Жыргалбек Касаболотовдун ырлары жана котормолору

Ырлар

ЖҮРӨКТӨГҮ МУЗ

Астейдил арзуулардан канаат алып,
Аттанам, алыс сапар эртесинде.
Жүрөмүн баарысына калыс карап —
Жүрөгүм жашайт Ызгаар Өлкөсүндө.

Тулкума нурун төккөн аруу жандар
Туйлаткан жигеримди унута албайт.
А бирок эпкиниме багынса да
Аяздуу көөдөнүмдү жылыта албайт.

Ак мөңгү башат болгон турмуш шары
Агылат, өз нугунда кенен бүгүн.
Сезимди бүт ээритсем — анын баарын
Сел алып оодарбасын дегендигим.

Жанымдан айлар-жылдар зекип өтөт
Жаштыкка жарашпаган убагымды.
Жайгарам, кээ күндөрү жайдак коюп
Жазыксыз, жаалы катуу кумарымды.

Кайчылаш, каршы-терши тагдырымда
Калгыча кайнар булак көзү бүтүп,
Өмүрдөн өтөт окшойм өжөр бойдон
Өзгөрбөй, өз суугумдан өзүм үшүп…
20/02/2015-ж.

 

ТАГДЫР ТАЛАШ

Асыл жарым, колтукташкан билегим,
Артымдагы эки уул, бир кыз – тирегим!
Айлап-жылдап тамыр жайып баратат
«Астыңарга кетсем» деген тилегим.

Ай-ааламга силер менен арбысам,
Аз өмүрдө Күндөй болуп жаркысам,
Амандыгың көрүп жүрүп баарыңдын
Арманым жок, бул дүйнөдөн каргысам.

Акка моюн сунаары чын, башымдын!
Антсе дагы мааниси бар, жашымдын:
«Таймашканың так ушундай бүтмөк…» деп
Табалашын каалабаймын, касымдын.

Ар бир күнүм – тагдыр сунган белек дейм.
Айлар, жылдар – туу сайылчу белес дейм.
«Атасынын как чокусу! Күрөштөн
АЛАР ЭМЕС, МЕН ЖЕҢИШИМ КЕРЕК» дейм.

«Жеңе албайсың…» деген сөзүн эстетип,
«ЖЕҢДИМ, МЫНА, НЕ КЫЛАСЫҢ?» деп зекип,
Тургум келет туусун жыгып алардын,
Тулпарымдын туягына тепсетип.

Далайлардын өз катасын оңдотуп,
Даңгыр кылып, сапарымды жолдотуп,
Кең дүйнөгө «Андай эмес, мындай!» деп
Кетким келет өз чындыгым орнотуп.

Жемиш толсун көксөөсүндө көңүлдүн.
Жеңиш болсун өзөгүндө өмүрдүн.
Эркин өскөн баласымын, кыргыздын,
Эпкинимин, динге батпас Теңирдин.

Эчендеген хандар-бектер бийлеген,
Энчи болуп эч бирөөнө тийбеген
Жер бетинде өз милдетим аткарып,
Жеңип (!),
жетип (!),
…жеңил кетем дүйнөдөн.
10/10/2016

 

ТУЛПАР ТУШУНДА

Артымдагы милдеттерим такымдап,
Алдымдагы асыл максат закымдап,
Баскан жолдон башка тарап көрүнбөй,
Барчусуна баратамын жакындап.

Кээде карап Күн төбөдөн тийгенин,
Кээде байкап түндө чырак күйгөнүн,
Айтор, эптеп аман чуркап келатам
Арасында айланкөчөк дүйнөнүн.

Азайгансып каталарым кетирген,
Акыл-эсим мурдагыдан жетилген.
Бир кемтигим – каректерим карыккан.
Бир өксүгүм – туяктарым кетилген.

Кыялдарым элес албай башканы,
Кырды көздөй кетип барам, ашканы.
Кысталганым – кубатымдын тозгону,
Кыйналганым – кыя жолдун таштагы.

Алыс калып асыл кездин көктөмү,
Азыр гана эске түшөт, кеткени.
Амалым жок, алга жыла бербеске —
Артта калсам – ажалымдын жеткени…
22/10/2016

 

ЭКРАН

Көчөдө жааган тунук кар,
Көр оокат жайын унуткар!
Өмүрдү тоноп баратат
12 сааттык жумуштар…

Оңдолуп бүтпөс катадай,
Оролсо жетпес матадай,
Өкчөлүп барам чүкөдөй
Өз жашоом менен жашабай.

Кайратым, бүлөп-кайралган,
Карегим, дүйнө айланган —
Кайда бир чоочун, маанисиз
Кабарга барып байланган.

Кырдагы тоонун этеги,
Кыйкырсам үнүм жетеби?
Жайнаган турмуш таттырбай
Жанымдан өтүп кетеби?

Өмүрдү Кудай берди эле,
Өзүмдү билип мен деле,
Тирмийип катып отурбай
ТИРҮҮ ЖАН болгум келди эле…
10/01/2017-ж.

 

Котормолор

Сергей ЕСЕНИН

ӨКҮНБӨЙМҮН, ЧАКЫРБАЙМЫН, ЫЙЛАБАЙМ…

Өкүнбөймүн, чакырбаймын, ыйлабайм,
Өтөт баары, алма турбайт ак бойдон.
Алтын түстүү бырыш каптап кыйладан
Мындан ары калбайм эми жаш бойдон.

Мындан ары, кыроо баскан жүрөгүм,
Кагылышың мурдагыдай шашылбайт.
Ак кайыңдан чыт кийинген тараптар
Жылаңайлак жүрүштөргө чакырбайт.

Жан илеби! Илгеркидей чапкылап
Жанбай барат жалын тили сөзүмдүн.
Кайран гана кайрылбаган жаш курак,
Карек отум, селдей күчү сезимдин!

Эми менин эңсегеним азыраак.
Өңбү, түшпү, өткөн өмүр убакыт?
Жаздын күнү таң эртеден батыраак
Кыр ашкансыйм кызыл атты чуратып.

Жалган дүйнө баарыбызга тең экен,
Жездей барик жерге түшөт күбүлүп…
Түгөнбөсүн түбөлүккө берекең,
Гүлдөп бүтүп, өлүп кетчү тирүүлүк!

 

СҮЙБӨЙСҮҢ ДА, АЯБАЙСЫҢ МЕНИ СЕН…

Сүйбөйсүң да, аябайсың мени сен
Көркүм менен көзгө толбой койдумбу?
Тик карабай ышкы отунан эрисең,
Колдоруң наз кучакташат мойнумду.

Жапжаш сулуу, жаагың кызыйт сезимден.
Кастарлабайм, какпайм орой кеп менен.
Канчаларга эбедейиң эзилген?
Канчалар өөп, канча колдон өттү элең?

Алар кеткен көлөкөдөй закымдап
Анча тийбей алоосуна отуңдун.
Азыр мага кыналгандай жакындап
Канчалардын тизесинде отурдуң?

Кылгырсаң да чала жумуп көзүңдү,
Кыялданып башка бирөө жөнүндө,
Мен да сага ыраа көрбөй өзүмдү
Чөгүп барам алыс, кымбат көлүмдө.

Тагдыр дебе, бул кумарды эч мага
Жеңил өтөөр, бир жарк этип каратып.
Күтүүсүздөн жолуккандай мен сага
Күлүп кетем, бейгам узап баратып.

Сен да узайсың өз жолуңа бет буруп,
Суз күндөрдү бопбоз чаңга бастырып.
Өбө элекке тийишпегин өптүрүп,
Күйө электи күйгүзбөгүн азгырып.

Бара жатсаң бир күн чолок көчөдөн
Башка менен арзуу жайын кептешип,
Мен да балким сейил кылып өтөмүн,
Жолугаарбыз ошол жерден беттешип.

Бөлөк болуп ыктай түшкөн жакының.
Таазим кылып, тааныбаган жүз менен
«Кутмандуу кеч!» дейсиң мага акырын.
Жооп кайтарам «Кутмандуу кеч, miss» деген.

Кайран гана тынчып калган асыл жан
Кайра оолугуп, калтырагы күч албайт.
Өткөн сүйүү – өтпөйт кайра башыңдан,
Өчкөндөрдүн өртү – кайра тутанбайт.

 

Булат ОКУДЖАВА

СЫЙЫНУУ

Жарык өчүп кете электе
Чарк айланып огун жер,
Жаратканым, ар адамга
Жашоосунда жогун бер:
Даанышманга баш бере көр,
Коркок жанга — күлүк баа…
Бактылууга акча сунсаң —
Мени дагы унутпа.

Жер айлана бергичекти,
Өкүмү зор Теңирим,
Бийлик менен кандыра көр
Бийликчилдин өмүрүн.
Берешенди өргүтүп ал,
Кеткичекти күн батып.
Каинди бир өкүндүрүп
Мени эсиңде жүр катып.

Ишенемин акылыңа,
Баарын турган бүткөрүп,
Маркум жоокер жаткан өңдүү
Бейиш багын түш көрүп.
Шыбырыңа кулак төшөп
Издегендей көзүбүз,
Жоругубуз жолдо калып,
Ишенгендей өзүбүз!

 

ӨЗҮҢӨРГӨ СЫН ТАККЫЛА БАШЫНДА…

Адегенде өзүңөргө сын тагып
Алгылачы өнөр кылып үйрөнүп.
Андан кийин касыңарды кеп кылып
Ашаткыла коңшуңарды дүйнөлүк.

Качан болсо өзүңөрдөн кенедей
Ката кетсе кечирбеске көнгүлө.
Анан гана касыңарга айкырып
Айыптарын тоого теңеп көргүлө.

Өзүңөрдү жеңгилечи башында.
Өтөгөн соң ошол иштин парызын —
Акырындап акыл-эсиң оңолуп
Ажеп эмес адам болуп калышың.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий