Өзбекстандагы этникалык кыргыздардын каада-салттары

Статистикалык маалыматтарга караганда Өзбекстанда 370 миңден ашык кыргыздар жашайт. Кыргыздар негизинен Анжиян, Фергана, Жиззах, Сырдарыя, Самарканд, Ташкент облустары, Каракалпакстан аймактарынан орун алып, жашап калышкан. Дал ушул аймактардагы этникалык кыргыздарда кыргыздарга тиешелүү каада-салттар сакталып калганбы? Кайсыл салты өзгөрүүгө учураган деген суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү маалыматтарды сунуштайбыз.

Ташкент, Сырдарыя облустарындагы кыргыздардын басымдуу бөлүгү казак, өзбектер менен чогуу жашап, өзбек, казак мектептеринен билим алгандыктан, алардын руханий дүйнөсү, каада-салттары, тили өз таасирин тийгизген. Анжияндык кыргыздар жашаган аймактарда болсо көптөгөн кыргыз мектеп-лицейлер бар. Ошондуктан алар эне-тилин жакшы сактап калышкан.

Кыргыздардын көпчүлүгү Ташкент облусунун Бөкө, Чирчик, Газалкент, Чимган, Паркент, Күмүшкөн, Кавардан деген аймактарда жашап жатышат. Болжол менен ал жактагы кыргыздардын саны 25 миңге жакын. Ташкенттик кыргыздар жалпы жонунан өздөрүн “чапкылдыктар“ дешет. “Чап” — сол, “кол” — “сол колдогулар”, “сол канаттагылар” дегенди түшүндүрөт. Чапкылдыктардын бир бөлүгү Баткен облусундагы Лейлек, Баткен, Жалал-Абаддын Сузак райондорунун аймактарын байырлашат.

Санжырасына кайрыла турган болсок, чапкылдыктар кыргыз урууларынын ичинен ичкилик уруулук тобуна кириши мүмкүн. Мындан сырткары, ошол эле аймактарда кыргыздардын ават, оргу, нойгут сыяктуу уруулары жашай турганы аныкталган. Санжырачылардын айтымында, чапкылдыктардын туугандары Анжиян, Кокон, Сүлүктү, Лейлек, Кызылкыя жана башка жерлерде жашашат. Ташкенттик кыргыздар мурун Чаткал кырка тоолорунун батыш капталдарынан орун алган Нуреката, Аската деген абдан кооз жерлеринде жашашкан деген маалымат бар.

Сырдарыялык кыргыздар Сырдарыя, Жиззах областарынын аймактарында жашашат. Бул аймактарда кыргыздын ичкилик уруусуна кирген тейит, кесек уруусунун өкүлдөрүнүн бир бөлүгү жашайт. Алардын жайгашкан жерлери Заамын, Бахмал, Достук, Ильич районунун аймактары. Сырдарыялык тейиттердин уруулук курамы Лейлек, Каратегин кыргыздарындагы тейиттердин уруулук курамы менен толук дал келет. Демек, аталган кеңири аймактардагы кыргыздардын тукуму дегенге толук негиз бар. Ташкенттиктерден айырмаланып Сырдарыялык кыргыздардын негизги бөлүгү тоо аймактарда жашайт. Ошондуктан аларда тил, улуттук каада-салттар жакшы сакталган.

Ал эми Өзбекстандын кыргыздардын каада-салттары кандай? Ташкентте чоңойгон Ибрагимова Гулнура Ташкенттеги этникалык кыргыздардын каада-салттары жөнүндө төмөнкүдөй айтып кетти:

— Ташкенттик кыргыздарда жаңы келген келин ар күнү эрте менен көчөнү, эшигинин алдын шыпырат жана ошондой эле, “келин салам” деген үрп-адаттары бар. Келин саламда келин бүтүн кайын-журтуна жүгүнүп салам берет да, ар биринен белек алат. Дагы бир салттардын бири “бешик той”. Мында келиндин үй-бүлөсү жаңы төрөлгөн наристеге бешик алып келип, элге той берет. Ал эми бешиктеги бала уул болсо, ал бир аз чоңойгондон кийин келиндин ата-энеси небересине кулун алып барып, ар түрдүү белектер менен сыйлашып, дагы элге чоң той берет.

Ошондой эле, сырдарыялык кыргыз кызы Саматова Хумора сырдарыялык кыргыздар жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды билдирди:

— Жаңы келин келгенде аны үч жолу ысырыктап айлантып, колуна май сүйкөйт. Анын мааниси келечекте келиндин үй-бүлөсү бекем болуусун билдирет жана жаңы келин жаңы үйүнө кирээрде кайненеси эки жоолук салат да, ошол үйдүн эң кичүү эркек баласы үбөлүк менен келиндин бетин ачат. Ошол менен бирге Өзбекстандык кыргыздар сөзсүз түрдө элге эки күн той берет. Биринчи күнү кыздын үйүндө элге аш берилип, кудаларды жана күйөө-досторду конок кылып, кечинде элдерди чакырып той өткөрөт. Эртеси күнү кызды узатып кетип, тойду улантышат.

Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыздардын салттарынын дагы бири “Сүмөлөк кечеси”. Нооруз майрамына жакын кошуналар өз-ара чогулуп, сүмөлөк кечесин өткөрөт. Ал кечеге жаңы келиндер, кыздар чогулуп, сүмөлөк жасап, баары ниет кылып аны аралаштырып, таш ташташат. Ал жактагы кыргыздардын жакшы адаттарынын бири “саламдашуу”. Кайсы жерде болбосун, тааныш же тааныш эмес, өзүнөн улуу кишилерге өтүп бара жатып сөзсүз түрдө “Ассалому-алейкум” деп ал-акыбал сурашып өтүшөт.

ГулнораТожихонова, “Кабар” МА, 04.07.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий