Кыргыз тилди окутуу аркылуу жаштарды адептүүлүккө, ыйманга жана маданиятка тарбиялоо

Кыргыз тили – ата-бабаларыбыздын кылымдарды карытып, жоголбой, сакталып келе жаткан эне тилибиз, өлбөс-өчпөс тарыхты камтыган улуу тил, жан дүйнөбүзгө руханий азыкты берген көөнөрбөс касиеттүү тил. Кылымдардан бери тоскоолдуктарга учураса да, сакталып келген ата -бабалардын урпактарга калтырган мурасы.

Кыргыз тилинин жаралыш тарыхы жөнүндө жазуу түрүндө маалыматтар сакталып калбаса да, Орхон-Энесайрун жазма тарыхый эстеликтерде чегилип, оозеки түрүндө укумдан-тукумга берилип, ар бир доордун тарыхын, маданиятын, өзгөчөлүктөрүн урпактарга жеткирген – улуу тил.

“Кыргыз тилинин тагдыры кыргыз элинин тагдыры менен тамырлаш” деп Р.Момбеков белгилегендей, Совет өкмөтү жергебизде орноп, жалпы сабатсыздыкты жоюу демилгеси кызуу колдоого алынып, кыргыз тили 20-кылымда өрнөктүү өркүндөгөн.

Кыргыз тили илиминин өнүгүшүнөкүрдөлдүү салым киргизген, улуттук жазма маданиятыбыздын түптөлүш башатында турган агартуучулар И.Арабаев, К.Тыныстанов, белгилүү окумуштууларИ.А.Батманов, К.К.Юдахин, Х.Карасаев,Б.Орузбаева,Б.Юнусалиев ж.б. сөз берметин жипке тизгендей күюлуштуруп, көркөм чыгармаларга көрк берген А.Токомбаев, К.Баялинов, Т.Сыдыкбеков, Ж.Турусбеков, Ж.Бөкөнбаев,Т.Касымбеков, Ч.Айтматовдой атактуу акын-жазуучуларыбыздын чыгармалары кылымдарды карытаары чындык.

Бирок, 20-кылымдын70-90-ж.ж. аралыгында кыргыз тили өз актуалдуулугун жоготуп, жок болуп кетүү коркунучуна дуушар болгондугу ачуу чындык. Элибизде “русификация” модага айланып, ар бир адам орус тилин үйрөнүүгө бел байлаган. Ал эми кыргыз тилинде сүйлөп, расмий тилде акцент менен оюн билгизгендер “мырк” деп басмырланган”.

Статистикага таянсак, 70-80-жылдарда Фрунзе, Ош шаарларында кыргыз тилинде жалпы билим берүүчү мектептер эсептелүү санда болсо, бала-бакчалар орус тилинде иш жүргүзүшкөн.Мамлекетибиз эгемендүүлүк алгандан кийин гана кыргыз тили улут тили катары жандана баштаган.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин “Ыйман, адеп жана маданият жылы жөнүндө” Жарлыгында:“Учурда кыргыз элинин мезгил сыноосунан өткөн руханий жана адеп-ыймандык асыл-нарктары менен алдыңкы дүйнө таанымды айкалыштырган ар тараптан жетик инсанды калыптандыруунун мааниси өстү. Кыргызстан ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жарандарыбыз, жаштарыбыз адептүү жана ыймандуу,терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу болуп тарбияланууга жана, албетте, өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүгө тийиш. Ошондуктан, азыркы шартта заманбап билим берүү, маданият жана маалымат саясатын калыптандыруу өз тарыхыбыз менен маданиятыбызга таянуу аркылуу таалим-тарбия системасын түзүү мамлекеттин маанилүү милдети болуп саналат” деп жазылган.

Калкыбыздын жарымынан көбүн 25 жашка чейинки жаштар түзгөндүктөн, тарбиянын башаты ыймандуулукка, сабырдуулукка, аруулукка үндөө – жалпы элдин милдети. Демек, мамлекеттик тил жана адабиятты өнүктүрүү багытындагы иш-аракеттер коомдо алдыңкы инсанды калыптандырууда мааниге ээ.

Байыртадан кыргыз макал-лакаптары, нарк-насилдүү сөздөрү түпкүрүндө терең философияны камтып, акыл-насаат, таалим-тарбия берүүчү касиетке ээ .

Кыргыз элине таандык улууларга урмат, кичүүлөргө ызаат, каада-салт, үрп-адаттарды сактоо ыймандуулуктун башатын түзөт.

Ыйман – адам баласына түшүнүктүү сезилген менен түпкүрүндө терең философияны, илим, дин, дүйнө таанымдын сырларын камтыган өзгөчө түшүнүк.

“Этика-философиялык илимдерде ыйман адамдын жана коомдун рухий-социалдык турмушунун маңызын аныктаган интегралдык түшүнүк катары сыпатталат”.

Коомдо адамдар ортосундагы жеке байланышты бекемдеген “ниет” , “кыял”, “пейил”, “уят-сыйыттуулук”, “адеп” түшүнүктөрү менен катарлаш.

Адамдын жеке турмушу, ийгилиги,бактысы, бактысыздыгы анын пейилине, ниетине жараша деген сөздөр менен тыгыз байланышта. Ошондуктан базар экономикасынын туңгуюк зынданына кирип, адамзаттык, улуттук дөөлөттөрдү унуткан келечек муундарды тарбиялоодо“Ар адам пейилинен табат”,“Пейил оңолбой, турмуш оңолбойт”,“Ыйманын сактоо”,“Жаштарга адеп, карыларга ыйман берсин”,“Ыйманы менен болсун”,“Ырайына жараша ыйманы” деген нарктуу сөздөр элибизде белгилүү.

Жаш баланы бешиктен баштап ыймандуулукка тарбиялоо зарылчылык, кечиккен тарбия ата-эненин жоопкерчилиги. Ошондуктан, макал-ылакаптар, насил сөздөр жаштарды адептүүлүккө, аруулукка, абийирдүүлүккө, эмгекчилдикке үндөйт.Мисалы:“Адам көркү –адеп”,“Адеби жоктун уяты жок”,“Адептүү киши –азаптан алыс”,“Абийир тапса баласы, атасына бак конот”,“Ак ийилет- бирок сынбайт”.

Коомдо чынчыл, ак ниет адам өз пайдасын ойлобой, элине кызмат кылат. Мисалы, “ Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон”,“Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат”,“Адамды сөзүнөн тааныбайт,ишинен тааныйт”.

Эзелтеден элибизде үйдүн куту, ажарлуу жар, мээримдүү энеге аял затына аярлуу мамиле жасалган.Кыргыз аялдары өзүнүн сулуулугу, акылдуулугу,кайраттуулугу, адептүүлүгү, ыймандуулугу менен легендага айланган. Алар Кыз Сайкал, Жаңыл мырза, Каныкей,Курманжан датка ж.б.Бирок, өткөөл заманда аялдардын орду өзгөрдү. Алар эшикке чыгып эркек, үйгө кирип аял болуп оор сыноолорго кабылып, бала тарбиялоо озуйпасы артта калды. Кыздар эненин тарбиясын көрбөй, көчө тарбиясын көрүп, коомдо жат көрүнүштөр пайда болду. Ал эми төмөндөгү макал-лакаптар кыздарды аруулукка, мээримдүүлүккө тарбиялайт, кыз балага таандык назиктикти, маданияттуулукту талап кылат. Мисалы, “Кыздын кырк чачы улуу”;“Кыздуу үйдө кыл жатпайт”;“Жаман энеден бала да качат”;“Эне – үйдүн куту”; “Себепсиз күлгөн –тарбиясыздыктын белгиси”; “Септүү кыз болгуча, эптүү кыз бол”;“Эне адаты –кызга үлгү”; “Эне сыры-кызында, ата сыры – уулунда”;“Айдай чырайын иттей кыялы бузуптур”; “Кызга кырк үйдөн тыюу”.

Коомдо ыйман дөөлөтүнүн деңгээлитөмөндүгүнөн кадырман карыяларга болгон мамиленин солгундашы, карылар үйүндөгү өз балдары алып барып таштаганкарыптардын тагдыры аянычтуу.Ушундай жат көрүнүштөргө байланыштуу мектептерде, ЖОЖдордо окуу программаларына улуу муундардын куттуу, касиеттүү сөздөрүн киргизүү абзел. Мисалы, жаштардын карылыктын кадырын түшүнбөгөн мамилелерин“Акылсыз атасын акмалайт”; “Атанын кадырын билбеген баланын башы кор болот” сыяктуу макалдар айгинелесе, “Карысы бардын ырысы бар”;“Акылдуу карыя – агып жаткан дарыя”; “Аталар сөзү – акылдын көзү”;“Карынын кебин капка сал”; “Кары – карынын сөзү дары”;“Кары келсе –ашка, жаш келсе – ишке”;“Кары адам үйдүн куту” деген накыл сөздөр урпактарга көөнөрбөс таалим-тарбия берет.

Кыргыз адеп маданиятын толуктаган аманат түшүнүгү ар бир адам үчүн маанилүү болсо да, коомдо терс көрүнүштөргө ээ.

Жашоого жаралуу Жараткан берген аманат, ал эми ошол аманатты сактап, өрнөктүү жашоо – бул милдет, муктаждык.“Аманат жанга бир өлүм, намыс үчүн кыяйын”;“Аманат жанга өлүм ак”;“Ден соолук адамга аманат; Аманатты кыянат кылба” макал-ылакаптары нарктуулукка, жоопкерчиликке, жашоону барктоого, инсандык мамилени түзүүгө үндөйт.

Кыргыз элинин энциклопедиясы “Манас” эпосунун ичинде, элдик оозеки чыгармаларында камтылган“Сабырдын түбү — сары алтын”,“Сабырдуу адам –жылдыздуу”,“Сабырдуулук –бакыттын ачкычы”,“Сабырсыздын иши тамырсыз” сыяктуу нарктуу сөздөр жаштарды тарбиялоодо, жекече мамиленин калыптануусунда сабырдуулукка, туруктуулукка тил аркылуу, асыл ойлор менен таасир этет.

Тил – ар бир улуттун күзгүсү, жүзү, тарых менен маданиятты, дүйнө таанууну айкалыштырган акыл — эси.

Коомдо маданияттуулукту арттырууда, маданияттуу баарлашууда, жеке адамдык мамилелерди курууда кыргыз макал-ылакаптарына эле басым койбостон, тарбиялык иштерди ар жактуу уюштуруу зарыл. Өзгөчө бардык окуу жайларда тарбиялык түзүмдөрдүн ишин жандандырып, кагаз бетинде аткарылган тарбиялык иштердин сапатын көтөрүү абзел. Мисалы, жаштар арасында семинар-тренингдерди, төгөрөк стол айланасында жолугууларды, тематикалык кечелерди өткөрүп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук Программасын ишке ашыруу менен Кыргызстан элинин биримдигин сактап, дүйнөлүк аренага чыгуу негизги максат.

Корутундулап айтканда, кыргыз элибиздин улуттук дөөлөттөрү жаш муундарды адептүүлүккө, ыймандуулукка, маданияттуулукка тарбиялоодо өзгөчө маанилүү. Ошондуктан, ушундай баалуулуктарды сактап келген нукура кыргыз тилинин өнүгүүсүнө ар бир адам салым кошуп, келечек муундарга таза, көөнөрбөс улуттук тилибизди өткөрүп берүү зарыл.

Мира Курманали кызы,
т.и.к., Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин
мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тарбия иштери боюнча проректору,
“Кыргыз тили”, 06.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий