Залкарлардын тамашалары

Өткөн 19-кылымда Кетмен-Төбөдө залкар өнөрпоздор көп болгон. Ошолорудун арасында Кулуке деген мыкты акын болуптур. Негедир, адабиятчылар тарабынан Эшманбет төкмө тууралуу иликтөөлөр аз. Тили курч Кулуке төкмө акындын өнөрү иликтенбей жазылбай калды. Кулуке төкмө акын тууралу Коргоол акындын бир эскерүүсү бар, ошондон үзүндү.

Кетмен-Төбөнүн “Төр жайлоо” деген (“Тер жайлак” деп да аталып келет) Боркемик уруусунун чоң манабы Райымбек көз жумганда баласы Кудайберген атасынан чоң аш берет. Ашка, Нарын, Анжиян элинен дөөлөтүү адамдар, Кетмен-Төбө, Аксыдан чыккан өнөрпоздордун көбү, Ак-Талаадан Тоголок Молдо, Жумгалдан Куйручук да келет. Нарындык 60 жаштагы Осеке деген бай ак өргөсүн ала келип тиктирип, Кашымкан деген жаш токолу менен экен, боз үйдүн сыртында Токтогул менен Эшманбет ырчы – Кашымканды капастагы кушка теңешип алым сабак айтышып жатканда Кулуке келип калып:

Экөөң айтышканда нетесиң,
Кашымкан-
Адырга чыккан жекенсиң,
Ырдап турган ырчынын,
Катыны болоор бекенсиң
, — деп ийет.

— Током: “Э, Кудай урган, Э, кудай урган, баарын бүлдүргөн Кудай урган”, — деп наалып, атына камчы салып ара бастырды. Ошол мезгилде Кетмен-Төбөдө “Аллуакбар, Кулукедей ырчы бол!” деген макал таркап кеткен. Эшмамбет Кулукеге карата:

Эл оозунда айтылып,
Макал болдуң Кулуке,
Эки ээгиң кыркылып,
Сакал болдуң Кулуке,
— дегенде эле Кулуке Эшманбетке:

О, эл оозунда айтылган,
Макалыңды урайын,
Ээгиңдеги саксайган,
Сакалыңды урайын.
Эл оозунда айтылган,
Сөзүңдү урдум Эшмамбет.
Эткел аю баштаган,
Өзүңдү урдум Эшмамбет.
Эбир-жежир айтылган,
Кебиңди урдум Эшмамбет.
Ээгиңдеги эки боо
Чөбүңдү урдум Эшмамбет.

— Током: — О, куураган калтыр баш, ушу да ырбы, ушундай да ыр блобу? — деп ачууланып калды. Анда Кулуке:

Эмнеге сөзүм укпайсың,
Эшмамбетке ыктайсың.
Биртке бүткөн жаның бар,
Бир муштумдан чыкпайсың.
Ачуум менен бир койсом,
Алты күнү уктайсың.
Алты жыл Шыбыр барганда,
Алда
Кудай дегенсиң.
Апта күн ачка калганда,
Аюунун этин жегенсиң.
Тогуз жылда кутулуп,
Тобо
Кудай дегенсиң.
Тогуз күн ачка калганда,
Доңуздун этин жегенсиң.
Ээн талаада келатып,
Эгемен шүгүр дегенсиң.
Эки күн ачка калганда,
Эшектин этин жегенсиң.
Айткан Током бокту жейт,
Ак шыбакты токту жейт
, — деп ачууланып ырдап жибергенде эл боорлорун тырмап күлүп жатышты дейт. Аңгыча болбой, күн чыгыш тараптан кара кашка аргымак минген, кара көрпө тебетай кийген, жанындагыларына бакылдап сүйлөп келе жаткан адам көрүндү.

Бул адам ат үстүндө оң жактагыларга карап бакылдаса оң жактагылар каткырып, сол жактагыларга карап бакылдаса сол жатагылары каткырыгы таш жарып күлүшөт.

Эл “бакылдап, шакылдап сүйлөгөн бул ким болду экен?” дешип моюн созуп карап калышса, жакындаганда Куйручук экенин таанышат. Куйручук Осоке бийдин үйүнүн тушунадагы Токтогул, Эшманбет баштаган акындар Курман, Жаңыбай, Кулуке менен баш ийкешип учурашып, бир жигитке карай каш серпип белги кылды эле, жигит койнундагы комузду Куйручукка бере салганда ал комузду күүлөп алып эле үнүн бийик чыгарып минтип кое берди:

Оо, Түнкатар Түнтөй журт экен,
Булардын,
Түтүнү сайын ырчы экен.
Түтүндө киши өткөрбөй,
Түрүлүп үрүп турчу экен.
Түтүнгө менден башка ырчы жок
Түбү эле Жумгал тынч экен.

Асты эле Саяк журт экен,
Булардын,
Айылы сайын ырчы экен.
Айылдан киши өткөрбөй
Ажылдап үрүп турчу экен.
Айлымда, менден башка ырчы жок,
Асты эле Жумгал тынч экен.

Осеке бийдин боз үйүн,
Ороп алган турбайбы.
Отуздайы биригип,
Тороп алган турбайбы.
“Кишисинен ырчы көп”,
Ким көрүптүр мындайды.

Бабыр, бабыр, бабырлар
Бабыраган жабырлар.
Жатакчынын итиндей,
Жабылышкан дабырлар.
Аялдарын ээрчитип,
Айылдашып дагы ырдар.
Жабалактап келгенин
Көрбө
йсүңбү Осеке.
Жаакташтырбай буларды
Бөлбөйсүңбү, Осеке,
Жарым-жарты сөөк болсо,
Бербейсиңби Осоке.

Куйручук ушинтип кычкыл сөз менен төгүп жибергенде эле, турган элдин бир тобу боорун тырмашып, бир тобу абаа жара каткырышып күлүп жиберишкенде Куйручук ырын токтотот. Куйручуктун бул ырына Токтогул бир аз тырчый түшөт. Эшманбет жооп кайтарайын деп обдулуп комузун кылдырата баштаганда Токтогул жеңинен тартып коет. Кулуке өзү бойлуу, семиз адам экен, ат көтөрө албай ар дайым бука минип жүрчү экен. Кулуке букасын теминип Куйручуту карай:

Казандагы кырмычык,
Казып жедиң тырмышып,
Калктын баарын ит дейсиң,
Каңкылдаган Куйручук.

Энең кырган кырмычык,
Эптеп жедиң тырмышып.
Элдин барын ит дейсиң,
Энеңди урдум Куйручук.

Апаң кырган кырмычык,
Аңдып жедиң тырмышып.
Акундун баарын ит дейсиң,
Аңкылдаган Куйручук.
Дөөгүрсүгөн Куйручук,
Дөөгүрсүнүп сүйлөдүң,
Дөбө жакты аңдыган,
Дөбөт болуп жүрбөгүн
, — деп Кулуке букасын теминип Куйручукту качырганда Куйручук:

— Токо, мунуңду кой де, мунуң акын эмес эле мээси чачыраган акмак турбайбы. Ой, Осоке буга бир ат бербесең болбойт! Дегенде Токтогул:

— Болду эми калтыр баш, — дегенде Кулуке:

— Анан ушунуку жакшыбы, кара баштуу адамдарды итке теңегени, Токо, –деп ызаланып алытыр Кулуке. Угуп жаткан эле кыраан каткы түшүп эле жатып калды. Током менен Куйручук бери теңтуш, ары азилдешкен адамдар эле, -деп эскериптир Коргоол акын.

Ушул ашта кыргыздын атактуу найзакерлери Жумгалдык Аксакал менен Эрназар (Эрназар — Аксы же Кетмен-Төбөлүк болуш керек) беттешип, Эрназар Аксакалдын найзасынан мерт кеткен. Бул тууралуу Токтогулдун “Манабың менен жерге кир” ырында айтылат.

Кудайбергендин урпактары Жумгалдын “Сары-Камыш” деген тоолу айлында турушат. Бул ашка кадимки Тоголок Молдо да барган экен, мен 2 жыл мурда “Сары-Камыш” айлына барганымда Кудайбергендин Токтожума деген чебересинен уктум.

Жолдошбек Токоев

Соц тармактар:

Добавить комментарий