Ташка чегилген байыркы сүрөттөр

Кыргызстанда аска таштарга чегилген сүрөттөр көп эле кездешери белгилүү, бирок Чаткал өрөөнүнүндө ташка чегилген байыркы сүрөттөр өтө кызыктуу жана аңгемелүү.

Мен кесибим боюнча тоолордо көп жүргөндүктөн, бул сүрөттөрдү алгач көргөндө ички дүйнөмдө бир кызыктай толкундоолор пайда болуп, ушул таштардын арасында олтуруп алып, таштарга сүрөт чегип жаткан байыркы адамдарды көрүп тургандай болдум эле. Ал жаш курак алда качан өтүп, чачты бубак баскан кезде ошол сүрөттөр жөнүндө коомчулукка билдирүүнү эп көрдүм. Ошол себептен, 2013-жылдын август айында атайы ат арытып, Бугулуу-Төр жайлоосуна чыгып барып, ал жердеги петроглифтерди ар бир ташка бор менен номур коюп, фотоаппарат менен сүрөткө тартып келгенмин. Тилекке каршы, ошол байыркы сүрөттөр чегилген айрым таштарга биздин эле заманда кой багып чыккан малчылар өз ысымдарын чегип жаза коюп, жазууларды кошумчалап койгонуна абдан кабатырландым. Байыркы эстеликтерге аяр мамиле жасабасак, аларды жоготуп алуу ар күн сайын актуалдуу болуп кала берери бышык.

Бүгүнкү күнгө чейин Чаткал өрөөнүнүн тарыхына кызыккан ар түрдүү кесиптеги, ар кандай курактагы адамдар менден ушул сүрөттөрдү сурашып алышкан. Бирок, алар бул сүрөттөрдү эмне максатта алышканы мага белгисиз. Ошондуктан бул сүрөттөрдү райондогу газета, сайттарга берүүнү эп көрдүм.

Кызыктуусу – ушул сүрөттөрдү чеккен адамдар алардын эмгектерин миңдеген жылдар бою сактай ала турган таш материалдарды жаңылбай тандай билгендигинде. Алардын тарткан ар бир сүрөттөрү ар кандай формадагы жана катуу таштарга чегилген. Бул таш корумдар бир замандарда аска-зоонун урашынан пайда болгону көрүнүп турат. Жайгашкан жери – Чаткал районунун Чаткал айыл аймагындагы Курулуш айылынын түндүк тарабынан агып түшүп, Чаткал дарыясына куюп жаткан Чоң-Жарты-Суу сайынын төрүнөн орун алган.

Тактап айтканда, деңиз деңгээлинен 3770 метр бийиктиктеги, Өзбекстанга чектеш жайгашкан Беш-Таш ашуусуна жакын Бугулуу-Төр жайлоосунда жайгашкан. Ташка чегилген сүрөттөр, эскирип, араң эле байкалышы же, көзгө көрүнүп тургандыгы эле бул сүрөттөрдүн бир канча кылымдар аралыгында тартылгандыгын айгинелеп тургансыйт. Бул жерде петроглифтер чегилген таштардын саны жүздөн ашуун болгону менен, сүрөттөрдүн саны көбүрөөк, себеби, айрым таштарда жалгыз гана сүрөт болсо, айрымдарында беш-ондон сүрөт тартылган. Сүрөттөрдө негизинен, тоо текелер, бугулар жана аңчылар чагылдырылган. Айрым таштарда иттер менен аңчылык кылуу учуру тартылса, айрым сүрөттөрдө аттар менен аңчылык кылып жүргөн көрүнүштөр тартылган.

Эң кызыктуусу жана таңгалыштуусу – айрым сүрөттөрдө куйруктуу же, үч буттуу адамдардын тартылганы. Мындай адамдардын сүрөттөрүн 2016-жылдын декабрь, же январь айында Орусиянын биринчи каналынан белгилүү алып баруучу Валдис Пельш Байкал көлүнүн айланасындагы аска таштардан таап, тартып алып, коомчулукка көрсөтүү менен, аларды башка планетадан келген адамдарбы?….-деген жоромолун айтпады беле. Дагы бир кызыгы, бул сүрөттөр топтомунда доңузга окшогон жаныбардын сүрөтү бар. Илбирстин башына окшогону да бар. Бумерангга окшогон нерсенин сүрөтү да кездешет. Кандай болгон күндө да, бул сүрөттөр биздин жерге ислам дини таралганга чейинки доорлорго таандык деп ишенсек болот, себеби ислам дини доңуздун гана эмес, адамдын сүрөтүн тартканга да тыюу салат эмеспи.

Кыргызстанда аска таштарга чегилген сүрөттөр көп эле кездешери белгилүү. Мисалы, “Кыргызстандын тарыхы: Урунттуу учурлар” (2012. Авт: Ө. Осмонов, А. Мырзакматова) окуу китебинен төмөнкүдөй маалыматты ала алабыз: “Саймалуу-Таштагы аска таштагы сүрөттөр (петроглифтер) коло дооруна таандык. Ал жерде 100 000ден ашуун сүрөт болгондуктан, ал жерди Саймалы-Таш сүрөт галереясы деп атап коюшкан. Бул дүйнөдөгү таш бетине чегилген эң чоң сүрөт галереясы болуп эсептелет. Аз сандагы аскага тартылган сүрөттөр Сулайман тоосунан, Араван кыштагына жакын аскадан (Дулдул-Ата мазары), Чолпон-Ата шаарына жакын жерден, Кетмен-Төбө жана Алай өрөөндөрүнөн табылган. Бул сүрөттөр б.з.ч. 3 миң жылдан баштап, орто кылымдарга чейинки ташка чегилип келгендиги аныкталган.” Эми, бул табылгаларга биздин Чаткал өрөөнүндөгү аска таштарга чегилген сүрөттөрдүн эң ириси катары жогоруда аталган Бугулуу-Төрдөгү сүрөттөрдү кошуп кетсек калыстык болоор.

Мен тарыхчы, археолог, же байыркы сүрөттөрдү окуп, чечмелеген адис окумуштуу эмесмин. Ошондуктан, бул таштардагы байыркы жазууларга окшогон айрым чийме белгилер өзүнүн изилдөөчүлөрүн табат деген ишеничтемин. Менин кесибим жаратылышты коргоочу болгондуктан, эми ошол өңүттөн ой толгоюн. Бул таштарга чегилген адамдар менен жапайы жаныбарлардын сүрөттөрү аркылуу байыркы ата-бабалар Адам менен Жаратылыштын өз ара байланышына, бири-бирине болгон көз карандылыгына өтө терең маани берип, аны бизге осуят катары ушул сүрөттөр аркылуу калтырышканбы деймин. Себеби, илим менен техника өнүгө элек ошол жашоосу катаал жана татаал замандарда адам баласы көбүнчө мергенчилик менен тирилик өтөгөнүн карт тарыхтан билебиз. Далай ачарчылыкта адамдарды эти ач өлүмдөн, териси жаан-чачындан, сууктан сактаган кайберенди бабалар ыйык тутуп келишкен. Керек болсо аларга сыйынышып, өздөрүнө зарыл болгон учурда, же муктаждыкка жараша пайдаланышкан.

Жаратылышка ашыкча зыян келтирүүдөн сактанышып, бөөдө убалдан коркушкан. Азыркы замандагыдай курсак ток болуп турса да үйүн, офисин же, кафе, ресторанын кооздош үчүн мүйүздүү баштарын, терилерин, катырылган кебин мактануу үчүн кырып, жоюшкан эмес. Алар өлбөстүн оокаты үчүн аң уулоого чыгууга аргасыз болушкан. Ошол мезгилде кайберендер менен жанаша жашашып, тоо арасында, аска таш аралап көчүп-конуп жашап жүрүшкөн. Болбосо, бийиктиги деңиз деңгээлинен 3770 метр бийиктиктеги Бугулуу-Төрдө таштарга сүрөт чегип аларга не күч келди дейсиң. Алар кайберендерди бир күндүк оокат үчүн кырып-жойбой, келечек урпактары үчүн көбөйүшүнө кызыкдар болушкан. Аша чапканды табият атактуу Кожожаш мергенди жазалагандай жазаларын кийинки урпактарга эскертишкен. Ошол түшүнүктөн, ошол өңүттөн тирилик улантышкан. Бизге да ошондой керез-мурас калтырышкан. Өзү олтурган бутакты кыйган кем акылдай болбой, өзүбүз жашаган чөйрөнү сактай билели жана кийинки муундарга мураска калтыралы.

Рыскулбек Таласбаев, мергенчилик кызматкери,
“Чактал оттору
” (Аймакпресс), 14.04.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий