Дат баспас калем ээси

Эл жазуучусу Көчкөн Сактанов 75 жашта!

Кыргыз Эл жазуучусу Көчкөн Сактанов — 60-жылдары кыргыз адабиятында жаңы доорду жараткан калемгерлердин бири. Ал замандаш калемдештери поэзия жана прозада жаңы чыйыр салып, чоң аренага секирик жасашкан Чыңгыз Айтматов, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Жалил Садыков, Омор Султанов сыяктуу залкар таланттардын көлөкөсүндө калбай, өз темасын, стилин таап, кара сөздүн чебери катары адабиятта өз ордун ээледи.

Ал мезгил менин студенттик курагыма туш келди. Көчкөн Сактановду ошол жылдары элдин сүймөнчүктүү “Ала-Тоо” адабий журналына жарыяланган “Аспиранттын аялы” аталыштагы повести аркылуу тааныдым. Кыргыз интеллигентинин үй-бүлөлүк турмушу чебер жана жаңыча сүрөттөлгөн бул повестти ушул күнгө чейин унутпайм. Чыгармадагы кыргыз адабияты үчүн жаңы каармандар, изденүүдөн жаралган өзгөчө стили жана каармандардын кулк-мүнөзүн, жан дүйнөсүн ачып берген диалогдор мен үчүн да чоң адабий ачылыш болгон.

К.Сактанов жаңы актуалдуу темага биринчилерден болуп кайрылып, Кыргызстанда 60-70-жылдардагы жаңы каарман – кыргыз илимпозунун образын жараткан. Болгондо да, буга чейин адабиятыбызда калыптанып калган традициядан четтеп, жеке адамдын оң-терс сапаттарын, адеп-ахлагын жана ички толгонууларын иште, же коомдук жумуштарда эмес, үй-бүлөлүк жашоосунда чагылдырганы анын жазуучулук дараметин жана чыгармачылык жүзүн ачты.

Жазуучунун бул повестин 70-жылдары студент кезимде окуп, аябай таасирленгеним эсимде. Ушул макаланы жазып жатып, “Аспиранттын аялын” дагы бир жолу окуп чыгууну кааладым. Бирок, тилекке каршы, бул чыгарманы эч бир китепканадан таба албай койдум. Эгерде, повесть азыркы күндө да кайталанып басылса, өз окурмандарын табарына ишенемин.

Жазуучу ошентип алгачкы чыгармасы менен эле курмандарга таанылып, адабиятта жаңы ысым жаралганын айгинелеп койду. Жаш жазуучунун чыгармачылыгына көңүл бура башташкан күйөрмандарынын үмүтү акталып, Көчкөн Сактановдун 1968-жылы «Үчөөнүн жүрөгү» аттуу алгачкы повести басылып чыкса, андан кийинки жарык көргөн: “Апама кат”, “Умтулуу” аңгемелер жыйнактары, “Адат азабы”, “Маркумдар үнү” романдары да окурман журтчулугу тарабынан жылуу кабыл алынды.

Ар бир чыгармасында адамдын жан дүйнөсүн иликтеген, омоктуу ой-идея көтөргөн, окурманга жугумдуу сөз чеберчилиги байып, такшалып жатканы байкалчу.

Жазуучу кийинчерээк тарыхый темага ооп, кыргыз элинин башынан өткөн оош-кыйыш доорлорду көркөм чагылдырууга ыктаган. Көчкөн Сактановдун тарыхый темага ыкташына анын эл-жердин тарыхына сугарылган балалык чагы жана өз кыртышынан алыстабай дайыма тыгыз карым-катнашта болушу себептир. Ал бийик тоолуу Алай районундагы арча-карагайлуу, табигаты керемет Кең-Жылга айылында туулуп-өскөн.

Жазуучунун кичи мекени болгон Алай жергесинин өткөн тарыхы абдан бай, адам суктанарлык. Совет дооруна чейин азыркы Алайдын эле эмес бүтүндөй Ош обласынын аймагы Алай деп аталып бул аймакты Алымбек датка менен Курманжан датканын балдары беш болуштукка бөлүп башкарып келишкен. Элдин оозунда аңыз болуп айтылып калган бул тарыхый инсандар жөнүндө маалыматтарды эл арасынан жана тарыхый булактардан көп жылдар бою жыйнап жүргөн аракети “Курманжан Датка” аталыштагы драма жазуусуна түрткү болгон. Бул драма Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков менен биргеликте жазылып, Токтоболот Абдымомунов атындагы мамлекеттик академиялык драма театрында, .Султан Ибраимов атындагы Ош кыргыз драма театрында жана Нарын театрларында коюлган.

Кыргыз мамлекеттик Академиялык драма театрынын ошол мезгилдеги адабий бөлүмүнүн башчысы Абибилла Пазылов мындай деп эскерет:

“Төлөгөн Касымбеков менен Көчкөн Сактанов жазган “Курманжан датка” буга чейинки коюлган Курманжан датка боюнча спектаклдерден эмнеси менен айырмаланат? Бул спектакль Курманжан датка аркылуу ошол доорду, ошол убактагы саясий-коомдук турмушту кеңири элге бере алганы менен айырмаланат”.

Көчкөн Сактанов андан кийин да тарыхый теманы “Маркумдар үнү”, “Сталинден кийинки заман”, “Чөөлөрдүн заманы” аттуу чыгармаларында уланткан.

Эл-жердин тагдырына, басып өткөн жолуна терең кызыгуу, мекенчилдик сезими жана ал жараяндык жоокерчиликтүүлүгү анын журналистикалык ишмердүүлүгүндө да орун алган. Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов өзүнүн бир эскерүүсүндө Көчкөн Сактановдун 80-жылдары “Ала-Тоо” журналына жарыяланган «Дарбаза» деген очерки Кыргызстан Коммунисттик партиясынын БКнын бюросунда айыпталганын баяндаган.

“Кочкордон чыга бериште Дарбаза деген тоо бар. Автор очеркин ошонун атынан койсо керек. Ал очеркин автор Нарын облусунун мектептериндеги кыргыз тилин окутууга арнаса керек эле. Анда «Кочкордо үй саткысы келгендер «Дом продается» деп жазышат экен. Кокус, «үй сатылат» деп жазышса, чоңдор өчүртүп салат экен», — дейт Көчкөн Сактанов. «Кочкор-Нарын өрөөнүндөгү кыргыз мектептеринде кыргыз тилинен сабак берилбей калса, чоңдордун башы оорубайт. Эгер орус тили бирдеме болсо, баары дүрбөлөңгө түшөт экен» деп жазат. (А. Мониев, “Пресс.kg”13.11.2009-ж.)

Көчкөн Сактанов агай өмүр бою чыгармачылык күүсүнөн тайбай, өз өнөрүнө олуттуу мамиле жасоо менен чыгармалары менен адабиятыбыздын казынасын байытып келди. Анын көп сандаган окурмандары республикабыздын бардык аймактарында жашашса да, жердештери, алайлыктар, таланттуу жазуучу уулу менен өзгөчө сыймыктанышат. Бул чакан макаламды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Таалайбек Сарбашовдун сөзү менен аяктагым келет:

“Адабият маданият тармагында Алайдан чыккан алгачкы акын жазуучу жана драматург Айтмамат Үмөталиев, андан кийин чыккан көрүнүктүү жазуучу Кубатбек Жусубалиев, Көчкөн Сактанов, сынчы Кадыркул Даутов, таланты ташкындап турган жаш мезгилин Алай жергесинде эмгек өтөп маданият тармагын түптөгөн театр ишмери Мамат Жакыповдор учурунда республикага гана эмес, Союзга чейин таанылганына ар убак сыймыктанып келебиз”.

Зинакан Пасаңова, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү,
Жолон Мамытов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты.

 

Маалымат үчүн:

Жазуучу, драматург К. Сактанов 1942-жылы 10-октябрда Ош областына караштуу Алай районундагы Кең-Жылга айылында туулган.

Райондун борборундагы н 10 жылдык мектепти бүткөндөн кийин, Көк-Жаңгак шахтасында машинист болуп иштеген.

Ал 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүп, 1968-жылы Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунда алгач кенже илимий, анан улук илимий кызматкер, Кыргыз энциклопедиясында жана телевидениеде редактор, “Ала-Тоо” журналында бөлүм башчы (1980), “Кыргызфильм” киностудиясында көркөм сценариялык коллегиясында редактор (1983), филармонияда адабият бөлүмүнүн башчысы, “Азаттык” радиостанциясында кабарчы, учурда Кыргыз Түрк “Манас” университетинде окутуучу болуп иштейт.

Жазуучунун адабий чөйрөгө аралашуусу 1964-жылдан башталган. “Аспиранттын аялы”, “Уулума кат”, “Өч”, “Кумар азабы”, “Мурас” аттуу аңгеме-повесттери газета-журналдарга жарыяланган. Анын биринчи китеби 1968-жылы “Үчөөнүн жүрөгү” деген ат менен басмадан чыгып, ага удаалаш эле “Апама кат”, “Умтулуу”, “Адат азабы”, “Абат дүйнө”, “Мурас”, “Маркумдар үнү”, “Сталинден кийинки заман”, “Чөөлөрдүн заманы” аттуу аңгемелер жана романдар жыйнактары басмадан чыгып окурмандардын сүйүктүү чыгармаларына айланган.

К. Сактановдун “Бүттү, быйыл күйөөгө чыгам”, Т. Касымбеков менен авторлош болуп жазган “Курманжан датка” аттуу драмалары бир катар кыргыз драма театрларынын сахналарында коюлган.

СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү (1979), ал 2002-жылы Эл аралык “Руханият” ассоциациясынын сыйлыгына татыктуу болгон. 2011-жылы “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” наамы берилген.

Азыр да жазуучу чыгармачылыктын үстүндө талбастан иштеп жатат. Анын бүгүнкү күндүн проблемаларын камтыган очерктери, макалалары, публицистикалык ой толгоолору күндөлүк басма сөз беттерине байма-бай жарыяланып келүүдө.

Соц тармактар:

Добавить комментарий