Ишенбай Абдуразаков 80 жашка чыкмак

Мыкты маектеш, таланттуу публицист

Ишенбай Абдуразаковдун саясий-коомдук-экономикалык турмуштун негизги маселелери, өзү дипломатиялык кызмат өтөгөн Япония өлкөсү, туу туткан адамдары, каада-салты, дүйнө тааным, баалуулуктары боюнча маектери, Жусуп Абдрахмановдун, Ата түрктүн, Салижан Жигитовдун ж.б. залкар инсандардын өмүр жолуна арналган публицистикалык мыкты эмгектери кыргыз журналистикасына кошкон чоң салым, табылга болуп саналат.

Ишенбай Абдуразаков агай менен журналист катары мен 2004-жылдын апрель айында алгач ирет маектешип, ошондон көзү өткөнгө, 2014-жылга чейин коомду кызыктырган маселелер боюнча маектешип, пикир алышып, ишкер мамиле үзүлгөн жок. Буга чейин агайдын 90-жылдардын аяк ченинде “Кыргызстан маданияты” гезитинде жарыяланып келген, чыгаан публицист Алым Токтомушев менен Япония тууралуу, күнүмдүк турмушубуздун күңгөй-тескейи тууралуу маектерин окуп, мен да жолугуп, суроолорума жооп алсам деп эңсеп жүрчүмүн. Ошондой мүмкүнчүлүк келип, 2004-жылы “Бишкек таймс” гезитинин башкы редактору Нуралы Капаровдун тапшырмасы боюнча Ишенбай Абдуразаков агай менен маектешүүм керек болду.

Бул учурда ал Мамлекеттик катчылык кызматтан кетип, эс алууда жүргөн кези эле. Бир күнү “дегеле дайыма телефон чаласың, жолугушалы келчи” деп айтты акыры. Редакциябыз да агайдын ал кездеги үйүнүн жанында, Дзержин бульварына жакын жерде болчу. Дароо жетип барсам, “Эмне, менин эшигимдин алдында турдуң беле?” деп күлүп калды.

Мурда телефондон сүйлөшкөндө сүрдүү сезилген адам бетмаңдай барганда, жумшак, мээримдүү, интеллигенттүү, интеллектуал инсан экени байкалды. Үйүндөгү бөлмөсүндөгү китеп шкафында ар түркүн китептер жыкжыйма экен. Арасында кыргыз, орус тилдериндеги китептер эле эмес, япон, англис тилдеринде да бар эле. “Ушулардын баарын окуп чыктыңыз беле?” деп сурасам, “окуп чыга электери да бар” деди жылмайып. Япон жана англис тилдериндеги китептерди да түп нускасында окуйт турбайбы. Мындай бай китепканасы бар адам кантип көптү билбей койсун!

Сөздү да куюлуштуруп, орду менен сүйлөгөн, чечендик жагы бар экен. “Эмне менен алек болуп жатасыз?” деген суроомо берген жообу дале эсимде. “Же илгерки уламыштарда айтылгандай, эл барбас бир үңкүргө кирип кете албайт экенсиң, же “төө көрдүңбү?” -“жок”, “бээ көрдүңбү-жок” ыкмасына кирип кете албайсың. Коомдо жашап туруп, коомдон тышкары болууга мүмкүн эмес экен. Анын үстүнө дүйнөлүк окуяларга чөмүлүп көнүп калган адамга кыйын экен. Тээ алыстагы, мисалы? Палестинадагы ахвал да менин жеке тагдырыма таасир калтырчудай сезиле берет”.

Агайдын элин-жерин канчалык баалаганы, сүйгөнү анын ар бир сүйлөмүнөн байкалат. “Мен өзүмдү өлкөдөн бөлүп элестете албайм. Адам элинин, өлкөсүнүн кадырын алыста жүргөндо таасын сезет. “Өз үй, өлөң төшөгүңдө” ага көп маани бербейбиз да. Чет өлкөдө жүргөндө кимдин кандай улуттан экени кээ бир учурда чоң мааниге ээ болуп, сен аркылуу улут жөнүндө түшүнүк пайда болот. Ошондуктан өлкөңдүн аброю кымбат. Кыргызстан дегенде маданияттуу, өнүгүп-өскөн, сыйга татыктуу өлкө экен десин. Бул жагынан мен кызганчаак адаммын”.

Айткандай, Ишенбай агай алыста, Күн чыгыш өлкөсү—Япониянын Саппоро шаарында Башкы консул болуп элчиликте иштеп жүргөн мезгилинде да жогоруда белгилеген принцип менен жашап-иштегени маалым. Япон өлкөсү, анын императору 2008-жылы, Ишенбай Абдуразаковду чет элдик жарандарга ыйгарылуучу абройлуу мамлекеттик сыйлык – биринчи даражадагы “Күн Чыгыш ордени” менен сыйлагандыгы айгинелеп турат.

Япониянын императорунун колунан ошол сыйлыкты алып келген күнү эртең менен телефон чалсам, жетине албай турган экен. “Үй-бүлөмдөн башка кишилерден биринчи жолу сага көрсөтүп жатам. Ушул орденди артыман калбай маек алып, Япония тууралуу айттырып жүрүп сен эле алып берип койбодуңбу!” деп тамашалады. Сыйлыгын бетиме сүртүп, ошондо агай менен кошо аябай кубандым эле.

Ырас эле Ишенбай Абдуразаков элибизге ал кезде бизге анча белгилүү болбогон Япония өлкөсүн өрнөктүү жагынан таанытып, андан сабак алаар жагдайларды кенен-кесир баян кылып берди. Абдуразаковдун аңгемелеринен япондордун улуттук рухун чагылдырып турган Мотоорн Норинага өңдүү акындардын ырлары, бүгүнкү күндүн реализми менен эртеңки күндүн кыялы, сакуранын символикасы, орто кылымдардагы самурайлар баяны, Конфуций менен даосизмдин бул өлкөдөгү орду, мээнеткеч элдин бүтпөгөн таржымалы, кызматта ар күнү акыркы күнү иштеп жаткандай мамилеси, өнөр жай ишканалары—“Тойота”, “Сони”, “Панасоник”, “Тошиба”, “Хонда” сыяктуу ири компанияларда болгондогу кызыктуу аңгемелери бар. Айрыкча япондордун революциялык мезгили деп эсептелген Мейжи доору тууралуу айтып бергендери мамлекет үчүн да мааниси зор, урпактарга да сабак. “Биз, кыргыздар да өткөндү көксөп, жаңыны жерий бербей, асыл мурасты унутпай, замандын агымына каршы эмес, тескерисинче алардын эриш-аркак синтези болгон дөөлөттөрдү алып чыгалы, булар көбүрөөк пайда берет” деп тыянак чыгарат. Анын мекенчилдикке, патриоттуулукка үндөгөн аңгеме-маектери күнү бүгүн да актуалдуу.

Ишенбай Абдуразаков жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерине берген маектеринен башка, өзү да мыкты публицист катары таанылды. Анын Жусуп Абдрахмановдун, Ата түрктүн, Салижан Жигитовдун ж.б. өмүр жолуна байланышкан публицистикасы жана баяндамалары, биздин өлкөнүн жана дүйнөлүк турмушка саресеп салган аналитикалык макалалары окурмандардын терең кызыгуусун жаратып келет.

Японияда жүрүп, дипломатиялык жумушун гана жасабастан, элге бай тажрыйба, үлгү, сабак болоорлук мисалдарды келтирип, өрнөк катары калтырып кетти. Мамлекеттик кызматта иштеп, мамлекеттик саясий, коомдук, экономикалык турмуштун ар тарабын иликтеген эмгектерди да жарата алды.

Коомдук ишмер катары коомдо болуп жаткан окуяларга кайдыгер боло алган жок. Ар дайым жарандык позициясын билдирип, бийлигине да, оппозициясына да тартпаган, калыс пикирин айтып, элибиздин Бакайындай эмгек сиңиргени эсибизде калды.

Ишенбай агайдын алдыда дагы биздин гезитке Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу, Ысык-Көлдөгү кадырлуу жети аке—Кыдыр аке, Мойт аке, Сарт аке ж.б. тууралуу, өзүнүн өмүр жолунда кездешкен адамдар тууралуу маек берүүгө макулдугун алган элек. Тилекке каршы, агайдын дагы далай эмгектери, эскерүүлөрү, аңгемелери ачылбай да, жазылбай да кала берди. Бирок да Ишенбай Абдуразаковдун дипломатиялык жумушта болобу, мамлекеттик кызматтарда болобу, публицистикалык жаатында болобу, агартуучулук жаатында болобу, жасап кеткен иштери эбегейсиз баалуу.

Агай биздин эсибизде эл-жери үчүн талыкпай кызмат кылууга ар убак даяр турган, жөнөкөй, чынчыл, жайдары, дили таза, бийик интеллектуал, чет жерде, Японияда дипломатиялык бийик үлгүнү көрсөтүп келген, элин-жерин сүйгөн, ага жакшылык менен жаркын келечек каалаган мээнеткеч адам катары калды.

Өзү айткандай, Ишенбай агайды өмүрүндө жакшы адамдар менен, улуу-кичүүсүнө карабай, турмуш сабактарын берип келген адамдар коштоп жүргөн. Жашы жагынан улуу болсо да, М. Мураталиев, С. Ибраимов, Л. Дүйшеев ж.б. Ал эми кыйышпас досу катары Салижан Жигитовду баамчылдыгы, терең акылы, биздин заманда сейрек кездешүүчү ар-намысы, чынчылдыгы үчүн жогору баалагандыгы белгилүү.

Өмүрлүк жолдошу Майрам Ажыбековна тууралуу сөз кылганда анын турмуш-тиричиликтеги бардык жумуштарды мойнуна алганын, өзү болсо конокко барып, үйгө келгенде гезит окуп, телевизор көргөндү жумуш көргөнүн тамашалап айтканы бар.

Агайдын балдар-кыздары да эл керегине жараган азаматтардан болду. Анын уулу Авазбек Абдуразаков Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси. Кызы Жыпар Япониядан жогорку окуу жайын бүтүп, ал жактан жашап жана иштеп калды.

Ишенбай Абдуразаковдун өзүн курчаган өзгөчө жаш достору, “Жаш достор” деп атаган клубу да бар эле. Анда Муратбек Иманалиев, Таласбек Машрапов сындуу көптөгөн иштерман жаштар бар болчу. Бул саптардын авторун да агай жаш достордун катарында деп эсептечү эле. Жаштар эл-жерин жанындай сүйүшү керек, өзүнүн чыгармачыл жана ишкер максаттарын ишке ашырыш керек деп айтчу. “Биздин келечек муундар кандай болот, алар ким болот?” деген суроолор менен түйшөлчү. Алар өз эли-жеринин жаратманы болуп, Кыргызстанды дүйнөнүн мыкты өлкөсүнө айлантууга умтулган атуулдар болушу керек деп айтып келген. Мына ушундай максаттан уламбы, агай өмүрүн акыркы жылдарын студент жаштарга билим берүүгө арнады. Ал Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде студенттер менен иштөөдөн өзү үчүн турмуштун жаңы кырын ача алды.

“Аккан арыктан суу агат” деп элибиз айткандай, Ишенбай Абдуразаковдун ойчул, мээнеткеч, асылзаада сапаттары анын тээ балалыгынан, ата-тегинен калган деп айтууга болот. Балалыгы тууралуу айтканда, атактуу манасчы Саякбай Каралаев анын атасы менен ашына болуп, бүркүт салганы келгени, Муса Адышев менен Тенти Адышеванын алардын үйүнө келип-кетип турганы, улуулар жети түнгө чейин Манас укканда, алардын катарына олтуруп алып, боз үйгө арча отун тутанткан болуп, түн бир оокумга чейин, арчанын жыпар жытын жыттап, алоолонгон отту тегеректеп манас укканы да анын акыл-көрөңгө, дүйнө таанымына чоң таасир берди деп баса белгилөөгө болот.

Өмүрлүк жубайы Майрам Ажибековна айтылуу Жусуп Абдрахманов Ишенбай Абдуразаковичтин таякелеринен болоорун сөз кылган. Бул таяке-жээн эки инсан сырткы келбети жагынан да, ички акыл-көрөңгө, асыл сапаттары жагынан да кандайдыр окшоштугу болгон десек болот.

Бүгүн биздин турмушка Ишенбай Абдуразаковдой, Салижан Жигитовдой асылзаада инсандар жетишпей турат. Алар бош убактыларында жалпыга маалымдоо каражаттары менен эриш-аркак иштеп, элди агартууга жана рухий жагынан байытууга зор эмгек сиңирди. Ишенбай агайдын көзү өткөндө аны “Ишенбай Абдуразаков ажы” деп да атап жатышты. Мына ушундай адамдарды ажы, молдоке, агартуучу, ойчул, жаратман деп айтууга болот. Бул эки адам тең Күн Чыгыш өлкөнүн символу болгон сакура гүлүндөй тегиз гүлдөп, жарк этип жашап, гүлүн тегиз төгүп, артында өлбөс-өчпөс, залкар эмгектерди калтырып, шарт этип бул дүйнөдөн өтүп кетишти. Ишенбай Абдуразаков эл-жерин берилип сүйгөн, берилип иштеген, жөнөкөй, бийик интеллектуал, интеллигенттүү, жаратман, иштерман адамдын үлгүсүнө айланып кала берет!

Айгүл Бакеева, “ПолитКлиника”, 20.06.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий