Перизат АЛМАЗ кызы: «Бир келген өмүрдө мөлтүрөгөн булактай өмүр жарат»

БИР КЕЛГЕН ӨМҮРДӨ МӨЛТҮРӨГӨН БУЛАКТАЙ ӨМҮР ЖАРАТ

Ой!..
…Туп-тунук –
булакта суу ойноп агат!..
Толкуп-ташып
тоолорду бойлоп барат,
Байчечекей жээгинде чачын тарап –
жерден көккө өсүүдө
тип-тик карап…
Кара жердин оозуна
каймак тамат,
Ой-бойумду балкытат –
Ой бой рахат!..

…Рахаттанып жанар тоо
жарк-жарк жанат!..
Чокусунда шумкар сызып
аппак канат,
Этегинде эркелешип эликтерим –
Кучакташып кулундарым
балкып жатат!..
Жарыктыктын ушинтип
таңы атат…

…Таңы – атат,
Күнү – батат, суусу агат!..
Адамзатым жанар тоодой
ӨМҮР жарат!!!
Сенден мөлт-мөлт,
мөлтүрөгөн
көңүл тарап.
Бүт ааламдын баарына
жашоо тамат!..

 

АКЫЛ

…Акыл,
Акыл!..
Акыйкаттын – хан пири!
Ак, карабы адамдардын жан дили?!
Акмак болуп өтүп кеткен эместир,
Ак жолтойлуу жолдоштордун сан миңи…

…Сабыр,
Сабыр!..
Сабыр сындайт ар кимди,
Сага берген ыйык КУДАЙ бал тилди.
Сандалбастан, саргайбастан жашайлы,
Сактап жүрөт ЖАРАТКАНЫМ ал бизди.

Бизге –
Сабыр,
Бизге –
Акыл, ар кирди!..
Акыреттик арууланган жан кирди,
Акындардын акпасынчы кан, жини.
Ал анткени акындардын баарына,
Акырындап акыл өзү баш ийди.

 

МАҢДАЙ БАГЫМ

…Жаратканым,
Жараткансың –
Жарыкты!..
Жарык менен
Жаркылдаган жанымды,
Жыпарлайын бир өмүрлүк таңымды.
Ачып койчу
Таалайымды, багымды!..

…Багым кайда?
Кай тарапка чакырды?!
Аруулайын –
Акыреттик арымды,
Агызайын –
Аппак эмес канымды.
Тартуулайын –
Таразалап намысты,
Койчу!.. Койчу!..
Наадандар көп асылчу,
Таппайсың сен адамдардан асылды.

…Асыл деген,
Аскар кылат адамды.
Аскактатып –
Арууларды, адалды,
Ажыратып –
Актар менен караны.
Алмаштырып –
Жамандарга жакшыны,
Болду!.. Болду!..
Асылдарым барсыңбы?!
Сага байлайм алтын эле башымды,
Сага арнайм бүт өмүрлүк жашымды…

…Жаратканым,
Жараткан соң жанымды!..
Жараттың да жакшынакай жарымды?
Жер кыдырып издей бербей асылды,
Асыл деген сүйүү окшойт:
Асман –
Жерди, баарыңды.
Баардык адамзаттыңды…

 

ӨМҮРДҮ ӨПКҮЛӨП

Ах, чиркин ай!..
…Айдан жерге Пери түшүп
кулпунат,
Кара жерде жашоо,өмүр
буркурап.
Булакта суу сүткө айланып
суюлат,
Кумдан алтын балдай агып
куюлат.
Мөлтүр сезим көккө учуп
умтулат,
Жылдыздардын сүтүн эмип
упчулап…

…Упа булут сезимдерим
тумчулап,
Карлыгачтын канатындай
булкунат.
Карегимдин ак, карасын
жулгулап,
Ак көйнөктүн этек-жеңи
чуурулат.
Бир желпинип шамал менен
шуулдап…

Пах, чиркин ай!..
…Айдан жерге Пери түшүп
кулпунат,
Сүттөй деңиз сүйүү менен
куюндап.
Жарык аалам сезим менен
курулат,
Жашоо, өмүр аңкып атыр
буркурап…
Жаратканым жаппаса экен
кулпулап.
Мен өмүрдү өпкүлөйүн
Сулуулап…

 

ИЧКИ КАЙРЫЛУУ

Ак кызым ай!
…Ак көйнөктүн желпилдеп
этек-жеңи,
Күн жүрөгү чайпалып
Келет бери.
Бештен нуру чачырап
бермет Пери
Оо, ажайып мага жагат
Терметкени!..

Кызыл жардын жайкалып
эмендери.
Бал агызып деңиздин
Тереңдери,
Ээрип барат ак-куулардын
Эриндери.
Ал өмүрдү сүртүп, сүйүп
Берилгени,
Садагасы, садагам
Мейли!.. Мейли!..
Эркелетип жаткандай
Теңир мени.

Ак кызым ай!
…Ак көйнөктүн желпилдеп
этек-жеңи,
Пах, чиркин ай!
Учуруп кетет мени,
Өмүрүм ай, өзүңдү артык сүйөм!
Ааламга учуруп жалгыз сени.

 

ӨМҮРДҮН ООЗУНДА МЕН КАЙМАК

…Бал каймак,
Борк-борк өмүр казанымда
Ар кайнап!..
Жан өрттөнөт күн учунда
Тил чайнап,
Кирпик-кашты булуттарга
Бир байлап.
О-о-о-о, садагам шашып барам өзүңө!..
Өз өзүмдү өзгөлөргө
Пир шайлап!..

…Бир жайнап,
Тоо- булакка,
Булак- тоого миң сайрап!
Учам!.. Учам!..
Периштенин канатына ыр байлап,
Күндөр – Түнгө,
Түндөр – Күнгө сыр айтат…
Жыпар жытын буркуратып
Гүл айдап…

…Бал каймак,
Борк-борк өмүр өзөгүмдө
Өрт кайнап!..
Өрттү жутам күлкү менен
Дил кайрап,
Адам!.. Адам!..
Андайыңда кыл кайрат!..
Кайраты жок жашоо жутат
Бир чайнап.
Аттиң!..
Аттиң!..
Оозуңдагы мен каймак!..

 

ЖАЛЫН КЕЧИП, ӨМҮР КЕЧИП, ӨРТ КЕЧИП

…Жалын кечип,
Өмүр кечип –
Өрт кечип!..
Өрткө жашып агып түштү
Мөлт этип,
Өлтүрсөң да өлүмүңө
Көрк берип.
Көкүрөктө ачылыптыр
Төрт эшик;

Тозок жанга бирде келип
Бир кетип,
Бейиш гүлүн кээде жүрдүм
Миң терип.
Канат кагып кара жерден
Асманга,
Алып учуп жетелемек
Ким келип?!

…Күлсөм, күлөт төбөмдөгү
Күн ээрип,
Күтүүлөрдүн күүсүн күүлөп
Түн чертип.
Түшүнүксүз, түшүнүктүү
Муң эзип,
Кетсемби экен Периштени
Мен ээрчип?..

Эркиндиктен эки желек
Бир кесип,
Кара жерде жүргүм келбейт
Калп тентип.
Теңир-Кудай көрүнсөңчү
Жарк этип?..
Эх,жүрөгүм!!!
Ансыз жүрөт калт этип…

… Жалын кечип,
Өмүр кечип –
Өрт кечип!..

 

ТИРҮҮЛҮК

Өмүрдүн өзүн
өлөрдөй сүйүп өтөрмүн,
…Өмүр ай,
Өмүр!
Өзүмдү өйдө көтөргүн!
Өлүмдөй доско өпкүлөп
мээрим төгөрмүн,
Тирүүлүк мени
Неликтен, —
Неге?..
Чөгөрдүң?!

Чөгөлөттүң –
Чөөлөрүңө өңөрдүң,
Өң, түшүмдө
Периштени көрөрмүн.
Көпөлөктөй жеңил жаным учканда,
Келип кетет
Кайра баштан төрөлгүм

Чөгүп, —
Тынып
Тынчттык күндү көрөрмүн.

 

ӨЗҮМӨ ӨЗҮМ

…Өй!..
Өзүмө, –
Өзүм Кудаймын!..
Өзгөнү өлсөм укпаймын,
Өзөктөн өрттү чубаймын.
Өзүмөн, –
Өзүм сураймын…
– Кулусуң ээ Кудайдын?..

…Даны болуп буудайдын,
Жаны болуп куурайдын.
Каны оргуп умайдын.
Көргө жетпей бир күнү,
Эй,сагада кулайсың!..

…Өй!
Өзүмөн, —
Өзүм куураймын!..
Өмүргө –
Өмүр улайын,
Өлүмдү күтпөй турайын!..
Түбөлүк неге уктаймын?
Кечирсин мени
КУДАЙЫМ!..

 

БААРЫ КЕРЕК

…Керек,
Керек!..
Дос да керек өмүрдө,
Кас да керек!..
Кас душманың көңүлгө
отту себет,
Дос урааның төрүңө
гүлдү себет.
Экөө бирдей көрүңдө
сени жоктоп,
Жоготкондо баркыңды акыр
сезет!..
Калп да болсо каткырбай,
Ыйлап берет!..
Досуңду да,
душманды да –
сыйла демек!..

 

ЖАКШЫЛЫК БЕР ЖАРАТКАН

Арыбаңыз!
Асман – ата,
Жер – эне!..
Ээнсиреймин –
Эс-мас, эс-мас
ээ неге?!
Не болсо да
дайра болуп агайын,
Жашоо барда –
Жети жылдыз каректе.

…Каректерге аалам тунуп таң эрте,
Кара жерим каарыбаңыз кап этпе!..
Кара жандын –
жалындары нан, этте.
Нан, эт жебей өткөн канча ал эсте.

Эстеримден эскерилбей жан кетсе,
Жалгыз жаным жалганыңда жарк этпе!..
Жараткандан өмүр-өлүм берилди,
Өмүрүм жок!..
Өмүрүмдөн барк кетсе.

Арыбаңыз!
Асман – ата,
Жер – эне!..
Жакшылык бер –
Теңир менен тең элге!..
Ак бата бер,
Ак пейилдүү пендеге.

 

МЕН ДАГЫ

Мен!
…Мен дагы –
Мен болдум го,
мөлтүр булак?!
Булкунбачы,
буулугуп
өрткө кулап!..
“Кул” эмесмин
эңгиреп
Кудайчылап,
Куу турмушта болот
ээ?..
Өлгөн убак?!

…Убакыттын артынан
арын чубап,
Чуркай берем өмүрдө
тузун чылап.
Чындыктар жолдо калды
канча ыйлап?..
Ыйманы жок кишилер
киши кыйнап.
кыйындыктан кыйшайып
кырлар
сыздап…

Сызылып дүйнө аттиң!
Мендей ырдап.

 

КҮН ЧЫККАНДА КҮЛӨ ГОЙ

…Арым,
Арым!..
Арсыздарга ала-чапкын,
Арым менен
аралышып бороон-чапкын.
Ар намысым! –
Намысым боорго чаптың,
Ой, шумдук ай!.. Шумдук ай!..
От го камчың?..

…Каным,
Каным!..
Калпычыга какшып аксын,
Акмактарың аңтарышат асман астын.
Акыретке ак дүйнөң абдан жакын,
Жер ааламдан өчүрбөйлү адам атын.

…Арым,
Арым!..
Арсыздарга канча акың?..
Арылбаган айыптардан адамзатың!..
Арууланган алдыңда өмүр менен,
Күн кучактап күлө гой Перизатым!!!

 

ГҮЛ ӨМҮРДӨН КОРКПО

..Корком,
Корком!..
Адамдардын ыйынан,
Ыйдан качат:
Ыйман,
Ырыс –
Ыйык нан!..
Ыйык нансыз дир-дир этпейт
ысык кан,
Көл-шал,көл-шал
көздүн жашы сызылган.
Ысык кансыз кайдан болот
ысык жан?!

…Койчу,
Койчу!..
Коркуп барам ыйыңан,
Бир Кудайга башты ийип
сыйынам!
Гүл өмүрдүн өзүн жыттап
жыгылам,
Уртап,уртап!
Жыргалынан, сырынан…

…Корком,
Корком!..
Мен өмүрдө баарынан,
Кантип өтөм Кудайымдын
алдынан?!
Оо,дүйнөгө ээрчип барат
артыман.
Тоодой толкун күнөөлөрүм
жабылган,
Күнөө жыйба атаганат жашыңан.
Өөп койчу гүл өмүрдүн башынан!..

 

АЙЛАНАЙЫН ӨМҮРДӨН

…Ай, ай!
Айланайын өмүр –
Көктөм!
Ай,жылдызды
сүткө сүртүп, –
Сүйүп өпсөм!..
Сүйүнүчтөн,
Күйүнүчтөн.
Жашын төккөн!
Ай-ай!..
Ай-ай Ай Перимин турагы бар,
Асман-көктөн,
Көкөлөп бир бул жарыкта –
Жашап өтсөм.
Гүлистандын турагы да –
Менин өпкөм!..

…Ай,ай!
Ай айланайын өмүр –
Көктөм!..
Көпөлөктөр көңүлгө нурун
Сепкен,
Бал каймактап кара жер сулуу
Неткен?!
Мен жашоону үйрөнүп жалгыз
Сенден,
Жалгыз башым жарыкта балкып
Кеткен!
Жазым!..Жазым!..
Жанарым өпчү беттен!..

Соц тармактар:

Добавить комментарий