Сөз туралуу сөз

Сүйлөп жатканы эле болбосо, бардык адам эле сөз биле бербейт. Сөз билген адам анын ички поэтикасын, тышкы музыкасын сезет, туят. Сөз билген адам сүйлөсө ал ырдап тургансыйт.

Сөз, адамдын ички жигерин аныктап билгизет. Сөз билген, анын баасын, күчүн туйган адам таасын, так сүйлөйт, тандап, таап айтат. Өз учурунда гана айтат. Ага ошол акырын айткан бир ооз сөзү жетиштүү болот. «Cөз билген адам таап сүйлөйт, билбеген адам каап сүйлөйт» деген ошо.

Керек учурда гана айтылган сөз өз угуучусун табат. Ал сөз — дарыга, алтынга тете. Ошол үчүн «айтар сөзүң — алтын болсо, унчукпай тек турганың — күмүш» деген эмеспи элибиз.

Сөз — адамдын маданияты. Куучирендиги эмес, адамдын сөзү, жүрүм-туруму гана анын маданияттуулугун айгинелейт.

Адамды адам менен бириктирген — сөз, аны ажыраткан дагы — сөз.

Сөз — улуу тарбиячы, акылман насааатчы, мыкты мугалим. Жоокердин куралы — кылыч, соттун куралы — түрмө, жасоолдуку — ай балта. А тарбиянын куралы — сөз. Ал курал баарынан күчтүү, курч да, баарынан өткүр. Сөз кандай болсо — тарбия да ошондой болмокчу. Демек, сөз баарынын башаты да, баарынын натыйжасы дагы.

Сөз — адамдын өзү, автопортрети. Эл билген аким сөз билген чеченге ийиптир. Эл билген — улуу эмес, сөз билген — улуу. Эл билген акимдин артында бийлиги калбайт. Сөз билгендин артында сөзү калат.

Ошол үчүн элибиз: «Жылуу сөзгө жылан ийнинен чыгат», «Ачуу да сөз, таттуу да сөз», «Сөз менен жаралайт, сөз менен айыктырат», «Өнөр алды — кызыл тил», «Сөз өлтүрөт, сөз тирилтет», «Ок жарасы бүтөт, а сөз жарасы бүтпөйт» деп бекер айтпаган.

Дарыгердин биринчи дарысы — сөз. Баатырдын кылычы да, элчинин күчү да — сөз. Адамдын бактысы да, шору да — сөз. Адамдын жүрөгүнө сөз менен гана жол таап кирет. Ал керемет ачкыч.

Падыша өлсө анын алтын тагы кишиге өтөт, а даанышман өлсө, анын сөзү өзүнүкү бойдон калат. Кийген кийимиңе эмес, сүйлөгөн сөзүңө жараша ызаат-сый көрөсүң. Эл көзүңө эмес, сөзүңө карап ишенет.

Адамдан жан кеткени — сөздүн кеткени, а сөздүн кеткени — жандын тирүү туруп кеткени. Жаның туруп сөзүңдүн жоктугу — жаныңдын жоктугу ошо дей бер. А жаныңдын бар экенин сөзүң менен далилде.

Адамдын келбети — анын сөзү. Адам ансыз деле сулуу жаралган. Сулуу сөзү анын ажарын ого бетер ачат. Сөзү сулуунун — өзү да сулуу. Өзү сулуунун сөзү да сулуу болсо, анын ажарынан нур төгүлүп турганы.

Алтын, күмүш менен чегеленип бекитилген нерсе да сынып ажырайт, а сөз менен чегеленип бекиген убада эч качан ажырабайт.

Сөз — байлык. Оозунда сөзү бар адам алтынга карк байдан да бай. Алтынга карк адамдын оозунда сөзү болбосо, аны жардынын жардысы дей бер.

Байлыктан алтын баалуу болсо, сөз андан да баалуу. Адамды алтын берип алдай да, ишендире да албайсың. Андан көрө адам сөзгө ишенип, сөзгө алданып калары бышык. Анткени сөз — оттон да тез эритер бир керемет.

Ар нерсеге адам а дегенде сөзү менен жетет. Сөздүн башталганы — иштин башталганы. Сөз кандай башталса, иш да ошондой башталмакчы, иш да ошондой уланмакчы. Сөз кыйшайса, иш да кыйшаят.

Сөз — адамдын ички бугу, деми. Сөз чыкпаса, адамдын ички бугу чыкпайт, эс албайт. Сөз менен ички бугун чыгарып, чер жазышып сүйлөшүп алуунун өзү эбегейсиз зор бакыт.

Чай ичишкендер дос эмес, сөз ичишкендер дос, анткени чай ичишкен достордон сөз ичишкен достор бекем болор.

Сөз болбогондо ажайып сүйүүнүн улуу сырлары ачылбас эле го. Махабат лаззаты менен муңу сөз менен гана жетет сүйгөн жарга. Сүйүү ысык болсо, сөзү да ысык болор. Сөз — сүйүүнүн ыйык символу. Сүйүү таттуу болсо, сөз да ширин, мылжың болсо, мылжың болор. Сөз бүткөнү — сүйүүнүн бүткөнү дей бер.

Эненин мээри сөз болбосо, кантип сүтү ийимек бөбөккө. Сөз болбосо, атанын акылы кайдан айтылмак балага. Сөз болбосо, эрдин шерти кайдан бекимек!

Наристенин алгач ирет ыңаалаганы да сөз, биринчи шыңгыр күлкүсү да сөз. Адам акыретке кетип жаткандагы акыркы деми да сөз.

Сүйгөн жардын сырдуу жылмаюусу да сөз, көз жашы да сөз. Сүрөтчүнүн боёгу да, музыканттын ар бир нотасы да сөз. Арифметиканын шыгыраган цифрасы да, геометриянын чексиз сызыгы, дүйнөнүн улуу картасы да сөз.

Ыйык куран да, адегенде, сөздөн башталган.

Жамгырдын көнөктөп жааганы да, мөлтүр булактын жылжып акканы да, шамалдын улуганы да, деңиздин албуут толкуну да, таштын кумга айланып талкаланганы да, жалгыз теректин шуулдаганы да, күчтүү мотордун дүңүлдөгөнү да, улуу тоонун көк тиреп турганы да, улуу океандын чалкып жатканы да, жаш күчүктүн борс этип үргөнү да, жөжөнүн чыйпылдаганы да, жаш көчөттүн бүчүр ачып өсүп келатканы да, назик гүлдүн баригинин жаңы ачылганы да сөз.

Ооба, ушунун баары, баары… сөз!!!

Аалам кеңдиги кандай чексиз болсо, сөздүн чеги андан да чексиз.

Сөз түгөнбөйт, дүйнө да түгөнбөйт. Дүйнөнүн акыры болор, бирок сөздүн акыры болбос. Анткени, дүйнөнү таанып билүүнүн, аны кайра-кайра таанып билүүнүн акыры болбос.

Сөз айтылбай койбойт, а ок атылбай кала берүүсү мүмкүн. Бирок айтылбоочу сөз да болот. Ошол айтылбоочу сөз — сөздөрдүн күчтүүсү. Айтылбоочу сөздү түшүнгөн адам гана түшүнөт. Ал күчтүү адам.

Үнсүз тиктешип туруунун өзү да сөз. Ал сөзүң түгөнүп калгандыгы эмес. Ал — үнсүз айтылчу сөз, үнсүз сүйлөшүү ошол. Ал сүйгөн жарлардын сөзү. Аны сүйгөн жарлар гана түшүнөт. Эх, ошол, сүйүшкөн жарлардын үнсүз сүйлөшкөн сөздөрүнөн да ыйык сөздөр болобу?

Күчтүү, сезимтал адамдар гана сөздү көз караштан түшүнүшөт. Сөздү айттырбай түшүнүүнүн өзү керемет.

Сөз ошондой улуу, ошондой ажайып керемет нерсе. Ошол үчүн сөздү ыйык туталы, урматтайлы. Аны көрүнгөн жерде талпактай сүйрөп, кадырын кетирбейли, таза сактайлы. Сөздү урматтап, таза сактаганыбыз — өзүбүздү урматтаганыбыз, өзүбүздү кадырлаганыбыз, өзүбүздүн таза сактагандыгыбыз. Анткени биз адамбыз, сөз билгенибиз — биздин адам экенибиздин улуу белгибиз!

Сулайман Рыспаев, профессор,
«Кыргыз тили», 25.04.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий