Болот Бейшеналиев тууралуу 10 факты. Сүйүү, Таттыбүбү, капыстан кармаган инфаркт

Июнь айынын акыркы жумасында КР Эл артисти Болот Бейшеналиевдин 80 жылдыгына арналган эскерүү иш-чаралары өтүүдө. Залкар талант тууралуу кийинки муундун, жаштардын маалыматы чектелүү болгондуктан, анын өмүр жолу, ишмердүүлүгүнөн 10 фактыны журналист Кабыл Макешов сунуштайт.

Жалгыз уул. Атактуу агабыздын киндик каны тамган жери – Чүй боорундагы Кемин районунун Калмак-Ашуу айылы. 1937-жылы 25-июнда Болот ага жарык дүйнөгө келген. Атасы Бейшеналы менен апасы Батыштын жалгыз уулу болгон. Балалыгы каардуу согуш мезгилине туш келип, жашынан бекем болууга үйрөткөн. Атасы Бейшеналы да эл катары согушка аттанып, 1943-жылы бутунан жарадар болуп үйүнө кайтып келет.

 


«Биринчи мугалим» тасмасында башкы каарман Дүйшөндүн ролун жараткан

Чодроновдун таасири. Болот ага ошол кездеги Айыл чарба институтуна, кийинки жылы да Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, эки жыл окууга өтпөй калат.

Бир күнү достору менен «Айчүрөк» операсына кирип, Семетейдин ролун аткарган айылдашы Кыдырбек Чодроновду көрүп, тагдырында бурулуш башталат. Анын таасири менен Опера жана балет театрынын алдында студияга тапшырып, окуп бүтөт. Болоттун чыгармачылык чыйыры мына ушинтип башталган.

 


Болот Бейшеналиев Опера жана балет театрынын алдындагы студияга тапшырып, окуп бүткөн

Каяша кылган мүнөз. Болоттун ташкындаган талантын байкаган ошол кездеги маданият министри Казакбаев Ташкенттеги театралдык институтка барып окууну сунуштайт. Институтту ийгиликтүү аяктап келгенден кийин артисттерди бөлүштүрүү башталып, министрдин чечими менен Болот Нарын театрына бөлүнсө да ал жакка баруудан баш тартат. Болоттун каяша кылганына жинденген министр институтка кат жиберип, «Болот ишке алынбасын» деп катуу эскертет. Ошентип, эч жер кабыл албай, бир жылдай бош жүрүп калат.

«Тайгак кечүүдөн» башталган чыйыр. Бир күнү тааныш кинооператор жолугуп, «Кыргызфильмге» чакырат. Режиссёр Мелис Убукеевдин киришүүсү менен Болот ага эң биринчи жолу «Тайгак кечүү» фильмине тартылат. Тасмадагы өмүр жолу ушинтип башталган эле. Ушул фильмден кийин эле «Биринчи мугалим» тасмасы экрандаштырылып, Болот агага мугалим Дүйшөндүн ролу берилет. Мына, актёрдун жарк эткен жылдызы ушул фильмден жанып, анын талант, даремети ушул фильмден бааланат. Ушундан соң андан кийинки жашоосу, өмүрү, сүйүүсү жалгыз гана киного байланып калат.

Ташы өйдө кулай баштаганда. «Биринчи мугалимден» кийин эле Союздун бардык тарабынан чакырык түшө баштады. Кыргыз фильмдериндеги «Ак мөөрдө» Болоттун, «Саманчынын жолунда» Касымдын, «Отко таазимде» Азизовдун, «Жамийлада» сүрөтчүнүн ролун чеберчилик менен аткарган. Көп өтпөй «Өзбекфильм» киностудиясында, «Мосфильмде», «Ленфильмде» Болот Бейшеналиев деген ысым жаңырып турду.

Борбор Азиядагы кино ишмерлеринин арасында Болот Бейшеналиев гана жүздөн ашык кино тасмага тартылган

100дөн ашык тасмага тартылган Болот Бейшеналиев. Борбор Азиядагы кино ишмерлеринин арасында Болот Бейшеналиев гана жүздөн ашык кино тасмага тартылган экен. Залкар артист Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы жана казактардын «Алтын көпүрө» сыйлыгы, көптөгөн Ардак грамоталары менен сыйланган.

Табышмактуу сулуу… Ташкенттеги театралдык институтунун 3-курсунда окуп жүргөндө биринчи курска келген табышмактуу сулууну кезиктирип калат. Махабат оту жагылган сулуу, далайды тамшандырган сахна ханышасы Таттыбүбү Турсунбаева эле. Бирок, тагдырдын тамашасын кара, көп өтпөй Таттыбүбү Болоттун досу Имаштын жубайы болуп калат. Таттыбүбүнү өмүр бою сүйгөн, аны элге жарыя кылбай ичинен сызып келген бир гана адам – Болот Бейшеналиев. Экөө «Акмөөр» фильминде чогуу аткарганы көптөргө маалым. Эки таланттын тагдыр жолу бирикпей, так эле фильмдеги Акмөөр менен Болот сыяктуу «мунарык, мунарык…» деп бири-бирин жоготуп таба албай, бул өмүрдөн өтүп кеткендей сезилет. Таттыбүбү да каза болоорунда өмүр бою Болотту сүйгөнүн, жаштыктан жаңылышып чогуу боло албаганын айтып, арман кылган дешет.

Өмүрлүк жубайлары. Болот ага кийинчерээк түркмөн кызы Гүлнара Исмаловага үйлөнөт. Бирок анын үй-бүлөлүк бактысы көпкө узаган жок. Азиз аттуу уулдуу, Гүлназ аттуу кыздуу болгондон кийин экөө оттору күйүшпөй ажырашып кетишкен. Андан соң көп жылдар бою Москвада жашап, ал жактан Стелла аттуу айымга үйлөнөт. Ал аялы менен көп жылдар чогуу жашаган. Бирок, аганын чыныгы бактысы өз жеринде, өз мекенинде күтүп турган экен. 1991-жылы апасынын өтүнүчү менен мекенине кайтып келген Болот ага Турсун аттуу айымга жолугуп, алар 12 жыл Болот аганын акыркы көз ирмемине чейин чогуу жашайт.

Белгилүү актер Турсун аттуу жубайы менен 12 жыл чогуу жашаган Болот Бейшеналиев убагында Таттыбүбү Турсунбаевага ашык болгон

Капыстан жүрөгү кармап… Кино үчүн төрөлүп, кино үчүн жашаган Болот Бейшеналиев 2001-жылы 17-ноябрь күнү 64 жаш курагында кайтыш болгон. Бул күнү киноискусствосунун 60 жылдыгын кызуу белгилеп жатышкан эле. Үстөлдө отурганда капысынан жүрөк оорусу кармап калган экен. Ошентип, кыргыз эли дагы бир асыл инсанынан ажыраган. Залкардын артында элге таштап кеткен эмгеги, даңазалуу аты, элиме деген эсепсиз тасмалары, уулу, кызы калганы болду.

Залкар артист Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы жана казактардын «Алтын көпүрө» сыйлыгы, көптөгөн Ардак грамоталары менен сыйланган

Уулу анын жолун улантып… Болот аганын уулу Азиз Бейшеналиев ата чыйырын улантып, учурда жылдызы жанып турат. Азиз алгач 1997-жылы «Темирлан» фильминде атасы менен бирге тартылган. Атасы хандын ролун, ал эми уулу баласынын ролун аткарышкан эле. Андан соң Азиз «Мосфильмде» «Трио» аттуу фильмге, 2006-жылы казактардын «Көчмөндөр» фильминде роль аткарган. Азиз көп өтпөй эле казактардын чоң фильмине тартылууга чакырылып, «Мустафа Чокай» фильмине тартылып, башкы каармандын ролун жараткан. Ага чейин кыргыз-казак режиссёрлору биргелешип тарткан «Бейиш канаттуулары» аттуу фильмде башкы ролду ойногон. Атасы уулунун актер болушуна каршы болгон экен.

Кабыл Макешов, “Sputnik-Кыргызстан”, сүрөттүн автору Александр Федоров, 25.06.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий