Улут муңун күүгө салган композитор

Композитор Акимжан Жээнбайдын чыгармаларында улут турмушундагы катаал драматизм пенде баласын коштой жүрчү арылгыс арман менен эриш-аркак сүрөттөлөт.

“Эне, Акимжанды сизге тапшырдым…”

Айкөл Манастан тарта кыргыз элинин башынан өткөн тарыхый учурлардын кыйласы музыканын тилинде баяндалат. Мындан жети жыл илгери Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында 7-апрелде төгүлгөн канга аза-кошогу, коммунисттик замандагы кандуу алаамат — репрессия курмандыктарын эскерген «Ата-Бейит», жанкечтилердин колунан набыт болгон Уркуя Салиеванын жаркын элесине арналган чыгармасы композитордун чабыты кенен, масштабы бийик экенин айгинелейт.

Композитордун “Манас, Манас” чыгармасы кыргыз баласынын улуттук сезимин козгоп, сыймыгын арттырган, учкул кыялынан жаралган мыкты туундулардын бири. Эмнеликтен драмалуу, трагедиялуу темага кайрылып, андан кыргыздын өткөнү менен бүгүнкүсүн аңдоого өзгөчө көңүл буруп калышынын себеп-жөнүн композитор жеке турмуш-жайына, балалык кезине байланыштырат.

— Апам мен он бир айлык кезимде каза болуп калыптыр. Айымтилла деген апам чоң энем Айкызга: “Эне мен болбой калдым окшойт. Ичер суум бүтту окшойт. Акимжанды сизге тапшырдым, сизди Кудайга тапшырдым” дептир. Билгендердин айтымында, апам аябай шайыр, сулуу, эки бети кыпкызыл шайыр келин болгон экен. Карабайсыңбы эми отуз жашында өтүп кетип жатпайбы.

Акимжан Жээнбайдын музыкасына ичтен азыктантып, ага дайыма жөндөм-шык берип турган булагы — элдик оозеки чыгармачылык, фольклор. Композитор элдик чыгармачылыктын аяк-башы көрүнбөгөн мейкинине сүңгүп кирип, анын формасы менен мазмунуна ыктуу өң-түс берип, элдик учкул кыялдан жаралган чыгармалардын диапазонун кеңейтүүнү жакшы көрөт.

Акимжан Жээнбайдын хордук, аспаптык, симфониялык чыгармаларында элдик музыканын кылымдарды карытып келген кайрыктары, улуттун кыйла кылымдык кайгысы менен кубанычынын, арман-асиретинин үнү угулуп турат.

 

Шаардагы жалгыз калпакчан адам

Композитордун өзү улуттук баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруп, аларды баарынан алдыга коюп келатышынын жөн-жайын мындайча түшүндүрдү:

— Биз өзүбүзчө эгемендикке жеткенден кийин баары кыргызча болот, эркектердин баары калпак кийип, кабат үйлөрдүн алдында боз үйлөр тигилип, кыз-келиндерибиз жарашыктуу улуттук кийим менен чыгат деп ойлогом. Ата-энелерибиздей калпак, тебетей кийип, кыздардын ажарын үкүлүү топу ачып дегендей… Мен Кыргызстанды таптакыр башкача элестеткем. Болбой эле таптакыр башка жакка кетип баратабыз. Мен калпакчан жүрөм. Өзүмдү шаардагы жалгыз кыргыздай сезем. Башкалары шапке кийип алган же жылаңбаш. Кыргызда “Бөркү бардын көркү бар” деген жакшы сөз бар. Колдон келсе кыргыздар улуттук эле кийимдерин кийсе. Баарысы кийишсе. Жазуулар орусча же англисче болуп кетти. Алардын жанында кыргыз тили бөжүрөп эле калды.

Бала кезинен музыка дүйнөсүнө арбалып, табияттын деми менен көңүлгө кыт куйгандай орноп калчу учкул кайрыктар делебесин козгоп, аны улуттук аспаптардын жардамы менен комуз аркылуу ачыкка чыгарууга дилгир улан кантип симфония дүйнөсүнө аралашып кеткенин деле аңдабай калган.

— Мен симфониялык музыка жазам деп алдыма максат койгон эмесмин. Ошого туш келип калдым. Тематикага. Мен колдон келсе комуз менен күү чыгармакмын. Биз комуз күүсүнө жетпей жатабыз. Мына ошол эле Карамолдо Орозов, Ыбрай Туманов, Шекербек Шеркулов, Атай Огонбаевдин кандай деген сонун күүлөрү бар. Биздин композиторлор ошого жеткен жок. Биз ошолорго жетүүгө аракет кылышыбыз керек. Моцарттай, Бетховендей болуштун кажети жок. Аларды билүү керек. Биз бабалардан келаткан учукту улаганга милдеттүүбүз.

Музыка изилдөөчү Жамила Маматованын ырасташынча, Акимжан Жээнбайдын «Ата-Бейит» трагедиясында сталиндик кандуу жазалоого кабылгандардын арманы, ишке ашпай калган үмүт-кыялдары, жаш кезинде жалп өчкөн кайрандардын кайгысы чагылдырылган. Композитордун чоң атасы да «эл душманы» катары айыпталып, атылып кеткен.

— Терең адам ичиндеги ыйды, муңду, ошолордун көз жашын ушул татаал симфониялык чыгармада чагылдырышынын өзү да жөн жеринен келбесе керек. Бул вокалдык-симфониялык кошок деп бекеринен аталбаса керек. Ошол жерде аялдардын ыйын берип жатат. Эркектердин ыйлаганын көрсөтүп жатат. “Эрлер кайтты! Шерлер кайтты! Баштар жатат!” деп ошол окуяны болуп жаткандагыдай чагылдырып отурганы композитордун чеберчилиги. Анан Апрель окуясына байланыштуу аза-кошогунда да эркектердин арманы, кошогу “Ой, ой, ой” деп кайгыны берип жатат. Эркектердин кошогун укса болот. Ойду өздөрү айта албай ыйлап турат. Эркек кошок кошпойт, бирок аны ар ким ички сезими менен аңдай алат, — дейт Жамила Маматова.

Кыргыз музыкасынын бүгүнкү бийик деңгээлин аныктап турган таланттуу композиторлордун бири Акимжан Жээнбай ушу тапта чыгармачылык изденүү менен жашоодо. Анын чыгармалары республикада, чет өлкөлөрдөгү өнөр секисинде жаңырып, музыка сүйүүчүлөрдүн сый-урматына арзып келет. Композитор Кыргызстандын коомдук-саясий турмушуна да активдүү аралашып, атуулдук позициясын жашырбай, өз пикирин тартынбай ачык айта алат.

Бекташ Шамшиев, «Азаттык», 05.07.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий