«Токтокенин минме-ташы»

Токтоке мерген бир кездеги ачарчылык заманда бир айылды кайберендердин эти менен камсыздап тургандыгы айтылат. Айтылуу Босогонун үстү «Селкинчек» жайлоосу түзөңдүү жер болот. («Ак илбирстин тукуму» көркөм тасмасы тартылган жер)

Биз өзүбүз жашаган Ат-Башы өрөөнүндөгү жер, суу, тоолор жана токойлордун аттарын билүүбүз шарт. Ошол жер-сууга коюлган аттардын же аталыштардын, алардын эмнеликтен келип чыгыш себептеринен сөз кылалы. Биз сөз кыла турган «Токтокенин минме-таш» аскасынын аталышы. 19-кылымда Ат-Башы өрөөнүндө моңолдор уруусунун ичинен, назар уругунан чыккан Токтоке деген мерген болуптур. (анын небере, чөбөрөлөрү азыр Бирлик айылында жашап турушат) Токтоке мерген бир кездеги ачарчылык заманда бир айылды кайберендердин эти менен камсыздап тургандыгы айтылат.

Айтылуу Босогонун үстү «Селкинчек» жайлоосу түзөңдүү жер болот. («Ак илбирстин тукуму» көркөм тасмасы тартылган жер) Селкинчектин жогору жагынан үч айрык кетет. Ушул үч айрык башы куушурулуп отуруп так ошол «Токтокенин минме ташына» барып такалат. Үч коктудан үркүп качкан кийиктер ошол аска аркылуу чубап качышчу экен. Ал кезде азыркыдай зордукчу мылтыктар жок, мергенчилер дүрмөттөп, түтөтмө мылтыктар менен ууга чыгышчу экен. Ошол кезде ылдыйдан ок жетпесин билген Токтоке мерген жалама зоого чыгып, чөнтөктөрүнө жана кичине куржунга топурак салып алып, басчу жерлерине тайгаланбас үчүн чачып олтуруп, минме ташына барганда кайыш менен чапандын белин, жеңдерин бууп, теке шымды кийип, асканын кырын минип алып үстүнөн ок чыгарчу дейт. Ал жер деңиз деңгээлинен болжол менен 4000 м бийик жана ар дайым, жайдын күнү да шамал болуп турат деп айтылат. Ошондуктан жең, билектерин байлачу тура. Токтоке мергендин жакшы жери семиздерин тандап атып, бооз эчкилерге жана улак ээрчиткендерин атчу эмес экен.Токтоке аткан кайберендерди ылдый жактагылар жыйнап, күнүмдүккө жеткидейин алышып, артканын союп жиликтеп, аскадагы муз катмарын оюп, ошол оюкка сакташчу экен. Ал оюктарды эт муздаткыч катары пайдаланышчу тура. Ал жер жайдын күнү да абдан салкын болот. Оюкту бөлөк жырткычтар жетпегендей кылып оюшуп, оозун муз күбүр менен бекитип коюшчу тура, ал жерде чымын, чиркей да болбой, жакшы сакталып турчу экен. Токтоке өзү олбурлуу, шамдагай балбан киши болгон дешет.

Бир ирет мерген минме-ташына жаңы эле минип баратса эчки, теке жайылып качып, тебелеп келе жатат дейт. Көрсө ары жагынан илбирс качырган тура. Мерген же артка, же өйдө качалбай, чапандын этеги менен башын жаап жата калыптыр. Дүпүрөп кайберендер тебелеп өткөндөн кийин туруп караса чапанынын бүтүн жери жок тилик-тилик болуп калыптыр. «Кайберендин туягынын курчтугун ошондо көрдүм» деп айтчу дейт мерген. Токтоке мергендин балдарынын бири азыр Бирлик айылында жашаган Ашымов Сапарбай аксакал дагы буларды айтып берди. Атам мергенде жүрүп теке атып, текени алганы барса ары жагында аюнун үңкүрү бар экен дейт. Аюу жаңы эт менен кандын жытын алганбы үңкүрдөн чыгып келатып мерген менен бетме-бет келе түшөт. Мергендин сөзүндө «аюу күчтүү болгону менен кыймылы кашаң олдоксон болот экен» деп айтчу экен. Аюу менен кармашып алы кетип, айласы кетип бара жатканда мерген күчүнүн болушунча кулагына катуу чаңырып-кыйкырып жиберет. Ошондо аюу башын бир чулгуп алып ийнин көздөй кетет. Көрсө мергендин катуу кыйкырган үнүнөн чочуса керек. Сапарбай аксакал айтат, чынында эле балбандыгына жараша атамдын үнү да абдан ачуу болчу деп. Токтоке мергендин кыскача тарыхы ушундай. Ат-Башы өрөөнүнөн чыккан көп айтылуу мергендер болгон. Ак-Моюнда «Бетеге» мерген, Ак-Муздан Сайыр жана Балтаалылар. Булар жөнүндө кезеги келгенде дагы сөз кылмакчыбыз.

Жанаков Эркинбек, Бирлик айылы,
«Ат-Башы жаңылыктары» (Аймакпресс)
, 28.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий