Каныбек Иманалиев: «Манасты исламга каршы коюу – түшүнбөстүк»

Өлкөнүн эң негизги байлыгы, потенциалы анын руханий деңгээлинен көз каранды. Учурда кыргыз элинин руханий абалы кандай? Дүйнө элинен биз эмнебиз менен айырмаланабыз? Ушул багытта Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев менен баарлаштык.

– Каныбек Капашович, бүгүн сиз менен саясий эмес, руханий багытта пикир алышсакпы деп турам. Айтсаңыз, кыргыздар дүйнө элдеринен эмнебиз менен айырмаланабыз? Дегеле кыргыздын касиети эмнеде деп ойлойсуз?

– Жалпысынан алганда, азыр кыргыздар дүйнөгө миллиардер бере албайбыз. Дүйнө рыногунда жаңы товар беришибиз да кыйын. Биз дүйнөгө эмне бере алдык эле? Менимче, 4-5 гений бердик. Ким биринчи боз үйдү ойлоп тапса – ошол гений. Экинчи – ким комузду ойлоп тапса. Үчүнчү гений – Чыңгыз Айтматов, төртүнчүсү – Манасты ким жаратса. Бешинчи гений – бул кыргыздын ай-күн календары менен байыркы кыргыз жазмасын ойлоп тапкан инсан.

– Кыргыздар байлык, мансап менен эмес, талант, касиет менен улуу десек болобу?

– Биз чөнтөктүн байлыгына караганда рух, жан дүйнө байлыгын жогору койгон элбиз. Мисалы, Калыгулдун, Барпынын, Жеңижоктун доорундагы бай же мансаптуу адам унутулуп калды да. Бир жарым, эки кылым илгери бир учурда «заманчы акындар» деп ат коюлуп, чыгармалары 100 жылдай жарык көрбөй жүрдү. Адамды репрессия кылса болот, бирок чыгармачылыкты репрессия кыла албайт экенбиз.

– Сиздин оюңузча, улуттун сакталышына, уланышына кыргыздын кайсы касиети себеп болгон?

– Тарыхта Кыргыз мамлекети жок болуп кеткен учурлар болгон, бирок Манас жок болгон эмес. Кайра кыргыз эли Манастын тегерегинде бириккен. Мамлекет алсыраса да манасчылар калып, алар элди эр жүрөктүүлүккө, эл-жер коргогонго дем берип, анан кайрадан мамлекеттүүлүккө жетишкенбиз. Дүйнөдө бардык кесипти окуп үйрөнсө болот, бирок манасчылыкты үйрөнө албайбыз. Себеби ал кесип эмес, касиет. Мындан бир нече жыл мурун Казакстандан делегация келип, резиденцияда эң жаш манасчы Үмөт манас айтып жатса, казак депутаты башын чайкап «Бизде мындай касиет жок го? Деги эле кыргыздан башка элде жок» деп таң калган.

– Коомдо азыр «бизди материалдык кризис эмес, моралдык кризис каптады» деген ой айтылып жүрөт…

– Биздин руханий абалыбыз азыр ара жолдо турат. Биз ыйык туткан ислам дининин өзүндө эле ар түрдүү агымдар чыкты. Андан сырткары баптизм, иегова сыяктуу ар түрдүү багыттар да көбөйдү. Ал эми маданий деңгээлибиз мурункудан түшүп кеткен. Айылдагы айрым Маданият үйлөрү үстү тешилип, жамгыр өтүп, аянычтуу абалга кептелди. Маданият үйлөрүн кор кылбастан ишкерлер менен келишим түзүп иштетсек, жаңыланып, кайрадан концерт, спектакль, кинолор коюлуп калмак.

– Билим берүүнүн деңгээли да түшүп кеткендей?..

– Жашоонун сапаты эң ириде билим менен ден соолуктун сапатынан көз каранды. Ал эми мамлекеттин сапаты башкаруунун сапатынан көз каранды. Азыр болсо 3 багыттын тең деңгээли түшүп кетти. Биз билимге умтулган калкпыз. 1906-жылы орус окумуштуулары «кыргыз эли кат-сабаттуу болушу үчүн кеминде 400 жыл керек» деп божомолдошкон. Бирок 30 жылдан кийин элдин 80 пайызы сабатсыздыгын жоюп, 50 жылдан кийин биздин окумуштуулар дүйнөлүк деңгээлде ачылыштарды жасаган.

– Учурда чет өлкөлүк донорлор тарабынан ачылган билим берүү мекемелери көбөйүүдө. Мунун улуттук идеологияга терс таасири тийбейби?

– Көбүнчө бизде акча каражаты тартыштыгынан сырттан келген демөөрчүлөр менен иштешүүгө мажбурбуз. Өлкөбүздөгү сырттан каржыланган окуу мекемелеринин программалары Билим берүү жана илим министрлигинин көзөмөлүндө болуп, тескеп турулушу шарт. Чет өлкөдөн донорлордун кызыкчылыгы биздин мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келбеши керек.

– Кыргыз тили тууралуу эмне айта аласыз?

– Академик Юдахин «Эгер кыргыз тили Ысык-Көл болсо, мен анын бир кочушун гана иликтедим» деп айткан экен. Биз али өз эне тилибиздин кадырына жете элекпиз.

– Айрымдар Манас менен ислам динин бири-бирине каршы коюп, коомчулукту экиге бөлүп жатат…

– Манас менен ислам динин бири-бирине каршы коюу – бул түшүнбөстүк. Манаста айтылат да анын мусулман болгондугу. Айкөл Манас баатыр намазга жыгылып жатканда жараат алат го. Манас жана ислам дини дагы адамды руханий тазалыкка, ыйманга үндөйт. Кыргыздын каада-салты исламга эч качан каршы келбейт. Бул экөөнүн бир бүтүндүк экенин Чубак ажы Жалилов мыкты айкалыштырып, жеткиликтүү кылып түшүндүрүп жүрөт го. Бизге ушундай жогорку билимдүү, көрөңгөсү кенен дин аалымдары керек.

– Ушул суроого улай эле улуттук духту кантип көтөрүү керек деген суроону бергим келип турат…

– Улуттук духтун көтөрүлүшүнө маданияттын, айрыкча кинонун салымы зор. Кинонун жакшы жагы – аны кеңири жайылтуу оңой. Мыкты тарыхый кино тартып интернетке жайгаштырсаң, дүйнөнүн төрт бурчунда жүргөн кыргыздар көрүп, улуттук сезимин ойготот.

– Улуттук духту көтөрүү менен катар өнүгүүнүн кайсы бир багытын тандап алуубуз керек го?

– Биз авторитардык да, демократиялык да жолдо эмеспиз. Президенттик же парламенттик жолдо да эмеспиз. Базар экономикасынын жолунда же социалисттик экономиканын жолунда да эмеспиз. Биз тогуз жолдун тоомунда ара жолдобуз, ары же бери кетишибиз керек. Менимче, бизге улуттук-либералдык экономика, саясатта парламенттик демократия жана консервативдик маданият, ал эми динде салттуу ислам керек. Кытай, Япония, Малайзия жана Түштүк Корея өнүгүүдө өздөрүнүн түпкүлүктүү маданиятын туу тутуп, батыштын илим-билимин, технологиясын өздөштүрүү менен өнүгүштү. Биз деле ушинтип өнүгө алабыз.

– Кыргыз өлкөсү качан ушундай чечкиндүү кадамдарга барат?

– Азыр манасчы, комузчу, төкмө акындардын жаңы мууну келди. Бирок саясатчылардын жаңы мууну келбей жатат. Реформаторлордун жаңы мууну келбей жатат. Качан реформаторлук талант, дух пайда болгондо гана чечкиндүү кадамдарга бара баштайбыз. Бул багытта мен азыркы жаштардан ушундай аракеттерди күтөм.

– Маегиңиз үчүн рахмат!

Бектур Токтоноев, «Super-инфо», №762 9-15-июнь, 2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий