Адептин башы – салам, иштин башы – ыклас

Учурашуу-адамдардын ортосунда бири-бирин ызаттоо, тааныш же бейтааныш адам менен бул жер үстүндө бирге жашоого, сүйлөшүүгө, пикир алышууга даяр экенин билдирүү. Жашына, мансабына, бирөөгө көз карандылыгына карап салам берилбейт. Салам берүү баары үчүн бирдей болот.

«Салам бериш – карыз, алик алыш – парыз», «Адептин башаты–салам, иштин башаты–ыклас» деп макалдарда айтылгандай, бири-бири менен учурашуу аркылуу алардын жакшы көрүүсү, мээрими, урматтоосу жана сыйлоосу билинип, алмуздактан бери элдин ырыс-ынтымагын сактаган, бекемдеген. Учурашуу – бул адеп, ыйман. Учурашканга карап алик алат, пикир, маанай жаралат (“саламга келбей калыптыр”, “бир нерсе болгонго, бир балээге кабылган окшойт”). Чын дилинен, калп эле, кош көңүл, жактырбоо, төрөпейил, менменсинүү, жасалма ж.б.эмоциялык сезимдер билдирилет. Илгери аксакалдар жаңы топко келген адамдын учурашуусунан эле анын ички дүйнөсүн, ким экендигин таасын аныктап коюшкан.

Ар бир инсан күндө ондогон, жүздөгөн адамдарга салам айтып, алик алат (айрыкча, тарбиячылар, мугалимдер, окутуучулар). Ал ошончо жолу өзүнүн мээримин, каалоо-тилегин арнап, кайра ошончо асыл наркты кабыл алат.

Эзелтен амандашуунун үлгүсү төкмө акындардын эл менен учурашуусунда сөздөрдүсаймедиреп, тизмектештирип айтканы калыптанып калган. Муну орто, улуу муундун өкүлдөрү өзгөчө кабыл алышат. Ал эми жаш муундар, жеткинчектер, өспүрүмдөр көңүлкош болуп, маани бербей келишет.

Адеп-ахлактын, тарбиянын башкы символу болгон саламдашуу парзын калыптандыруу жалпы элдик иш экенин ар бир инсан аңдап сезип, кол кабыш кылып колдоого алуусу абзел.

Адебиң – саламдашуу! Адеп–бардык жакшы башталыштардын коңгуроосу! Ал жупуну, салмактуу, адамды жоопкерчиликке чакырган шык болуш керек.

«Илимден адеп улук» деген сөз бар. Кыргызчылыкта адепке өзгөчө маани берилет. “Адеп, ыйманы жок адам – жүгөнү жок азоо аттай” деп сыпатталат. Адептин бир нугу ата-эненин каны аркылуу тээ башат тегинен келет. Бир нугу жандуу күндөлүк тарбиядан берилет. Башатка көз жүгүртсөк элдин нарк-насили, каада-салты адам болууга тарбиялайт. Учурда адистиктен мурда адам болууга тарбиялоо керек экендигин турмуш өзү ырастоодо.

Салам берүү жана алик алуу менен адам өзүн башкалардын арасында күзгү сыяктуу ачып таштайт. Ошондуктан учурашуунун айрым адеп сактай турган учурлары болот:

  • Таанышпы, бейтаанышпы көчөдө учурашкан киши менен саламдашуу парыз.
  • Кыргыз салтында өбүшүп учурашуу жок.
  • Мас, жинди, баңги кишилерге салам айтылбайт.
  • Салам берүүчү алик алуучулардын алик алышын күтүп отурбайт.
  • Жамаат отурган жерде кечигип келгендер кол берип саламдашпайт.
  • Жашы кичүүлөр жашы улууларга озунуп салам айтат.
  • Атчан адам жөө адамга учурашат.
  • Жөө адам отургандарга салам айтат.
  • Жогортон келе жаткан төмөндөн баратканга салам айтат.
  • Топко улуу кишилер салам айтып кирип келсе, кичүүлөр ордунан туруп алик алат.
  • Бирөөлөр кызуу маектешип жатса, алардын сөзүн бөлбөө үчүн кол берип учурашууга болбойт.
  • Көпчүлүк тамак жеп жатышса, кол берип учурашуу туура эмес болуп калат.
  • Эркек жашы улуу аялдарга кол берип учурашыш керек болсо, биринчи кол сунбайт.
  • Эркектер менен аялдар өтө жакын тууган же классташ,теңтуш болбосо, кол берип учурашпайт.
  • Аял менен эркек, эркек менен эркек, аял менен аял ооздорунан өбүшүп учурашуу маданиятсыздык, батышты эби жок ээрчигендик.
  • Жаш балдарды, кыздарды улуу адамдар учурашуу учурунда чекесинен өөп койсо болот.
  • Конокто кыз, келин эркектерге колун бооруна алып, башын ийкеп, жүгүнүп таазим эткен.
  • Жамаатка кирип келген киши кимдир бирөөнүн өтө жакыны болуп, көптөн бери көрүшө элек болсо, ошол киши менен гана кучакташып учурашат, калгандарга «көргөнүбүз көрүшкөн» деп коёт.
  • Жамааттан эки адам бөлүнүп кетип, ары жакта сүйлөшүп жатса, алар менен кол алышып учурашуу жарабайт.
  • Көптөн бери көрүшпөгөн же узак сапардан келген адам менен эркектер кучакташып, бирок катуу кыспай көрүшөт, мындайда далысын таптап же сылап да койсо жакшы.
  • Үй-бүлөдө ар бир күнү эртеңменен турганда балдар жана кичүүлөр чоңдор менен саламдашат.

Күндөлүк турмуштагы көпчүлүктүн көөдөнүнө сиңип калган, сарасеп салбаган “саламатсыңбы?”, “кандайсың?”, “жакшысыңбы?”, “эсенсиңби?”, “привет”,  “хеллоу”, “кандай доңуз?..”, “салам өлүк?” деген оңтойсуз, орой учурашуулар жаштардын арасында терең тамыр жайып барууда.

Тилекке каршы, салттуу салам берип, алик алуу эрежеси унутулуп, бузулуп баратат. Өзгөчө мектеп мугалимдери окуучуларга «Сен» деп орой кайрылганы аз келгенсип, алардын «Саламатсыңарбы?» деген суроо-саламына окуучулар «Са-ла-мат-сыз-бы?» деп кайра суроо менен жооп берип турушу түшүнүксүз. Ал эми мугалимдин адегенде окуучуларга «Арыбагыла, балдарым» деп аздектүү кайрылып, ага окуучулардын жапырт «Бар болуңуз, эжей» деп каалоо-тилек айтып турушунда касиеттүү элдик салт, адептүү асыл-нарк сезилип турганы жалганбы?

Амандашуу, учурашуу адам баласынын ортосундагы алака-мамилени туюнткан,муундан-муунга мурас болуп келген өтө байыркыжөрөлгөлөрдүн бири болуп саналат. «Амандашпай сөз баштаба» деген ата-бабалардан калган накыл кеп бар. Кыргыздар бири-бирине кез келгенде «Арыбаңыз» деп кайрылышып, анан ага «Бар болуңуз» деп жооп кайтарышчу экен. «Арыбаңыз»деген ооз учунан эле адамдын көңүлүн жубаткан, абалынан кабар алуу максатында ага суроо иретинде берилген сөз эмес. Ал-адамга кадимки күү-деми, күч-кайратынан тайбай, кайгы-капага жеңдирбей, куунак көңүлдө, узак өмүрдө жашашын каалап, чын дилден айтылган угумдуу, таасирдүү амандашууну билдирген тилек сөз болуп эсептелет.

«Бар болуңуз» деген жоопто адамдын ал-абалы кандай болбосун, ал үчүн эң башкысы, бар болуудан, башкача айтканда, тирүүлүктөн өткөн асылдык жок экендиги даана туюнтулган. Бул кыргыздардын адам парасатын артыкча баалап, бөтөнчө бийик койгон адамгөй, жапакеч эл экендигин далилдеген дөөлөттөрдүн бири болуп саналат.

Учурашууда ачык маанай, жайдары, шайдоот көңүлдө болуу негизги талаптарга кирет. Сөздү айтуудагы адамдын абалы да экинчи учурашып жаткан тарапка белгилүү бир жагдай жаратат.

Кыргыз элинин түпкүрдөгү ата тегинде саламдашуу тартиби (ислам динин кабыл алганга чейин) «Арыбаңыз» (-дар) деп айтылган. «Бар болуңуз» (-дар) деп алик жооп айтылып, пейил таштап, жадырап-жайнап, эки колду бирдей сунуп, адамга жылмайган мүнөз менен ууртунан күлкү жайнап, муңайым тиктеп учурашкан.

Жазуучу Ашым Жакыпбековдун «Теңири Манас» чыгармасында: «Манастын бала чагында кабарын уккан Бакай Манасты Жакыптын жылкычысы Ыймандын жайытынан таап, “Арыба, баатыр!” деп кырк чоросун ээрчитип келип, кырдан көрүп, кыйкырып салам айтканда, Манас ордунан тура калып караса, кырда кызыл байрак көтөргөн кырк жигити менен Бакайдын турганын көрүп, “Бар бол, ава!” деп чуркап барып, кучак жайып учурашты”,- деп баяндалат.

Улуу-кичүүлөрдүн ортосунда, карым-катнаштарда жаш өспүрүмдөр салам айтса, маани бербей алаксып, унчукпоо, кайдыгерлик менен баш ийкеп коюу, жаш балдардын назарын сындырып, жосунсуз жорукка кабылганына күбө болуп жүрөбүз.

Хадистерде мусулмандардын бири-бирине алты акысы бар деп белгиленет:

  1. Салам берүү.
  2. Чакырса баруу.
  3. Кеңеш сураса, айтуу.
  4. Суроосуна жооп берүү.
  5. Ооруса барып көрүү.
  6. Каза болсо, аза зыйнатына катышуу.

Өткөн кылымдарда жеке адам бетме-бет келген болсо, кызыл дан баскан кырманчыларга, килем соккон кыз-келиндерге салам айтканда түрдүү түстөгү жиптерден токулган учуккарматып, жер-жемиш, таттуу шириндиктерди, кийим-кече, буюмдарды алып берип кутулган. Бул өзүнчө эрежеге салынган этикет экендигин төмөнкү накыл кептер да айгинелеп турат. Байыркы түрктөрдүн санжырасында: “Эрте туруп энеңе салам айт, андан кийин атаңа салам айт” деп белгиленет. Түркмөндөрдө: “Эрте менен туруп, ата-энеңе салам айт, андан кийин атыңа салам айт”. Кыргыздарда: “Бир даам сызган жериңе, миң ирет салам айт” ж.б.

1933-жылы Германияда улутчул-фашисттик партия бийликке келгенде, немецтер «Хай, Гитлер!» (Жашасын, Гитлер!) деп учурашкан.

Америка Кошмо Штатынын Президенттигине эки мөөнөт шайланган Ф.Рузвельт (коляскада отурган майып болгон)жумушка келгенде пол жуугучка, кароолчуга салам айтып кирчү экен.

Белгилүү коомдук ишмер, окумуштуу Касым Тыныстанов: «Өз элиңди, өз тилиңди, өз ата салтыңды үйрөн, бил жана аны көздүн карегиндей аяр сакта! Ал сенин өмүрүң, көрөр күнүң, ичер сууң» деп насаат калтырган. Андыктан, адептүүлүктүн, ыймандуулуктун бир үлгүсү болгон учурашууну өзүнүн талаптары, эрежелери менен өнүктүрүү, турмушта колдонуу өзгөчө муктаждык болуп турат.

«Махабат дастаны» көркөм фильминде (1973-ж.) Жалман ата: “-Арыбагыла, бейкүнөө пенделерим!” деп саламдашса, Раймаалы: “-Бар болуңуз, Жалман ата!” деп алик алганы элибизде бул учурашуунун үлгүсү эзелтен болгонун далилдеп турат. «Курманжан датка» көркөм фильминде (2015-ж.) Алымбек датка менен Жантай хандын, Камчыбектин (тестиер кезиндеги) Акпалван авасы менен учурашканы катардагы көрүүчүлөргө оң таасир жаратат.

Ар бир элдин, улуттун өз маанисине жооп берген, эзелтен иретке салынган, ар бир жаран сыймыктануу менен айткан, ага күч, шык, эргүү берген учурашуунун үлгүлөрү бар. Балдардын, жаштардын мекенчилдигин, адептүүлүгүн, ыймандуулугун узун сабак ой айтуудан эмес, так турмуштук зарылчылыктан, жашоо тажрыйбасынан үйрөткөн, көрсөткөн алгылыктуу, кайтарымдуу болмок.

Жалпыга маалымат каражаттарында (айрыкча, радио, телевидениеде) ар түрдүү жанрдагы уктурууларда, көрсөтүүлөрдө учурашуунун «Арыбаңыз», «Бар болуңуз» үлгүсү колдонулуп жатканы көңүл жубатат. Ушундай эле коомчулуктун кеңири колдоосуна ээ болсо, ыклас коюп айтууга ылайык келсе, бул учурашуу ата-бабадан калганмурас, нарк-насил катары кайрадан жаңыланмак.

«Көзүм көрбөсө болду, бөйрөгүмдү бөрү жесин» деп салкын мамиле жасап, жаштарды өтмүштөн калган жакшылыктарга үгүттөбөй, өз билемчиликке жол ачып, ындысын өчүрүп, кайдыгерликтин тузагынан чыкпай жүрө берсек, көптөгөн дөөлөттөрдөн, аруулуктардан кур жалак калышыбыз мүмкүн.

Куру сөз, жалындуу ураандар менен адептүүлүккө тарбиялоо мүмкүн эмес. Сын-пикир, кемчиликти айтып отурбай, натыйжалуу, практикалык жумуштарды, үлгүлүү иш-чараларды, так маалыматтарды берүү, өрнөктүү өбөлгөлөрдү жайылтуу максатка ылайыктуу болот.

Учурашуу адебинин чегин кеңейтип, алгылыктуу максаттарга жетүү үчүн төмөнкү сунуштарды белгилейбиз:

1. Үй-бүлөдө бала, кыз күндө эрте менен ата-энесине салам айтууну көнүмүш адатка, эрежеге айлантуусу керек.

2. Бала бакчага, мектепке, атайын орто окуу жайларына, ЖОЖдорго учурашуунун «Арыбаңыз!», «Бар болуңуз!» үлгүсүн сунуштоо зарыл. Себеби республиканын аймагында бирдиктүү учурашуунун үлгүсү катары кызмат кылат.

3. Саламдашуу — бул бардык жакшылыктардын, ийгиликтердин, жаратмандыктын, адептин башаты экендигин ар бир тарбиялануучунун, окуучунун, студенттин сезимдерине таасир этүү жана калыптандыруу.

4. Ар бир инсан (жаш курагына карабастан) учурашуу аркылуу сый-урматка, ырашкерликке, ынтымакка, достукка ж.б. жетишүүгө мүмкүн экендигин терең баамдап, улуу муундан калган мурас катары кастарлоого милдеттүү экенин жон териси менен сезиш керек.

Асылбек Айтманбетов,
ОшМУнун медициналык коллежинин директорунун орун басары
,
“Кыргыз тили”, 06.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий