Көйнөгүңдү уй жегир! Кыргыз энелерине гана тиешелүү 10 өзгөчөлүк

Апалардын оозунан «тигинин баласын карачы» же «бөйрөгүңдү таянба» деген сөздөрдү бүт эле кыргыз баласы укса керек. Анан да койдун майын дарылык касиет катары колдонбогон кыргыз энеси жокко эсе. Кыргыз энелеринин колдонгон ырым-жырымдарынан балдарын урушкан сөзүнө чейин опокшош.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыздын гана апаларына тиешелүү өзгөчөлүктөрдү тизмектеп көрдү. Буларды окуп бир жылмайып алгыла.

  1. Койдун майы. Кыргыздын апалары гана койдун майынын дарылык касиети бар деп, турмушта байма-бай колдонуп келишет. Аны энелерибиз буту ооруса бутуна, жөтөлсө көкүрөгүнө, суук тийсе табарсык менен бутка шыбап, айтор, «бардык дартка даба» дешет. Койдун майынын дарылык касиетин илим иликтей элек болсо да апалардын «аптечкасында» алдыңкы орунда турат.
  2. Көйнөк-жоолук. Кыргыздын апалары гана келген конокко кийгизе калганга көйнөк, жоолукту сары майдай сакташат. Кийит салынган түйүнчөктү ар бир үйдүн сандыгынан табууга болот. Тойдон же коноктон келген көйнөк, жоолуктар дагы ошол жерде катылуу. Аларды кайра эле мейманчыласа көтөрө барат. Ошентип кытайдын товарлары «айылчылап» жүрө берет.
  3. Конокко коем. Кыргыздын апалары гана тамактын жакшысын өйдө алып коет. Себеби кыргызда конок айттырбай келет. Ал эми аларга кең дасторкон жайбай коюу уят деп эсептелет. «Эт, май жок калды» деген апаңыз конок келгенде казы-картасынан бери чыгара калса таң калбаңыз.
  4. Ысык чай. Кыргыздын апалары гана жайкы ысыкка карабай ыпысык чай ичет. Эшикте күн кайнап жатса да конокко жылымык чай сунуу уят деп бааланат.
  5. Кир көтөрүмдүү кийим. Кыргыздын апалары гана балдарына кир көтөрүмдүү кийим алып берет. Дүкөнгө барып калышса балдарына жарашкан кийимдин кир көтөрүмдүүсүн гана сатып алышат. Ошентип алардын балдары дээрлик ак кийим кийбей чоңоет. Керек болсо 30га чыккан баласына дагы «кир көтөрүмдүүсүн эле албайт белең» деп көзүнүн төбөсү менен карап калмай жайлары бар.
  6. Элдин балдары. Кыргыз апаларынын оозунан «элдин балдары» деген сөздү ар бир бала укса керек. Алардын айтымында, элдин балдары чет жактарга чыгып, акчаны мүшөктөп алып келет, кыздары убагында күйөөгө тийип, көп бала төрөйт. Айтор дос-курбуларынын балдарынын баары «алтын».
  7. Айылдагы «доктур» апа. Айыл жеринде апалар ишенип аны дарыгерден да артык көргөн кемпир болот. Ал кош бойлуу келиндин ичин, коркуп калгандардын жүрөгүн, жөтөлгөндөрдүн тамагын көтөрүп коюшат. Айтор, бир нерсе болсо эле ошол апага чуркамай.
  8. Болбойт деген сөзү. Апалардын «эшикти кулачтаба», «кечинде тырмак алба», «кир идиштерди түнгө калтырба», «сынык чыныга чай ичпе», «бөйрөгүңдү таянба», «үшкүрбө» деген сыяктуу жандырмагы жок тыюулары толтура. Бул тыюулардын себебин атургай окумуштуулар да чече албаса керек. Анткени «эмнеге?» деп сурасаң «ошого» деген жооп аласың. Себебин эч ким билбейт.
  9. Апаптоо. Катуу чочуп калсаң кыргыздын гана апалары апаптайт. Башкача айтканда оозуңа бармагын салып, таңдайыңды үч жолу көтөрүп, кайра колун алып чыгып жерге чаап коет. Ошондо жүрөк көтөрүлүп калат өңдүү. Кокустан жыгылып кетсең да апаларыбыз сөзсүз жерге үч жолу түкүртөт. Бул алардын башка жыгылбасын деген ырымы.
  10. Баштан суу айлантуу. Кыргыздын апалары гана баласы алыс жактан кайтып, кырсыктап же ооруканадан чыгып келсе босогону аттаар алдында чыныга суу куюп, баштан үч жолу тегеретет. Анан чынысындагы сууну алыс чачып, эшиктин алдына көмкөрүп коет. Муну менен жаман-жуман нерсенин баары чыгып кетсин деп ниет кылышат.

Таалайгүл Усенбаева, “Sputnik-Кыргызстан”, сүрөттүн автору Табылды Кадырбеков, 04-08.07.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий