«АЛМАШЫМ»

Кечээ суук кабар жетти бизге. Алмаш Чойбекова акын эжебиз өтүп кетиптир. Акыркы жылдары ал карылар үйүндө жашап келген эле. Кантип жана эмне үчүн бул жерге келип калганын Алмаш эжени жакшы билген Бурулкан Карагулова эжебиздин эскерүүсүнөн билсек болот.

* * *

Алмаш Чойбекованы мен билгендей эч ким билбесе керек эле. Аябай сулуу болгон. Өтө таза да болгон. 4 жолу турмуш курду, бирок, бала көргөн жок. Үчүнчү күйөөсү атып, сокур кылып салды. 4 жолу атты деген маалымат жалган. 2 жолу аткан. Бир окту ичке мээлегенде ичин колу менен баса калганда ок колун жырып, ичине көзөлгөн. Эсин жоготпой кайра алышып баштаганда экинчи окту көз менен мээнин ортосуна аткан. Эки көздүн тамырын жулуп кеткен. Бир көзү сыртка атып чыгып кеткен. Бир саамга эсин жоготкондо күйөсү өзүн жүрөккө атып, коңшу орустун керебетине сулап жыгылган. Кийинки октун үнүн укканда кайра өзүнө келип кыйкырып баштаган. Коңшулар милиция, тез жардам чакырган. Менин номеримди Алмаш эже өзү бериптир тез чакыргыла деп. Мен жетип келгенде военный часттын жоокерлери жезденин сөөгүн сыртка алып чыгып военный машинанын үстүнө ыргытып салышты. Милициялар, прокурорлор мени ооруканага апкелишти. Ушу бир тууганы экен дешти. Мен жөн гана айылдашымын десем болбой эженин үстүнө киргизишти. Алмаш эже менин колумду кармап алып светти жагып койчу деп жалдырай берди. Бир көзү сыртта илинип, бетинде жатыптыр. Доктурлар мени башка кабинетке алып кирип, сиңдиси катары тил кат жаз, сыртта жаткан көзүн көрдүм деп, аны кесип салабыз, болбосо чирип кетет дешти. Мен өксүп ыйладым. Жаш болчумун. Тууганы эмесмин, айылдашымын десем болушпайт. Анда апасын, бир тууган эжесин азыр чакыргыла, ме- деп телефондун трубкасын карматышты. Менин колум калтырап араң кодду терип, Токтогулга апама чалып ыйладым. Апам ооруканага эмнеге киресиң кокуй деп боздоду. Апам трубканы коёру менен автовокзалга чуркап барып, эженин айылына кетип бараткан автобустун шоопуруна жалдырап аманатты айтыптыр. Эртеси апасы, эжеси, 3 эркек тууганы болуп чоң машина жалдап сөөгүн апкетебиз деп келишиптир. Тирүү десем ишенбей ооруканага кирип кетишти. Ошол күнү ичин кесип окту чыгарышты. Сыртка чыккан көзүн кесип салышты. Бир көзүн алган жок, өзү эле соолуп кургап калды.

Ошол кезде дагы укмуш окуялар болуп кетти. Андан кийин ого бетер күчөгөн окуялар өтүп атты. Эженин мөлтүрөгөн сулуу бакырайган көздөрү менин көз алдымда соолуп баратты.

Алмаш эжени бала кезимен бери жакшы билем. Мендей эч ким билбейт. Өз аты Алматай. Рыспай агай ырдаган «Алмашым» деген ырга эженин эч тийешеси жок.

Көзү таптакыр көрбөй калганда өкмөт квартира берген. Эч ким жардамга келбей калганда Абдрасул агайдын Марс деген баласына баш кошуп үйүндө чогуу жашап калышты. Ал квартираны карызга батып калышып алдырып ийишти. Квартираны саткандан калган биртке акчаны белдерине түйүп жезде экөө Алайга жашай турган болуп кетип баратышканда жолдон эже приступ болуп Ноокен районундагы ооруканага жаткызып кетишет. Айыккандан кийин бара турган эч кимибиз жок дешкенде эженин өздүгүн текшерип көрүшүп, карылар үйүнө өткөрүп салышат.

Карылар үйүнүн директоруна Алмаш эже «Мага эч ким келбесин, журналисттерди киргизбе, эч кимге эч нерсе айтпа» деп катуу эскертет. Ошон үчүн директору Алмаш эженин үстүнө эч кимди киргизбей, бирок, көзү өткүчө жакшы бакты.

(Кыскартылды)

Бурулкан Карагулова

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий