Т.Байжиев: Жазыксыз куугунтукталган манас таануучу илимпоз

Ташым Байжиев (1909–1952) сталиндик жазалоонун кандуу чеңгээлине 1950-жылы туш келип, Карагандыдагы абакта набыт болгон. Ага “Манас” эпосуна кошулуп калган пантүркчүл, панисламдык катмарды алып салбай, элге зыяндуу китепти сунуштаган деген айып коюшкан.

Бийдин Улуу Үркүндөн аман келген небереси

Ташым Байжиев 1909-жылы падышалык Орусиянын Жети-Суу үйөзүнүн аймагында, Көлдүн башындагы Теңизбай айылында (Кыргызстандын азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Тепке айылында) мартабалуу үй-бүлөдө төрөлгөн.

Анын чоң атасы Байжы үч жыл бою уруулаштарынын ишенимине арзып, бий болгон таасирдүү адам эле. Ал киши 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш кандуу жазалангандан кийинки Улуу Үркүндө качкан эл менен Кытайга чейин барып, чет жерде бакандай үч уулунан ажырап, кийинчерээк келиндери менен жетиге чыгып калган небересин ээрчитип, туулган жерине кайткан.

Бармактайынан атасынан ажырап, оор турмушту башынан кечирген Ташым Байжиев билимге умтулуп, Бишкектеги педагогикалык техникумга келип кирген. Аны аяктагандан кийин бир топ жыл Кыргызстандын түштүгүндө эл агартуу иштерин уюштурууга катышкан. Адабиятка өзгөчө ынтызар ышкыбоз Фрунзедеги педагогикалык институтту бүтүрүп, “Манасты” изилдөө иштерине киришет. Ал залкар манасчылар Сагымбай, Саякбайдын кошмо варианттарын басмадан чыгаруу ишине катышат. “Манас” эпосун орус тилине которуу, илимий аппараттарын жаңылоо ишинин аягына чыгышына согуш тоскоол болуп, 1942-жылы кан майданга аттанат. Эки жылдан кийин оор жарадар болуп согуштан кайтат.

Ташым оор турмуштун айынан айылда жашап аткан үй-бүлөсүн шаарга алып келип, Кыргызстандын Илимдер академиясынын (ал кездеги СССР ИАсынын Кыргыз филиалынын) бир бөлмөсүндө баш калкалап, илимий ишин улантат.

Ташым жакын досу Зияш Бектенов (1911-1994) менен чогуу “Манас” эпосу боюнча жаңы темаларды алат.

Ташым Байжиев Казак эл жазуучусу, академик Мухтар Ауэзовдун жетекчилигинде “Семетей” эпосу боюнча кандидаттык диссертациясын жазууга киришет.

Тазабек Саманчин (1909-1979).

Илимий даражага жете электе бир топ окуу китептерин жазган Ташым Байжиев менен Зияш Бектеновду ал кездеги Кыргыз ССР Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Исхак Раззаков чакырып, окуу китеп жазуу тапшырмасын берет жана Жогорку аттестациялык комиссия алдында окуу китептерин кандидаттык диссертация катары кабылданышына көмөк көрсөтөрүн айтып, өкмөттүк резиденциядан жай бөлүп берет.

Окуу китептери жазылып, мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болот.

Бирок да согуштан кийин кайрадан күчөй баштаган сталиндик жазалоо механизми Кыргызстанга да жетип, Ждановдун кыйраткыч баяндамасынан кийин “Манас” эпосун каралоо, аны изилдеген окумуштууларга кине тагуу күчөп, макталган окуу китептеринин эки автору, аларга кошуп жазгыч акын Молдо Кылычтын чыгармачылыгын иликтеген Тазабек Саманчин (1909–1979) камакка алынат.

Т.Саманчин, Т.Байжиев, З.Бектенов үчөө тең саясий күнөөкөрлөрдү кармоочу Карагандыдагы жана башка абактарга узак жылдарга кесилишет.

 

Кандуу кызыл жылдыз

Ташым Байжиевдин кантип камакка алынышын уулу, Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев пост-советтик доордо мындайча жазды:

“1937-жылдары «эл душмандарын» камакка алуу олдоксон, орой, ырайымсыз жүргүзүлгөнү белгилүү. НКВДнын тергөөчүлөрү, булгаары куртка кийген кызматкерлер башкача болсо керек. Азыркылар сылык, ал тургай майордун көзүнөн бизге боор ооруганы байкалат. Атам менен коштошууга уруксат беришти. Ал уктап жаткан карындаштарымды, инимди, мени, апамды өптү. «Кудай сактаса, жакында чыгып келем, менде эч кандай күнөө жок», – деп атам апамдын калтыраган ийиндерин кучактап коюп, атам сыртка чыкты.

Ушуга чейин унчукпай мурдун тартып, тинтүүнү карап отурган иним жолборстун баласындай секирип барып, лейтенанттын бутуна асылып:

Атамды кайда алып кетесиңер? Атамдын күнөөсү жок! – деп кыйкырды.

Лейтенант инимдин тырмышкан колдорун бошотуп, мага башын ийкеди. Мен инимдин белинен кучактап четке сүйрөдүм, ал жулкунуп:

Коё бергиле атамды! Атамдын эч кандай күнөөсү жок! Менин атам жакшы! – деп долуланды.

Майор башын чайкап ары бурулду. Апам экөөбүз атамды көчөгө узатып чыктык. Ал жерде жашыл түстүү виллис туруптур. (Бул машинаны мен күнүгө КГБнын жанынан өткөндө көрчүмүн). Атам апам экөөбүздү өптү. Эски автомобиль шашпай кургак карды кычыратып, 150 метрче жүрүп барып солго бурулду. Темир дарбазанын кулпуларынын калдыр-шалдыры кыштын суук жымжырттыгында кадимкидей угулду. Анан машиненин артындагы эки кызыл жарык, эки кандуу жылдыздай кызарып, көздөн кайым болду…”

 

Абактан кат

Ташым Байжиевге ойдо жок жерден абакка түшүп калышы, аны окуу китебин жазууга үндөп, илимий ишин убактылуу токтотууга мажбур кылган бийлик адамдары жагдай өзгөрүлгөндө айыпты башкаларга шылтап чыга бериши өзгөчө катуу тийген болушу керек.

Атамекендик согуштан оор жарадар болуп келгенине карабастан, чарчоо билбес чыгармачылык ишке аралашып кеткен илимпоздун ак жерден саясий айыпка жыгылышы ар кандай эрки бекем адамды да майыштырып коюшу ыктымал.

Он жылга эркинен ажыратылган Ташым Байжиевдин абактын оор шартында сүзөктөгөн дарты күчөп, түрмөгө түшкөндөн эки жыл өтпөй каза болот.

Анын акыркы сааттарында жанында репрессияга туш келип атылып кеткен айтылуу өзбек жазуучусу Абдулла Кадыринин уулу Хабибулла Кадыри болгон. Тагдыр Ташым Байжиевди экинчи ирет бала кезинде көрүп калган өзбек кесиптешинин уулу менен катаал шартта Караганды түрмөсүндө кездештирген.

Медициналык институттун 2-курсунда окуп жүргөн Хабибулла атасынын китебин сактап жүргөнү үчүн он жылга кесилип, аны толугу отуруп өтөп чыккан. Ташым Байжиевдин керээз катын үй-бүлөсүнө Хабибулла алып келип берген.

Хабибулла Кадыри аркылуу жөнөткөн соңку катында Ташым Байжиев уулу Мардын жазуучулуктан алыс болушун, инженер-куруучу кесибин тандап алууну сунуш кылган экен.

Бирок да, табият берген ышкы-жөндөм, чыгармачылык көрөңгө баары бир өз жолуна түшүп, Мар Байжиев айрымдар ойлогондой ырчы да болбой, таланттуу жазуучу, таасын драматург болуп атасынын жолун улантты, ал жете албай кеткен бийиктиктердин баарына жетти.

КГБнын сыпаа көрүнгөн офицерлери алып кеткен атасынын алыскы КарЛАГда каза болгонун Мар Байжиев апасы катып койгон каттан улам билет.

 

Ысык нан

Ташым Байжиевдин үй-бүлөсү ошол 1952-жылы кандай оор шартка туш келгенин Мар Байжиев өйдөтө үзүндүсү окулган “Кылмышка бир секунд калганда” аңгемесинде кемелине келтирип жазды.

Элдин баары Сталинди даңктап, көшөкөрлөнө мактоо жазып, май майрамын шарактап майрамдап атышса, апасы ооруканада, балдары ачка олтурушат.

Ини, карындаштарынын абалына чыдай албаган болочок жазуучу бирөөнү тоноп болсо да, нанга акча таап келишке чыгат. Бишкектин чок ортосундагы генерал И.Панфиловдун эстелигинин жанында кызуу келаткан бирөөнү коркутуп, акчасын алганга камданып калган өспүрүмгө бейтааныш эле бир боорукер аял машинеден нан ыргытат.

“Менин колумду кылмыштан тартыш үчүн бул нанды Кудайым өзү алдыма ыргыттыбы? Балким, абакта кыйналып жүргөн атамдын арбагы түрмөдөн качып чыгып колумду күнөөдөн бурдубу? Же болбосо Москваны коргоп курман болгон Кыргызстандын жигиттеринин генералы Панфиловдун мага берген буйругубу? Башымды көтөрүп, Иван Васильевичтин бетон жүзүн карадым. Даңктуу комдив каадасынча колун созуп, акыркы буйругун берип турат…

Алдыман адамдар өтүп жатты, бирок мен эч кимди байкабай, жыпжылуу нанды кучактап келе бердим. Көзүмөн жаш шорголоду…”

Мар Байжиевдин ошол балалык күндөрү тууралуу эскерүүсүндө атасынын окуу китептеринин акчасына велосипед сатып бермек болгону, шаардагы андай таңкыс буюмга жетерин ойлоп эчен уйкусуз түндөрдү өткөргөнү, бирок да китеп чыккандан кийин атасынын камалып кетиши балалык тилектин бырчаланышына алып келгени элестүү баяндалган.

 

Талашка түшкөн улуу эпос

“Манас” эпосунун айланасындагы талаш-тартыштардын саясий өң-түс алышы, ал тууралуу калыс иликтеген илимпоздорду цензурачылардын ара жолдон чаап түшүүсү, жумурткадан кыр издегендей, элдик оозеки чыгармачылыктан коммунисттик идеологияны издөө аракети Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы эпостук вариантты жаздыруу учурунан башталган. Эпостон кадалып идеялык ката издегендердин айынан Саякбай Каралаев “Манасты” үч ирет жаздырууга мажбур болгон.

Ал эми эпосту изилдегендердин тагдыр жолу кандай катаал тоскоолдуктарга учураганын манас таануучулар Ташым Байжиев менен Зияш Бектеновдун өмүр жолунан деле билүүгө болот.

Аяк-башы көрүнбөгөн карама-каршылыктын кандай чыгып, кантип өөрчүп кеткенин мыкты билген Ташым Байжиевдин жакын досу Зияш Бектенов өз өмүрүнүн соңку жылдарында мына ушул темага атайын кайрылып, мындайча жазган:

«Биздин кайгылуу тагдырыбызда себепкер дебейин, көмөктөш болгондорду ачык атаганымдын себеби, аларды жаманатты кылып, күнөөлөш эмес. Заманыбыз ошондой татаал эле […] Иштеген ордун бекемдеп, өзүн сакташ үчүн кээ бир ишмерлер акыйкат-калыстыкка көзүн жумуп салып, күчү жеткен «элпектерди» тукуруп, акты кара, караны ак дедирткен да болот турбайбы.

Карыя жашына келгенимде кийинки муундарга айтаарым: кандай гана мүшкүл түшпөсүн, элибиздин бай-мурасын, маданий кенин, салт-санаасын, тилин сактагыла, журту үчүн күч-кубатын аябай кызмат кылган эр-азаматтарды, бир жаралган таланттарды көз карегиндей сактагыла.

Дегеле бири-бириңерди жарма таарынычтардан кас болбой, ичи тарлык кылбай, кең пейил, кечиримдүү болуп сактагыла. Досум Ташым Байжиевди эскерүү менен бирге негизги айтаарым ушул.

Эгерде Ташым тирүү болуп сексенге чыгып, мен түрмөдөн кайтпай калсам, ал да ушуну айтмак. Ташымдын керээзи да ушундай болмок».

Атасынын адабияттагы ордун Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиев мындайча сыпаттайт:

Жазуучу Мар Байжиев. 2014.

“Менин атам Ташым Байжиев кыргыз професссионалдуу адабияты аяк баса баштаганда, биринчи аңгеме, биринчи повесть, пьеса жана сын макалалардын авторлору болгон; орустун, дүйнөлүк классиканын өрнөктөрүн которуп, эне тили, адабият таануу окуу китептерин түзгөн; биз жакка айдалып келген орустун даанышман окумуштуусу Евгений Дмитриевич Поливановдун, кыргыздын улуу адабиятчысы Касым Тыныстановдун шакирти болгон (экөөнү тең 1938-жылы НКВД атып салган).

1944-жылы атам Украина фронтунан жарадар болуп келип, СССРдин илимдер Академиясынын Кыргызстандагы филиалында фольклор жана «Манас» эпосу секторун башкарды.

Ждановдун докладынын кара тумоо кесепети биздин тоолорду да каптап келди. Жамгыр жаагандын эртеси кыктын үстүнө жабалактап чыккан козу карындай болуп, ошол замат койнунда котур ташы бар сынчылар, өз ара биригишип күпүңдөшкөн адабиятчылар, шартты пайдаланып, ичи тарып көрө албагандарына каршы саясый чабуул башташты. Мындан он жыл мурдагыдай «эл душмандарын» издеп «таба» башташты, пленум, партчогулуштарда жарга такап, гезит-журнал аркылуу жок «күнөөсүн» мойнуна алдырышты”.

1952-жылкы “Манас” эпосунун элдик экендигин ырастаган бүткүл союздук конференция кызуу талаш-тартыштар менен өткөн. Вульгардык-социологиялык сындын кыныгын алган Боровков, Климович, Балтин, Нуров сындуу бийлик колдоосуна алынган жалаакорлорго каршы Мухтар Ауэзов, Болот Юнусалиев, Виктор Журминский, Медина Богданова сындуу чыныгы окумуштуулар айныксыз аргумент-жүйөлөрдү келтирип, улуу эпосту сактап калышкан.

Оор учурда акыйкатты туу тутуп, принцибин сатпай, ал үчүн советтик түрмөгө да түшүп, канчалары атылып кетсе да “Манастын” элдик эпос экенин, аны айтуучулар кайталангыс таланттар экенин ырастаган улуу окумуштуулардын көбү атылып кетишти.

Ташым Байжиев бир жыл ичинде 100 басма табактан ашуун эмгек жазып, болгон убакты-саатын илимий изилдөө иштерине арнаган илимпоз. Ал кандай ишке аралашса да андан сөзсүз натыйжа чыгара алган, илимий маселени так коюп, аны убагында аткарган, анан да чарчоо-чаалыгууну билбеген өзгөчө мээнеткеч жан болгон.

Ташым Байжиев өмүрүн арнаган улуу ишти – “Манас” эпосун изилдөө, жарыялоо жумуштарына катышып, 1930-50-жылдары сталиндик репрессиянын азуусуна илинген, ар кыл кодулоолорго кабылган кайрандардын катарында Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Токчоро Жолдошев, Морис Белоцкий, Хасан Жээнбаев, Баялы Исакеев, Александр Николаевич Самойлович, Сакен Сейфуллин, Евгений Поливанов, Осмонкул Алиев, Айылчинов, Максим Аммосов, Е. Султанбеков, Мурат Салихов, К. Камбаров, А. Алимов, Гуревич, Ишеналы Арабаев, Зияш Бектенов, Тазабек Саманчин, Жоомарт Бөкөнбаев, Жекшен Ашуубаев, Каюм Мифтахов жана башкалар болгон.

Бекташ Шамшиев, “Азаттык”, 18.07.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий