орусчаны таза эле сүйлөбөстөн кепке атасындай чечендиги аркылуу 16 жаштагы өспүрүм бала генерал-губернатордун жардамчысы (адъюдант) болгон. Турар Рыскуловдун биринчи алган аялы генерал-губернатордун кызы болгодугу бекер жеринен болбосо керек…

Улуу Октябрь революциясынан кийин да совет бийлигине экөө тең эриш-аркак кызматташып иштешкен. Бирок айрым бир булактардан кездештирген окуяларга таянганыбызда өтө курч адам болгондугу байкалат. Ошонусу да кээ бир орус чиновниктерине жага бербеген. Алардын алдында бүжүрөп турбаган Төрөкул курчтугунан тең ата сүйлөгөн касиеттери орустардан душман табуусуна алып келген. Айрыкча Дмитирий Фурмановдун интриган оюндарына чоң карама-каршылыкты көрсөткөн. Экөөнүн ортосундагы жикке бөлүнүү келип чыккан.

Фурманов Михаил Фрунзеге таянып, кыргыздын белдүү жигиттеринин бири Төрөкулдун көзүн тазалоого жетишкен. Себеби, Түркстандын ошол кездеги аскер башчысы Фрунзе менен Фурманов экөө аялдары жагынан, кыргызча айтканда, атанын эки кызын алышкан бажалар болушкан. Ушундан улам Россияда Фурмановдун башына “кара туман” айлана баштаганда Фрунзе Түркстанга келишине себепкер болгон. Бирок анысы большевиктик партия жиберди гана кылышкан. Буга ак гвардия менен болгон күрөштө далай эрдиктерди көрсөткөн легандарлуу Чапаевдин өлүмүнө себепкер болгон деген, Дмитрий Фурмановдун үстүнөн Чапаевдин кызынын жазган арыздары Түркстанга келишине аргасыз кылган. Бирок Чапаев жөнүндө жазган чыгармасында да, “Козголоң” романында да өзү гана таза адам катары сыпаттаган. Фурмановду колдогондор аркылуу Чапаевдин кызынын арызы кароосуз калган. Мунун артында тургандардын бири Фрунзе экини эч кимге деле жашыруун эмес. Далай жерге арызданып, бирок ал арыздар кароосуз калган. Мына ушундай жаңжалдан улам Түркстанда башкы командачы болуп турган Михаил Фрунзе аркылуу Түркстанга келип, интриган оюндарынын курмандыгына Төрөкул кабылган.

Деги эле азыр Төрөкул тууралуу терең изилдеген изилдөөлөр анчалык деле көп эмес. Али тарыхтагы ак тактары арбын. Самарканд шаарында Түркстандын Конистутциясын талкуулоодогу анын орду жана Баку шаарында өткөн Чыгыш элдеринин биринчи конгресске катышканы боюнча тарыхчылардын айткандарынан башка маалыматтар жокко эсе. Бул эки жердеги сүйлөгөн сөздөрү боюнча стенографиялары азырынча кыргыздарга жете элек. Болгону тарыхчылар орустун белгилүү адамдары Григорий Зиновьев, Лев Троцкий, Сергей Киров менен тең ата сүйлөшкөнү тууралуу гана айтышканды билишет. Эң негизгиси стенографияларды элге жеткире алышпай жатат.

Өлүмүнө себепкер болгон окуя да чынында аябагандай чаташтырылып айтылып келе жатат. Мисалы, Төрөкулду басмачы болуп кеткен деген пикирлерге кошулууга болбойт. Муну терең изилдөө милдеттери алдыда турат. Себеби, Израил корбашы анчалык деле белгилүү басмачы эмес. Эгерде Маданбек жөнүндө кеп болсо анда кеп башка.

Өзүн укумуштуудай сезген Фурмановго Жанузаков чөгөлөп, жазакерлик кылган эмес. Ал тургай айтыша кеткен учурларын Фурмановдун өзү “Козголоң” романында кыйыткан жерлери арбын эле бар. Фрунзе менен бажалыгына таянып, өзүнө ийилбегендердин көч башында турган Төрөкулга каршы күчтөрдү пайдаланып, интриган иштерди уюштуруу максатында Альвин, Кушин, Федоров сыяктуу “жан жоокерлери” менен: “Жанузаковду басмачыларга кошулуп кетти”, – деген жалган маалыматтарды элге таратышкан.

Ырас, басмачы болуп кеткен эмес. Израил менен мурдатан байланышы болгон болуу керек. Кийин ал корбашы болуп кеткенде Түркстандын өзү жазган Баш мыйзамын тааныштырып, кызылдарга өтүү боюча сүйлөшүүгө барып кайра келе жаткан жеринен фурмановчулар атып өлтүрүшкөн. Алдындагы кара кашка зоот аты Базар-Коргон районундагы Сай айылына качып келген. Айылдыктар атты таанып, Төрөкулду ак кепиндеп, дөңдүн кырына кара кашкага артылган куржунду кошо көмүшкөн. Эки көзүнүн ичи толо китеп болгонун илгерки чалдар айтканын уккандар бар экен. Бирок алардын катары азыр суюлуп баратат. Балким, ошол дөңдөгү бейитти казып көрсө баалуу мурасыбыз табылып калышы да мүмкүн.

Чынында 29 жаштагы Төрөкул фурмановчулардын “интриган оюнунун” курмандыгына айланганын, балким, далилдөө кыйынга деле турбайт. Кезинде бул киши өзүнүн курчтугунан душман топтоп алган. Троцкий менен тирешкен Төрөкулга Фрунзе менен Фурманов эмне болуп калыптыр.

Эл арасында айтылып жүргөн көп эле нерселер бар. Балким, аны ырастоочу булактар дале болсо Түркиядан жана башка чет өлкөлөрдө чыгып калабы деп үмүттөнүп турабыз. Бул кишинин өмүр-таржымалындагы ак тактарды тактоо, тактык киргизүү келрек деп ушундан улам айтып жатабыз.

«Талас турмушу» (Аймак пресс), 21.10.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий