«Адабият руху жана доор». Кытайлык кыргыздардын адабиятын таанууга дагы бир мүмкүнчүлүк

«Адабият руху жана доор». Ушундай аталыштагы илимий макалалар жыйнагынын бет ачаары Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин филология факультетинде өткөрүлдү. Китептин автору кытайлык кыргыз, адабий сынчы жана адабият таануучу Мамбет Аамат. Бул эмгек Кытай жергесинде жашаган кыргыз боордоштордун айрым адабий чыгармаларын талдоого алган. Ага адабий, илимий, публицистикалык сын макалалардын топтому киргизилген.

Кытайдагы кыргыз журтчулугунун жазма адабиятынын башаты 20-кылымдын алгачкы жылдарына барып такалат. Акыркы 20-30 жылда аймакта анын дүркүрөп өсүшү байкалууда. Жазма адабият менен бирге адабий сын дагы катарлаш өнүгүп келатат. Бул багытта жарык көргөн «Адабият руху жана доор» деген аталыштагы эмгек кыргыз адабият коомчулугуна тааныштырылды. Ал адабий сынчы, адабият таануучу жана котормочу Мамбет Ааматка таандык. Китепте автор проза, поэзия жанрындагы кээ бир романдарды, повесттерди, ырларды, элдик оозеки чыгармаларды талдоого алган. Анын мазмуну жана максаты тууралуу автор буларга токтолду.

— Бул эмгегимдин негизги максаты адабий чыгармаларды илимий талдоого алууну максат кылган. Мында биринчиден, Кытайдагы кыргыз тилиндеги чыгармаларды көркөмдүк жана эстетикалык жактан талдоо. Экинчиден, жазуучулар ортосунда дилмаек уюштурулган. Бул сын жазганда дайыма болчу нерсе. Ошондой илимий жана дилмаектер орун алган. Үчүнчүдөн, мен адабий сынды дайыма маданият менен байланыштырып жазам. Андыктан, коомдук көрүнүш жана маданияттын азыркы абалы жөнүндө жазуучулар эмнени чагылдыргандыгы тууралуу ой-пикирлер камтылды.

Адабий сын адабиятты алдыга сүрөп жана мыкты чыгармалардын жазылышын шарттай турган нерсе. Андыктан, адабият айдыңында сынчылардын аз экендигин байкаган адабиятчы Мамбет Аамат 16 жашынан баштап калем кармап, бетке чабар курч сындарды жаза баштаган.

— Бизде 5-6 гана адабий сынчы бар. Бул өтө алсыз топ. Бул багытта биздин алдыбыздагы улуу муундардан кийин аралык үзүлүп калган. Ошондуктан, адабий сын жаатында баа берүүлөр аз болуп жаткандыгын көрүп, аны үйрөнөйүн деп атып эле ушул жакка киришип кеттим.

Иш-чарага катышкан кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү дагы эмгек тууралуу өз ой пикирлерин ортого салышты. Маселен, Кыргыз эл жазуучусу, адабий сынчы Кадыркул Даутов учурда кытайлык кыргыз боородоштордун адабияты жана адабий сын кыргыз элинин өткөн кылымдардагы жолун басып, жаңыдан өнүгүү жолуна түшкөндүгүн айтат.

— Мындан мурдараак мен кытайлык кыргыздардын адабий сыны биздин өткөн кылымдын 30-жылдарындагы деңгээлибиздей экен деп ойлогом. Азыр болсо илимий жактан адабий сын 40-жылдардын деңгээлине келип калыптыр. Түшүнүктөрү бар жана жөнөкөй. Себеби, булардын бардык чыгармалары, бардык жанрларынын эң татаал жана жөнөкөй түрлөрү адабияттын, адабий сындын деңгээлин көрсөтүп турат.

Ал эми, Филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан бул китептин артыкчылыгы катары сындын бардык жанрлары камтылгандыгын белгилейт.

— Бул жыйнакта көп макалалар бар экен. Белгилүү бир чыгарма жөнүндө, жалпы эле Кытайдагы кыргыз адабиятынын өнүгүү процесси жөнүндө жазылган. Мындайча айтканда, обзордук макалалар тибиндегиси, рецензия жана баш сөз тибиндегиси да бар экен. Адабий сындын кандай көп түрдүү жанрлары болсо, бул китепте бардыгы камтылыптыр.

Кытай жергесиндеги кыргыздар бүгүнкү күнгө чейин жазууда араб арибин колдонуп келишет. Ал эми орус арибинде чанда гана китептер жарык көрөт. Бул китептин артыкчылыгы дагы ушунда. Мындан сырткары китептин редакциясы мыкты болгондуктан, окуп, түшүнүү оңой болду, -дейт филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева.

— Кытайлык кыргыздардын адабияты менен иштегениме 15 жылдай убакыт болуп калды. Канчалаган кадрларды даярдап, алдын кандидат кылып кетирдик. Буга чейин бир нече китептер менен таанышып, чындыгында окуй алчу эмесмин. Мунун бир жакшы жери окуй алат экенмин. Демек, жазуу стили канткен менен бизге жакындашып келатыптыр. Бул чоң жетишкендик деп ойлойм.

Жыйынтыгында, мындай эмгектер Кытайдагы кыргыз адабияты, анын өнүгүш жолу тууралуу кененирээк маалымат алууга өбөлгө түзөөрү адабиятчылар тарабынан айтылып, бир катар сунуштар дагы берилди.

Каныкей Бозгунова, “Марал” ФМ, 16.05.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий