“Кыргыз улуттук оймо” китеби жарык көрдү

Жакында эле кыргыздын улуттук оюмдары түшүрүлгөн “Кыргыз улуттук оймо” аттуу китеп жарык көрдү. Аталган китеп 69 жылдан кийин кыргыз тилинде басылып чыкты. Китептин автору Михаил Васильевич Рындин өткөн кылымдын биринчи жарымында кыргыз жерине келип, кыргыз оюмдарынын келип чыгышын, алардын маани-маңызын изилдеген.

“Кыргыз улуттук оймо” китеби — орнамент искусствосу аркылуу кыргыз маданияты жөнүндө кеңири маалымат берүүчү булак. Аталган альбомдун түп нускасы 1948-жылы СССРдин Академиясынын Кыргыз филиалынын жардамы менен мамлекеттик Эрмитаж тарабынан басылып чыккан. Китепте кыргыз элдик чыгармачылыгында эң көп колдонулган эки жүздөн ашуун оймолор көрсөтүлгөн. Аталган китеп Американын “Кристенсен” фондусунун каржылоосундагы “Туруктуу өнүгүүнүн стратегиясы институту” коомдук фондусунун демилгеси менен жарыкка чыгып олтурат. Долбоордун автору Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук музейинин көркөм өнөрдү үгүттөө бөлүмүнүн жетекчиси Алмакан Найзабекова китептин 1000 нускада чыгып, учурда 200дөй гана нускасы калганын айтты.

Мындан сырткары Найзабекова буларды кошумчалады:

“2006-жылдан тартып Маданият жана туризм министрлигинин “Улуттун жүз долбоору” жобосунун алкагында жыл сайын “Оймо” фестивалы өткөрүлүп жатат. Фестивалга Борбордук Азия өлкөлөрү, Кытай, Индия, Ооганстан да катышып келет. Мына ушундай фестивалдарда кыргыз маданиятын таанытууда Рындиндин китеби кыргыз кол өнөрчүлөрү үчүн табылгыс эмгек” деди ал.

Китептин автору М.В. Рындин орус улутунан чыккан сүрөтчү болгон. 1934-жылы Кыргызстанга келип, кыргыз оюмдарын изилдеп калышы анын чыгармачыл бай тажрыйбасынан кабар берет. Анткени ары түйшүктүү, ары кызыктуу оюмдарды изилдөө ишин кез келген адам колго ала бербейт. Ал өз эмгегинде Нарын, Ысык-Көл, Чүй өрөөндөрүнө, түштүк аймактарга да бир нече жолу барып, оймонун жана оймо композициялары бар тиричилик буюмдарынын сүрөттөрүн тарткан. Окумуштуунун орнаменттердин маани-маңызын түшүндүрүүдө Сура Асырбекованын ордун да баса белгилөө менен, оюмдардын этимологиясын изилдөөгө басым жасап, аталган чөлкөмдөргө бир эмес, бир нече жолу барган. 1938-1941-жылдары Михаил Рындин Токмок окуу-өндүрүштүк бирикмесинин көркөм жетекчиси болуп, ал жерде уз аялдардын чыгармачыл изденүүлөрүн, тажрыйбаларын сүрөткө түшүрүп, маалыматын толуктаган.

Орто Азия, анын ичинде кыргыз тарыхын изилдөөдө өчпөс из калтырган тарыхчы, окумуштуу А. Н. Бернштам баш болгон Кыргызстандын илимий жана чыгармачыл коомчулугу Михаил Васильевич Рындиндин эмгегин баса белгилешип, некрологдо минтип жазган:

“М.В. Рындиндин жумушу кыргыз орнаментинин келип чыккан реалисттик булактарын жана анын терең тарыхый тамырын ачат. Мында өзүнүн этнографиялык материалдары гана болбостон, М.В. Рындин бир нече жыл көркөм жетекчилик кылган Токмок артелинин кыргыз саймачы аялдарынын чыгармачылык иштери дагы чагылдырылган. Маркум кыргыз улуттук маданиятка чоң салымын кошту. Ал түзгөн альбомдун чыгуусу жөнөкөй мээнеткечтин көп жылдык жумушунун татыктуу эстелиги болуп калат,” — деген пикирлерин калтырышкан.

Михаил Рындин — биринчи дүйнөлүк согуштун каарманы

Михаил Васильевич Рындин 1891-жылы 9-сентябрда Россиянын Алыскы чыгышындагы Уссирийск облусунун Барабаш өзөнүндө, аскер врачынын үй-бүлөсүндө туулган. Орто жана аскер билимин аяктагандан кийин, 1910-1914-жылдары Петрограддагы Штиглицтин көркөм мектебинде окуган. 1915-жылдан баштап аскерде болуп, кенже офицердик даражадагы биринчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу болгон. Октябрь төңкөрүшүнөн кийин Кызыл армиянын катарында кызмат өтөп, жарандык согушта, андан кийин бандитизм менен күрөшүүгө активдүү катышкан. Мына ушундай согуштук кырдаалдар, тыныгуулардан соң ал өзүнүн сүйүктүү адистигине кайткан.

 

Кыргыз оюмдарынын илимий ачылышына жол салган

Сүрөтчү кыргыз орнаментин чогултуп, аны классификациялашы оймолордун сан жагынан билимибизди гана эмес, алардын бири-бири менен айкалышышын, негизгиси, буга чейин эч ким билбеген кыргыз оймосунун баянын ачкан. Ага чейинки кыргыз оюмдарынын изилдөөлөрү башка багыттагы изилдөөлөрдүн кошумча багыты болуп келген. М.В. Рындиндин бул ачылышы “Советская Киргизия” гезитинде “Кыргыз орнаменти” аттуу чакан макаласында көрсөтүлүп, ага кыргыз орнаментин “көркөм сүрөт фольклору” деп атоого укук берген. Анын илимий ачылышынын мааниси таланттуу искусство таануучу В.Н Чепелов тарабынан жогору бааланган.

Рындин өз изилдөөсүн мезгил-мезгили менен советтик гезиттерге жарыялап турган. Ага мисал катары, анын 1943-жылы “Кыргыз оймосу” деген байкоолорун жазган кыскача макаласын айтсак болот. Рындин туурасында китептин баш сөзүндө А. Н Бернштам төмөнкү эскерүүсүн келтирген:

“Михаил Васильевич менен биз 1941-жылы күзүндө жолугуштук. Анын топтомдорунун байлыгы жана ал жүргүзгөн орнаменттин баштапкы серептөөсү, буга чейин бул тармакта адабиятта белгилүү болгондон алда канча бай экендигин көрсөттү. Анын альбомунун даярдалышы жана материалдардын иштетилип чыгышы Кыргыз илимдер академиясынын филиалынын тил, адабият жана тарых институтунун атайы илимий отурумдарында өзгөчө талкууга алынган”.

М.В. Рындиндин альбому алты бөлүмдөн, кыргыз орнаменти 173 негизги элементтерден тураары жазылган. Алар башка элементтер менен айкалышта болуп, үч жарым миңден ашуун орнаменттик сюжетти түзөт. Өзүнүн маанилик көлөмү боюнча, кыргыз оймосунун белгилүү болгон 3500 үлгүсү “Манас” эпосунун 500 миң сабынан кем калышпайт. Оюмдарда кыргыздар мекендеген жердин жаныбарлары, өсүмдүктөрү, алар колдонгон турмуш-тиричилик буюмдар, динге байланышкан орнаменттер кеңири талданып, оюмдар көчмөндөрдүн тарыхы, көркөм өнөрү, дүйнө таанымын чагылдырат. Айрымдарында кыргыздардын байыркы мекени Эне-сай турмушунан кабар берген оймо үлгүлөрү да кездешет. Мисалга алсак: ак бугунун башы, багылдыр, жолборстун тырмагы.

Учурда кыргыз улуттук орнаменттери түшүрүлгөн кыз-жигиттердин саркеч кийимдери бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнөгө бренд катары таанылууда.

Китеп кыргыз элинин өткөн руханий жашоосун таанууда, алардын илимий классификациясын көрсөтүүдө жана кыргыз мурасын сактоодо баалуу эмгек. Ал эми китепте келтирилген оюмдарды дагы да тереңирээк изилдеп, иликтөө, уламасын улап, кенемтесин толуктоо учурдагы жаш илимпоздордун алдыдагы милдети.

Жанара Каденова, “ПолитКлиника”, 20.06.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий