Жүсүп Мамай айтымы жана Балбай Мамайдын кол жазмасы жөнүндө

Жүсүп Мамай айтымын изилдөөнү тереңдетүүдө, биз көбүрөөк Балбай Мамай уулун жана анын кол жазмасын изилдөөнү башкы орунга койсок, «Манастын» түбүн түптөй алабыз. Себеби, «Манастын» 8 бөлүмдүү (сегиз урпак) экенин Балбай Мамай уулу биринчилерден болуп тастыктап, таанып чыккан киши болуп эсептелет. Мындай билимдүү адамга 8 урпактуу «Манастын» айтымы (вариянти) жолукпаса, тигил кийинки 5 бөлүмүн «башка жомоктор экен» деп кол шилтеп жүрүп кетер элек да, бүгүнкү бизге дүйнө боюнча эң толук «Манас» жетмек эмес. Ошого, Балбай Мамайды «жазып алуучу» катары гана тааныбай, «Манас таануу» илиминин, «Манас» маданиятынын эң алдынкы кишиси катары карап, Балбай Мамай уулунун Манасчылыгы, «Манас» таануусу боюнча атайын изилдөөлөр алып барылышы керек. Болуп дагы, быйыл Балбай Мамай уулу сыяктуу «Манас» таануучулардын демилгеси менен, 1917-жылы какшаал өрөөнүндө уюштурган эл аралык «Манас» айтуу чогулушуна жана Балбай Мамай уулу «Манасты» кагаз бетине түшүрө баштаганына шарттуу «100 жылы» деп белгилөөнүн илимий маңызы зор.

Балбай Мамай уулу Жүсүптү чоң жомокчулукка түз жетектеген бир тууган акеси. 1892-жылы туулган, 1937-жылы чагуу менен камалып, 1941- жылы кашкарда абактыда дүйнөдөн өткөн (Мукаш Жүсүп уулунун дептеринен). Балбай Мамай уулу өз кезинде, бир академия жасай турган ишти жасап, «Манастын» көлөмүн белгилеп, болжол менен, «Манасты» кагаз бетине 1910-жылдары эле түшүрө баштаган, эң алгачкы «Манас» жазып алуучу болгон. Ал алды- кийин Жүсүбакун Апайдан «Манастын» алдынкы үч бөлүгүн (1910~1917-) жазып алган. Кийин, Ибирайим Акылбек уулунан кийинки 5 бөлүгүн (1917-1926-жылдар аралыгы) жана Сагымбай Орозбаковдон (1916~1917-жылдыр) «Манасты» кагаз бетине түшүргөн. Тактап айтканда, Балбай Мамай уулу «Манасты» куткарып, аны иниси Жүсүп аркылуу бизге улап жеткирген киши болгон. Чоң жомокчу Жүсүп Мамайдын айтымын илим салаасына тереңдей алып кирүүдө, алдынкы шарты катары, көбүрөөк Балбай Мамай уулун изилдөөнүн илимий ажаты бар.

Менимче, Балбай Мамай уулун изилдөөнүн эки чоң түйүнү турат: биринчисы, ал кишинин «Манас таануу» жагындагы сырларын, болуп да «Манасты» чогултуу аракеттери, «Манастын» көлөмүн белгилөөдөгү чоң билими сыяктууларды чоң түйүн катары чечүү керек; экинчиси, Балбай Мамай уулунун «Манасты» жазып алуу жүрүшүн, кимдерден, качан, кайсы тамгалар (жазуу) менен жазып алганын тактоо, ал тургай, ошол кездин өзүндө (1910-жылдары), кагазды кайдан алды, кандай кагаз колдонду, сыя- калем дегендер кандай болгон? Орфографиялык жазуусу, жазуу истили, колдонгон тили (адабий тилби?), жазып алууга сарпталган убакытты билүү илим үчүн эң зарыл болуп, кадиресе, кыргыздын тил- жазуу колдонуу тарыхын билүүдө жакшы маалымат алмакпыз. Азырдын өзүндө, 8 бөлүмдүү «Манасты» басмадан чыгарганда 7 килогирам кагаз керектелген турса, аны кагазга түшүрүүдө, кем дегенде бир көтөрүм кагаз сарпталат. Ушул жагын бир түйүн катары чечүү керек.

Менин бул макалам, Балбай Мамай уулунун кол жазмасы жөнүндө ээ болгон маалыматтарга таянып, аталган кол жазманын жөн-жайын чубап көрмөк.

Балбай Мамай уулунун кол жазмасы жөнүндө, Биздин бүгүнкү күндөгү ишенимдүү маалыматыбыз: «Балбайдын кол жазмасын 1937-жылы Жусубакун деген алып кеткен» деген чоң жомокчу Жүсүп Мамай айтканы болуп турат. Бирок, «алып кеткен» деген сөз ал жер бетинен жоголгон, же өрттөлгөн деген сөз эмес экенин кийинки изилдөөбүз ырастап, Балбайдын «алып кеткен» деген ал кол жазмасы эл ичинде сакталып жүргөдүгүн төмөнкү эки далил менен көрсөтө алабыз.

 

1. Балбай Мамай уулунун кол жазмасы 1960- жылдын соңуна чейин какшаал эл ичинде колдон колго көчүрүлүп жүргөн.

Жүйөсү. Cүйүндүк аттуу «Манас» күйөрмөнү 1992-жылы тогуздун айынын 11- күнү бир барча каты менен, бир кол жазма дептерди менин бөлмөмдүн каалгасынын астынан сойлотуп жибериптир. Көрсөм, Ал катында мындай баян жазылган: «колуңарга тапшырган «Манастын» «Эр Сейит» бөлүгү Манастын уулу Семетей, Семетейден Сейитек, Сейитектен Кененим, Кененимден Сейит болуп Манастын 5- тукуму, андан кийин Бокбача, Жокбача дегендер болгон дейт. Бул кол жазма (китеп) 30- жылдарда кыргызстандын жазуусунда жазылган (басылган) жазмадан 1965-жылдан 1969- жылга чейин Ак-Чий оодан Кара-Чий айылынан Токтобай көчүргөн. Түпкү жазманы 1966-жылы жана 1969-жылдары эки жолу «жумушчулар кызмат гуруппасы», «арбийлер кы- змат гуруппасы» дегендер үйүбүздү оодарып таап алып өрттөгөн. Бирок көчүрүлгөн нускасы Кара-Чийде Токтобай, Ак-Талаада Сарыбай, Үрөөнчүлүк фермада Орозакун сыяктуу үч киши жагынан кайрадан көчүрүлүп жазылып, бүт Ак-Чийде тарап жүргөн. Ал кол жазмалар чогултулуп болгон чыгар. …мен колумдагы «Эр Сейит» бөлүгүн сиздерге тартуу кылайын. Бул нуска 1975-жылдан 1978-жылга чейин Токтобай көчүрөн нуска, анын алды- аркасы бар эле, аларды кимге бергенин билбейим. Муну да жоготуп албасын деп мен 1979-жылы алып алган элем. Мен да көп жолу муну колдон чыгарып салып, зорго кайра таптым. Колумдагы бул нускадан кийинкиси үйдө (Ак-Чийде) бар болчу эле. Издеп таап калсам силерге жиберип берем. Эскертүү, бул кол жазма 19 бап, 8900 сап болуп, 99 пайыз ишенимдүү, пайдаланышыңыздарды сурап, сиздерге ийгилик каалап, Cүйүндүк» деген мазмундагы кат экен (колумда турат), Бул кол жазма 1978- жылы жазылып бүткөнүн эскертип Орозакун кол койгон. Ушул Cүйүндүктүн маалыматына ишенгенде, Балбайдын кол жазмасы Жүсүп Мамайдын үйүнөн 1937-жылдары тери жагданы менен алынып кетилгени менен, Какшаал өрөөнүндө дагы башка бирөөнүн үйүндө сакталып жүрүп, 1966-жылы анан түп нуска чыныгы өрттөлүп, бирок көчүрмөлөрү ушул күндүн өзүндө да Какшаал өрөөнүндө бар экенине ишендирет. Анын далили катары, колубузда «көчүрдүк» деген ат менен богалтырлик дептерге жазган «Эр Сейит» толугу менен турат. Ал эми эскертээр нерсе, Сүйүндүк катында айткан: «1930- жылдары Кыргызстандан келген (чыккан) китептен көчүрдүк, түп нускасы үйүбүздө бар эле…» дегендери ошол эле Балбайдын «алып кетти» деген кол жазмалары бул өрөөндө, эл ичинде тарап жүргөнүн айтып турат. Себеби, кыргызстанда, 1930- жылдарда «Эр Сейит» аты менен, кадыресе «Манас» жомогунун кийинки бөлүмдөрү араб тамгасы менен кагаз бетине түшкөн эмес (Жапыйдын уулу Тыныбектин 1925-жылы басмадан чыккан «Семетейи» болгондон бөлөк). Сүйүндүктүн маалыматында, бул кийинки 5 бөлүм эл ичинде кол жазма менен тараганын туюнтуп ту- рат. Ал Сүйүндүк кат жазган 1992-жылдары Жүсүп Мамай айтуусундагы «Сейитим, Сейит», «Кененим» бөлүктөрү басмадан чыга элек болчу. Ал «Эр Сейитти» көчүрүп жазган жылы 1975-жылы болгондо, алардын колунда Жүсүп Мамайдын азыркы айткан бөлүмдөрү такыр эле болбостук керек. Айтарым, биз Балбайдын кол жазмасын ушул күндө да эл ичинен издесек, натыйжа чыгарына ишенип, кийинки кездерде сурамжалоону уланттык, жогоруда аты аталган көчүрүп алуучулардын барлары менен жолуктук. Бирок алар Ж. Мамайдын айтымы басмадан чыгып болду, эми кереги жок деп таштагандарын, жоготкондорун айтышты.

Сүрөт: «Эр Сейиттин» 1978-жылкы көчүрүлгөн кол жазмасы

 

 

2. Балбай Мамай уулунун кол жазмасынын нускасы азыр да бар

Жүйөсү. Кытайда, 1964- жылы «Манас» кызматына мамлекет жагынан уюштурган жетекчилик группасынын башчысы, Кытай мамлекеттик элдик адабиятчылар коомунун илимий кызматкери Тав Яң мырзанын 2010-жылы басмадан чыккан кытайча «Манас кызмат эстеликтеринде», 1965-жылы тогуздун айынын 13-күнкү Жүсүп Мамайдан Тав Яң мырза Балбайдын кол жазмасынын жөн- жайын сураганда, Жүсүп Мамай мындай айтканын ал эстелигине жазган: «агам жалпы ушундай 38 дептерге жазган экен. Ар бир дептер 100 беттен, бир бетине үч кертимден (стондон), бир кертими 69 саптан жазылган. Ошондо, жалпы 3800 бет дептерге 262 миң 200 сап «Манас» текистин түшүргөн болот». Бул маалымат Балбай Мамай уулунун «Манас» эпосун кагаз бетине түшүргөн жалпы кызматы Болгон.

Тав Яң мырза ошол күнү, Балбай Мамай уулунун кол жазмасынан бир дептерди өз көзү менен көргөнүн, аны Жүсүп Мамай «Какшаалда бир үйдөн көрүп, катып жөрдүм эле» деп Тав Яң мырзага тапшырган, ал кол жазма дептерди Тав Яң мырза ошол жолку «Манас» жазып алуу тобунун орун басар башчысы, Жүсүп Мамайды биринчи тапкан, «Манасты» кытай тилине которууга катышкан Лию Фажүнгө тапшырганын жазган. Мен аталган дептерди, 1991-жылы Үрүмчү шаарында ачылган «Манас изилдөөнүн мамлекеттик талкуу жыйынында» көргөзмөгө койгондо көргөн элем. Аталган дептер ШУАР элдик адабият коомунун кол жазмалар фондунда сакталуу болушу керек. Бул дептер Балбай Мамай уулунун кол жазмасынын түп нускасына өкүлдүк кылат.

Жүсүп Мамайдын «Манас» айтымы Балбайдын жогоруда атаган 38 дептерге жазган кол жазмасынан жаттап, өздөштүргөн (1926-жылдан 1940-жылга чейинки мезгилде). Муну Жүсүп Мамай 1993-жылы баш оонанын 24-күнкү Жапондук илимпоз Нашыю Такию менен өткөзгөн маегинде: «агам Балбай Жусубакун Апайды устат кармап, андан «Манастын» үч бөлүмүн жазып алган, калган кийинки бөлүмүн Ибираимдан жазып алган экен» деген сөзү менен ырастоого болот.

Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу,
КНР «Тил жана Котормо» журналынын жооптуу редактору,
филологиа илимдеринин доктору.

 

Байланыш:

Add: КЭР Үрүмчү шаары ШУАР улуттар тил- жазуу комитети

Телефон: +86- 13579421052

Eimail: akbata2003@126.com

QQ байланыш: 1751038402@qq.com

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий