Талас — шаарлардын өрөөнү

Талас Орто Азиядагы байыркы шаарлардын бири.

Талас өрөөнү тээ байыркы сактар, усундар, каӊгүйлүктөр мекендеген тарыхы тереӊге тамырлаган өрөөн. Арча, карагайлуу, ак мөңгүлүү бийик-бийик тоолор, өзөн-өзөндөрдөн күркүрөп аккан суулар, бадалдарды, токойлорду, шалбааларды, талааларды кесип өткөн Талас дарыясы, Батыш менен Чыгышты бириктирип турган Улуу Жибек жолу, өрөөндө көчмөн мал чарбачылыктын, отурукташкан дыйканчылыктын, сооданын, кол өнөрчүлүктүн шаар маданиятынын өнүгүшүнө жакшы шарт түзгөн.

Белгилүү окумуштуу археолог А.Н.Бернштамдын пикири боюнча көчмөндөрдүн байыр алып турган сүйүктүү мекени Жети Сууга анын ичинде Талас өрөөнүнө б.з. I к.к. Орто Азиянын борборундагы Заравшандын бойлорунда орун алган оазистерден иран тегиндеги ууруулар башкача айтканда согдулуктар келе баштайт. Анткени Согдияда кул ээлөөчүлүктүн күчөшү, чарбада кулдардын эмгегинин кеӊири колдонулушу, сооданын жана кол өнөрчүлүктүн өнүгүшү согдулуктарды өздөрүнүн туулган жеринен алыс аймактара иш издеп кетүүгө аргасыз кылган. Ошентип кул ээлөөчүлүк өндүрүш жолунун натыйжасында согдулуктардын кеӊири оторлоштуруу ишмердиги башталган. Согдулук оторлошуу бүткүл Жети-Сууну, Ысык-Көлдү кучагына камтып, андан Ары Теӊир-Тоо аркылуу өтүп, Чыгыш Түркстанга кирип барып, Улуу Кытай дубалына жетип токтогон. Согдулук оторлор Самаркандтан Лоб-Нор менен Дунь-Хуанга чейин созулуп жаткан.

Жер которуп келген иштерман дыйкандар менен кол өнөрчүлөр башка уруулардын адамдары менен соода гана жүргүзүшпөстөн, алардын аймактарын да өздөштүрүшкөн. Мында көчмөндөрдүн айылдары менен катар дубалдар жана жалдар менен курчалган согдулуктардын курулуштары да пайда болгон. Алардын келиши менен Жети-Сууда дыйканчылык өнүккөн. Ага чейин бул аймакта дыйканчылык өтө примитивдүү мүнөздө болуп, анын чарбадагы үлүш салмагы жарытымсыз болгон.

Согдулуктар өздөрнүн түпкү мененинде перс тилинде сүйлөшкөн. Бирок Жети-Суукга көчүп келген согдулуктар жергиликтүү элдин үрп- адат салтын кабыл алып, тилин үйрөнүп акырындык менен түрктөшүү процесине тушугушкан. Махмуд Кашгаринин Баласагундун жана башка шаарлардын тургундары согдулуктарча жана түрктөрчө сүйлөшөт деп жазса белгилүү окумуштуу, чыгыш таануучу В.В.Бартольд XI кылымдын экинчи жармында Жети-Суулук согдулуктар, улуттук өзгөчөлүктөрүн жоготуунун акыркы стадиясын башынан кечирип жатышкан: согдулукча сүйлөгөн адамдар бар болгон, бирок жалаӊ согдулукча сүйлөгөн адамдар жок болуп калган деп белгилеген.

Согдулук шаарлар үч бөлүктөн–сепилден, шахристандан, рабаддан турган. Сепил шаардын абдан бекемделген бөлүгү болуп, анда өздөрүнүн аскер кызматчылары менен бирге шаардык жана аймактык акимдер жашаган. Сепил шахристандын аймагында жайгашкан. Шахристандын бекемделген өзүнчө чеби болгон. Анын ичинде феодалдардын, соодагерлердин жана дин кызматчыларынын үйлөрү, ошондой эле коомдук имараттар, мечиттер, соода кампалары, базарлар жана башка курулуштар жайгашкан. Шахристандын тегереги рабад деп аталып, анда кол өнөрчөлөр жашап, кол өнөрчөлөрдүн устаканалары жайгашкан.

Жети-Сууда шаар менен кыштактар чакан чакан оазис түрүндө болуп, алардын айланасында көчмөн калк орун алышкан. Саясий бийлик көчмөндөрдүн ак сөөк феодалдарына таандык болгон. Шаарлар бири-бирине көз каранды болушкан эмес. Бирок баары түрктөргө баш ийишкен.

Талас дарыясынын бою илгертен эле көчмөн калктын да ошондой эле отурукташкан калктын да көӊүлүн бурган. Андыктан орто кылымдарда Талас өрөөнүндө Талас, Атлах, Шелжи, Сус, Күл, Текабет сыяктуу калктуу өнүккөн шаарлар болгон. Окумуштуулардын пикири боюнча Талас азыркы Тараз шаарынын, Атлах Жоон-Дөбө айлынын, Шелжи Садыр-Коргондун, Күл азыркы Ак-Дөбө мурунку Орловка айлынын, Сус Чалдыбар шаар чалдыбарынын, Текабет Талас шаарындагы Ак-Дөбөнүн аймагына туура келет. Археологиялык маалыматтарга караганда Талас өрөөнүндөгү шаарлар көбүнчө кен иштетүүгө багытталган.

Талас Орто Азиядагы байыркы шаарлардын бири. Ал ислам дини келгенге чейин эле согдулуктар тарабынан негизделген. Талас шаары VII-IX кылымдарда Кытай жазмаларында Далосы деген ат менен кезиксе, VIII-XI кылымда бул шаарды түрк элдери «Аргу-Талас», «Алтун-Талас-улуш». «Улуг Талас» деп аташкан. Монгол мезгилине чейинки мусулман жазууларында шаар көбүнчө Тараз деген аталыш менен белгиленген. Шаар Талас дарыясынын төмөнкү агымынан сол жээгинен орун алган. Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкандыктан анда ар түрдүү элдердин көпөстөрү жашаган. Андыктан Махмуд Кашгари Таластын эли Баласагундай согдуча жана түркчө сүйлөшкөн деп жазган. Ал кезде азыркыдай мамлекеттик чек ара, таможня деген болбогондуктан Талас өрөөнүндө жашаган көчмөндөр күнүмдүк тиричилигин улантып соодо-сатык кылуу үчүн шаарга эркин кирип эркин чыгып турушкан. Шаардын четинде көчмөндөрдүн бир нече майда кыштактары жайгашкан. Талас шаары Баласагун. Атлах, Шелжи, Күл, Сус, Текабет сыяктуу шаарлар менен карым-катнашта болуп Кытай жана Кашкар тарапка соода кербендери Талас өрөөнүн да аралап өткөн. Тарыхта Талас жөнүндө алгачкы маалымат 568-жылга тагыраак айтканда Византия империясынын элчиси Зимарктын кыргыздардын байыркы мекени Ала-Тоого келишине таандык. Кытай саякатчысы Сюань Цзань 630-жылы Таласты маанилүү соода шаары катары көрсөткөн.

Араб баскынчылары 751-жылы Талас өрөөнүнө чейин келип, бирок аны өздөрүнүн каратып алган аймагына кошуп алган эмес. Андыктан ислам бул жерде 893-жылы Саманилер сулалесинин биринчи падышасы Исмаил Таласты каратып алып анын башкы чиркөөсүн мечитке айландыргандан баштап кыйла бекемделип күчүнө кирген. Саманилердин тушунда Талас ислам менен түрктөрдүн чегиндеги маанилүү соода борбору болгон. Илхандардын тушунда Таласта биринчи жолу тыйындар чыгарыла баштаган.

Караханийлердин мезгилинде Талас өзгөчө аймак деп эсептелген жана аны XIII кылымда кара кытайлар басып алган. Монголдор мезгилинде Талас шаары Янги деп аталган. Тараз шаарынын тарыхын Талас өрөөнүндөгү шаарлардын тарыхынан ажыратып кароого болбойт. Ал байыртан эле Талас дарыясынын төмөнкү агымынан, Улуу Жибек жолунун боюнан орун алып өрөөндүн социалдык-экономикалык, маданий өнүгүшүнө чоӊ таасирин тийгизген. Тараз шаарын көчмөндөр цивилизациясынын дарбазасы десек да болчудай.

Атлах шаары чоӊдугу боюнча Талас шаарына жакын болгон. Айланасы дубал менен курчалып, шаар бак-шактуу келип. шаардын айланасындагылар көбүнчө жүзүм өстүрүшкөн. Базар тегерек четтеги айыл-кыштактарга ыӊгайлуу болсун үчүн шаардын чет жагынан орун алган. Шаар калкынын көпчүлүгү мусулман болгондуктан мечит шаардын борбордук бөлүгүндө шайгашкан. Атлах шаары 751-жылдагы Араб аскерлери менен Кытай аскерлеринин шаарга жакын Талас дарыясынын боюндагы салгылашуусунан улам тарыхта белгилүү.

Шелжи тоо арасында орун алган анча чоӊ эмес шаар болгон. Мында чет өлкөлүктөр көп болуп, күмүш кенин иштетиш үчүн Исфагандан 10 миӊ адис көчүрүлүп келген. Кен казып алуу үчүн ар кыл ыкмалар колдонулган. Руда атайын курулган меште эритилип, коргошун, күмүш бөлүнүп алынган. Кенчилердин тургун жайлары шаардан алыс эмес кенге жакын капчыгайларга курулган. Шелжидеги кенчилердин турмуш шартын ошол кездеги авторлор Ибн Хукал, Якут жазып кетишкен.

Күл шаары окумуштуулар В.В.Бартольд, М.Е.Массон, А,Н.Бернштам тарабынан изилденген. Шаар азыркы Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө кыштагына жакын Үрмарал суусунун оӊ өйүзүндө жайгашкан. Ал цитаделден, шахристандан, рабаттан турган. Шахристан 6 бурчтуу формада болуп, жалпы узундугу 1080 метр дубал менен коргондолуп, мунаралар менен бекемделген. Шаарга түндүк жагындагы дарбаза аркылуу киришкен. Дарбазалардын жанында мунаралар тургузулган. Борбордук сепил шаардын чыгыш тарабында жайгашып, айланасы турак-жайлар менен курчалган. Айрыкча шаардын чыгыш тарабында көп турак-жай курулуштары орун алган. Шахристанды айланта калк жашаган рабат жайгашкан. Археологиялык казууларда чийки кыштан тургузулган сарбалык имараттар, темир эритүүчү меш жана метал калдыктары, карапа жана жыгач идиштер, бычак, мал сөөктөрү табылган.

Текабет шаары азыркы Талас шаарынын ордунда жайгашып, борбордук бөлүгү Талас суусунун оӊ жээгинен орун алган. Жергиликтүү эл ал жерди Ак-Дөбө деп да аташкан. Мындай чоӊ дөбөгө айланган жерден башка эч нерсе көрүүгө мүмкүн эмес болгон. Бирок илим бул дөбөлөрдүн сырын ачып, бир кезде бул жерде аянты 15 чарчы чакырым келген, элинин саны 15 миӊ адамга жеткен шаар болгондугун аныктады. Окумуштуулардын аныктамасы боюнча шаарды тегерете курчаган эки чеп дубал болгон.

1-чеп дубал анын борбордук бөлүгүн курчап, 200 га аянтты ээлеген. Чеп азыркы аэропорттун учуу аянтынын четинен чыгыштан батышка, азыркы Пушкин көчөсүнө жетип, Талас суусуна чейин созулган. Чеп VII-VIII кылымдарда шаардын калкы көбөйө электе курулган. Бийиктиги 5 метрге, туурасы 8 метрге жеткен. Бул сепилдин борбордук бөлүгүндө шаар башкаруучуларынын жана көпөстөрдүн турак жайлары жайгашкан. Ал эми чет жакасында кедей-кембагалдар, көл өнөрчүлөр тиричилик кылышкан.

2-сепил VIII-IX кылымдарда шаардын эли көбөйүп, курулуштар 1-сепилдин ичине батпай ,анын сыртына курула баштаганда тургузулган. Анын аянты 1500 га түзүп, Талас дарыясынын оӊ, сол жээгине чейин чыккан. Убагында анын бийиктиги 5-6 метр болуп, туурасы 8-10 метрге чейин жеткен. Сепилдин азыркы учурда калдыктары үзүндү-үзүндү болуп, азыркыга чейин сакталууда. Талас аэропортунун учуу аянтынын четинен батыштан чыгышка чейин созулган дөӊсө. Жергиликтүү эл аны «жал» деп атап коюшкан.

Чеп дубалдын калдыктары Беш-Таш дарыясынан өтүп, Алтыбайдын сазындагы көлдү жээктеп, Талас дарыясын тепчип барып, Ак-Дөбөгө чейин жеткен. Ал эми сепилдин 2-жагы аэропорттон батышка созулуп, Пушкин атындагы көчө менен мурунку «Чолпон» бут кийим фабрикасынан жана Талас дарыясынын оӊ жээгине чейин созулуп жатат.

Текабет шаарынын урандысына археологиялык казууларды жүргүзгөндө орого көмүлгөн таруу, буудай жана башка эгин калдыктарынын табылышы, шаар калкы жалаӊ эле кол өнөрчүлүк менен тиричилик кылбастан дыйканчылык иштерди жүргүзгөндүгүнөн да кабар берет.

Казуу учурунда кооздоп курулган бир нече бөлмөлүү турак үйлөр, мончолор, шаарга киргизилген суу түтүктөрү , кен байлыктарды эритип иштеткен мештер, өзүнчө айырмаланып турган кол өнөрчүлөрдүн кварталдары табылган.

Ошондой эле Текабет шаарынын урандысынан металлдан, айнектен, жыгачтан, карападан жасалган ар түрдүү жашоо тиричиликке колдонулуучу буюмдар табылган. Өзгөчө чопону бышырып ар түрдүү формада жасалган кооз карапа идиштер адамды таӊ калтырбай койбойт. Ал идиштерде түркүн оймо чиймелер түшүрүлүп, түрдүү боектор менен кооздолгон. Алардын боектору азыркы учурда да тунук бойдон сакталганы таӊ калычтуу.

Көп табылгалардын ичинен аялдардын көркүнө көрк кошуп туруучу жарашыктуу асыл металлдардан, баалуу таштардан жасалган кооз жасалгалар билерик, мончок шуру, сөйкөлөр адамдардын көӊүлүн өзүнө бурат.

Археологиялык казууларда табылган чоӊ кумараларга дан эгиндерин сакташкан, вино ачытуу үчүн колдонушкан. Демек шаардыктар орто кылымдарда эле жүзүм өстүрүп, мөмөсүнөн шарап жасашкан. Мал чарбачылыгын да өркүндөтүшкөн. Казып изилдөөдө табылган ири мүйүздүү малдардын, кой эчкилердин сөөктөрү буга далил боло алат.

Монголдордун үстөмдүгүнүн мезгилинде айрыкча чагатайлардын ээликтериндеги коогалаӊдар жана өзүбектердин басып кирүүлөрү өлкөнү биротоло бүлүндүргөн. Талас өрөөнү монгол хандарынын жайлоолорунун бирине айланган. Айрыкча Бабурдун убагында XVI кылымдын баш жагында Таластагы шаарлар жашоосун биротоло токтоткон. XVI кылымдын ортосунда Талас өрөөнүндөгү бардык шаарлар урандыларга айланган. Ал тургай ошол мезгилде кээ бир шаарлардын кайсы жерден орун алганын аныктоо мүмкүн болбой калган.

Тарых жана маданият жылына карата биз Талас өрөөнүндөгү орто кылымдардагы шаарлар тууралуу ат жалында азын оолок сөз кылып өттүк. Бул шаарлар тууралуу келечекте дагы да том-томдогон китептер жазылат ко деп ойлойм. Албетте азыркы шаарлар менен орто кылымдардагы шаарларды салыштырууга болбойт. Бирок ошондой болсо да Талас өрөөнүндөгү канат-бутактары жайылып өсүп жаткан айыл-кыштактарды, заманбап турак жайлар, имараттар салынып күнсанап өзгөрүп жаткан Талас шаарын көрүп өткөндөрдү көз алдыӊа келтирип өрөөндөгү кен байлыктарды элдин кызыкчылыгы үчүн туура иштете алсак өрөөндө мындан да кооз, мындан да таза шаарлар пайда болобу деп ойлойм.

Акчал Атагулов,
Талас областтык чет тилдер багытындагы лицей
комплекстин директорунун илимий усулдук иштер боюнча орун басары
«Талас турмушу» (Аймак пресс), 18.08.2016-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий