Музфира Мамытованын жаңы ырларынан

* * *

Атымды уучтап алып муштумуңа,
Кеткенсиң бир өзүңө ырыс сурап…
Мен батпай калган экем, бала болуп,
Тытылган турмушуңдун бир бурчуна…

Таштаган көчөң мени таштан болду,
Үстүмдөн үйрүлгөн бир асман болду.
Өзүмдү миң жоготуп, миң издедим,
Түздөйм деп сен адашып баскан жолду.

Айтам деп жаман сөздөр үшүткөнүн,
Урулдум айга-жылга күтүп сени.
Кайтпадың… Коркпойт окшойт убалдан да,
Кудайдын эрке апа — күкүктөрү…

Өгөйлөр өгөй ырын ырдаган бир
Өмүрүм өгөөлөндү, жылгаланды…
Келбедиң » апа» аттуу бейтаанышым,
Керегиң ташка тийсин мындан ары!

Тилегим күтүп жүрүп күйүт болгон,
Жүрөгүм күтүүлөрдөн күйгөн, тоңгон.
Жолукпа эми мага, мүмкүн болсо,
Өзүмдү өзүм таппай жүргөн жолдон!

Жолукпа эми мага мүмкүн болсо,
Өзүмдү өзүм издеп жүргөн жолдон…

 

* * *

Кыйкырык — көкүрөктө жаңырыгы.
Кыялбай турат сени, жан улугум.
Көрүнбөй басып бара жатсаң дагы.
Көрүнүп турат дүйнө жаңылыгы.

Турушум турпатынан арданууда.
Туйлатып сезимиме чаң салууда.
Энтигип түк түбүнө жете албастан.
Эмгиче эки дүйнөм таң калууда.

 

* * *

Бүлүк салып, алыстатып жакынды.
Булак кылып көздөн аккан жашымды.
Баралына толоор кезде бак болуп,
Биздин сүйүү, билбейм, кайда жашынды…

Тоо кулады көтөрө албай асманын.
Тозду дүйнө — кара түтүн, ак жалын.
Жерде жатат күлгө айланып, бозоруп.
биздин сүйүү, учундагы асканын.

 

* * *

Барым-жогум башкаларга билинбей.
Сенин дагы бар-жогуңа күйүнбөй.
Жашап жатам… Эрте дебейм, кеч дебейм.
Мага келсең эртең түштөн кийин кел.

Сен эртең кел… Бүгүн жүрөк эчкирип,
Эстеп турат кайдагыны эскини.
Сен айткандай бакыт бар деп көбү айтты,
Бакыт болуп бере албады эч бири…

«Жаным» дейсин… Жакшы сөзгө көнбөгөм,
Жалын өчтү… Жалгыз чөгөт өңдөнөм,
«Күндү алперем» дегендердин ичинен,
Түндүк кармап берээр бирөө көрбөгөм…
Түндүк болуп бере турган көрбөгөм…

Музфира Мамытова

Соц тармактар:

Добавить комментарий