Урал баатыр (үзүндү)

Элдик оозеки чыгарма элдик жакшы турмушту, мыкты ийгиликтерди эңсеген мүдөө-тилектерин туюндурат. Башкырт элинин “Урал баатыр” дастанында мына ушундай эңсөөлөр чагылдырылып, баш каарман Урал адамзатка мезгил-мезгили менен келе калчу өлүм, ажал деген алааматты таап, аны жок кылууну эңсеп, жер кезип чыгат. Дастанда анын жаратылыштын керемет көрүнүштөрүнө, купуя сырларына терең урматтоо менен, жер бетиндеги ар кандай терс көрүнүштөргө келишпестик менен болгон күрөшү сүрөттөлөт. Тили тектеш, түпкү тарыхы бир башкырт элинин бул дастаны, “Урал баатырды” кыргыз тилине которуп, кыргыз окурмандарына жеткиликтүү кылууну көздөдүк.

 

* * *

Мурун, мурун, мурунтан
Киши-кара болбогон,
Киши аягы баспаган,
Төрт жагын деңиз каптаган,
Чалкып жаткан бир жердин
Барын эч ким билбеген.
Болуптур өткөн заманда
Ошол жерди жердеген,
Жанбирге деген чал менен
Жанбийке деген бир кемпир.
Кайда барса аларга
Дайым болду жол ачык.
Абышка кемпир экөбү,
Бу чал менен бу кемпир,
Кайсы жактан келгенин
Ата-энесин, мекенин
Эстеринен чыгарып,
Куунак өмүр сүрүштү.
Мезгил өтүп, чал-кемпир
Эки бала көрүштү.
Шүлген болуп улуусу,
Урал болду кичүүсү.
Эч кишиге көрүнбөй
Төртөө гана жашаптыр.
Эч нерсени ойлобой
Идиш-аяк кармабай
Камыр кылып от жагып,
Казан аспай жашашты,
Дүнүйө-мүлк жыйнабай.
Оору-сыркоо дегенди,
Өлүм барын билишпей
“Бардыгынын өлүмү –
Бизден”, дешип санашты.
Ууга чыкса ат минбей
Жаа, саадак колго албай
Өздөрүнчө урунду
Миниш үчүн арыстанды.
Балык ууга чортонду,
Куш салганга шумкарды,
Кан сордуруп сүлүктү,
Өз иштерин жасашты.
Башта ушундай болгонбу,
Же Жанбиргенин өзүбү,
Жашап жүрүп биерде
Адат болуп кеткенби?
Жырткыч жандык тутушса,
Эркек болсо жандыгы
Абышка, кемпир экөбү
Башын мүлжүп жеп жүрдү.
Шүлген менен Уралга,
Ити менен арыстанга,
Шумкар менен чортонго
Калган жагып калтырып.
Жырткыч кармап алышып,
Ургаачы болсо жандыгы
Эрди катын экөбү
Жүрөгүн алды өздөрү.
Өлөң жеген жан болсо,
Кара сүлүк койдуруп,
Анын канын сордуруп,
Ичимдик кандан жасашты.
Эрезеге жеткенче
Өздөрү жандык тутканча
Баш, жүрөктү жегенге
Кандан ооз тийгенге
“Уруксат эмес” деп айтып,
Уулдарын тыйышкан.
Ай санап эмес, күн санап,
Балдары, акылдуу болуп өсүштү.
Балдарына эс кирип,
Шүлгенине он эки
Урал толду он жашка.
Бири арыстан минем деп,
Бири шумкар салам деп,
Тынчын алат атанын.
Эки уулуна Жанбирге
Түшүндүрүп мындай дейт:
Экөөң тең баламсың
Эки кара көзүмсүң,
Балтыр этиң бүтө элек
Ууз тишиң түшө элек.
Колго чокмор алууга,
Шумкар кармап куш салып,
Али арыстан минүүгө
Мезгилиңер келе элек.
Мен не берсем шону жеп,
Эшиткиле сөзүмдү.
Жол жүрүүгө машыгып,
Булан кармап мингиле.
Чыйырчыктын тобуна
Жагалмайды салгыла.
Кызыксаңар оюнга
Булак сууга кангыла.
Кабырчыкта толтура
Кандан иччү болбоңор”, –
Деп ошондо балдарды
Эстүүлүккө чакырып,
Кан ичкенге балдарын
Да бир ирет тыйды дейт.
Бир канча күн өткөндө
Абышка, кемпир экөбү
Аң уулоого чыгышып,
Шүлген, Урал эки уул
Туракта ээн калышты.
Аталары кеткен соң,
Бир аз убак өткөрүп,
Эки бала сүйлөшөт,
Ичкенден сөз башталып.
Шүлген калды ойлонуп.
Кан ичүүгө атасы
“Иче көрбө”, — деп айтып,
Тыйгандыгын эстеди.
Уралды Шүлген азгырып,
Анан туруп мындай дейт:
“Жанды кыйып мергенге
Кумарлуу иш болбосо,
Суусаганда кан ичиш
Даамдуу неме болбосо,
Уйку көзүн билбестен
Ата-энебиз күч үрөп,
Аяк-башын талдырып,
Үйгө бизди калтырып,
Ууга кетпейт эле го.
Урал, келгин, экөөбүз
Кабырчыкты ачайык.
Ар биринен аз-аздап
Бир тамчыдан ичейик.
Кандын даамын билейик”.
“Атам айткан сөзгө бек
Туруп, канды ичпеймин.
Жигит болуп өскөнчө,
Адат салтты билгенче,
Эл кезип жер көргөнчө,
Дүйнөдө Өлүм жоктугун
Өзүм көрүп билгенче,
Чокмор алып колума
Эч бир жанды чаппаймын.
Башкалар жыйган канды мен
Кабырчыктан жутпаймын”.
“Кишиден өлүм күчтүүрөк
Ал буякта не кылат?
Бизди келип таба албайт
Атам айткан ушинтип,
“Бар жандыкка биз – өлүм”, –
Деп айтканын укканбыз.
Эми эмнеге коркосуң
Кан ичкенден? – дейт Шүлген.
Анда Урал мындай дейт,
“Айбаттуу да, күлүк да,
Зордугу бар, күчү бар.
Абай жүрүп сабырдуу
Күндүз жүрөт кыраакы,
Түндө уктап жатканда
Арыстан, булан, кабылан,
Аую дагы бүт бары
Алар бизден кем бекен?
Ташка урулуп туягы,
Өлөң басып аягы,
Эч убакта аксабай,
Жайда кийим чечпестен
Кышта такыр тон кийбей,
Бирер жанга октолсо,
Эч бир чокмор кармабай,
Кушка шумкар салбастан,
Чортон салып балыкка,
Ит менен уу кылышпайт.
Арыстан, шумкар, итке да,
Чортонго да ишенбей,
Коркпой ууга чыгышат.
Тиш, тырмагы – куралы
Бар ишенич өзүндө.
Орундалат тилеги
Болк деп койбой жүрөгү.
Жашап жүрөт бардыгы
Кабылан, жолборс, арыстан.
Баатыр болуп, башканын
Жүрөк үшүн алса да,
Аягын байлап салса эгер
Мойнуна бычак салганда,
Эки көзү жаш алып
Жүрөгү чыгып калбайбы?
Атам бизге муну айткан,
Өлүм деген нерсе бар.
Көрө элекпиз биз аны.
Жер бетинде баарына
“Адам Өлүм апкелет” —
Деп сезбейби? Не дейсиң?
Балыкка аңчы чортон бар,
Суурларга ач күсөн,
Коёнго болсо куу түлкү.
Баарын тескеп ойлосоң,
Күчсүзүнө күчтүүдөн
Өлүм келет эмеспи?
Өлүмдөн коркуп тереңге
Сүзүп кеткен балыкты,
Кыялап учкан кушту да
Коркуп качып жүрсө да
Тутуп башын кесебиз.
Жүрөгүн жарып, этин жеп,
Алсыз көрүп бардыгын,
Уулап кумар кандырып,
Жамандардын эң жаман
Бул жорукту биз кылып,
Жерге Өлүм апкелдик.
Төртөөбүз эле ааламда
Шундай жорук кылдыкпы?
Жандыктардын баарысын
Кырып, жоюп жүрөт деп,
Бизди бардык айбандар
Жаналгыч деп санашып,
Чокмор кылып тырмагын,
Шумкар болот жүрөгү,
Баары бирге топтолуп,
Биригишип октолуп,
Бизге каршы чыгышса,
Атам айткан алиги
Биздин башка келбеген,
Өлүм деген биздин да
Башыбызга келбейби?” –
Деген сөзүн эшитип,
Шүлген бир аз ойлонду.
Уралдын мындай сөзүнө
Маани берип койбоду.
Кабырчыктан аз-аздан
Кан шимирип көнгөн дейт.
Атасына айтпаска
Урал сөзүн берген дейт.

Которгон И. Абдувалиев

«ПолитКлиника», 12.07.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий